Бахтияр ШАМАТОВ: «Турмушуң сенин – трагикомедия, кыргызым!»

Бахтияр ШАМАТОВ: «Турмушуң сенин – трагикомедия, кыргызым!»

ТУРМУШУҢ СЕНИН – ТРАГИКОМЕДИЯ, КЫРГЫЗЫМ!

Урматтуу окурмандар, бул окуялар кадыресе күнүмдүк жашоо турмушубузда боло жүргөн, болушу мүмкүн болгон ар кандай жагдайлардан алынган ары күлкүлүү, ары шайыр бир бүркүм аңгемелер, бирок окуган окурманды ойго түртүп, кайдыгер калтырбас деген үмүт бар.

***

Мурда жылкычы, сугатчы, торпокчу сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап келген, азыркы учурда коомдук ишмер Мылжыңбай Калжаңбаев президенттик шайлоого аттанып, Боршайкомго арыз таштады. Аны жогору кызматка көрсөтүү аземи былтыры жылы курулуп, Калжаңбаевдин ысмы ыйгарылган айылдагы ортолук дааратканын жанында өттү.

****

Э. айылында өткөн «Кимдин апетити мыкты?» деп аталган обу жок мелдеш жагымсыз окуя менен аяктады. Мелдештин шарты боюнча катышуучулар бир чака сууга бышкан жумуртканы толугу менен жеп, артынан жарым чака жарма ичиши керек болчу. Гран приге 1980-жылы чыккан «Ауди» автомашинеси сайылган бул мелдештин жүрүшүндө кошуна айылдан келген М. аттуу оюнчунун курсагы тарс жарылып кеткен. Ал эми төрт оюнчу шымын булгап, жергиликтүү экологияга өтө олуттуу зыян келтирген. Мелдештин уюштуруучусу Курсакбай Майжамбашовдун айтымында, кезектеги оюндун баш сыйлыгы бир койду башы шыйрактарын калтырбай толугу менен жеген адамга ыйгарылмакчы. «Мындай мелдешти айымдар арасында жайылтууга да аракеттер көрүлүүдө, — деп белгиледи К. Майжамбашов мырза. – Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабыз, андыктан тең укуктуулук болушу керек».

***

Шайлоолор учурунда 59 жаштагы айыл тургуну Мамыш Табышмаков бир талапкерди, ал эми аялы баш болгон уул-кыздары башка талапкерди колдоп, ынтымактуу чоң бүлө экиге бөлүндү. Үгүт иштеринин жүрүшүндө 9 баласы Мамыш тарапка ооп кеткен жана буга талапкер Ч. Х. тарабынан таратылган кроссовкалар себеп болгон. Бирок аталган бут кийимдин экинчи түгөйүн алар шайлоо аяктагандан кийин гана алышаары белгилүү болгон соң, 9 баласы кайрадан энеси тарапка өтүп кетишкен.

****
Айыл башчысы Маам Таамов мырзанын демилгеси мындан 3 жыл мурун суу талашып төбөлөшө кеткен эки кошуна Былжырбай менен Кылжыңбайдын жарашуу аземи чоң салтанат менен өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө адегенде айыл башчынын сунушу, анан катуу кысымга алуусу менен араздашкан тараптар 3 жыл мурунку салгылашта оң буту сынган Былжырбай менен бир кулагынан айрылган Кылжыңбай ортого акча чыгарып бир кой союп, тынчтык келишимин бекиткенге макул болушту. Жарашуу салтанаты таңга жуук кайрадан эле Былжырбай менен Кылжыңбайдын мушташы менен аяктап, келген катышуучулар «бириң өлүп, бириң кал» деп бата берип тарап кетишти. Жаңы сүйлөшүүлөр качан уланаары азырынча белгисиз.

***
«Х» аттуу чыйкан чарбасынын белдүү механизатору Калыкбай Салыкбаев аттуу жаран кампадан буудай уурдап жаткан жеринен колго түштү. Айтымында бул ишке механизатор арга кеткендиктен улам барган. «Жарымысын айыл өкмөт башчысы К. Т. менен бөлүшмөк элем»,- дейт кылтакка илинген эргул. Аялы Зымырат учурда тууган-уругун чогултуп милийсакананын астына пикетке чыгууга кам көрүүдө. «Эгерде аны бошотпосо, райондун борборундагы автожолду тосууга же чоң каналдын суусун кайра артына бурганга даярбыз», — дейт Зымырат айым биздин кабарчыга берген маалыматында.

****

Биздин кабарчы Ушар айылынын 89 жаштагы тургуну Баркылдак аксакал жана анын өмүрлүк кемпири Таркылдак байбиче менен маек курду. Аксакалдын айтымында анын 17-чи уулу түк ага окшошпойт имиш. «Былжырабаң,- деди маектин жүрүшүндө Таркылдак байбиче.- Командирөпкөгө азыраак чыксаңыз ушуну көрмөк эмессиз». Биз Баркылдак атага ыраазычылык билдирип кайттык.

***
«Ж» айылынынын урматтуу эмес тургуну, арактын ардагери, бир кем 70ке чыккан Жатыпурар Шарапов аксакал аптанын башында айылдаштарына кайрылып: «Мен аракты биротоло таштайм, ишемби күнү кечинде ушуга арналган иш-чарага келип катышып кеткиле»,- деп чакырды.
Катышуучулардын айтымында, зыяпат соңунда кеченин каарманы келгендерге ыраазычылык айтуу максатында кырдуу стаканды колуна кармап элден бата тилеген да тартып жиберип, оңкосунан түшкөн. «Бул абдан күтүүсүз кадам болду,- дейт иш-чаранын катышуучуларынын бири, Жатыпурар аксакалдын кесиптеши Гелдирбай аксакал. – Аракты таштаганы үчүн 200 граммды тартып ийген Жатыкеңдин бул иши чыныгы эрдикке тете иш эмей эмне».

***

Ардактуу пенсионер, экс-раис Тарсаңбайдын үйүндө чоң ызы-чуу чыкты. Аны менен жакын жүргөн кишилердин айтымында, башкарма Бишкекке барып жөн жүрбөй, «ортоң бутунан» учунуп келген имиш. Кемпири Калемкан менен болгон бир нече күндүк оор салгылашуулардын натыйжасында Тарсаңбай башкарма үйүнөн чыга качып, короосунун бурчундагы эски сарайына бекинип, ошол жерден коргонууга өттү. Учурда эски уй сарай курчоодо. Колдоруна «Сакалың өрттөнсүн Тарсаңбай!», «Бетиң менен кара жерге кир!», «Чоң ата, Бишкекке кет!» ж.б.у.с. плакаттарды кармаган кемпири баш болгон балдары, келиндери, неберелери күн сайын пикетке чыгышууда. Сарай тараптан болсо Тарсаңбай башкарманын анда -санда башын чыгарып: «Калемкан, чыксам өлөсүң!» деген билдирүүсүнөн башка активдүү аракеттер азырынча жок. Камоого алынган раистин тамак ашын эски достору көтөрүшүүдө.

***

90 жаштагы Кыйратбек аксакалдын үйүндө чоң салтанат. Алтынчы токолунун туулган кызынын тун небереси Гүляна айым алкынган «Мерседес» машинесин айдап келип жалпы айылдыктарды кубанычка бөлөдү. Гүляна айымдын айтуусунда, ал көп жылдардан бери Бишкектеги «Кузгун» басмаканасынын жанында жайгашкан «Байтал базар» ЖЧКсында жетектөөчү адис кызматын үзүрлүү аркалап келүүдө. «Ишим абдан жоопкерчиликтүү,- дейт кабарчыбызга берген маегинде Гүляна Кыйратбековна. — Кардарларга мыкты тейлөө көрсөтүү биздин башкы милдет!». Не дейбиз, Гүляна айымдай кыздарыбыз көбөйө берсин!

***
Ч. айылынын тургуну Апышбай Маймаков оор жоготууга учурады. Анткени аталган тургун үй-бүлөсү менен үч жыл бою карандай чай менен нан жеп, тапкан акчасын жылкы сатып алууга чогултуп келген экен. Окуя болгон күнү Апышбай мырза базарга барып, жылкы сатып алган, аны жетелеп келатып, эски досу Х. аттуу жаранга жолуккан. Акыркы жолу бул экөөн райцентрдеги чайканага чогуу колтукташып кирип баратышканын көргөндөр бар. Чайкананын мандайындагы жалгыз бакка байланган жылкыны белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Апышбай мырза өтө катуу мас абалында үйүнө түн жарымында жөө жеткен жана жылкысы жок жөө келгенин ага аялы Айымкан таң атканда гана маалымдаган. Кабарлоо учурунда жабырлануучунун аялы жаран Жайылкан Жалпакова «Аттын ордуна өзүң жоголуп кетсең болбойт беле, ыраңы суук!» деген терең насаат сөздү айтуу менен жоондугу 10 сантиметрлик үбөлүктү кокусунан пайдаланып жиберген. Натыйжада башы жарылган Апышбай Маймаков айылдык ооруканага жеткирилген. Кабарчыбыз бул окуяны иликтеп жатат, анын чоо-жайын жакынкы мезгилде маалымдамакчыбыз.

***

Жакын абысындарынын алгылыктуу иш-аракеттеринин натыйжасында Ш. айылынын тургуну, экстрасенс Мислимкандын көзачык эмей эле карапайым кара катын экени айкын болду. Абысындардын улуусу С. айымдын айтуусуна караганда, участкалык инспектор, лейтенант Жоодарбаев экстрасенс Мислимкан менен кылмыштуу чогуу иш алып барышкан. Тагыраак айтканда, Жуударбаев айылды кыдырып, алдын ала чогулткан маалыматтарын көзачыкка жеткирип турган. Алтургай, аны ар кандай ыкмалар менен рекламалоо иштерин да активдүү жүргүзгөн. Мына ушундай жол менен Мислимкан айым бир эле жылдын ичинде 1975-жылы чыгарылган «Ауди» машинелүү жана эки кунажындуу болгон. Лейтенант Жуударбаев болсо экинчи аял алууга камынып жаткандыгы белгилүү болду. «Бизге мыйзамдуу мыйзам керек, — деди кичине абысын Ж. атуу айым.- Мыйзам чегинде мыйзамдуу иш кылбасак, мыйзамдан четтеп, мыйзамыз иштерге барган мыйзамыз адамдар мыйзамсыз көбөйүп жатат».

***

Кабарчыбыз Бишкектин кайсы бир таанымал фирмасында «сутенёр» деп аталган жооптуу кызматты көп жылдардан бери аркалап келаткан айылдашыбыз Сүйдүкан Соктуканова менен маектешип кайткан.

«Жаштар биздин келечегибиз, — дейт Сүйдүкан Бердикановна.- Айылдагы жумушсуздук маселесин оңунан чечүү максатында, айрыкча келечектүү кесип ээлери болууну каалаган кыз-келиндерге биздин фирманын эшиги дайыма ачык. Мен ушул фирманын артынан үйлүү- жайлуу болуп, турмушумду бир топ оңдоп алганга жетиштим, ошондуктан ушул кесипти тандап алганыма эч бир өкүнбөйм. Буюрса, жакында шаар кеңешине депутаттыка ат салышайын деген оюм бар», — деди Сүйдүкан Соктуканова кабарчыбызга. Биз эжебизге чын дилден ийгилик каалап кайттык.

***

Айылда француздук косметика сатуу менен алектенген ишкер Мистекандын үйү тонолду. Белгисиз адамдар анын акыркы партиядагы «оптом» товарын, 12 каскактуу манты казанын жана суусу кайнаганда өзүнөн өзү мурду менен ышкырган чайнегин уурдап кетишкен. Ыкчам иликтөө тобу тарабынан уурулардын изи сууй электе колго алынды. Алар Мистекандын абысындары Күкүш жана Мүкүш аттуу жарандар болуп чыкты.

***

Айыл өкмөтүнүн төрагасы түштөн кийин айылдын борборундагы чайканага атайын жумушчу сапар менен барды. Кыдыруунун натыйжасында бир топ маселелер ордунан чечилип, түнкү саат он экиде төрагага сый тамак берилди. Сый тамактан соң төраганын иш сапары мындан эки жыл мурда кийик атам деп зоодон учуп өлгөн Жаркынбайдын жесири Жанымгүлдүкүнөн уланды. Жолугушуу жабык эшиктер артында өткөндүктөн, короого байкалбастан кирип кетүүгө аракеттенген «Айыл ФМ»дын кабарчысын айыл башчы Карабай менен Жанымгүл айымдын ала дөбөтү кууп чыгышты.

***

Ылдыйкы Кеңештин депутаты Х. Ч. Бнын атасы, 99 жаштагы Д. Ч. Б. аксакал жаш токолдуу болду. Бул маарекеге арналган чоң салтанат айылдык маданият үйүндө болуп өттү. «Айыл ФМ» дын кабарчысына берген маегинде салтанатка замбил арабага чокчойто отургузуп түртүп келишкен Д. Ч.Б. аксакал кубанычын жашыра албай, аны кай жерге алып келишкенин, топурган мобул адамдар кимдер экенин түшүнө да, тааный да албай атканын билдирди. Не дейбиз, болсун, жакшылык деген адамдарды ушинтип толкундантат тура. Жаш жубайларга бакыт каалайбыз.

***

Жылкычы Жыртаңбайдын үйүндө чоң жаңжал от алып, аз жерден кан төгүлүп кете жаздады. Айылдагы узун кулактардын айтуусунда, Жыртаңбай таңга маал жайлоодон кокусунан түшүп келип, аялын белгисиз жаран менен сексуалдык кыймыл-аракеттерди ишке ашырып жаткан жеринен кармап алган. Окуя түнкү саат үч жарым менен төрттүн ортосунда болгон. Ошол маалда аталган жарандын үйүнүн жанынан өз иштери менен өтүп бараткан биздин кабарчыбыз да чырга чала-була күбө болгон.

Жыртаңбай маселени жеринен чечүү максатында оозгу үйгө катып койгон мынтыгын алып чыкканча, аялын азгырган неме терезеден секире качып кеткен. Натыйжада ошол маалда короого баш бага калган биздин кабарчыбызды Жыртаңбай аз жерден атып сала жаздаган. Бирок кабарчылык күбөлүгүн көргөн соң токтогон. «Аялым менен, жадагалса, мындай жосунсуз иш-аракеттерге барганга мен өзүм да даабайм», — деди Жыртаңбай биз менен болгон турсийчен маекте. – Тигини болсо сөссүз табам, менден кутулам дебей эле койсун, анткени техпаспорту менен правасын таштай качыптыр. Таң атышын гана күтүп атам». Окуя эмне менен аяктаарын биздин кабарчылар иликтеп турмакчы.

***

Үстүбүздөгү 20… жылдын 23-февралында К. айылынын тургундары, Манка жана Танка (айрым себептерден улам аттары өзгөртүлдү) деген ылакап атка конгон эки кошуна айымдардын ортосунда чоң чыр-чатак чыгып, ал эки айым жулмалашып, чачташуусу менен аяктагана жана натыйжада экөө тең жабыр тарткан. Ооруканага түшүп, бирок коопсуздук маселесинен улам экөө эки башка палаталарга жаткырылган. Дарыгер Сасыкбек Тумообаевдин айтымында экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Бирок кооптуу жагдай, Танка айымдын май куйругунун бир нече жерине айры сайылган.

Жаңжалдын чоо-жайына келсек, Манка айым Танка айымдан 1978-жылы советтик рубль менен 5 сом карыз алып ошол бойдон бербей койгон. Аталган карыздын үстөк пайызы жылдан жылга өсүп отуруп, инфляция жана баалардын өскөндүгүнөн улам Танка айымдын эсеби боюнча карыздын суммасы ушул 2024-жылга 50 миң кыргыз сомуна жеткен. Карызды бер деп эринин коштоосунда доолап келген Танка айымды Манка айым ажаан кыздарынын колдоосу менен беттерин тытып, айры менен сайгылап, короодон кууп чыккан. Кабарчыбызга берген айры-маекте Манка айым буларды билдирди: «Акмактар десе! Мен буларга көрсөтөм! Мыйзам деген бар! 50 миң эмес, беш корголумду да бербейм керек болсо! Буларда бет деген жок да, менде кампрамат бар, жанагы эр сөрөйү керек болсо Танка төркүнүнө таарынып кеткен маалдарда мага келип жүргөн. Унутуп кеткен бир майкесин билдирбей катып койгом. Бүт даказательства колумда турат, бара турган жерге барам мен!», — деди Манка айым. Окуя эмне менен аяктайт, аны кошумча кабарлайбыз.

***

Х. айлынын тургуну, учурда Бишкек шаарында эстрада ырчысы болуп иштеп аткан жердешибиз Бурдукан Урдуканова күйөөгө чыккандыгына байланыштуу жылдыздуу курбу-курдаштарын «Шоркелдей ата» ресторанына чогултуп, тар чөйрөдө, же орустар айткандай, узкий кругда чакан үлпөт той өткөрдү. Тойдо ыр да, ый да мол болду. Эстрада жылдызынын арзып тапкан 16-чы күйөөсү Шамалбек аттуу 17 жаштагы жигердүү бизнесмен (Ош базарда самопал арак сатат имиш) болуп чыкты. Жылдыздуу жубайынан 29 жашка кичүү экенине карабастан, Шамалбек мырза махабат отуна катуу чалдыкканын айтып, кубанып турган чагы. Анын айтымында Бурдукан айымды кезинде чоң атасы, таятасы анан өз атасы да сүйүшкөн экен. Баса, келген конокторго Шамалбектин жакында эле тартылып бүткөн «Качам сенден» аттуу клиби да тартууланды.

***

У. айылындагы Безеркул уулу Сезеркул аттуу 25 жаштагы жаран кошунасы М. аттуу жарандын тоокканасынан 2 тоогун уурдагандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке конфискацияланды. «Ар бир кылмыш жасаган жаран мына ушундай адилеттүү жазага тартылат», — деп билдирди бизге райондук соттун өкүлү Сотобек Бетикалыңов мырза. «Жашасын биздин адилеттүү сот, күнөөлүүлөр адилет жазадан кутулбайт!»- деген пикирин билдирди сотко күбө катары катышкан, былтыры 1 миллион сом кредит уурдап, бирок эл ичинде ээн-эркин жашап келаткан айыл тургуну Жолуболдуев Колутуткак.

***

Эски уй ферма башчысы, учурда айылдын ардактуу эмес тургуну, коомдук ишмер Туткунбай Турбасовдун менчик короосунда «Диндер ыркырагы» аттуу диний борбор ачылды. Анын бир комнатасын мындан он жыл мурун баптист болуп кеткен улуу баласы Бакыбай ээледи, кийинки бөлмөлөрүн Иегованын сөзүн сүйлөгөн Ишенбеги, ахмадий болуп кеткен уулу Акматбек, католик динин карманган кызы Кайрыкан ээлешти. Борбордун максаты – жаштарды динге туура тарбиялоо.

***

Айыл тургуну Балтабай Чөкүчбаев «Балтабайкорперейшн МыМыМы» деген ишкана ачып, элге кызмат кыла баштады. Максаты – 10 сом берген адамдын акчасын 100 сом кылып көбөйтүп берүү. Эки айдан кийин Балтабайды «Биринин шапкесин бирине кийгизүү» деп аталган рейддин алкагында милиция кармап кеткен эле. Актыгы далилденип, кайра бошотулган. Учурда ал «100 сом берген адам 1000 сом табат!» деген жаңы долбоорго ийгиликтүү киришип жаткан чагы.

***

Мектепти 6-класстан кийин таштап кетип, учурда чоң бизнесменге айланган Балтакбай уулу  Шалтакбай «Бешке окуган итке минди, экиге окуган «Жипке» минди» деген даректүү китебин жарыкка чыгарды. Китепте автордун өмүр таржымалы кенен чагылдырылган. Айрыкча Бишкек шаарындагы Ош базарынын дааратканасында улук кароолчу болуп иштеген, андан кийинчерек жасалма арак саткан жылдары окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

***

Кесиптешибиз Сүрдүбек Урдурганов «Эмгек сиңирген ушакчы» деген бийик наамга татыктуу болду. Буга чейин анын «Баланча минтиптир», «Түкүнчө тигинтиптир», «Катын ушактын мааниси жана коомдогу орду» деп аталган китептери басмаканадан жарык көргөн. Жакында «Деп атышат» аттуу чуулгандуу дагы бир китеби жарыкка чыкканы турат. Өмүр бою көчөдөгү катын ушактардын негизинде аналитикалык мыкты макалаларды жазып келаткан Сүрдүбек агабыздын жогорку сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылык иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз!

***

Ю. айылынын тургуну, жанына 9 телефон алып жүргөн Майдагүл Былжыракова райондун Гинесс китебине кирди. Ал бир эле маалда тогуз киши менен сүйлөшүүгө үлгүрө тургандыгы аныкталган. Мындан тышкары ал воцап, телеграм, инстаграм, фейсбук, агент, одноклассник, твиттерден да  жазышып турууга үлгүрүүдө.

***

Июлдун 4 -нөн 5-ине оогон түнү Дыйкан базарда жашылча саткан Фейсбуктагы коомдук ишмер Итибай уулу Чытыбайдын короосуна белгисиз бирөөлөр кирип, аялынын кермекте жайылып турган үч жуп дамбалын, төрт тоогун уурдап, короо кайтарган кандек итин сабап кетишкен. Чытыбай мырза муну өзүнүн соцтармактагы саясий ишмердүүлүгү менен байланыштыраарын билдирди. «Мага карата жасалган мындай жүзү каралыкты менин саясий оппоненттерим тарабынан гана жасалган коркутуу деп эсептейм. Ошондой эле мен эч кимден коркпой турганымды жана коомдук ишмердүүлүгүмдү кадимкидей уланта бере турганымды билдирем», — деди ал биздин кабарчыга берген маегинде.

****

Көп жылдардан бери жооптуу кызматтарды аркалап келген Муштумбек Сокконов Ылдыйкы Кеңешке депутат болгондон кийин диплому жасалма экени аныкталды. Алынган маалыматтарга караганда, анын диплому баланчанчы жылы, түкүнчөнчү числодо Бишкектеги филармониянын маңдайындагы жер төлөдө жасалгандыгы такталды.

****

Жооптуу кызматтарды аркалаган коомдук ишмер Жулгучбай Жегичов «Жылдын мыкты коррупционери» наамына татыктуу болду. Мындай ардактуу пас наамга ал өзүнүн тубаса мыкты жөндөмү менен жеткен. Тагыраак айтканда, бир жылдын ичинде эле 8 тендерден 80 миллион сомду сугунган. Аны бул наамы менен куттуктоо аземи райондун борборундагы  «Үп төр» ресторанында өтмөкчү.

****

Ч. айыл аймагынын башчысынын орун басары Ушаккан Имишова коррупция беренеси менен айыпталып, убактылуу кармоочу салкын жайга киргизилди. Ачыкталган маалыматтарга ылайык, аталган жаран айылдагы бекерпоз айымдардан туруктуу кылмыш топ түзүп, айыл аймагынын жетекчилери, башкы адистери туурасында чындыкка дал келбеген ушак-айыңдарды таратуу менен алардан акча опузалап алып келген.

****

М. шаарынын тургуну, бир жомок китептин автору Ойлонбек Кыялкечов «эл жазуучусу», ал эми той-аштарда ырдап жүргөн жамакчы ырчы Үзүкбаев Жамакпай «композитор» деген ардактуу наамга ээ болду.

****

Болгону 5-6 класстык билими бар, Дордой базарында шым, кийинчерек Ош базарында май сатып байыган Жуталы Митикеев Ылдыйкы Кеңешке депутат болуп шайланды. Жакында ал бир жождун студенттери менен жолугушуу учурунда өзүнүн адабият, маданият боюнча өтө тереңдеп кеткен билимин көрсөтүп, студенттердин оозун ошко каратты. Депутат мырзанын айтымында анын жакшы көргөн чыгармасы Ч. Айтматовдун «Көк алма», «Данияр» чыгармалары имиш. Ошондой жазуучу Т. Касымбековдун «Сынык кылычын», К. Баялиновдун «Астра гүлү» романын, А. Токомбаевдин «Каныбек» романын жана апта сайын чыккан «Sexсенбай Пайшамба» гезитин кайра-кайра тамшанып окуганын белгиледи. «Ал эми дүйнөлүк музыкадан Толстой, Достоевский, Король Лир, Элтон Джон сыяктуу атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен жакындан таанышмын», — деди депутат мырза. Иш-чара соңунда окуу жайынын ректору Баланча Түкүнчөев депутатка ыраазычылык билдирип, кызуу кол чабуулардын астында ага «университеттин ардактуу профессору» деген ардактуу наам ыйгарылганын жарыялады.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.