Жаткан жериң эңкейиш, Жараткан берсин кең бейиш!
Бүгүн журналист, акын, котормочу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажыраган күн. Асыл адамыбыз 2020-жылдын 29-январында жүрөк оорусунан (обширный инфаркт) 49 жашында көз жумуп, сыздатып кеткен… Боздоп-сыздап сөөгүн Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы Кызыл-Тууга алып барып, 31-январда акыркы сапарга узатканбыз. Кантейин, алтыным куттуу үйүмдүн төрүндө эмес, минтип көрдө жатканына 4 жыл болду… «Жаткан жериң эңкейиш, Жараткан берсин кең бейиш. Курандан башка арга жок, айла жок…» деп байыма багыштап куран окуп, эскерип келебиз…
“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнисти эмгеги менен эскерген жакшы адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, албетте, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилип келүүдө…
«Өлгөндөр даӊкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» дегендей, өмүрүнүн кырчындай кездерин журналистикага арнап, эгемендүүлүктүн эпкининде эне тилибиздин, адабият, маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, турмуш барактарында өчпөс из калтырган ага-ининин эмгегин, чыгармачылык жигерин, тааныш да, тааныш да эмес адамдарга кылган жакшылыктарын, алгылыктуу иштерин унутпай эскерип, алтындай убактыларын бөлүп эскерүү жазып берип жаткандарга, даӊктап да, барктап да эстеп, куран окутуу парзын аткарып келаткан жакшы, жакшы адамдарга тереӊ ыраазычылык билдирем.
Салттуу кылган ишибизге айлангандай бүгүн да кечке эскерүүлөрдү жана жолдошумдун котормолорунан беребиз!
Назира СААЛИЕВА
АРХИВден…
Тозок менен Бейишти билген жазуучу
1990-жылы 24-августта XХ кылымдагы орустун улуу жазуучусу аталган Сергей Донатович Довлатов АКШнын Нью-Йорк шаарында каза болгон. Бул жазуучу жөнүндө уксам да, чыгармачылыгы менен эч тааныштыгым жок эле. Кийин эле интернеттен таап алдым. Өзү 1941-жылы жарық дүйнөгө келиптир. Атасы еврей, энеси армян кызы болуптур. Мектепте, жогорку окуу жайда начар окуган экен. Армияда үч жыл кызмат өтөп, ошол жактан жазуучулук шыгы ойгонуп, бир нече керемет аңгемелерди жазып, аскерден соң журналистиканы бүтүрүп, кийин 1978-жылы АКШга биротоло кетип калганын билдим. Жакында Бостондо көчөгө ысымы берилди. Анан жазгандарын окуп чалкаман кеттим. 12 китеби жарық көрүптүр. Жазганы өтө жөнөкөй, окуялары да жөнөкөй, бирок ушундай кайнаган турмуш десең.
Жазгандарында оң каарман, терс каарман деген соцреализмдин калдыгы жок. Тозогун да, бейишин да — жандилинде деген ойду айткысы келгендей. Анан анын ойлорун, учкул сөздөрүн чогултушкан экен, ошонусу менен кыргыз окурмандарына тааныштырып коюуну туура көрдүм. Чыгармачыл адамдар бу жазуучуну да окуп калышар, издеп көрүшөр, мен үчүн Сергей Довлатов өзүнчө эле ачылыш болду.
Эрнис АСЕК уулу
Сергей ДОВЛАТОВ: “Жакшы киши ким?”
Жакшы кишинин аялзат менен мамилеси татаал болот экен. Мен жакшы эле кишимин. Түз эле айтып жатам, жакшы кишиде мактана турган нерсеси болбойт тура. Дегеним, жакшыдан жакшы үлгү күтүшөт экен. Чоң талаптарды да коюшат. Ал күнүмдүк көроокатында асылдыгынын, акылынын, абийиринин, тамашасынын оор жүгүн көтөрүп жүрүүгө мажбур. Анан ал байкушту аялзаты бир акмакка алмашып, таштап кетишет. Анан тандаган акмагына жакшы кишинин тажатма жашоосун такмазалап жатып калышат. Деги аялзаты каргыш тийгир шылуундарды каражан көргөндөрү эч кимге жашыруун деле эмес. Бирок эркектин баары эле шылуун болбойт. Менин Акула деген валютчик таанышым бар эле. Аялын кийиздей эле сабачу. Аялынын шампунунан бери ойношуна ташычу. Бир мышыкты да өлтүрүп салганы эсимде. Ошол эргул, кайсыл кара теке сүзгөнүн ким билсин, бир күнү эле аялына сыр менен бутерброд жасап бербейби. Мындай жакшы мамилени көрбөгөн аялы таң атканча шолоктоп чыгыптыр. Кийин тигил шылуун ойношуна баса берди. Деги жакшы киши кимге кереги бар десең?…
**
Адам баласы ар дайым өзүнөн: «мен киммин?» — дейт. Бул суроого көнүп да бүткөн. Тиги окумуштуу, бул американец, ал шоопур, еврей, иммигрант… Андан көрө: «мен пок эмесминби?» деп сурашыбыз керекпи дейм да.
**
«Сүйүү жок» деп айткың келеби? Сүйүүң болгон. Ал алдыга озуп кетип, сен артта калбадыңбы!
* *
Кишини жалгыз таштап салып, анан «жакшы көрчүмүн» дегендерине кускум келет.
**
Мен өмүр бою дүрбүнү үйлөй берип, музыка чыкпаганына таңгалып келдим. Анан тромбонду карай берип, эч нерсе көрүнбөгөнүнө таңгалдым.
**
Жападан жалгыз туура жол бул ката кетирүүнүн, көңүл калуунун жана үмүттүн жолу экен.
**
Баарыбыз тынбай эле Сталинди сөгө беребиз. Эми сөккөнүбүздүн да жөнү бар дечи. Ошентсе да бир чоң суроом бар — а ким төрт миллион донос, жалган чагым жазды эле?
**
Башкасын билбейм, бирок жалгыздык мага жетиштүү. Дегеним, чөнтөктөгү пулум бат эле түгөнүп калганы менен, жалгыздык түгөнбөйт экен.
**
Кетип калгандан зериккен эркек менен жашоо – кемакылдык.
**
Жолдо баратып, ойлонуп коем – “дүйнөгө жин тийди” деп. Жиндилик нормага айланды. Норма болсо бир сыйкырды сезгендей кылат.
**
Турмушта эң башкы нерсе эмне? Эң башкысы – жашооң бир келет. Бир мүнөт өттү, болду, ал кайтып келбейт…
**
Максатыңдын үмүтү өчө баштаганда, эмоция тереңдей баштайт экен.
**
Сүйүү — бул жаштар үчүн. Аскер кызматындагылар менен спортсмендер үчүн татаалыраак… Сүйүү эмес эле, тагдыр го дейм…
**
“Китеп менен аялзаттагы башкы нерсе – формасы эмес, мазмуну…” деген чолок мыйзам бар. Турмушта далай көңүл калуулар болсо да, мага бул кызыксыз айтылгандай сезилет. Мага дале сулуу аялдар жагат.
**
Менимче, сүйүүдө “кичине, чоң” дегендей эч качан көлөм болбойт. Бар нерсеси – бар же жок.
**
Мен ар дайым жалгыз болгум келет, бирок бирөөнүн жанында…
**
“Чакырган жерден калба”, “Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерде отурат” деген ак сөз экен.
**
«Жашоо кандай керемет, кандай сонун!» деп жолдош Маяковкий өзүн-өзү өлтүрөрдө айткан экен.
**
Мен адамдарды терс же оң, жакшы же жаман деп бөлбөйм. Ал эми адабий каармандарымды бөлүп кароого дегеле мүмкүн эмес. Өмүрдө кылмыш кылган күнөөсүн мойнуна алат, тазаланышы да мүмкүн, эрдик артынан — ырахат келет. Биз өзүбүздү кандай сезсек, ошолбуз…
**
Көралбастар: «аялзатты дайыма байлардын пулу кызыктырат» дешет. Же ошол пулга эмне алса болот деп кызыгышат дейт. Мен да ушинтип ойлочумун, бирок кийин бул жалган пикир экенине көзүм жетти. Аялзатты акча кызыктырбайт. Машина, баалуу зергер буюмдары да эмес. Ресторан, кымбат көйнөктөр кызыктырбайт. А кишини эмне күчтүү кылгандыгы, эмне бай кылгандыгы, эмне элеганттуу кылгандыгы кызыктырат экен. «Стимул жок, — деди Таня, — жакшы кишини сүйүү кызыксыз…» Деги укмуш доордо кашап жатабыз. «Жакшы киши» деген сөз шылдыңдагандай угулчу болду.
Кыргызчалаган Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба» (2014-жыл)