Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Ушул ыйык күндө — баарыңыздардын ой-тилек, максаттарыңыздар орундалсын!»

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Ушул ыйык күндө — баарыңыздардын ой-тилек, максаттарыңыздар орундалсын!»
Бүгүн, 28-июль — Курман айт.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун КУТТУКТООСУ:
Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!
Кадырлуу мусулман бир туугандар!
Баарыңыздарды мусулмандардын эң ыйык майрамы болгон – Курман Айт майрамы менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!
Курман Айт – эзелтен ушул күнгө чейин элибиздин биримдиги менен достугун бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам болуп белгиленип келет.
Ушул күндөрү бардык мусулмандар сооптуу иш-аракеттерди жасап, келечекке жакшы максаттарды ниет кылып, Жаратканга жакшы үмүт-тилектери менен кайрылышат.
Барга топук, азга каниет кылып, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү болгон бул майрамдын маани-маңызы жана орду мусулмандар үчүн өзгөчө.
Курман Айт майрамы күнү — курмандык чалуу амалдарын кылып, башкалар менен бөлүшүп, бир туугандык байланыштарыбызды күчөтүп, биримдигибизди арттырып, аны менен бирге мээримдүүлүгүбүздү, боорукерлигибизди, берешендигибизди көрсөтө алабыз.
Ушул ыйык күндө — баарыңыздардын ой-тилек, максаттарыңыздар орундалып, ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бакубатчылыкты, мекенибизге биримдикти жана тынчтыкты алып келсин деген тилегимди билдиремин.
Эл ичинде ынтымак, жергебизде бейпилдик болсо, адамдардын жан дүйнөсү арууланып тазарса, жакшы иштер менен бирге Кыргызстаныбызда, анын борбору Бишкек шаарында өсүп — өнүгүүлөр болот деген терең ишеничтемин.
Курман айт — жан дүйнөбүзгө аруулукту, үй-бүлөбүзгө бакыт-таалай, кубаныч менен сүйүнүчтү, өлкөбүзгө тынчтык жана ынтымакты алып келсин.
Айтыңыздар маарек болсун!
Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ

Курман айттын тарыхы…

Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам болуп саналат. Курман айтты майрамдоо Ибрахим пайгамбардын  Кудайга болгон терең ишеними менен байланышта. Куранда жазылгандай, кудуреттүү Алла Таалам анын түшүнѳ кирип, жалгыз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Буйрукту аткаруу үчүн ыйык Мекке жайгашкан Мина өрөөнүнө барат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Жараткан анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Кудай тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр бир сыйкырдуу үрп-адат эмес, болгону, күнѳѳнүн кесепеттери, ишенимдин сакталышы жѳнүндѳ эскертүү.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт! Колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандарга (жетим-жесирге) барып ал-абалын сураса, белек тартууласа чоӊ соопчулук болот. Ошондой эле таарынышып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Курман айтта мал союу шарт, бирок, ооруган малды союуга болбойт! Курмандыкка чалынган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү кайрымдуулукка, кедей-кембагалдарга же жетим-жесирлерге берилет. Экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, дос-тааныштарга бышырылып берилет, үчүнчү бөлүгүн мал ээси өзү алып калса болот.

Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллага дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл.

Курман айтыбыз маарек болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.