Кенжебек АЛДАЯР: «Нурак ага экөөбүз Карамолдонун күүлөрү менен ооруп калган кишилерденбиз да…»

Кенжебек АЛДАЯР: «Нурак ага экөөбүз Карамолдонун күүлөрү менен ооруп калган кишилерденбиз да…»

 Келиңиздер, эртең кыргыз күүлөрүн угуп келели!

«Күү Атасы» Карамолдо (Токтомамбет) Орозовдун 140 жылдыгына карата «Кыргыз Кара Күүсү» аталышта эртең, 2-октябрда иш-чара өтөт. Ал Бишкектеги Novotel Bishkek Cityде (Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан), кечки саат 17:00до башталат. Кирүү акысыз!

Иш- чаранын максаты — атактуу Карамолдо Орозовго жөн салды мамиле кылбай, терең мамиле жасап, анын чыгармаларын элге таратып, жайылтуу.

Туугандар, келиңиздер, кыргыз күүлөрүн угуп келип, аны жайылтууга жардам кылалы! Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар, күү сүйүүчүлөргө тегиз жетсин. Жардамыңыздар ушул болсун!

«Ар бир кыргыз кара күүнү уга билүү жөндөмүн өстүрүшү керек!»

Күүнүн сырын, баа-баркын билген мыкты комузчулар турганда, кыргыз күүлөрү эч качан жоголбойт! Уюшулуп жаткан иш-чарада биз сыймыктанган белгилүү комузчу, азыркынын «күү атасы» Кенжебек АЛДАЯРдын да күүлөрү жаңырат. Анын өзүнүн стили бар, аткаруу чеберчилиги бир башкача… Күүнүн ыргагын, комузду кармоо, отурууга чейин эрежесин мыкты билген инсан менен ат жалында маек курдук.

— Кенжебек мырза, эртең Кыргыз ССРинин эл артисти, айтылуу комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына карата жакшы бир иш-чара өткөргөнү жатыпсыңар. Программада «Кенжебек Алдаярдын баяны: «Кара Күүлөр Өткөндүн, Учурдун, Келечектин сырдуу Үнгө катылган таржымалы» деп жүрөт. Баяныңдан учкай уксак болобу?

— Албетте! Кыргыз күүлөрү түрдүү багыттарда аткарылат. Элге кеңири таанымал болгон: биринчи — кол ойнотуп черткен күүлөр. Экинчиси — кандайдыр бир окуяга багышталып, ошону айтып аткарган: айтым күүлөр, үчүнчүсү көпчүлүк элге анча маалым болбогон, сөзү жок, кол ойноткону жок, үн, добуш менен гана адамдын ой-сезимин башка терең дүйнөлөргө аралаштырган кара күүлөр болуп айтылат.

Кара күүлөрдүн дагы бир аталышы — сүкүт күүлөр. Залкар күүлөрдүн төрүнөн орун алган кара күүлөр, Кудай жасаган адамдын жашоосун, түркүн тагдырын, ааламдын чексиздигин, улуу шарапаттарын, түгөнгүс кайгы-муңун айтып турган керемет! Ар бир кара күүнүн кайрууларында тарыхтын окуялары жашайт. Угарманды ошол окуяларга киргизип, ой-сезимине келечектин үрөөнүн сээп, учурдун баалуулугун, өткөндүн болумушун көркөм баяндайт.

— «Кыргыз Кара Күүсүн» атап берсең?

— Кара күүлөргө «Камбаркан», «Кербез», «Кара өзгөй», «Ибарат», «Ботой» баштаган күүлөр менен катар тарых окуясына байланыштуу күүлөр кирет.

Кыргыз күүсүн уккан адамдар аз, чынында.  Күүнү уга билип, анын түпкүрүн түшүнгөн, комузду аздектеген, комузчуларды сыйлап-барктай билген менин жолдошум Эрнис эле… Телефонунун музыкасы да кыргыз күүсү эле… Күүнү угуу, түшүнүү таалимине токтоло кетсең…

— Ооба, мурда, СССР убагында күүнү аздектеген адамдар аз болчу… Ал эми азыр интернет доорунун болуп көрбөгөндөй өнүгүп жаткан учуру… колдон келишинче интернет аркылуу кыргыз күүлөрүн жеткирүүгө аракетибизди кылып келатабыз. Кыргызга Кудай берген залкар кара күүлөрү сыр болуп келген сүкүт медитативдик касиеттери ачылып, дүйнө элинин казынасына айлана турган учур келип калды деп ойлойм. Негизи ар бир кыргыз кара күүнү уга билген жөндөмүн өстүрүүсү зарыл! Эгер жөндөм болбосо, анда кара күүнү түшүнө албайсың! Кудайдын кыргызга берген керемет белегин ар бир кыргыз таанып-билүүсү шарт.

Эрнистей болуп канча түркүн талантын көпчүлүккө билдирбестен, башка замандаштарын алдыга чыгарып, аларды жандүйнөсү менен колдоого алып жүргөнү менен гана, биздин кара күүгө окшош маданиятыбыз жок болбой, ушу күндө гүлдөп, өсүп-өнүгүп жатат!

Эрнис (АСЕК уулу. 1970-2020) менин эч ким түшүнбөгөн жаңы күүлөрүмдү терең баалап, кадырлаганы менен, менин комуз күүлөрүмдү жайылтуудагы аракеттеримди колдогону менен эсимде. Мендей чыгармачыл адам үчүн ал — аба менен суудай баалуу болчу! Мелистин (Эшимканов. 1962-2011) бир тууганы ЖАНДҮЙНӨ багуучусу болгон (духовный брат). Жандары бейиштик болсун, биздин кыраандардын!

Эрнис экөөбүз ээчишип жүрбөсөк да, ал мага керек болгон бир иштерде, сүйлөшпөй туруп эле баарын түшүнүп, кандай иш болбосун убак-саатында бүтүрүп койчу. Ошол тоодой иштерди бүтүрүп, милдеттүү адамдай иш аткарганынан жазбай бийик өмүр сүргөн инсан эле. Жаш кетип калганы өтө өкүнүчтүү… Эрнис баатырдын жаны бейиште болсун!

— Эрнис залкар комузчу Нурак Абдырахмановду (1947- 2014) да абдан баалачу, күүлөрүн укчу…

Нурак агай Карамолдо Орозов черткендей ыргакты издеди… бирок, «анын чеберчилигине жете алган жокмун» деп айтканы бар. Өмүрү өткөнчө изденип атып кетти, кайран агабыз… Сенде да ошондой изденүү барбы?

— Изденүүгө чек жок дегендей… Нурак агабыз комуз жана кыргыз күүлөрү тууралуу какшап айтып, туура иш жүргүзүп, кийинки муунга жайылтып, талбай изденип жүрүп, ал дагы бизден бөлүнүп кетти, кайран киши! Нурак ага экөөбүз Карамолдо Орозовдун күүлөрү менен ооруп калган кишилерденбиз да. Карамолдонун күүлөрү кыргыздын түгөнбөс кенчи, жандүйнө байлыгы! Бул иш-чаранын максаты — ошол атактуу Карамолдо Орозовго жөн салды кылбай, терең мамиле жасап, анын чыгармаларын элге таратып, жайылтуу.

Бизде кара күүнү такыр эле аткарбай кетишти да. Себеби ага көп аракет, Нурак ага айткандай чеберчилик талап кылынат. Агабыз керемет күүлөрдү аткарып жүрүп, «чеберчилигине дале жетпедим» дегени кара күүнү аттап кетип эле комузчу бололу дегендерге чоң сабак, аманат сөз болчу.

— Кыргыздын улуттук аспабын жаш кезинен аздектеп чертип, дүйнө жүзүнө тааныткан мыкты комузчу, Кыргыз Эл артисти Самара Токтакунова. Эжебиздин кайсы бир маегинде: «Азыркы жаштар комузду публикага жаккандай ойноктотуп чертет» деп айтканы бар… 

— Самара Токтакунова эжебиз жаштардын кыймыл-аракетине туптуура баа берген. Себеби, азыр элге жагуу үчүн шатыра-шатман аткаруу модага айланып кетти… Азыркы жаш комузчулар ошол өңүткө көбүрөөк басым жасап, кызыккандай… Ошондон улам кара күүлөрдү үйрөтүү бир аз аксап калууда… Эми бул, болгону убактылуу көрүнүш деп ойлойм.

— Күү жаратуу, обон чыгаруу оңой эмес, ал ар кимдин колунан келе бербеген чоң талант. Күү жаратуу, обон чыгаруу эргүүсү сага кайсы убакта келет? Бир топ ырларга да обон чыгарып келатасың, өзгөчө жаш акын Нурзат Мокенованын ырларына обон чыгардың. Канча обон жараттың?

— Жүздөн ашуун чыгармалар жаралды, алардын арасында обон, күүлөр дагы бар.

Жакшы ырларга обон чыгарууну кыялданып жүргөм. Ал купуя кыялым, ойлорум акын Нурзат Мокенованын ыры аркылуу ишке ашып кетти. Карындашымдын сыртынан лирикадай көрүнгөн ыр саптарында, кыргыздын көөнө дүйнөсү бар экен, таң каласың!

— Сенин күүлөрүңдү түшүнбөй сындагандар бар. Ал сага оор тийеби, же жеңилби?

— Менин күүлөрүмдүн басымдуу бөлүгү кыргыз тарыхына байланыштуу… Мага бир чоң сынчы, кыргыздын даанышманы: «Бул күүлөр сеники эмес, ошону билесиңби?»,-деп собол таштаганда, «ооба, билем» деп жооп бергем. «Бул күүлөр жөн күүлөр эмес! Эгер майдаланып кетсең, анда Кудайдын каарына каласың!»,- деген. Айрымдар ушундай жакшы ниет менен сындайт. Кээ бири түшүнбөй айтса, кай бири кыргыздын комузун өнүгүүсүн каалабаганын билдирет. Менин комуз черткениме буга чейин сын айтылып келген жана алдыда дагы эле айтыла берет. Айтыла берсин! Мен болсо Нурак агабыздай изденүү менен алектене берем!

Кыргыз кара күүсү жаңырып, Кудайдын кереметин жаратып турсун! Ар бир кыргыздын жүрөгүндө комуз жашап, көргөнгө эле үйүндө илинип, чаң басып турбасын! Комузубуз ар дайым, ар бир кыргыздын үйүндө чертилип турсун!

«Кара өзгөй. Ыйлоо»

Кенжебек менен маек кургандан кийин, 2021-жылдын 25-апрелиндеги Эрнисти эскерүү эске түштү. Анда Кенжебек жолдошумдун 22 жашында жазган «Мен» деген ырын окуп, «Кара өзгөй. Ыйлоо» күүсүн чертип, мени ыйлатты эле…

Мен

Чаржайыт калаа. Чак түш чак.

Көөдөндү тебет алсыз жел.

Келатам. Асфальт. Бак-дарак.

Көчөдө агат сансыз эл.

Аркы да, терки өтүшөт,

Экиден, үчтөн, жалгыздан.

Миңдеген жандын жүздөрү,

Кадалган карек талгызган.

Келатам. Бирок өзүмдү

Алардын бири дебесмин.

Сансыз элдин ар биримин,

Бирөөсү дагы эмесмин.

                                                    Эрнис АСЕК уулу (1992-жыл)    

 Назира СААЛИЕВА

P.S. Алдыда залкар комузчу Нурак Абдырахмановдун архивдеги маегин окуй аласыздар!

One thought on “Кенжебек АЛДАЯР: «Нурак ага экөөбүз Карамолдонун күүлөрү менен ооруп калган кишилерденбиз да…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.