170 күү чертип өткөн Нурак Абдырахмановдун «Улуу баяны». Жубайынын сыры, ыры… (Видео)

170 күү чертип өткөн Нурак Абдырахмановдун «Улуу баяны». Жубайынын сыры, ыры… (Видео)

«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт»

«Күү Атасы» Карамолдо (Токтомамбет) Орозовдун 140 жылдыгына арналган иш-чара кечээ, 2-октябрда, Бишкектеги Novotel мейманканасынын жыйын залында болуп өттү. Аны комуз күүлөрү, салттуу музыка жаатында жакшы эмгектерди жаратып келаткан белгилүү комузчу Кенжебек Алдаяр уюштурду. Күү кечесин алып баруучу Мирхамид Токтогул уулу алып барды.
Кенжебек Алдаяр менен «Кыргыз көчү» комузчулар ансамблинин жетекчиси, күү изилдөөчү Мастура Бердибекова залкар комузчулар Карамолдо Орозов, Нурак Абдырахмановдун жана өздөрүнүн күүлөрүнөн чертип беришти.

Иш-чара абдан жакшы өттү. Бирок кейиткен кемчилик – элдин күүгө болгон мамилеси болду. Залдагы элдин аздыгына башын чайкаган төкмө акын Акматбек Султан уулу айткандай, «Кыргыз күүсүн сыйлабаган эл – кыргызды, Чыңгызды сыйлабастыгы…» болду. Кыргыз күү өнөрүн чындап аздектеген адамдар келди. Сөз баккан, жакшы жазган, биздей журналисттерге үлгү журналист агабыз Жаналы Нурманбетов өмүрлүк жары менен келип, муюп күү угуп отурду. Тура калып сүрөткө, видеого тартканга да жетишип жатты… Аягында уюштуруучуларга ыраазылык билдирди.

Жаналы агабыздай күү кечесин видеого тарта калып акын кыздарыбыз Айгүл Тоголокова менен Нурзат Мокенова жүрдү. Айгүл айым мындай жакшы иш-чараны укканда эле:
«Комуз күүсү чертилсе кубулжуган,
Эске келип балалык улутунам…
Комуз күүлөрүн укканды жакшы көрөм.
Барып жан дүйнөмө азык алып келейин,
Чоң ырахмат маалымат бергениңерге» деп жазыптыр…

Айтканындай эле, Айгүл айым 3-класста окуган кенже уулу Амирханды ээрчитип келип, комуз күүлөрүнөн азык алып кетти. Баласына комузчулардын өмүр баянын айтып, аларды тааныштырып отурду.. Тимеле жүрөк жылыйт!

«Баланы жашынан» дегендей, ар бир кыргыз балдарына ушундай мамиле кылса кана, аттиң! Акматбек иним да ушундай кемчиликти, чыркыраган чындыкты баса белгилеп айтып, ырынын соңун ар бир кыргыз күү өнөрүн аздектеп жүрсө деген тилек менен бүтүрдү. Тилектер кабыл болсун!

«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» дегендей, залкар комузчуларыбызды барктап-баалап, чыгармачылыгын даӊктап, кыргыз күү өнөрүн аздектеп, багып, кийинки муунга жеткирип келаткан Кенжебек Алдаяр менен Мастура Бердибековага терең ыраазычылык билдиребиз!

Кенжебек мырза да Мастура айымга ыраазычылыгын билдирип, анын Нурак Абдырахманов агайдын күүлөрүн нотага түшүрүп, чыгармачылыгын изилдеп, китеп чыгарганын айтты. Мастура айымдан ал китепке Нурак Абдрахмановдун 17 күүсү жана Карамолдонун, Болуш Мадазимов, Токтогул Сатылгановдун күүлөрүнөн бешөөсү киргенин, Карамолдонун өмүр баянын, жүздөн ашуун күүсү бар экенин, анын он бештей гана күүсү чертилип жүргөнүн уктук…
Кыскасы, баяны, маңызы, шаңы мыкты бир иш-чара болуп өттү, уккан да арманда, укпаган да арманда…
Баян ыргагын бузбай, анда залкар комузчу Нурак Абдырахмановдун архивдеги маегин сунуштайбыз!

АРХИВден

Нурак АБДЫРАХМАНОВ: «Бизде 1500гө чукул күү бар дешет. Анын 1/3 бөлүгүн черте элекпиз да…»

«Кыргыз сөз өнөрү ырдан, күүдөн, улуу дастандардан уланган» деп айтылат. Ошол өнөр шыбагасын кенже муунга жеткирип келген, беш жашында эле «Бала комузчу» атанган Нурак агабыз алтымыштын ашуусун багындырып турган кези. Кыргыз элинин салттык музыкасынын бир ууч өкүлүнүн бири, 170 күүнү жаралыш таржымалы менен айтып бере билген, 17 күүнүн жаратуучусу Нурак Абдырахмановдун алп руханий ааламы бүгүнкү сөз кылуубуздун алкагына сыйбачудай. Он төрт баланын атасы болгон улуу таланттын турмуш жолу да, ар бир өнөр ашуусу да көптөгөн узак кептин башаты боло тургандай.

— Нурак ага, «чоң комузчу болуп калганына атасы түрткү болгон» дешет…

— Биздин элде илгертен эле жакшы чыгат деген баласын дайыма жанына ээрчитип жүрүү, залкар адамдардын арасына кошуп чоңойтуу салты болгон. Атам да ошондой жол менен чоңоюптур. Мени дагы ошол багыттагы тарбияга салды. Атам комузчу, сөзмөр, мергенчи, санжыраны мыкты билген адам болгон. Балдар топурап ойноп жүрсө, мен атамдын колтугуна кирип алып, аксакалдардын санжырасын тыңшап, ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн угуп, кайра аларга чертип берип чоңойдум. Атамдын бардык өнөрүн болбосо да, бир өнөр шыбагасын – комузда ойногонду алып калганыма шүгүрчүлүк кылам. Бул багытта да атамдын салымы чоң. Комузду колго алар менен мени алдына олтургузуп, колумду кармап кошо черттирип 3-4 жашымдан эле бул аспапка жакындаткан. Кээде жанына олтургузуп, комуздун башын тиштетип коюп чертчү. Тиштер аркылуу комуздун үнү эки эсе эффекттүү угулат экен да.

Атамдын аракети менен 6 жашымдан баштап комуз черте баштагам. 5-класста Ак-Талаа жергесинде «Бала комузчу» деген атка конуп, атым чыга баштаган. Залкар комузчулардын комузду кандай черткендерин көрүп калгандыктан, бала кезден күүнү маанисине, шаанисине келтири чертүүнү өздөштүргөндүктөн ар бир күүнүн оригиналына жакын чертем деп ойлойм.

— Комузда кол ойноткондон сырткары сүрөтчүлүк өнөрүңүз да бар турбайбы?

— Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында жарык дүйнөгө келип, жети жашка чейин тоолордун, карагайдын арасында, шар суунун жээгинде, ачык тийген күндүн астында чоңойдум. Табияттан берилген шыкка ушул нерселердин тааасири кошумча болду окшойт. Бала кезимден мектептин сүрөтчүсү болчумун. Учурунда келечекте сүрөтчү болом деген кыялдар да болгон. Андан тышкары скульптура да жасай ала турганымды билдим. Агам келбеттүү, сулуу киши эле. Элеси эсте сакталып калсын деп бийиктигин 70 см кылып айкелин жасадым. Аны Шүкүрбек Бейшеналиев көрүптүр. «Мындай скульптураны жөнү кара скультурлор да жасай албайт. Байкеңди тирилтип коюпсуң» деп айтканы бар.

— Жазмакерлик жагыңыз да бар экен. Болгондо да тарыхый китеп жазыпсыз…

— Бул жагына дүйнө жүзүн кыдырганымдын пайдасы тийди. Гунндар жөнүндө тарых керек дей беришип, ошондон улам ошол китеп жазылды. 20 жылдан ашуун убакытта жазган «Улуу баян» аттуу тарыхый китебим 60 жылдыгымда жарык көрдү. Кандай жазылганын эл баалар. Ошентсе да тарыхчы теңтуштарымдын биринен: «Он докторлук диссертацияны бир жазыпсың» деген жылуу пикир уктум.

— Кыргызстан боюнча көп күүнү таржымалы менен билгендерден биринчи сиздин ысымыңызды аташат…

— Жалпысынан бизде 1500гө чукул күү бар дешет. Анын 1/3 бөлүгүн черте элекпиз да. Менин билгеним анын бери жагы эле да. Буйруса, жок дегенде 500 күүнү нотага түшүрүп, эл уга тургандай кылып, Алтын фондго өткөрүп койсом деген планым бар.

— Комуздан башка кайсы музыкалык аспапта ойнойсуз? Өзүңүз канча күү жараттыңыз?

— Көп эле музыкалык аспаптарда ойнойм. «Жибек жолу» аттуу күүнү ооз комузга ылайыктап чыгаргам. 60 жылдык мааракемде кызым Алтынгыз экөөбүз темир комузда ойнодук. Кыл кыякка чыгарган күүлөрүм дагы бар. Жакшы кыл кыяк чапканда гана бул аспапта ойнолгон күүлөрдү жаздырып фондго өткөрүп коем деген оюм бар. Комузда 17 күү жаратып, дискке жаздырдым.

— Канча деген эмгек жаратып, чет өлкөгө кыргыз музыкасын таанытып жүрөсүз. Эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы?

— «Эл артистигин» аракет кылгандар алат экен. «Сурап ичкен — суу ичкен, тартып өпкөн — жел өпкөн» дегендей, сурап алгандан көрө… өздөрү эле бир кезде берер деп жүрөм. Бирок «Кыргыз эл артисти» болбосом да «Дүйнөлүк эл артисти» болуп калганым качан. Менин талантымдын баасы дүйнөлүк фестивалдарда, конкурстарда чыгып жүрөт. Эл аралык конкурстун жеңүүчүсүмүн. 34 мамлекет катышкан өлкөнүн ичинен ЮНЕСКОнун байгесин утуп алгам.

— Канча шакиртиңиз бар?

— «Агахан» фонду ачып берген «Устат-шакирт» деген мектеп бар. Кыргыздын багына ошол мектептин ачылып калганы да жакшы болду. Нукура кыргызча ыкмада, башкача айтканда, илгеркидей, нотасыз үйрөтүү деген багытта иш алып баруудабыз. Ондон ашык шакиртим бар. Эң кичүүсү жети жашта. Кичинекей балдарым комузду Консерваториядагы балдардан кыйын чертишет.

Аманбүбү Төрөгелдиева: «Бир адам бар»

«Азаматтын аткан таңы — алган жары, өмүрүн улап турган балдары» дегендей, Нурак агабыздын жары, шакирти Аманбүбү Төрөгелдиева менен да маектештик. Баарлашууда эжебиздин  «Бир адам бар» деп жолдошуна арнап жазган ырын да уктук.

— Эже, сиздерди тааныштырган чыгармачылык болду окшойт ээ?

— Ооба. Негизи мен бала кезден бери эле ырдайм. Адабиятка да көп кызыгаар элем. Журналист же кыргыз тили мугалими болом деп кыялданчумун. Агайыңар менен жолумдун кошулуп каларын Кудай мурдатан тууралаганбы, билбейм, музыкалык факультетти ийгиликтүү аяктагандан кийин бу киши менен чогуу иштеп калдым. Иштегенге чейин бул кишинин колунан комуз боюнча сабак алып, шакирти болуп жүрдүм. Устатым десем болот. Агайыңар онго жакын күүнү үйрөткөн, ошону улабай койдум. Комуз кармабай калганыма көп болду.

Кесибим музыка мугалими болгондуктан башында Ак-Талаадагы балдар музыкалык мектебинде, өзүбүз жашаган Байтик айылындагы балдар бакчасында музыка жагынан тарбиячы болуп иштегем. 7-8 жылдан бери балдар менен үйдөмүн. Бирок ыр жазып калам. Мурда көп ырларым гезит бетине жарык көргөн. Азыр чыгармачылыгымдагы эки чылбыр, бир тизгинди агайыңардын колуна тапшыргам. Бу кишинин таланты Алла Тааладан келген нур талант. Дүйнө жүзүн кыдырып, кыргыздын нукура музыкасын элге тартуулап жүргөн адамдын жанында жардамчы адам болуш керек экен. Мен сөзүн жазып, бул киши ага обон чыгарып дегендей, чыгармачылыктын үстүндө үйдө чогуу иштейбиз. Өмүрлүк жарыма арналган «Бир адам бар» аттуу ырды бир жыл мурун жазып койгон элем. Бул киши бир күнү ырларымды карап олтуруп байкап калып: «Бул ырды качан жаздың эле? Жакшы ыр экен. Буга мен обон чыгарайын» деп үч-төрт сааттын ичинде эле обон чыгарып салды. Аны агайыңар 60 жылдык маараке концертинде комуз чертип берип, мен ырдап чыкканымда, эл абдан жакшы кабыл алды.

Сүйүүдөн сүрдөп турган,

Сезими бүрдөп турган,

Адам бар ыйык мага, бийик мага,

Атынан айталбаган, айталбаган.

Дүйнөдө эч теңдешсиз бир адам бар,

Ал мага Кудай кошкон өмүрлүк жар.

Ал барда маңдайымда шаттанамын,

Айланам шаңга толгон ыйык гүлзар.

Көңүлдү кайтарбаган, кайтарбаган,

Көл болуп чайпалбаган, чайпалбаган.

Адам бар аздектечү, аздектечү,

Өзүнө байкалбаган, байкалбаган.

Ал мага Кудай кошкон өмүрлүк жар,

А балким бирөөгө кор, бирөөгө зар.

Бир келген бул өмүрдө болбосунчу,

Адашып ак сүйүүдөн жаңылгандар.

Махабат мээримине, мээримине,

Өмүрдү бөлөп турган.

Турмуштун ойку-кайкы жолдорунда,

Тоо болуп жөлөп турган.

Ал мага Кудай кошкон өмүрлүк жар,

А балким бирөөгө кор, бирөөгө зар.

Бактылуу жашаш үчүн бул өмүрдө ,

Бар болсун балдар жана чын сүйгөн жар.

Ал сизге Кудай кошкон өмүрлүк жар,

 А балким бирөөгө кор, бирөөгө зар.

Бактылуу болуш үчүн жаныбызда,

Бар болсун ак сүйүүсүн арнаган жан.

— Жолдошуңуздун чыгармачылыгына кандай баа бересиз?

— Агайыңар атактуу комузчу, күүчү жана ырчы, көп жылдар бою кыргыздын нукура музыкалык өнөрчүлүгүн дүйнөлүк фестивалдарда, Англия, Америка, Япония, Франция баштаган дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. Элдик жана өздүк чыгармалары 1996-жылы Франциянын «OCORA» мамлекеттик радиосу тарабынан жана 2001-жылы Прага шаарындагы музыка ишкерлери тарабынан CD дискаларга жазылып, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине таркаган. Элге кеңири белгилүү күүлөрү «Ата мурасы», «Улуу тоолор», «Соң-Көл», «Сары өзөк», «Найман эне», «Шаттык», «Азаттык Камбаркан». Бул кишинин күүлөрүн, обондуу ырларын уккан эл чыгармачылыгына менден мурун эле баа берип койгон.

Айтылуу Карамолдо, Ыбрай аталарыбыз таштап кеткен күүлөрдү улап келатат. 1986-жылы Филармонияга келген. 1987-жылы «Камбаркан» эрнографиялык ансамбли уюшулуп, ошондон бери ошол ансамблде эмгектенип келатат. 30га чукул ыр, 17 күү жаратты. 170 күү чертет. 60 жашта ушунча күүнү мээге сактап алып жүрүш деген кандай кыйын.

Эмгек сиңирген артист наамын элүүгө чыга электе эле алган. Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз элибиздин салттык музыкасын сактап жана алып жүргөндүгү үчүн Өзбекстан мамлекетинин Самарканд шаарында өткөн эл аралык конкурста ЮНЕСКОнун сыйлыгын жеңип алып, сертификатка ээ болгон. Бул сертификат менен кайсы мамлекетте болбосун концерт койсо болот. «Эл артисти» деген наам эл аралык сыйлык алганда берилиши керек эле. Агайыңарга: «Мамлекитибиз кагазга жарыбай жатпайбы, качан кагазга жарыганда бир барак алып калаарсыз» деп айтып, күлүп калам. Эми буйруган күнү алып калаар…

— «Агай, сиз» дейт окшойсуз ээ?

— Табиятымдан эле адамдарга түз эле сен деп кайрыла албайм. Агайыңар устатым болгонун жогоруда айттым го. Жубайым болгон менен «Агай, сиз» деп айткан боюнча калдым. Атынан да атай албайм. Менден он жаш улуу да.

— Канча балдарыңыздар бар?

— Жалпысынан сегиз эркек, алты кыз. Мурунку никесинен төрт эркек, үч кыз. Экөөбүздүн ортобузда да төрт кыз, үч кыз бар.

— Кечиресиз, агайдын мурунку үй-бүлөсү менен катташасыздарбы?

— Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жакшы мамиледебиз. Ынтымактуу үй-бүлөдөнбүз. Балдардын жакшылыгы, кубанычы баарыбызга бирдей. Агайыңар балдарын абдан жакшы көргөндүктөн баарын эле өзүнүн колунда тарбиялады. Өзүбүздүн колубуздан билим алып чоңоюшту. Чогуу аралашып жүрдүк. Бул кишинин жүрөгү балдарым деп согуп турса, биз балдарды каякка бөлөбүз? Биз эчтеке дей албайбыз да. Балдар бар жерде катташ бар экенин мурунку жубайы дагы, мен дагы туура түшүндүм.

— Уул-кызыңар да өнөрлүү болсо керек?

— Атасына жетпесе дагы уул-кыздарыбыздардын баары эле комуз чертет. Алтынгыз кызыбыз ыр жазат, ооз комузду жакшы чертет. Кичинесинде ал: «ырчы, комузчу болом» дечү. Анан атасы: «Кызым. комуздун жүгүн көтөрүү ар бир адамдын колунан келе бербейт. Андыктан багытыңды башка жактан изде!» деп тыюу салып койгон. Багытын башка жактан издеп, тандап, Б.Бейшеналиева атындагы искусство инстутуттун кинорежиссер бөлүмүн окуп бүттү. Атасы жөнүндө кино тартты. Кызыбыз Ширин дастанды жакшы айтат. Филармонияда Сапар Исмаилов ырчы агайыбыздын классында билим алды. Азыр эл алдына ырдап чыга баштады. Нургыз кызыбыз Кыргыз-түрк «Манас» университетинин журналистика жагын ийгиликтүү аяктады. Уулубуз Арген КГУСТАда информатика боюнча билим алып атат, Мундуз болсо С.Чуйков атындагы окуу жайда окуйт.

— Жарыңызга кандай мүнөздөмө бересиз?

— Шайыр, боорукер, көкүрөгүнө кир албаган, кытмырлыгы, куулук-шумдугу жок көл адам. Жакшы жар, камкор ата. Балдарга аталык наасатын айтып, туура багыт берип турат. Адабияттагы, искусстводобу, тарыхтабы, кайсы тармакта болбосун балдары менен кенен пикирлешип турганга убакыт табат. Биз атабыз менен сыймыктанабыз!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» гезити (2008-жыл, 1-февраль)

БИР АДАМ БАР. Сөзү: Аманбүбү Төрөгелдиеваныкы. Обону: Нурак Абдырахмановдуку

Эсен болуп эстей жүрөлү, туугандар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.