Мамат АЙБАЛАЕВ: «Сулайман Тоодогу» музейдин нак автору — Ильяс Касендеев»

Мамат АЙБАЛАЕВ: «Сулайман Тоодогу» музейдин нак автору — Ильяс Касендеев»

Авторду атап, эстей жүрөлү, туугандар!

Экинчи борбор шаар саналган Ош каалабыздын так ортосунда жайгашкан ыйык тоо — Сулайман Тоону, тоо боорунда салынган музейди ким гана билбейт! Бирок анын башкы авторун билебизби?..  Дегеним, улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекс ЮНЕСКОнун дүйнөлүк материалдык жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча тизмесине (2009-жылдын июнунда) киргенде музейдин жаратуучулары деп бир топ адамдын ысымы айтылып да, жазылып да калып жүрдү. А, бирок, мына бүгүн, музейдин музей болушуна, музей болуп аталышына, музей болуп калышына эбегейсиз эмгек кылган адам ким экени ачыкталып отурат. Баткен облусунун алгачкы губернатору Мамат Айбалаев ал Ильяс Касендеев экенин айтып эле тим болбостон, «Таалимге татыктуу тагдыр» аттуу китепке кенен эскерүү жазыптыр. Агабыздын эскерүүсүндөгү үзүндүлөрдөн жана Ильяс Касендеевдин аталаш иниси Кубан Мамбетовдун эскерүүсүн акын, мугалим Рахат Аманова даярдап, биздин редакцияга жибериптир…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, асыл адамдын артында калтырган зор эмгеги менен эскерген жакшы адамдар бар экенине кубанып, жарыялап турган чагыбыз. 

Назира СААЛИЕВА

Мамат АЙБАЛАЕВ: «Мен билген Ильяс…»

«Таалимге татыктуу тагдыр» китебинен эскерүүдөн үзүндү)    

Ильяс досум жөнүндө бүгүн эскерүү кеп айтыш мен үчүн өтө оор болуп, ал өткөн-кеткендеги көп нерселерди эске салып коюп жатат. Себеби дегенде анын жаркын элеси ансыз дагы бассам-турсам эсимден кетпей, мени ары-бери бурчатпай, айлана-тегерегимде эле жүрүп, астыртадан көз салып тургандай элес калтырып келет. Кайсыл бирин айтайын. Дагы ушинтип бир туугандары демилге көтөрүп, анын эскерүү китебине Ильясты билген-көргөн адамдардан маалымат алып, ал тууралуу чакан эскерүү белегин калтырып кетүүнү туура көрүп жатыпсыздар. Бул эмгегиңерди мен чыны менен эле баатырдык эмгек катары баалап, кош колдоп колдоор элем. Себеби дегенде бул жашоодо акыр бир күнү аны билген-көргөн биз дагы кош айтышып кете берерибиз туурулуу иш. Ансыз да күн санап арабыз суюлгандан суюлуп баратат. Ошондо анын изин издеп, куурун куптачу калемгерлер калем-кагазын көтөрө чуркаганында убакыт кеч болуп калат. Бул өңүттөн алып караганда менин досумдун, силердин агаңардын өмүрүнө өмүр улачу эмгегиңер ат көтөргүс болот демекчимин.

Аны менен мен 8-класстан баштап таанышып калдым. Түштүктөн чыккан поезд ал кезде жолду катар үч сутка жүрүп, Фрунзеге араң дегенде келүүчү. Анда биз билим күчөп, борборго агылып келген балдар-кыздар болсок керек. Баарыбызга №5 мектеп-интернатында окуп калуу энчиси туура келди. Мен 8 “а” классында, ал эми Ильяс болсо 8 “г” классында окуп калды. Бирок, тез эле сабакка жетиш-катышы бар, үлгүлүү окуган балдар бири-бирибиз менен тил табышып, достошуп алдык. Ал тургай көз карашыбыз, жүрүм-турумубуз менен эле пикирибиз келишип калгандай болду. Бизди ал кезекте достоштурган, жакындаштырган деле адам болгон жок. Иши кылып, мектепте окуган үч жыл бою жакын мамиледе жүрдүк. Тилекке жараша жогорку окуу жайында дагы бирге окууга туура келип калды.

Институтта Ильяс экөөбүз тең коомдук иштерге активдүү катышып жүрдүк. Факультетте, институтта бизди сыйлап жүрүштү. Эч кимге камчы салдырган жокпуз. Институтту да жакшы аяктап кетти.

Андан кийинки жолдорубуз бизди төгөрөктүн төрт бурчуна чачыратып, көпкө чейин көрүштүрбөй салды. Ильясты тоо-кен комбинатына, ал эми мени болсо Свердловскидеги Дегтярский жез иштетүү башкармалыгына жиберишти.

Кийин Ильяс партиянын Ош областтык комитетине өнөр жайы бөлүмүнө башчы болуп барды. Ал кезде мен Свердловскиден которулуп келип, Хайдаркен сымап комбинатында иштеп калгам. Ошол учурда Ильясты партиянын Ош шаардык комитетинин 1-секретарлыгына пленумда көрсөтүп калышты. Анда калп айтпасам кызы Зарема төрөлүп калган. Куттуктап бардым.

Ошто жүргөнүндө ал аябагандай жанын үрөп иштеди. Анын сүрдүүлүгүн, ишке карата койгон талабынын жогорулугун мындан билиңиз, кол алдындагы кызматкерлеринин бир колунан калемсабы, экинчи колунан блокноту түшпөй, берилген тапшырмаларды так, кынтыксыз, өз мөөнөтүндө аткарууга чейин барып турушту. Тилекке жараша ал жылдары анын ишинен эч ким кынтык тапкан жок.

Азыр эл арасында Сулайман Тоонун алдындагы музейди куруу тууралуу ар кандай кайчы пикирлер айтылып, ага автор болгондордун саны күн санап өсүп барат. Бирок, чындыкка тике карап айта турган болсок, негизинен анын автору Ильяс Касендеев гана дээр элем. Сулайман Тоосунун боорундагы жалгыз адам бата турган үңкүрдү улам тереңдетип бургулап, кеңейтип олтуруп, чоң бир адам суктанаарлык музейге орун даярдап койду.

Ал учурда Ильяс мага кайрылып, Хайдаркенден бургулоо бригадасын жиберүүмдү өтүнүп калды. Мен анын сунушун кош колдоп жактырып, 7-8 билим-тажрыйбасы бар, канык адистердин бригадасын жибердим. Мына ушул музейдин курулушуна Ильяска Абдыразак Султанов дагы көп көмөгүн көрсөттү. Ал экөө, шаардын тиешелүү адистери менен бирдикте Сулайман Тоонун башына чейин суу чыгарышты. Мында алар тоо-кен технологиясынын бардык ыкмаларын пайдаланышты. Ал жерге жергиликтүү эл адеп ресторан коюп алуу маселесин дагы көтөрүп чыгышты. Ал эми Ильяс болсо «Бул жер Кыргызстандын көркөмүн арттыруучу чоң музей болсун» деген чечиминен жанган жок. Айтканына турду, бул жумушту ал акыр аягына чейин чыгарып тынды. Албетте, аны куруудагы айрым бир жетишпеген майда-барат жумуштары дагы болду. Аны Ильястан кийин келген партиянын Ош шаардык комитетинин катчылары аягына чыгарышты окшойт. Бул тарыхый чындык.

Ал эми аны жогоруда айтылгандай «музейди мен курдум» деп курулай шаңдангандарга жол болсун гана дегим бар. Болбосо музейдин авторлугун Ильяс Касендеевден талашуунун эч кандай кажет жок. Музейди куруу идеясы дагы, аткарган жумушу дагы Ильяска таандык. Себеби ошол чалгындоо, бургулоо жумуштарында иштеген кенчилер, бургулоочулар азыр дагы тирүү. Алар азыр Найманда, Көк-Жарда жашоо-тирликтерин өткөрүп келатышат. Кыскасы, Сулайман Тоо музейин салган, ага суу чыгарган, тоо башына чейин Кызыл байракты алып чыгып орноткон дал ошол Касендеев болду.

Ильяс жөнүндө абдан өкүнгөнүм, анын бул жашоодон өтө эрте кетип калгандыгы. Көп нерселерди аткара, жүзөгө ашыра турган курагында аркы дүйнөгө аттанып кетти. Аялы, анан калса жалгыз уулу дагы артынан кете беришти. Дагы Кудайыма тобо. Небереси Санжар туяк болуп артында калды.

Кан досум Ильяс, сенин адамгерчилик бийиктигиң, улуу-кичүүнү бирдей сыйлай билген акылгөй касиетиң, көрпенделиктен алыс турган, акыйкаттык менен адилеттикти туу туткан даанышмандыгың көптөгөн адамдардын жүрөгүнөн небак түнөк тапкан. Ал эми менин бул эскерүүм болсо сенин улуу адамгерчилик бейнеңе арналган гана жупуну гүлдестем болсун дегим бар.

 Даярдаган Рахат АМАНОВА, Ош (06.01.2024)

(Үзүндү түп нускадан өзгөртүүсүз алынды)

Кубан МАМБЕТОВ: «Агам элдик уул эле»

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет (Балка)

Касендеев Ильяс 1939-жылы 7-ноябрда Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында туулган. 7-класска чейин Барскоондо, андан соң Фрунзедеги №5 орто мектебинде окуп, аны 1956-жылы күмүш медаль менен аяктаган. Ошол эле жылы Фрунзедеги политехникалык институтуна кирип, 1961-жылы тоо инженери кесибине ээ болгон. Эмгек жолун жөнөкөй тоо-кен мастери катары Кемин районундагы Буурдунда кенинен баштап, 1965-жылдан 1977-жылга чейин партиянын Кемин райондук комитетинде өнөр жай, андан соң уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Борбордук комитетинде инструктор жана инспектор, партиянын Ош облустук комитетинде өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, партиянын Ош шаардык комитетинде биринчи катчысы болуп эмгектенген. Ал жетектеген беш жыл аралыгында Республиканын Түштүк аймагынын борборунда көптөгөн өсүп-өнүгүүлөр пайда болгон. Оштогу Сулайман Тоо мемориалдык комплексиндеги музейдин салынып калышы кыраакы тоо инженери катары Ильяс Касендеевичтин үлүшүнө туш келген. Ал тууралуу жергиликтүү эл өкүлдөрү сыймыктануу менен айтып келет.

1977-1987-жылдары Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Мамлекеттик Комитетинин төрагасы, 1987-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пландоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги болуп иштеп, 1991-жылы жумушчу адистерин жана ишкерлерди даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетин жетектеген. Ушул эле кесиптик-техникалык билим берүү системасына кайра куруу жылдарында Кыргыз Республикасындагы эмгек жана социалдык жактан коргоо Министринин биринчи орун басары – кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Башкы Башкармалыктын начальниги болуп дайындалган. 1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо Министринин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча кеңешчиси болуп эмгектенген.

Ильяс Касендеев өзүнүн уюштуруучулук бийик сапаты жана кесиптик-техникалык билим берүү окуу жайларынын өндүрүштүк, окуу-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүргөн мыкты адис катары бул тармакта жыйырма жылдан ашуун убакыт тынымсыз иштеп, окуу жайларынын аброюн жогорулатып, жумушчу адистерин даярдоодо ат көтөргүс эмгек сиңирди. Ал жетектеген мезгилдер ичинде республиканын аймагында 650 миңден ашуун квалификациялуу адистер даярдалып, анын жетекчилиги астында кесиптик-техникалык билим берүү системасы эки ирет терең реформаланып, окутуу жана тарбиялоо жаатында дүйнөлүк стандартка ылайык келген окутуунун жаңы технологиялары турмушка киргизилди. Рынок талаптары эске алынуу менен чакан бизнестин адистерин даярдоого, жумушсуз жаштарды кайра даярдоодон өткөрүүгө көңүл бурулду. Республиканын дээрлик баардык кесиптик-техникалык окуу жайларынын өндүрүштүк тармактары өркүндөтүлүп, имараттары жаңыдан курулуп, айрымдары капиталдык оңдоолордон чыгартылып, кеңейтилип, окуу жайларынын өзүн-өзү каржылоодогу артыкчылыктары негизги баскычка чыкты. Өлкө боюнча кесиптик билим берүү окуу жайларынын саны 154кө чыкты. Анын түздөн-түз катышуусу менен Республиканын кесиптик-техникалык билим берүү системасы Түркия, Германия, Дания мамлекеттери менен алакалашып, ошондой эле Азия Өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европалык билим берүү фондусу менен биргелешкен долбоорлору ишке ашырылды.

Ильяз Касендеевдин Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги зор. Ал Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын (1975-1989-ж.ж.) депутаты, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин (1974-1989-ж.ж.) мүчөсү болуп шайланган. «Республиканын билим берүү системасынын эмгек сиңирген ишмери», «СССР кесипчилик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги» ардактуу наамдарына арзып, Жогорку Кеңештин үч жолку Ардак Грамотасын, «Эмгек Кызыл Туу» орденинин, «Каармандык эмгеги үчүн», В.И.Лениндин 100 жылдыгы юбилейлик мамлекеттик медалдарынын, «Манас эпосуна 1000 жыл» эстелик медалынын, Монголиянын «Ардактуу эмгек» медалынын ээси болду.

Россиянын кесиптик билим берүү Академиясынын академиги, Европалык Билим берүү фондусунун кеңешчиси болуп дайындалган. Анын «Кыргыз ССРиндеги билим берүү системасынын өнүгүшү» аттуу китеби республиканын кесиптик-техникалык жактан билим берүү системасынын көрсөтмө куралы катары күнү бүгүн дагы кызмат кылып келет.

Кесиптештери атын түбөлүк калышына кам көрүп, Бишкектеги №91 кесиптик-техникалык окуу жайына ысымын ыйгарып, алдына бюстун орнотушкан. Ал эми Бишкектеги бир көчөсүнө коомдук ишмердин атынын ыйгарылышы туурасында узак жылдар бою сөз жүргөнү менен бул маселе оң жагына чечилбей келүүдө… А балким бул иш өлкө тагдырына кайдыгер карабаган республиканын аттуу-баштуу жетекчилери, аны менен узак жылдар бирге иштеп, тагдырлаш болгон кесиптештери, Бишкек шаардык мэриясы, шаардык депутаттар корпусу тарабынан колдоого алынып, Ильяс Касендеевичтин туулган күнүнүн 75 жылдык юбилейине карата ысымы ыйгарылып калаар… Чыдамыбызды ичибизге кармап, бир аз алгалай туралы.

Ильяс Касендеев коомдук иштерге дагы активдүү аралашып, 1977-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз-Монгол достук коомунун президенти, ал эми 1996-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук Байкоочулар борборунун консультативдик Кеңешинин төрагасы, 2000-жылдан тартып «Кыргызстан, Россия жана Белоруссия мамлекеттеринин биримдиги үчүн» коомдук уюмунун төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын профессионалдык-техникалык билим берүү Ассоциациясынын Президенти болуп иштеген. Ажылык сапарга да барып, мусулман парзын өтөп келүүгө жетишип калды.

Эң өкүнүчтүүсү, агабызды шум ажал эртелеп тооруп, 61 жаш курагында бул жалган дүнүйө менен кош айтышып кете берди. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, анын жанына мемориалдык эстелиги орнотулду. Эли-журтунун эсинде анын жаркын элеси түбөлүккө сакталып, айрыкча келечек муундарына калтырган осуяттары, таалим-тарбиясы, кесиптик билим берүү системасындагы өнүккөн материалдык-техникалык базасына кошкон салымы эстен чыкпасына ишенебиз.

Кубан МАМБЕТОВ, И.Касендеевдин аталаш иниси

Убадалар аткарылдыбы?.. Аткарылбаса анда…

Мына, туугандар, Ильяс Касендеев агабыздын Кыргызстанга бир топ эмгек жасап кеткенин досу, аталаш иниси аркылуу билдик. Инисинин жазганына караганда, мындан он жыл мурун жердештери, Барскоон айылдык кеңешинин депутаттык корпусу, №55 кесиптик-техникалык окуу жайынын эмгек жамааты маркумдун 75 жылдык мааракесине карата аталган окуу жайга, айылдын бир көчөсүнө ысымын берүүнү пландап жатканын, андагы Жогорку Кеңештин депутаты, жердеши Талант Узакбаев бюстун кесипчилик-техникалык окуу жайынын алдына орнотуп берүүнү Бапа элинин алдында убада бергенин жазыптыр.

Мындай убадалар ишке аштыбы, жокпу, аны жакында билип жарыялайбыз. Эгер аткарылбаса, анда быйыл 85 жылдык мааракесине карата аткарылып калаар…

Ал эми ушундай тарыхый инсандын ысымы көмүскөдө, опол тоодой эмгеги көз жаздымда калып кетпесин, аны элге, өзгөчө кийинки муунга жеткирүү керек, эскерүү керек деп тынчсызданган акын, мугалим Аманова Рахат айымга терең ыраазычылык билдиребиз.

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.