ВИДЕО — Сайпидин СУЛТАНАЛИЕВ: «Биринчи устатымдын жандүйнөсү таза, билим көрөңгөсү бийик адам эле»

ВИДЕО — Сайпидин СУЛТАНАЛИЕВ: «Биринчи устатымдын жандүйнөсү таза, билим көрөңгөсү бийик адам эле»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 13-июнь. Жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК улуу (1970-2020) жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо 53-жайды тосмок экен. Ажыраганыма 3 жыл 5 ай 13 күн болду. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилүүдө… Эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы.

Буга чейин Ригада чогуу окуган группалашы Паймон Бахти менен «Агымда» чогуу иштеген кесиптешибиз Айнагүл Сапарбек кызы эскерсе, бу жолу Мелис Эшимканов атындагы сыйлыктын ээси, журналист Сайпидин Султаналиев эскерет.

Терең инсан элеңиз, тереңдикке кеттиңиз…

Эрнис АСЕК уулу деген УЛУУ адам менен 2013-жылы таанышып калдым. Ага чейин атын укканым менен өзүн жакындан көргөн эмесмин. Акаевдин заманында аткаминерлерге айбат көрсөткөн “Асаба” гезити аркылуу гана билчүмүн.

2013-жылы мигрант болуп Санкт-Петербургда жүргөн учур эле. Туугандар менен учурашканы Кыргызстанга келгем. Ошол жылы Эрнис агай бир тууган агасы Мелис Эшимкановдун аманатын аткарып, «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жаткан экен. Редакциясына барып калып, биринчи жолу агай менен кол алышып учураштым. Алгач таанышканда эле жакын адамдардай сүйлөшүп кеттик. Бир топтон кийин, «Баягы Асабага» Санкт-Петербург боюнча атайын кабарчы болуп бербейсиңби?» деп капысынан сунуш киргизип калды. Мен макала жазып көрбөгөнүмдү айтып, «аракет кылайын, макала жазып, анан сизге текшертейин» десем, «Сен сыпайыланба! Мен сезип эле турам, сен жазасың. Сенден мыкты журналист чыгат. Эгер Кыргызстанда болгонуңда, сени жаныма алып жүрүп, аябай иштетет элем. Мейли эми интернет деген бар. Байланышып турабыз. Мигранттардын көйгөйлөрү менен жетишкендиктерин Питерден туруп жазасың! Жазган макалаңды алгач жумушта орун басарым, үйдө жубайым Назира текшерет. Анан менин колума тийет» деп Назира эже менен тааныштырган. Ошентип «Баягы Асаба» гезити менен кызматташып калдым. Журналистикага болгон алгачкы кадамым ошол жерден башталып, тушоом дал ушул гезиттен кесилген. Ошондуктан Эрнис агайымды биринчи устатым деп айтаар элем. Агайым тууралуу эскерүү жазам деген ой үч уктасам түшүмө да кирген эмес. Анын көзү өтүп кеткенин өзүмдүн алтындай болгон эжем Сабиланын мезгилсиз көзү өтүп кеткен учурда уктум. 2020-жылдын январы биринчи устатым Эрнис агайды, алтындай болгон бир тууганымды алып, жан-дүйнөмдү кайыштырган.

Азыр мен Эрнис агайдын дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын казып окуганын, мааниси терең ырлар жазганын, укмуштуудай котормолорун эстеп турам… Ал эми адамгерчилигин айтсам, абдан жөнөкөй, сылык, маданияттуу, жан-дүйнөсүнө аалам баткан башкача адам болчу. Эрнис агай эсепсиз терең эле, ошол тереңдиккке өзү да чөгүп кетти.

Жан-дүйнөсү таза, билим көрөңгөсү бийик адам гана башкаларды туурабайт. Ал түлкүдөй болуп кууланганды жек көрчү. Карышкыр болуп бирөөнү баса калуу ага табиятынан жат көрүнүш эле.

Анын чыгармачылыгы дайыма буркан-шаркан болуп кайнап турчу. Жазганы канжардай курч, болотой бекем, анан да сөөккө жеткидей таамай эле.

Агасы Мелис экөө кыргызда эркин журналистиканы жаңы деңгээлге көтөрүп, далай калеми курч, сөздөрү мурч кесипкөй жазмакерлерди даярдашты.

«Адамдын улуулугу-жөнөкөйлүк» деп айтылат эмеспи. Ошондой касиет, жөнөкөйлүк Эрнис агайды өмүр бою жандады. «Сиздикиндей талант башка бирөөдө болсо, ал эбак эле жылдыз болуп алмак» десем, жылмайып койгон…

Эч ким сиздей терең философиялуу ырларды, курч макалаларды жазалбайт. Акындардын төрөсү, жазмакердердин паашасы элеңиз. Бирок, өзүңүздү акын катары эсептебей турганыңызды айтканыңызда түтөп кеттим эле. Көзүңүз тирүү кезде жазган ырларыңызды баалап, барктай албадык…

Айтмакчы, Эрнис агай бир жолу «Ак мөөр» фильми тууралуу ойлонуп жүргөнүн, аны кайра иштеп чыгып, кино тартылса керемет чыгарма болорун айткан. Сценарийи башында бышып турганын, баш каарманга Кайрат деген жигитти чоттоп койгонун, Акмөөрдүн образын жаратчу кыргыздын Таттыбүбүдөй кызын издеп жатканын айтты эле.

Ошол боюнча жолугушкан жокпуз…

Агай, сиз тууралуу эскерүүлөр али алдыда. Сиздин жан-дүйнөңүз, чыгармачылыгыңыз, эч кимдин ою жеткис философияңыз бир-эки барактык эмес.

Артыңызда армандап калган өмүрлүк жарыңыз Назира эжеге Кудайым бекем ден соолук, күч-кубат берсе, көзүңүз тирүү мезгилде көздөн жашырган терең чыгармаларыңызды — сизди сүйгөн окурмандарыңызга жеткирет!

Сайпидин СУЛТАНАЛИЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.