Баялы САРКУЛОВ: «Периштедей эки канатынан тирүүлөй айрылган атанын арманы сөз жеткис тура…» (ВИДЕО)

Баялы САРКУЛОВ: «Периштедей эки канатынан тирүүлөй айрылган атанын арманы сөз жеткис тура…» (ВИДЕО)

Эсен болуп, эстей жүр!

Кечээ, 13-февралда обончу Бакыт Капаровдон ажырап калдык. 55 жашында көз жумган агабыздын досторунун айтымында, инсульт алып, Тез жардам менен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Комага түшүп калып, ошо бойдон көзүн ачпай кете берген…

Бакыт Капаров Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында 1968-жылы төрөлгөн. Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Бир топ ырларга обон чыгарган. Ийнинен аккордеон түшпөй ырдап, Иманбек менен Исманбек аттуу дайынсыз жоголгон балдарынын бу дүйнөдө бар-жогун билбей, ичинен сыздап, арман кылып өткөнү баарыбызга белгилүү… Кечээ көз жумганын укканда баарыбыз ушул арманын эстеп, табылып калаар деген илгери үмүт менен Орусиянын «Жди меня» телеберүүсүнө чейин барганын эстеп, андан бери 20 жыл өтүптүр деп жаман абалда болдук… Бул тууралуу Баялы Саркулов да социалдык тармакка жазыптыр. 

«Ушул эки жигит азыр да тирүү жүргөндөй сезилет…» 

2004-жылы мотурайган ушул «эки бала жоголду, көргөндөр болсо дароо милицияга кабар бергиле» деген кабар бүтүндөй Кыргызстанга дүң болгон. Ушул эки наристенин сүрөтү чыкпаган гезит, жарыя бербеген радио, телеканалдар калбаган …

Анда Бакытты таанычу эмесмин. Бирок ушул эки наристенин сүрөтү менин мээме орноп, биротоло тартылып калды. Ата-энесинин абалын ойлоп, ушунчалык жүрөгүм ооруду. Көчөдөн баратканда көзүм жол жээгинде ойногон балдарда болуп калды. Көрсөм сөзсүз тааныйм деп ойлочумун. «Кантип эле ушундай наристелерге бирөөнүн жаман колу тийсин, сөзсүз табылат…» деп ойлочумун. Ошол тапкан киши мен болуп калсам экен, атасы менен энесин таап, ээрчитип барсам экен…!» деп жаш балача кыялданчумун. Ушул эки жигит азыр да тирүү жүргөндөй сезилет. Андан бери туура 20 жыл өтүптүр. Ушул кезге чейин эстейм, ушул кезге чейин бир күн, бир мүнөткө да жамандыкка жоорубадым. «Түү-түү!» Азыр, кийин да, качан табылып калгыча жоорубайм.

Ошондон 3-4 жылдан кийин жолуктум Бакытка. Капилеттен жолугуп таанышып калдым. Ошол күнү менин да бир канатым сынып, бир боорумдун азасы жүрөгүмдү эзип турган. Эртең менен Куран окутмакпыз. Темиралы Кунашов акем бир жигитти ээрчитип келди.

«Баялы, таанышып ал. Бул жигитти инимдей көрүп, ээрчитип жүрөм. Аты Бакыт. Мен муну Көккөз иним деп койом» деп тааныштырды. Олтуруп Куран окудук. Сөзгө сараң, бирок кишини дит коюп уккан, арык көккөз жигит ошол күнү биз менен болду. Эртеси конокторго тартылчу жылкынын этин жүктөп келип, «Нур-Суфра» кафесинин ашканасына бышырып, түнкү саат эки жарымдарга барып жайгарып бүттүк. Анан Беловодск тарапка үйгө кетейин деп калсам: «Жок Баке, азыр эле таң атат, жүр мени менен эле үйгө барып жатып ал, эртең менен чогуу келебиз» деп болбойт. Жылдызыбыз келишип, негедир заматта эле жакын боло түшүппүз.

«Баке, мен үйдө өзүм эле жалгызмын, жүрсөң» деп болбойт. «А эмнеге жалгызсың? Үй-бүлөң кайда?» дедим, эч нерсе капарымда жок. Мени бир карап оор үшкүрүндү. Көк көздөрүнүн нуру өчүп, кылгырган жашы карегин тегеренип жерге тама албай турганын көрдүм… Ирмесе эле карегинде айланып мөлтүлдөп турган жаштары жерге тамып түшчүдөй тамагын жасап, сөз айта албай буулуп турду… Азыр да көзүмө элестеп турат… Мага ошол жашын көргөзгүсү келбей акырын жүзүн бура албай мостоюп турду. Бир нерсе десем эле ыйлап жиберчүдөй. Дароо түшүндүм. Бул карекке толуп, томолонуп жерге түшө албай турган тамчы жаштын аркасында чо-оң сыр жатканын…

Дароо макул болдум. Уулумду, инимди үйлөрүнө жөнөтүп, ошол күнү Бакыт менен калдым. Үйгө кире бергенде эле көзгө тааныш эки наристенин сүрөтү урунду… Денем титиреп кетти… Бирөө башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей селейе түштүм. Көздөрүм сүрөттө…

— Булар… Менин балдарым, Баке… Мен бул үйдө ушул экөө менен эле жашайм…

Көзүнөн мөлт этип тамган жаштын калганын жеңи менен аарчып, ээриндери бүлкүлдөп турду. Ар жакта футлярдагы кыягы турат.

Акырын жанына олтурдум. Ашыкча эч нерсе сурай албай, мен дагы көзүмө жаш толуп, аны Бакытка көрсөткүм келбей, жүзүнө карай албай улам жалтанып, көзүмдү ала качам…

Ошол түнү анын арманы менен таң атырдык… Атаганат, эмне деген азап… Алмончоктой болгон, күлсө кулкүсүнө, ойносо оюнуна тойбогон периштедей эки канатынан бир күндө тирүүлөй айрылган атанын арманы сөз жеткис тура…

«Келинчегим экөөбүз ошонун айынан ажырашып кеттик. Экөөбүз эки жакты карап ыйлай берип эзилип кеттик, Баке. Мен ошого чыдай албадым. Бири-бирибизди карап ыйлай бербей, эки бөлөк жашайлычы» дедим…

Бир күнү шаарда Темике концерт берип калды, Бакытка жолуктум. Жалгыз эмес экен. «Баке, мен келинчегим менен жараштым. Бул менин аялым» деди. Сүйүнүп кеттим. Колунан бекем кармап: «Абдан туура кылыпсыңар, Баке, мен ушуну күтпөдүм беле. Сонун болгон турбайбы» дедим.

Бирок баягы көздөгү кусалык өчпөптүр… Дагы деле зыңкыйып эр жеткен балдары келе калчудай күтүп жашап атканы сезилип турду…

Эх, Баке, жубайың экөөңөрдүн башыңа түшкөн мындай оор сыноону эч ким көрбөсүн. Ошонун баарын жүрөгүңдө көтөрүп, музага айлантып, өзүңдү-өзүң алдап, Иманбек менен Исманбегиң дагы деле тирүүдөй сезип, бир күнү жакшы жаңылык уга калчудай жашадың окшойт… Бирок Жараткандын жазмышы ал кыялыңдан ажыратып алып кетти…

Балким бир күнү табылып калаар. Тагдырда эмнелер гана болбойт… Мен дагы деле экөөсүн издеп, күтүп жүрөм…

Кош бол, Баке. Айтаарга сөз да таппай калат экенсиң. Чак туштө түшкөн чагылгандай бул кабар катуу тийди. Уккандан бери жаным жай таппай, ушул постту жазып атам. Кечир…

Жараткандын ырайымы болсун, сага… Билип-билбей кетирген күнөөлөрүңдү Алла Таалам Өзү кечирип, Фирдаус бейишинен жай насип кылсын… Жубайыңа, балдарыңа Кудайым сабыр берсин. Сен жакшы адам элең.

Досум! Эгер ушул постту аягына чейин окуп чыксаңыз бир дуба кылыңыз. Балким Иманбек менен Исманбек табылып калаар…

Баялы САРКУЛОВ

Жаркылдаган элеси, ыры жана мураскери…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.