Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Чыңгыз менен Бүбүсара» драмамды Чыңгыз Төрөкулович окуп оюн айткан…» (ВИДЕО)

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Чыңгыз менен Бүбүсара» драмамды Чыңгыз Төрөкулович окуп оюн айткан…» (ВИДЕО)

18 жылдан кийин…

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш-чаралар жыл башында башталган.  Бардык аймактарда маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мына жакында эле драматург, театр сынчысы, Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетовдун «Чыңгыз менен Бүбүсара»  драмасы 18 жылдан кийин Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында эки күн (21-22-июнда) коюлду. Тарыхый инсандардын махабаты баяндалган спектакль аншлаг менен өткөнүн, эки залкар Чыңгыз Айтматов (1928-2008) менен Бүбүсайра Бейшеналиеванын (1926-1973) сүйүүсүнүн таасиринен чыга албай жаткандарын көрүүчүлөр жазып да, айтып да бүтпөй жатышат. Убакыт таппай же укпай калгандар эми кайра качан болот деп сурап жатышканынан, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү актер Руслан Курманалиевге спектакль боюнча кайрылып, соңунда окурмандар суроосуна да жооп алдык:

Руслан Курманалиев «Чыңгыз менен Бүбүсара» спектаклиндеги Эшматтын ролунда…

— Бул спектакль 2005-жылы коюлган. Башкы каарман Чыңгыз Айматовдун ролун ойногон Кыргыз Эл артисти Темирлан Сманбеков агабыз жана башка артисттерибиз да башка жакка кеткенине байланыштуу ортодо коюлбай токтоп калган. Ошол 18 жыл мурун улуу жазуучубуздун көзү бар эле. Бирок, биздин спектаклди өзү көрө алган жок.  Карындашы Роза Айтматова, балдары келип көрүштү эле. Ошондо залкар жазуучубуз Бишкекке келет экен деп даярданып, чоң залга коелу деп бизге коңшу жайгашкан Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына койгонбуз. Тилекке каршы агабыз келбей калды. Көрсө, акыркы жылдары ооруп жүргөн экен, ошондон көп өтпөй эле көз жумду…

Быйыл, 18 жылдан кийин, залкар жазуучубуздун 95 жылдыгына карата «Чыңгыз менен Бүбүсара» спектакли калыбына келтирилип, толукталып, жаңыланып кайрадан коюлду. Бул эки көшөгөлүү драманы жазган белгилүү драматург агабыз Жаныш Кулманбетов. Башкы каармандар: Чыңгыз Айтматовдун ролун Өмүрзак Токтомуратов агабыз, Бүбүсайра Бейшеналиеванын ролун Махабат Байгабылова ойноду. Ушул Өмүрзак агабыз мурункусунда аткарган Эшматтын ролун  бул жолу мен ойнодум. 18 жыл мурун жашыраак жазуучу Ташмат Эшматовдун ролун ойногом, бу жолу улуураак жазуучунун ролун аткардым... Сүйүнгөнүбүз, спектаклге эл агылып келип, орун табылбай, аншлаг менен өттү… «Эмнеге эки эле күн? Эми качан болот?» деп сурагандар да болууда. Буйруса, ушул жылы, күзүндө кайрадан коебуз… 

АРХИВ: 18 жыл мурун….

Жаныш Кулманбетов агабыздын «Чыңгыз менен Бүбүсара» аттуу эки бөлүмдүү драмалык версиясынын биринчи премьерасына 2005-жылдын 14-майында Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында коюлганда барып көрүп, мен дагы эки залкардын махабатына суктанып, мага да ушундай чоң сүйүү келсе экен деп тилеген элем…

Анан ал учурда иштеп жаткан «Бишкек таймс» гезитине “Тарыхта калган таза сүйүү” деп спектакль тууралуу жазган экем, кайталап окуп коюңуз…

«Сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй бир өмүр» деп Оноре Бальзак айтып кеткендей, эки адамдын сүйүүсүн алты эле артист бир сааттын ичинде сахнада чагылдырып, көрүүчүлөрдү ыйлатты… Анткени эки залкардын аруу сезимдеринин аягы кайгы, арман менен аяктайт…

Бүбүсара эжебизди акыры айыкпас дарт алып тынат. 1973-жылы 11-майда каза болгондо Чыңгыз агабыз мындай деп коштошот:

Бүбүсара эжебизди акыры айыкпас дарт алып тынат. 1973-жылы 11-майда каза болгондо Чыңгыз агабыз мындай деп коштошот:

«Карегим тунарып, кара жер мунарык,

Жүз жылдык шорлуу жаш, жүзүмдөн куланып…

Жарыгым өчтүңбү, жалгызмын сездиңби,

Жылдыздай жылт өчүп, ажалга кеттиңби,

Чолпонум өчтүңбү, чоочунга кеттиңби,

Арманда мен калдым, асылым сездиңби?»… Дал ушул ыр менен (текст Жаныш Кулмамбетовго таандык) спектакль аяктап, аябай ыйлаганбыз…

Султан РАЕВ: “Айтматовго айта барабыз”

Спектакль бүткөн соң, Маданиятты өнүктүрүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы  Султан Раев сахнага чыгып, «Эки атактуу инсандын сүйүүсүн кыска убакытка батырып, көзгө жаш ала тургандай чыгарма жарытыпсыңар… Ички эмоция… сүйүү.. арман… тамчы -тамчы жаш менен чыгып кетти. Биз жакында Парижке барып, Чыңгыз Төрөкулович менен жолугабыз. Спектакль жогорку деңгээлде коюлганын айта барабыз»,- деди. Аягында сүйлөгөн Жаныш Кулмамбетовду маекке тарттык.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Эки улуу адамдын сүйүүсүн даңазалагым келди»

— Агай, «Аскада калган аңчынын ыйы» деген китепте казак акыны Мухтар Шаханов экөөнүн диалогунда Чыңгыз Айтматов Бүбүсара эже экөөнүн ортосундагы сүйүүнү ачык айтат эмеспи. Драманы ошонун негизинде жаздыңызбы, же?..

— Бу эки инсандын сүйүүсү ошондон кийин көпчүлүккө маалым болгону чындык. Негизи бул пьесаны мен 1998-жылы Чыңгыз Айматовдун 70 жылдык мааракесине карата жазган элем. Жазып жатканымды жазуучубуздун карындашы Розетта Айтматова угуп калып, мени чакырып алып: «Экөөнүн ортосундагы сүйүүнү сиз кайдан билесиз?» деп сураган. Мен элден укканымды, китептен окуганымды түшүндүрүп, «жазган пьесамды окуп көрүңүз» деп таштап кеткем. Кийинки жолугушубузда эже: «Пьеса биздин оюбуздагый жазылыптыр. Ошентсе да агама окутуп көрүңүз» деди. Бул чыгармада менин айтайын деген оюм тарыхта калган таза сүйүүнү, болгондо да эки улуу адамдын сүйүүсүн даңазалоо эле.

— Пьесанын тексти менен Чыңгыз Айтматов өзү да таанышканбы? Сахнага алып чыгардын алдында өзүнөн уруксат алсаңыз керек?

— Албетте! Башкы каарман Чыңгыз Төрөкулович болгондуктан ага окутуп, андан уруксат алуу менин автордук милдетим. Ошондон улам, пьесаны 2000-жылы окуткам. Ал окуп көрүп: «Негизинен мага жакты. Ошентсе да анча-мынча түзөтүү киргизе турган жерлери бар экен» деп, оңдоо киргизип берген. Ал эми өткөн жылы ага телефон чалып: «Мен драманы сахнага алып чыкканы жатам» деп айтсам, ал: «Эгер каражат тапсаң мейли…» деген. Ал кишинин айдын аягында Бишкекке келсем деген ою бар экен. Ошол учурда теарда бул спектакль дагы бир ирет коюлат. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн таза сүйүүсүн сахнадан көрүп, өз оюн билдирээр..

Назира СААЛИЕВА («Бишкек таймс», 20.05.2005)

Балтикадан башталган сүйүү

Бейшеналиева Бүбүсара эжебиз чыныгы сүйүүсүн залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдон тапканы боюнча күбүр-шыбыр сөз жүрүп отуруп, акыры минтип ачыкка чыгып отурат.

Экөөнүн улуу махабаты 1959-жылы Балтикадагы деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт коюп барганда башталганын, Ленинград, Москвада өткөргөн сүйүү кечтерин Айтматов эскерип, «Аскада калган аңчынын ыйы» аттуу китепке  жазганы бар.

«Менин жашоомдо жарык нур чачкан ал аял, кыргыз искусствосунун чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсайра Бейшеналиева болчу. Бул кымбат образ ушул кезге чейин түшүмөн кетпей, жандүйнөмдү бейпайга салып, бирде көкөлөтүп эргитип, кайрадан өткөн мезгилге жетелейт…» эскерген жери бар.

Айтматовдун сүйгөндөрү… 

Чыңгыз Айтматов:

— Ар адамдын бешенесине жазылган тагдыры бар. Бул аалам кандай чексиз болсо, ал да ошондой учу-кыйырсыз, купуялуу да сырдуу. Ар ким жашоодо буюрган адамына жолугат. Биригип, ар кимиси өз түшүнүгүндөгү бакытын издөөгө аттанат.

Эскерүүгө, эстеликке айланса да, оюңа түшкөндө, көкүрөгүңдү тыз эткизген кыйбас учурлар биздин баштан да өткөн. Жашыра турганы жок, студент кезде, жаш чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон чыгар. Эң бир жагымдуу сөздөрдү тизмелеп кат жазган, кат алган күндөр да баштан өттү. Атыңды четине түрдүү кооз жиптер менен саймалап жазган сулуулар тартуулаган бет аарчынын канчасын чөнтөккө салып искедик экен? Атаганат, кайран күлгүн жаштык кез! Күлгөнүңө караганда сенин да чөнтөгүңө далай бет аарчы толсо керек, чамасы… Бирок баары өттү да, кетти. Гүлгө келген көпөлөктүн конуп учканындай… Алар мага ойдогудай таасир бере алган жок.

Ошолордун ичинде өзүнүн жан сезими, келишимдүү келбети менен бүт эркимди бийлеген, шоола чачкан махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Атайын издеп табышканыбыз жок. Капыстан табыштык… Ошол күтүлбөгөн кездешүү мен үчүн өмүрүмдө бардык максаттан да бийик, ыйык эле. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу. Муну тагдырдын жазмышы экенин кийин туйдум. Эки-үч матросу бар моторлуу кайык менен «Аврора» крейсерине жакындап келгенимде, биздин делегация палубада турган экен. Арасында айдай жүзү кубанычтан гүлдөй жайнаган чырайлуу да, сымбаттуу Бүбүсара. Чачын деңиздин желаргысы эркелете тарап, бизге кол булгады. Мурда бири-бирибизди жакшы билсек да, жакындан тааныш эмес элек. Бат эле сырдаш болуп кеттик. Деги сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Сезимибиз от сыяктуу алоолонду десем, ишенбейсиң. Ушул кезге чейин кантип кездешпей жүрдүк экен деп да таңдандык. Айланамдагы адамдар да, деги сайраган куш да, шыбыраган жалбырактар да, деңиздин албууттанган толкундары да көзүмө башкача көрүнөт. Дүнүйө мурдагысынан жадырап, кулпуруп чыга келди…

Санкт-Петербургдун ак түндөрүнө чөмүлүп, Нева бойлоп кыдырган, армансыз сырдашкан ошол кездер, ай! Үйдө калган жеңең менен эки бала да таптакыр эстен чыккандай, ажайып бир бал доорду баштан өткөрдүк.

Сапар мөөнөтү бүткөн соң, делегация мүчөлөрү элге жөнөп кетишти. А мен болсо кетким жок, жипсиз байланып калдым. Жүрөгүмдүн жарымын Нева боюнда калтырып бара жаткансыйм. Акырында Москвада ишим бар эле, поезд менен кетем деп шылтоолоп, Санкт-Петербургда калып, Москвага эки-үч күндөн соң аттандым. Жетип-жетелекте алып учуп Бүбүсара да келди. «Москва» мейманканасында бир күн, бир түн, экөөбүз өзүбүзчө ээн-эркин калып, жүрөк сырларыбызды төгүп, сырдашып, махабаттын кучагында балкыган учурларды башыбыздан өткөрдүк. Кайра-кайра коштошуп, бири-бирибизди кыялбай, акыры кол кармашкан бойдон Бүбүсараны электричка менен Санкт-Петербургга узатып келдим. Орус токоюнун көк шиберлүү талааларын тепчип өтүп зуулдаган «Стреланын» үстүндө термелип кетип бараткан ошол бир кайра айланып келбес учурлар алиге чейин эсимден бир саам чыгаар эмес… Санкт-Петербургга келген соң, Бүбүсара мени кайра Москвага чейин узатып барам деди эле, өзүм өтүнүп жатып араң токтоттум. Ошол күндөрдөн баштап, Бүбүсара көз жумганга чейин он төрт жыл бою алоолонгон жүрөктүн жалыны бир көз ирмемге да басаңдаган жок. Ушак-айыңдын өртү да ушул жылдары бизди чарпыды.

Бүбүсара Санкт-Петербургда окуп билим алган, театр, кино менен адабиятка келгенде өзгөчө бир сезимтал, керемет өнөрдүн ээси эле. Мүнөз менен көркүнө өнөрү шай келген тубаса бүткөн ушул бир ажайып таланттуу делбиримдин менин өмүрүмө, чыгармачылыгыма тийгизген таасирин айтып жеткирүү кыйын. «Миң бир түндүн» жомогундай экөөбүздүн ашыктыгыбызды эшитпеген жан калган жок, «анда эмне себептен баш кошушпады» деген ой келээр. Мен кол сунгам, Бүбүсара такыр эле кепти башка жакка буруп, сунушумду кечеңдете берген. Ошондо кокусунан табышып калдык десем болбой калат го, атургай экөөбүздүн жаңыдан алган квартираларыбыз бир үйдүн коңшу подъезди болуп чыкты.

Бүбүсара менин жылдызымдын ар дайым бийиктен жанып турушун тилеп, өзүнүн жеке кызыкчылыгынан баш тарткан экен. Сабырдуу акылдын, сезимтал жүрөктүн ээси. Бири-бирине багына бербеген ушул эки касиеттүү орток сезимди бир максатка баш ийдирип, өзү жанындай сүйгөн адамга тилектеш болуп калуу — адамгерчилиги зор кишинин колунан гана келер иш.

Бир жолу Бүбүсара экөөбүз самолетко түшпөй, Москвадан Фрунзеге Москва-Алматы багытындагы тез жүрүүчү поезд менен кайттык. Эки гана адамга ылайыкталган ыңгайлуу купе. Адаттагыдай эч ким телефон чалып же эшик коңгуроосун кагып, айлаңды кетирбейт. Бүтүндөй ааламдан обочо ээн-эркин үч күн, үч түн айтып түгөнгүс жомоктогудай ажайып доорду баштан кечирдик. Капырай, ошондогу биздин көңүлдүн терең түпкүрүнөн сызылып чыккан, мурда жан кишиге айтылалек жүрөк сырларыбыз, өмүрдүн түбөлүктүүлүгү менен утурумдугу, адабият менен искусство жагдайында ар кыл пикирлерибиз дал келип, бирин-бири толуктап, ырахатка баткан элек.

Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келген адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок экенин ошол жолу туңгуч ирет жүрөгүмдүн тереңинде сезген элем. «Кылымга бергис күн болот. Бул менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күнүм» деди Бүбүсара да толкунданып…

Өз ара чексиз түшүнүшүп, көңүлүбүз эргий, сезим чабыттарыбызды поезддин дөңгөлөктөрү да тынымсыз коштоп таштакка салган жоргодой жулкуна дүбүрт салат. Маал-маал терезеге үңүлүп табиятка суктанабыз. Артыбыздан орустун жашыл токойлору кол булгалап, казактын пейилиндей мейкин кең талаасы жарышып калууда. Арал шаарына келип токтогондо вагондон чыгып, таза абадан жуттук. Ал жылдары деңиздин жээги тартыла элек, көбүрүп-жабырып турган кези. Эрке толкундары күнгө чагылышып жарк-журк этет. Андан бери Кызыл-Ордо, Арыс, Чымкент, Түлкүбас…

Бүбүсара менен бирге өткөргөн күндөрдө не бир шаарлардын маданий жайларында болуп, тарыхый эстеликтерине кандай гана суктанбадык дейсиң? Же ушул эле Бишкекти алалы. Кээ бир үйлөрдүн тушунан, көчөлөрдүн кесилишинен, коомдук маданий жайлардын алдынан өткөндө так ошол жерде эмне деп сүйлөшкөнүбүз, күлгөнүбүз, кубанганыбыз, муңайганыбыздын баары үтүр, чекитине чейин эсиме кылт эте калат.

Өткөндө экөөбүз Кыргыз мамлекеттик опера-балет театрына кайсы бир жыйынга барбадыкпы? Көпчүлүктүн көөнү башкада. Мен болсо өз оюм менен алекмин. Бүбүсаранын искусстводогу эч ким кайталай албас азоо эрке таланты ушул театрдын сахнасынын төрүнөн Семетейдин ак шумкарындай канат күүлөп чабыттап сызбадыбы. Сахнага карасам, так азыр аппак ак куу кебинде ушунчалык узак жылдар бою ой-кыялымды бийлеген мөлтүрөгөн чырайлуу, сымбаттуу мүчө чыга келип чимирилип бийлеп жөнөчүдөй.

Ал кайсы бир жактан оорудум деп келген. Көп өтпөй көкүрөгүнөн башталган коркунучтуу шишик диагнозу менен Кунцова ооруканасында жатты. Бир жарым жыл катуу кыйналды. Айтуунун өзү оңой эмес… Кунцованын аймагына атайы уруксат кагазы менен киргизиле турган. Бүбүсара менен бир палатада так ошондой илдетке чалдыккан СССР эл артисти Ольга Андровская да жатты. Менин алгачкы повесттеримди, өзү баш редактор болуп турган «Новый мир» журналына басып, ак жол тилеген ыйманы саламат болгур Александр Твардовский да ошондой коркунучтуу шишиктин тузагына илинген экен.

Ар барган сайын көңүлүн көтөрүп, ал-жайын сурап турдум. Жүдөп, азып калыптыр.

Бара-бара Бүбүсара да ал-күчтөн тая берди. Ордунан турууга да алы келбейт. Акырында абалы бир топ оорлоп калган соң, Бүбүсараны Бишкектин ооруканасына которду. Иште да чыдап олтура албай, сарсанаа болуп, утур-утуру оорукананы айланчыктайм. Тагдырдын катаал өкүмүнө аргасыздан моюн сунуп жатса да, мен кирип келгенде Бүбүсаранын нуру өчкөн жамалына билинер-билинбес жылмаюу пайда боло калар эле. Балким, жанын кемирип мүлжүгөн мындай оор дартты мага сездиргиси келбегени, дегеле ушул кейибесинчи деп мени аяганы болсо керек. 1973-жылдын 11-майында Бүбүсара көз жумду.

Муктар Шаханов:

— «Опера жана балет театрындагы коштошуу зыйнатында маркум менен коштошуу учурунда сизди кунунан куну качып, өзүн-өзү кармай албай ботодой боздоп ыйлады» дешти көргөндөр. Такыр эле чыдамы түгөнгөн ошол кездеги республиканын жетекчилеринин бири «Ой, тигини бирөөң барып кой деп койсоңорчу» деп айланасындагыларды жекирген экен. Сиздин мындай жоругуңуз такыр эле ыксыз, өөн көрүнгөн чыгар. Тоталитардык түзүлүштүн учурунда атак-даңкыңыз, кызматыңыз, үй-бүлөңүз, партбилетиңиздин бар экенине карабай, бир гана жандүйнөңүздөгү болгон кайгыны сыртка чыгарып, эт-бетиңизден кетип, булардын барын эч кимден жаап-жашырбаганыңызга караганда, оңой сезим эмес экени сезилип турат.

Чыңгыз Айтматов:

— Ооба, Бүбүсарадан айрылуу мен үчүн жарым өмүрүмдү жоготуу менен барабар экенин өзгөлөр кайдан билсин. Бүбүсара дүйнөдөн кайткан соң, көп өтпөй Италияга чакырып калышты. Түн ичинде кеме менен Сицилияга жөнөдүк. Мемиреген деңиздин бети. Ай сүттөй жарык, желаргы бүткөн бойду аймалайт. Ушул учурда Бүбүсара экөөбүз жакшы көрчү бир музыка сыбызгып созула калбаспы. Толкунда бир термелип келаткандардын карысы да, жашы да бийлеп киришти. Мен болсо көз жашыма ээ боло албай палубага сүйөнгөн калыбымда телмирип туруп калдым. Деңиз, түн, ай, элсиз аралдар жана көңүлдүн жалгыздыгы… Азыр да ошол музыканы уксам эле Бүбүсара эсиме түшүп, өзүмчө толкунданып кетем. Аны сага түшүндүрүүгө сөз кудурети да жетпейт. Жалгызсырап, бош калган көңүлүмдү эч нерсе менен толуктай албай жүргөн чагымда тагдыр Мариям менен табыштырды. Көңүлдүн бөксөсү бүтөлгөндөй, жүрөктүн жараты айыккандай бакубат өмүр сүрүүдөмүн…

Чыңгыз Айтматов алгачкы жубайы Керез Шамшыбаева менен

Керез (Шамшыбаева) алгачкы жубайым, жаштык, студенттик кездин алоолонгон кыйын ашууларын бирге аштык. Апам Нагима экөө эне-кыздай сыйлашып, көп жыл турмуштун ачуу-таттуусун бирге татышты. Керезден Санжар, Аскар аттуу эки уул көрдүм. Азыр кудайга шүгүр, экөө эр жетип, эл жүгүн аркалоого жарап калышты.

Ал эми Таттыбүбү Турсунбаева болсо — бир кезде көңүлдүн эң тереңинде жанып-өчүп турган кайталангыс элес. Ал да кыргыз театр искусствосу үчүн жаралган жандын бири эле. Тагдырымдын буйткалуу жолдорунда булардан башка да аялдар болгон…

 («Аскада калган аңчынын ыйы» китебиндеги үзүндүлөр Интернет булактарынан алынды)

Мына, бир бакытты, улуу сезим… сүйүүнү… издеп, улуу жазуучунун жетпеген арзуулары калды кагаз беттеринде… чыгармаларда… Анткен менен Чыңгыз Айтматов алгачкы сүйүүсү, жубайы Керез Шамшыбаева эжебиз да ооруп, төшөктө жатып калганын угар менен чет өлкөдөн келип, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө, акыркы мүнөттөргө чейин жанында болуп, өз колу менен жайына узатып, кайра кеткен экен…

Бул тууралуу, Керез эженин жолдошуна болгон ыйык сүйүүсү, мамилеси, адамгерчилиги, алгач кандай турмушта жашагандары жөнүндө Чыңгыз Айтматовдун жакын досторунун бири Абдалы Нуралиевдин жубайы Шарапат апа айтып берген…

Залкар жазуучубуз, анын алгачкы сүйүүсү, биринчи жубайы Керез эже, кокустан кездешкен ак куусу Бүбүсара Бейшеналиева, жакын досу Абдалы Нуралиев… баарынын көзү жок бүгүн. Бардыгы түбөлүк уйкуда… Жаткан жерлери жайлуу болсун!

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.