Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры». Которгон Бахтияр Шаматов

Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры». Которгон Бахтияр Шаматов

Михаил ШОЛОХОВ: «Адам тагдыры» 

(КПССтин 1903-жылдан бери мүчөсү Евгения Григорьевна Левицкаяга арналат)

(Уландысы)

Колго айлык тийип калган кээ бир учурларда жолдошторуң менен сеп этип да коёсуң. Кай бирде үйгө кетип баратасың, бутуң болсо тимеле эптеп сүйрөлүп жер чийип бараткан болот, бери жактан карап турганда өзүңө-өзүң кускуң келер. Чолок көчөлөрдү бери кой, чоң көчөгө батпайсың. Мен анда алдуу-күүлүү жигит элем, ичкендин да акесин таанытчумун, бирок үйгө дайыма өз бутум менен жетчүмүн. Кээде жетерге аз калганда биринчи ылдамдык менен, башкача айтканда, төрт буттап жөрмөлөп да жүрүп калчумун, бирок ошентсем да эптеп жетчүмүн. Ошондо да менин Иринкам башка тажаал аялдардай бакырып өкүрүп чатак чыгармак тургай, дым деп жаман сөз айтпайт. Болгону күлүп гана коёт, анда да мени мастыкка салып капа болбосун дегендей кылып, билдирбеске аракет кылат. Бутумду чечет да: «Дубал жакка жат Андрюша, антпесең уйкусурап кулап түшөсүң» деп шыбырайт. Мен болсо төшөккө арпа салынган мүшөктөй кулап түшөм да, көзүм алачакмактап жатып калам. Уйку соонун ортосунда бир гана анын бирдемелерди шыбырап, башымдан акырын сылап жатканын туям, демек, мени аяп жатканы да…

Эртеси болсо жумушка эки саат калганда мени тургузат, мунусу мени өзүнө келип алсын дегени. Ичкенден кийин менин жүрөгүмө тамак барбасын билет, ошондуктан туздалган бадыраң же башка жеңилирек бирдеме таап коёт да, кырдуу ыстыкан толтура арак куят. «Башыңды жазып ал, Андрюша, бирок эми минтип ичпе э, кымбатым» дейт. Ушундан кийин анан кантип ушундай аялдын ишенимин актабай коё аласың? Унчукпай, ага болгон ыраазычылыгымды көзүм менен айтам да аракты тартып жиберем, бетинен өөп, анан эч нерсе болбогондой жумушка кете берем. Непадам эле ал мас болуп келген мага кыйкырып же ызы-чуу чыгара турган болсо, кудай урсун, машаяк болсом да эртеси эле кайрадан өлөөрчө тоюп алмакмын. Мындай иштер катыны кыпкызыл жинди башка бүлөлөрдө болуп эле жүрбөйбү; мен андай ажаан шуркуялардын далайын көргөм, билем.

Анан балдар төрөлө баштады. Адегенде уулдуу болдук, бир жылдан кийин дагы эки кызыбыз төрөлдү. Мына ошондо мен эски достордон кол үздүм. Айлыгымдын чып-чыргасын коротпой үйгө апкелем, бүлөмдүн саны да өстү, мындайда арактын балекетин аласыңбы. Жекшемби күндөрү гана бир күрүшкө пива ичип коём, ошону менен тамам.

Жыйырма тогузунчу жылы машинелерге кызыга баштадым. Авто ишин үйрөндүм да жүк ташуучу машиненин рулуна отурдум. Ошондон ары кызыгып кеттим да, заводго кайра баргым келбей койду. Руль айлантып жүргөн мага көңүлдүүрөктөй көрүндү. Ошентип жүрүп он жылдын кандай өтүп кеткенин сезбей да калыпмын. Тимеле уктап жатып тургандай өтүп кетиптир. Он жыл дейсиңби! Улгайган адамдардын киминен сураба, өмүрүнүн өтүп кеткенин байкаптырбы деги? Эч ким байкабайт! Өткөн өмүр – тээтиги көк түтүн чүмкөнгөн алыскы талаадай. Тобо, эртең менен келатканда баары жактын баары чайыттай ачык болчу, жыйырма чакырым басып өтүп карасам эле талааны түтүн чүмкөй басып калыптыр, эми бул жерден туруп токойду бийик отоо чөптөн, айдоо жерди чөп чабыктан ажыратып көр…

Он жыл бою тыным дегенди билбей иштедим. Тапканым жакшы эле, жашообуз элден ашса ашаар, асты кем эмес болчу. Балдарыбыз да дурус чыкты: үчөө тең «эң мыкты» деген бааларга окушту, улуусу Анатолий математикага абдан шыктуу болуп чыкты, ал тургай, ал жөнүндө борбордук гезитке да жазышты. Анда бул илимге болгон ынтаа кайдан экенин өзүм да билбейм, байкеси. Бирок бул менин маанайымды көкөлөтүп, сыймыктанып жүрдүм, тимеле башым көккө жеткичекти сыймыктанчумун!

Ошентип он жыл ичинде биз анча-мынча тыйын-тыпыр топтоп, согуш чыгаар алдынан эки бөлмөлүү, кичинекей кампачасы менен коридору бар чакан үй куруп алдык. Ирина болсо эки эчки сатып алды. Дагы эмне керек? Балдар сүттүү ботко жеп калышты, үстүбүздө үйүбүз бар, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, баары ойдогудай. Бирок атаңгөрү, үйдү ыңгайсызыраак жерге куруп алыптырмын да. Бизге жер тилкесин авиазаводдун жанынан беришкен эле. Жертөлөм башка жерде турганда, балким, жашообуз да башкача болмокпу… Анан эле согуш чыгып кетти. Экинчи эле күнү аскер комиссариатынан чакыруу келди, үчүнчү күнү болсо – эшелонго чыккыла деди. Мени үйдөгүлөрүмдүн төртөө тең – Ирина, Анатолий жана кыздарым – Настенька менен Олюшка чогуу узатып барышты. Эркек да, уулум сыр берген жок, бирок кыздарымдын көзүнөн канткен менен кылгырган көз жаш жылтырап турду. Он жетиге келип калган Анатолийимдин сууктан чыйрыгып аткансып улам ийиндери калтырап жатты, менин Иринам болсо…Чогуу түтүн булаткан жашаган он жети жылдык турмушубузда мен аны эч качан мындай абалда көргөн эмесмин. Түнү бою ийиндерим менен көйнөгүмдүн төшү анын көз жашынан кургаган жок, эртеси таң эртең менен деле ошол көрүнүш кайталанды… Вокзалга келдик, мен боорум ачыгандыктан, ага дит багып карай албайм: эриндери көз жаштан шишип кетиптир, чачы саксайып, жоолугу ийнине түшүп турат, жашылданган көздөрү болсо акыл-эсинен ажыраган адамдыкындай тунарат. Командирлер вагондорго чыккыла деп буйрук берди, ал болсо боюн мага таштай, колдору менен моюнумдан бекем кучактап алды, кыйылган дарактай денесинин калтыраганын айтпа… Балдар да, мен да кой десек да эч кимибизди уккусу жок! Башка аялдар күйөөлөрү, уулдары менен сүйлөшүп жатышты, менин аялым болсо бутакка жабышкан жалбырак сымал мага жабышып калган, денеси гана титиреп, оозунан сөз чыкпайт. Мен чыдабай кетип: «Кымбатым менин Иринка, өзүңдү колго алып, жок дегенде, коштошоордо бир ооз сөзүңдү айтсаңчы» дедим. Ал көз жашына какап да, сүйлөп да кирди, сөз сүйлөйт, эчкирет: «Берекем менин…Андрюша… биз эми… бул жарыкта… эч качан көрүшпөйбүз…», — дейт.

Ансыз да аны аяп жүрөгүм тилинип турса, анын айтканы бул. Алар менен коштошуу мага да абдан оор болуп жатканын, мен кайненемдин куймагын жегени баратпаганымды түшүнсө, билсе боло. Ошол жерден жиним келе түштү! Колдорун мойнумдан булкуп бошоттум да, ийнинен акырын түртүп жибердим. Акырын эле түрткөндөй болгом, бирок менде оңбогондой жинди күч бар да! Ал үч кадамдай артка чегине түштү да кайра эле колдорун созо мен тарапка жүткүнүп келатканы, мен болсо ага: «Ушинтип да коштошобу? Эмнеле мени күн мурунтан тирүүлөй көөмп атасың?!» дедим. Бирок анын дендароо ахыбалын көрүп туруп, кайра эле кучактап калдым…

Ушул жерге келгенде жолоочу шеригим аңгемесин тык токтотту, тунжурай түшкөн тынчтыкта мен анын тамагы кысылып, үнү чыкпай кырылдай түшкөнүн уктум. Анын толкунданганы мага да өткөндөй болду. Көзүмдүн кыйыгын сала аңгемелешиме карап, анын өлүк адамдыкындай күңүрттөнгөн көздөрүнөн бир тамчы жашты да көрө албадым. Ал башын жерге сала шылкыйып отурду, эки жакка шалдайта таштап койгон шадылуу колдору гана майда калтырап, ага кошо ээги, бекем кымтынган эриндери да титиреп жатты…

— Кой, достум, эстебей эле койсоңчу! – дедим акырын, бирок ал укпай калды көрүнөт, толкунданганын чымырканып атып араң басты да, таң каларлыктай өзгөрө түшкөн киркиреген үнү менен күтүлбөгөн жерден мындай деди:

— Өлөөр өлгөнчө, акыркы демим чыгып кеткиче, өлүп баратып да ошондо аны түртүп жибергениме өзүмдү эзели кечирбейм!..

Ал кайрадан узакка дейре тунжурап унчукпай калды. Чылым ороп чегейин деди эле, бирок кагазы улам тытылып, тамекиси тизесине төгүлүп кетип жатты. Акыры эптеп тамеки ороду да бир нече жолу баса-баса соруп жиберип, жөтөлө кебин улады:

— Иринадан боюмду тартып алып, бетин алаканыма алып өөп кирдим, эриндери тимеле муз десең. Балдар менен коштошуп, вагонду көздөй чуркадым, тепкичине жүрүп баратканда жабыштым. Поезд акырын ордунан жылып баратты, эми балдарым менен аялымдын жанынан өтүшүм керек. Карап, өтүп баратам  – жетимсирей түшкөн балдарым бирине бири жабыша үймөлөктөшүп турушуптур, мага колдорун булгалап, жылмайгылары келет, бирок ага түк окшошпойт. Ирина болсо колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырган бойдон, эриндери дубалдай купкуу болуп селейип катып калыптыр, шыбырап бирдемелерди айткансыйт, көзүн ирмебей мени тигиле караган бойдон катып турат, арымы катуу шамалга каршы кадам таштагысы келгендей тула бою менен алдыга ийилип алыптыр. Менин эсимде ал ошол турган турпаты боюнча: көкүрөгүнө кайчылаштыра кысып алган колдору, купкуу эриндери, бакырайган жаш толгон көздөрү менен бир өмүргө калды… Түшүмө да ошол бойдон көп кирет… Аны эмнеге түрттүм экен ошондо? Эстеген сайын жүрөгүмдү мокок бычак менен тилип жаткандай боло берем…

Бизди Украинада, Ак Чиркөөгө жакын жерде бөлүк кылып түзүштү. Мага ЗИС -5 машинесин беришти. Фронтко ошону минип алып аттандым. Эми согуш туурасында сага айтып отурбайын, башында не апаат болгонун өзүң менден жакшы билсең керек. Үйдөгүлөрдөн бат-баттан кат алып турганым менен аларга анда-мында гана жазып коюп жүрдүм. Болгону баары жайында, аз-аздан согушуп атабыз, азырынча чегинип жатканыбыз менен бирок жакында күчүбүздү жыйнап туруп, фрицтерге көргүлүктү ошондо көрсөтөбүз деп жазасың, бүттү. Башка эмнени жазмак элең? Кыйын кезең эмес беле, кат жазганга да чоло жок болчу. Чынын айтсам, арыз-муңумду төгүп кат жазганды мен жактырчу эмесмин, чимкиригин кагазга шыбап, аялдарына, сүйгөн кыздарына иши болсо да, болбосо да күн сайын көз жашын көлдөтө кат жазчуларды жинимдей көрчүмүн. Карасаң тимеле, кыйналып аткан имиш, аны өлтүрүп да коюшу мүмкүн имиш. Мына ушуга окшогон шымчан наалыма канчыктар тылда жыргап аткансыган шоруң каткыр катындары менен балдарына арманын айтып, алар аяса деп турат да. Аларга эмне, тылда биздикинен жеңил болуп атыптырбы? Бүт өлкө ошолорго таянып турбады беле! Мынчалык опол тоодой оор жүктүн астында бүгүлүп кетпеши үчүн биздин аялдар менен балдарыбызга кандай ийин керек эле? Эч ким бүгүлгөн жок, баарына чыдап көтөрүштү! Мамындай бир ыйлаак, жүүнү бош неменин эмгекчил аялга жазган арман каты тиги байкушту тимеле союл менен бутка чапкандай кылбайбы. Мындай катты алган бечара аялдын колунан иши түшпөйбү да жумушка көңүлү болобу. Жок! Сен башка түшкөндүн баарына чыдап көтөрүү үчүн эркек болуп жаралгансың, жоокерсиң. Эгерде насилиңде эркектикине караганда аялдын угуту көбүрөөк болсо, анда кынжыйган көчүгүңдү кооздоп жапкан барпырама юбка кийип ал, жок дегенде артыңдан аялга окшошосуң, бар да кызылча ото, же уй саа, фронтко сендейлердин кереги жок, ал жакта сенсиз да сасыктар толтура!

Бирок мен бир жыл да согуша албадым… Эки ирет жарадар болдум, бирок экөө тең жеңил болду: биринчисинде – колумдун этин ок шылып кетти, экинчиси – бутума ок жедим; адегенде самолёттон атылган ок тийсе, экинчиси – снаряддын сыныгы тийген. Немис менин машинемди төбөдөн да, капталдан да тешкилей аткылап жатты, ошенткен менен башында жолдуу болуп жүрдүм. Ошентип жүрүп –жүрүп, акыры жетер жериме жеттим… Кырк экинчи жылдын майында Лозовенькинин астында момундай бир оңтойсуз учурда туткунга түшүп калдым десең: ошондо немис тимеле алдыга чамынып аткан, көрсө, биздин жүз жыйырма эки миллиметрлик гаубицалык батареябызда снаряды жок калыптыр; менин машинеме толтура снаряд жүктөштү, ага өзүм да гимнастеркам далыма жабышып калгычакты кара теримди агыза көмөктөштүм. Салгылашуу улам биз тарапка жакындап келаткандыктан абдан шашылышыбыз керек эле: сол жактан бирөөлөрдүн танкалары татырайт, оң жакта, алдыда да атышуу жүрүп жатат, айтор, опуртал кысмактаган кысмактап келатты…

Ошол кымгуутта биздин авторотанын командири менден: «Соколов, өтүп кете аласыңбы?» деп сурайт. Бул жерде эми минтип сураштын деле кереги жок да. Тиякта менин жолдошторум кырылып атса, мен бул жерде башымды катып отурмак белем? «Эч кеп жок! — дедим ага. – Мен өтүп кетишим керек, тамам!». «Анда сыз! Темирди жаны чыгып кеткенче бас!» — деди командир.

Мен сызган бойдон кеттим. Өмүрүмдө мынчалык айдаган эместирмин! Картөшкө ташып баратпаганымды билип турам, бул жүктү тартып баратканда абайлаш керек экенин да түшүнөм, бирок тигил жакта балдар жылаңач колу менен согушуп атса, жол туш тараптан аткыланып атса, кайдагы этияттык.

Алты чакырымдай айдап өттүм, мына батарея турган тетиги кыштактын жолуна бурулаарыма аз гана калды, карасам эле, — атаңдын көрү-үү, — биздин жөө аскерлер грейдердин оң жагынан да, сол жагынан да ээн талаага жайыла аткылашып атышыптыр, алардын катарына жанаша миналар да жарыла баштаптыр. Эмне кылсам? Артка кеткенге болбойт да. Болгонунча дагы бастым! Батареяга чейин бир чакырымдай гана аралык калды, мен жолго бурулуп да калгам, бирок өзүбүздүкүлөргө жете албай калдым, тууган… Кыязы, алыстан ата турган замбирек менен так менин машинемди мээлеп туруп урган окшойт…Мен жарылган добушту да, эч нерсени уккан жокмун, болгону башымдын ичинде бирдеме жарылып кеткендей болду да, калганы эсимде жок.

Ошондо кантип тирүү калганымды – түшүнбөйм, чуңкурдан сегиз метрдей арыраакта канча жатканымды да билбейм. Эсиме келдим, бирок бутума тура албайм: башым салаңдап, дене боюм безгек тийгенсип калтырап чыкты, көзүм ийне сайып ийгенсип караңгылашат, сол ийнимде бирдеме кычырайбы же сынгандайбы кандай, бүт денемди тимеле эки сутка бою союл менен сабагансып, жан чыдаткыс оору сыздатып турду. Көпкө чейин боортоктоп сойлоп отуруп анан акыры эптеп өйдө турдум. Эмне болгонумду түшүнө албай, дагы эле башым маң. Эсимде ныпым эч нерсе жок. Кайра жаткандан корком. Жатсам эле ошол бойдон турбай, тиги жакка кете берчүдөй сезилет. Ошентип бороонго кайыккан теректей эки жакка ыргала теңселип тура бердим.

Эсиме келгенде эки жагымды жакшылап карандым – жүрөгүмдү бирөө кычкач менен кыскандай болуп кетти: тегеректин баарында мен ташып бараткан снаряддар жайнап жатат, арыраакта талкаланып, дөңгөлөктөрү асманды карап, аңтарылган машинем жатат, салгылашуу болсо эмнегедир эми арт жагымда жүрүп жаткан экен. Бул кандайча? Жашырганда эмне, так мына ушул учурда менин буттарым өзүнөн-өзү бүгүлүп кетти да кыйган теректей кулап түштүм, анткени мен – фашисттердин туткунунда калганымды түшүндүм. Согушта мына ушундай да болот тура. Эх, тууган, туткунга өз эркиң менен түшүп калбаганыңды түшүнүү өтө оор иш. Муну жон териси менен сезип көрбөгөн адамдын жүрөгүнө бат эле жеткириш кыйын, бул эмне экенин ага адамча жеткиргидей кылып түшүндүрүштүн өзү оор.

Ошентип жатам, угушума караганда танктар калдырап келаткандай. Төрт немис танкасы газын басып алган бойдон жанымдан өтүп, мен снаряд тартып келаткан жакты көздөй кетишти… Буга кантип чыдайсың? Анан алардын артынан замбиректерди чиркеп алган сүйрөмө тягачтар созулду, талаа ашканасы өттү, анын артынан согулуп атып бир ротага жетип жетпей кемип калган жөө аскерлер кетип баратышты. Аларга көз кыйыгымды салып коюп, жер менен жер болуп тымпыйып жатам, көзүмду жуумп алганмын: анткени аларды көрөйүн деген көзүм жок, тимеле жүрөгүм айланат дейсиң… Баары өтүп кетти окшойт деп башымды көтөрө калсам эле менден жүз метрдей арыраактагы туштан алты автоматчан өтүп баратышкан экен. Карап турсам, түз эле мени көздөй бурулушту. Унчукпай келатышат. «Мына, өлөт деген ушул турбайбы», -дедим. Өйдө болуп отурдум, анткени жаткан жеримде тырайып өлгүм келген жок. Ичинен бирөөсү мага бир эки кадам жетпей токтоду да, ийнинен автоматын шыпырды. Адам пендеси ушундай бир кызык жаралган экен да: ошол тапта мен корккон да, жүрөгүм болк деп да койгон жок. Болгону аны карап ойлонуп турам: «Азыр мени көздөй кыска татыратып калат, кайсы жагыма атат болду экен? Башымабы же көкүрөгүмөбү?». Айтор, денемдин кайсыл жагын калбыр кылса да баарына кайыл элем.

Келбеттүү, өңү каралжын тарткан, эриндери жиптей жука, жүлжүйө караган жаш жигит экен. «Мындай неме ойлонбой туруп атып салат», — деп турам. Ошондой эле болду: автоматын түшүрө калды да – мен болсо анын көзүнө тике карап унчукпай турдум, жашы улгайыңкыраак жанындагысы, ефрейтор окшойт, бирдеме деп кыйкырып, аны четке түрттү да мага жакындап келип, өз тили менен бирдемелерди балдырап, менин колумду чыканагымдан бүгө кармалап, каруу күчүмдү сыйпалап көрдү да: «О-о-о!» деп күн батышка кеткен жолду жаңсап көрсөттү. Кара жумушка жарактуу мал, биздин рейхке иштеш үчүн жөнө деди шекилди. Кожоюн боло калганын көр мунун, иттин гана баласы!

Бирок тиги кара торураак келген неме менин өтүгүмө тигилип туруп калды, чынында эле мыкты өтүк эле. Колу менен көрсөтүп: «Чеч» деди. Жерге отуруп чечтим да, ага узаттым. Колумдан тимеле жанталаша жулуп алса болобу. Чулгоомду да кошо чечип, отурган жеримден өйдө сунуп калдым эле, ал өзүнүн тилинде кыйкырып бакырып сөгүп калды да автоматын кайра оңдой кармаланып итиреңдеп калды. Калгандары баары кыраан-каткы түшүп калышты. Ошентип тынч эле ары узап кетишти. Бир гана жанагы неме жолго чейин жетти да кайра үч жолу бурулуп карады, тимеле карышкырдын бөлтүрүгүндөй көзүнөн заар чачырайт. Кудум эле ал меникин эмес, мен анын өтүгүн чечип алгандай, тобо.

Эмне кылам анан тууган, менде башка аргам калган жок. Жолго чыктым, воронеждик жалпак тил менен келиштире сөгүнүп алдым да батышка, туткунга жөнөдүм!..

Баса турган деле алым жок ошондо, саатына бир чакырым басам, андан артык баса албайм. Кадам таштайын деп алдыга жүткүнөсүң, бирок мас сыяктуу темтеңдеп жолдун биягына бир, тиягына бир чыгып баратасың. Бир аз баскан соң эле артыман мени биздин туткундардын колоннасы кууп жетти, булар ошол эле мен жүргөн дивизиядан болуп чыкты. Аларды он чакты автоматчан немистер айдап алыптыр. Астында келатканы мени менен теңеле түшкөндө эч бир сөз айтпай дебей туруп эле мени автоматтын туткасы менен баштан ары бир койду. Кулап түшсөм ошол жерден жалпайта атып салмакпы, бирок мени биздикилер жөлөп, кармап калышты, ортого түртүп киргизе салышып, бир топко чейин колуман жетелеп барышты. Мен эсиме келгенде алардын бири: «Кулай көрбө, кудай сактасын! Болгон күчүңдү жыйнап бас, антпесең өлтүрүп салышат» деп шыбырады. Аны уккан соң шайым калбаса да болгон күчүмдү жыйнап басып кете бердим.

Күн уясына отураары менен немистер күзөттү күчөтүштү, дагы жыйырма чакты автоматчанды кошуп туруп, бизди ылдамдата айдап жөнөштү. Катуу жаракат алгандар калгандардын артынан кууп жете албагандыктан, аларды жолдон эле атып салып кете беришти. Экөө качмакчы болушту, бирок алар айлуу түндөгү ээн талаада сонун бута болуп беришерин эске алышкан эмес окшойт, албетте экөөн тең тырайта атып салышты. Түн оогондо биз жарым күйгөн кандайдыр бир кыштакка жетип келдик. Баарыбызды мунарасы талкаланган чиркөөгө айдап киришти. Полу чылгый таштан экен, же астыга төшөгөнгө ныпым саман болсочу, эч кимибизде шинел деген жок, баарыбыз бир кат гимнастерка менен дамбалчанбыз. Кээ биринде жадагалса, гимнастеркасы да жок, ичинен кийчү чыт көйнөкчөн. Булар негизинен кенже командирлер эле. Аларды немистер катардагы жоокерлерден айырмалай албасын дешип гимнастеркаларын чечип салышкан. Анан замбирекчилерде да гимнастеркасы жок болчу. Замбиректин жанында чечинип алып иштеп жаткан жеринен эле туткунга түшүшкөн да булар.

Түндө нөшөрлөгөн жаан төгүп, ийне –жибибизге чейин суу болдук. Бул жагында имараттын төбөсүн оор снарядпы же самолеттон ыргыткан бомбабы, шыпырып кетиптир, бул жагында болсо чатыры октун сыныгынан улам илме тешик, жадагалса, төрүнөн да алакандай кургак жер таппайсың.

Ошентип түнү менен чиркөөдө караңгы сарайга камалган койлордон бетер ойдолоктоп отуруп чыктык. Түнүчүндө байкасам бирөө мени жеңимден тартып: «Жолдош, жаракатың жокпу?» — деп сурап калды. Мен болсо: «Сага эмне керек, тууган?», — десем ал: «Мен аскер дарыгеримин, балким сага жардам керектир?» — дейт. Мен ага сол ийним кычырап, шишип баратканын, оорудан жаным сыздап баратканын айттым. Ал болсо шак эле: «гимнастеркаң менен ички көйнөгүңдү чеч» деди. Мен чечтим эле, ал ичке манжалары менен ийнимдин улам бир жерин ныгыра кармалап кирди, ооруганын айтпа эми. Тишимди тишиме баса кычыратып: «Сен адам догдур эмес, кыязы мал догдур окшойсуң. Эмнеле ансыз да ооруп аткан жеримди улам баскылап атасың, деги кишини аёо дегенди билесиңби?» дедим. Ал болсо дагы эле кармалаганын токтотпой, жини келгендей бурк этти: «Сенин ишиң унчукпай туруу! Карасаң муну, ооруп атат деп коёт дагы. Бекем тур, азыр мындан да катуу ооруйт». Ошентип туруп колумду силкти эле, көзүмөн от чагылыша түштү.

Эсиме келгенде: «Бул эмне кылганың, таш боор фашист? Ансыз да талкаланган колумду биротоло жулуп салайын дедиңби». Карасам кыткылыктап күлүп анан минтет: «Азыр оң колу менен чаап жиберет го дегем, бирок сен чыдамкай жигит экенсиң. Колуң сынган эмес, чыгып кетиптир, мен ордуна салып койдум» дейт. Чынында эле жанагыдай сыздаган оору акырындап тарап баратты. Мен ага ыраазычылыгымды айттым, ал болсо унчукпай караңгыда калгандарды кыдырып: «Жарадар болгондор барбы?» деп сурамжылап, андан ары кетти. Чыныгы догдур деп ушуну айт! Өзү туткунда жүрсө да, караңгыга карабай минтип өз парзын аткарып жатканын карабайсыңбы. Бул түн тынч болбоду. Жадагалса, сыртка чыгып заара ушатканга да уруксат бербей жатышты, муну сакчылар бизди жуптап чиркөөгө айдап кирип жатканда эле эскертишкен. Какаганга муштаган болуп арабыздан бирөөнүкү кыстап келбеспи, шоруң кургур кудай такыба неме болгондуктан, күнөөгө баткысы келбейт да. Эптеп чыдаган болуп атты эле, анан аргасы куруганда ыйлап жиберсе болобу. «Ыйык храмды булгай албайм!- дейт.- Туугандар, мен динге ишенген христанмын го! Эмне кылайын, туугандар?» Биздикилер кандай эл экенин билесиң да? Бирөөлөр кыткылыктап күлүп жатса, башкалары сөгүнүп кирди, дагы бирөөлөр болсо азилге салып кеңеш берип жатышты. Айтор, мунун мүшкүлү баарыбыздын маанайыбызды бираз көтөргөндөй болду эле, бирок аягы жаман болуп бүттү: бечара сыртка чыгаргыла деп эшикти койгулап кирди эле, фашист эшик аркылуу татырата ок чыгарды, жанагы кудайчыл немени, ага кошо үч кишини өлтүрдү, бирөөсүн өлөөрчө жарадар кылган экен, ал таңга маал үзүлүп кете берди.

Өлгөндөрдү бир жерге жыйнап коюп баарыбыз отура кеттик, тымтырс боло ойго чөмүлдүк: башталаары минтип алаамат болуп атса, кийин кандай болоор экен… Бир саамдан кийин акырын үн чыгара шыбыраша кеттик: ким кайдан, кайсы облустан, туткунга кантип түшкөнүн сурамжылап киришти, караңгыда бир взводдонбу же бир ротаданбы, бири-бирин жоготкондор бар окшойт, акырын бирден аттарын айтып чакыра башташты. Тыңшап атам, жанымда эле бирөөлөр акырын күңкүлдөшө сүйлөшүп атышат. Бирөөсү минтет: «Эгерде эртең, баарыбызды айдап жөнөөрдүн алдынан катарга тизип алып, комиссарлар, коммунисттер жана жөөттөр чыккыла дешчү болсо, анда сен, взводный эмессиңби, бекинип турба! Аныңдан түк майнап чыкпайт. Гимнастеркаңды чечип салсаң эле катардагы жоокердей көрүнүп калам дейсиңби? Мунуңдан эч нерсе чыкпайт! Мен сен үчүн жоопкер болгум келбейт. Биринчи кылып сени көрсөтөм! Мен сенин коммунист экениңди, партияга кир деп мени үгүттөгөнүңдү билем го, мына эми ошол иштериңе жооп бер». Муну мага жакыныраак сол жагымда отурганы айтып жатат, ал эми ага жооп кылып аркы четтен жаш жигиттин үнү угулат: «Мен дайыма жакшы адам эмес деп сенден шектенчү элем, Крыжнев. Айрыкча сабатым жок демиш болуп партиянын катарына өткөндөн баш тартканыңда шегим ого бетер күчөгөн. Бирок сени эч качан саткын болот деп ойлочу эмесмин. Анткени сен жети жылдыкты бүткөнсүң да?». Тиги болсо өзүнүн командирине түк камаарыбай туруп минтет: «Бүтсөм бүткөндүрмүн, эмне экен?». Көпкө чейин дымып калышты, анан үнүнө караганда взводдун командири окшоду, акырын жалооруду: «Мени айтпай эле койчу, жолдош Крыжнев». Бырс күлдү берки. «Жолдоштор деген, — дейт, — фронттун чегинен арыда калды, мен болсо сага жолдош эмесмин, сен менден суранбай эле кой, баары бир сени көрсөтүп берем. Өзгөнү деп өзүм өлмөк белем».

Унчукпай калышты, менин болсо мындай карасанатай итчиликтен бүткөн боюм калтырап чыкты. «Жок дедим, — өз командириңди сатканга мен сага жол койбойм иттин баласы! Ушул түндө бул чиркөөдөн тирүү чыкпайсың, айбан, сени тарптай кылып бутуңдан гана сүйрөп чыгышпаса карап тур!». Таң бир аз жарышканда карасам, жанымда тултук бет локуйган жигит жатат колун жазданып алып, жанында болсо тизесин кучактап, тыртыйган арык, мурду кетирекей, кылтыраган жалаң кабат көйнөкчөн, өңү кубарган жигитче отурат. «Мунун мобул семиз айгырга жалгыз алы келбейт дедим ичимде. Муну өзүм жайлабасам болбойт».

Жеңинен тартып шыбырай сурадым: «Взводный сенсиңби?». Ал унчуккан жок, болгону башын гана ийкеди. «Сени саткысы келген мобулбу?» — дедим жаткан жигитти көрсөтүп. Ал кайра башын ийкеди. «Кана, — дедим, — муну тепкиленбегидей кылып бутунан бекем кармап тур! Бол бачым!» — өзүм болсо салмагымды сала тигинин үстүнө куладым да, манжаларым ошол бойдон кекиртегине жабышып калды. Кыйкырмак тургай, дым дегенге үлгүргөн жок. Бир нече мүнөт карыштыра кармап турдум да, анан өйдө болдум. Тили оозунан бултайып чыккан бойдон тынчыды саткын!

Ошондон кийин жүрөгүмдүн айланганын айтпа, колумду ушунчалык жуугум келди, адам эмес, тимеле сойлоп келаткан жыланды муунткандай болдум… Өмүрүмдө биринчи жолу киши өлтүрүшүм, анда да душман эмес, өзүбүздүкүн жайладым ушинтип…Өзүбүздүкү деп коем да, кайдан? Бул деген жаттан да жаман саткын эмеспи. Турдум да взодныйга: «Кеттик бул жерден жолдош, чиркөө деген чоң», — дедим.

Эртеси баарыбызды жанагы Крыжнев деген неме айткандай, сапка тизди да, автоматчандар менен курчап калышты, үч эсесчи офицер чыгып өзүлөрүнө зыяндуу адамдарды ылгай башташты. Кимиңер коммунист, кимиңер комиссар, жөөтүңөр кимиңер деп сурашты, бирок андайлар жок болуп чыкты. Жанагы түндөгү иттин баласы да жок болуп чыкты, болсо дароо айтмак экен, анткени дээрлик жарымыбыздан көбүбүз коммунисттер элек, командирлер да бар болчу, анан комиссарлар болбой коебу. Эки жүздөн ашуун кишинин арасынан төртөөн гана, бирөө жөөт, анан катардагы жоокер үч орусту алып кетишти. Жөөт го таанылып турат, берки үч орустун шоруна үчөө тең карасынан келген, чачтары тармал болуп чыкпаспы. Мына ошондой түспөлдөш немелерге келип туруп эле: «Юде?» деп сурашты. Тигилер болсо оруспуз дешти, анысын ким угат, «чык бери» деди, бүттү.

Шоруң каткырларды атып салышты да бизди болсо андан ары айдап кетишти. Саткынды экөөлөшүп муунтушкан жанагы взодный Познандын өзүнө жеткичекти жанымда чогуу барды, улам-улам колуман кыса кармап коет. Познанга келгенде экөөбүздү эки жакка бөлүп жиберишти. Ага момундай бир себеп болду.

Билсең тууганым, туткунга түшкөн биринчи күндөн тартып эле мен өзүбүздүкүлөргө кетүүнү ойлоп койгом. Бирок кармалбагыдай кылып качайын деп жүрдүм. Познанга жетип, лагерге жайгаштырганча бир жолу да мындай ыңгайлуу учур болбоду. Познандагы лагерде болсо так ошондой учур болду: майдын аягында бизди лагердин жанындагы токойчого көр казганга жиберишти, ал жакка өзүбүздүн эле мерт болгон аскер туткундарын көмүшмөк, ошол маалда ич өткөктөн биздин туугандар тимеле боодой кырылды эле. Ошентип познандын топурагын казып атып, көз кыйыгымды сала эки тарапты да чалып атам, тигине биздин эки сакчыбыз шам-шум эткенге отурушту, үчүнчүсү болсо күнгө магдырай кактана үргүлөп кеткенин байкадым. Күрөктү ыргыттым да! акырын бадалдын ичине кирдим… Андан ары – чуркаган бойдон түз эле күн чыгыш жакты көздөй урдум…

Сакчылар кечирек билип калса керек. Ошентсе да бирок арыктап, өлөсө болуп калган мага бир сутка ичинде кырк чакырымды басып койгудай шумдук күч кайдан келгенине өзүм да таңмын. Бирок качып кетем деген кыялымдан майнап чыкпады: каргыш тийген лагерден бир топ ыраактап кеткен төртүнчү суткада кармап алышты. Изкубар иттерди артыман салган экен, аларың мени бат эле орулбаган сулу ичинде жаткан жеримен таап алышты. Таң атканда ачык талаа менен кеткенден чочулап, караанымды көрсөтпөйүн деп сулунун ичине кирип жатып алгам, токойго чейин үч чакырымга жетпеген аралык калган. Данды алаканыма салып ушалап, анан бир аз чайнамыш этип, чөнтөгүмө да толтуруп алган элем. Анан эле иттин үргөнү угулду, тытырап мотоцикл да келатат…Жүрөгүм үзүлүп кеткендей болду, анткени иттер үргөнү жакын эле жерден чыга баштады. Бети-башымды тамтык калтырбай тытып кетишпесин деп көмкөрөмөн жата калдым. Көз ачып жумганча учуп жетишти да үстүмдөгү болгон жылдыр-жулдур кийимимди дал-далынан жулуп кетишти. Энеден туума жылаңач бойдон калдым. Сулунун үстүндө иттер мени каалагандай жулкулдата тарткылап ары – бери тоголотушту, анан акыры килейген бир дөбөт көкүрөгүмдү алдыңкы эки таманы менен ныгыра басып алды, карасам так кекиртегимди мээлеп калганы, бирок азырынча тийишпей турат. Анан эки мотоцикл менен немистер жетип келишти. Адегенде колдору талыганча сабашты, анан кайра иттерди айдакташты эле, терим шылынып, тытылып үзүлгөн этим туш тарапка учту. Ошентип жылаңач, канга боёлгон бойдон лагерге алып келип ташташты. Качканым үчүн карцерде бир ай отурдум, бирок эптеп аман калдым… өлгөн жокмун!..

(Уландысы бар)

Бахтияр ШАМАТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.