Султан РАЕВ: «Нукем жазуучуларга каражат бөлүү маселесин чечем деп канча бут кийимин жыртты»

Султан РАЕВ: «Нукем жазуучуларга каражат бөлүү маселесин чечем деп канча бут кийимин жыртты»

17-төрага тууралуу…

Ушул аптанын башында (22-апрелде), Улуттук илимдер академиясында Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайы болуп, жазуучулар союзунун мүчөлөрү жаңы жетекчи шайлашты. Төрагалыкка төрт талапкер: Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Жедигер Саалаев, Каныбек Иманалиев ат салышты. Жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев 18-төрага болуп шайланды.

Аталган союзду беш жыл жетектеген мыкты акын, көп деген эл аралык сыйлыктын ээси Нурлан Калыбеков мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматын өткөрүп берди. Ал беш жылда союзга опол тоодой иштерди жасап, кийинки жетекчилерге жана жаштарга үлгү болду.

Санап берейин десем, менден мурун Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы, Кыргыз эл жазуучу, драматург Султан РАЕВ агабыз социалдык тармакка алда качан эле жазып салыптыр. Ал төмөндө.

Султан РАЕВ: «Нурлан Калыбеков маяна албаса да, маяна алгандан үч эсе иштеди»

Нурлан Калыбеков. Нурлан жөнүндө бир эки сөз. Ал төрагалыкты тапшырып берди. Талашсыз, Нукем жакшы иштеди, болгондо да эң кыйын, оор, татаал мезгилде. Союздун ишин жандантты, аморфтуу уюмду кыймылга салды. Бу кызматта өзү үчүн комфорттуу издебеди, бирок, алтындай саптарды жаза турган алтындай убактысын, мезгилин, ден соолугун конушту реанимациялоого арнады. Ал чындык. Эң башкысы, жаштарды сүрөдү, жаш чыгармачыл күчтөргө мотивация берди. Тукулжураган заманда рух билигин күйгүздү. Адабияттын чыныгы майдангери болду. Эч ким басып келбеген Жазуучулар Союзу жанданды. Төрагалык кызмат коомдук, маяна албаса да маяна алгандан үч эсе иштеди. Конуштун эл аралык кадыр-баркын көтөрдү. Адабий байланыштар чыйралды. Нукем Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин вице-президенти болду. Бир кезде Айтматов баштаган конушка бир аз болсо да нур түштү, жарык жанды. Мен өзү жазуучулар союзуна барган адам эмесмин, бирок сырттан дайыма колдоп келем. Азыркы жазуучулар союзунун имаратын да маданият министр болуп турганда чечим менен бердиргемин. Бул имарат агезде маданият министрлигине карай турган. Азыркы бийлик адабиятка, маданиятка жүз бурду. Жазуучулардын конушу оңдоп-түзөлүп жатканын эл катары социалдык түйүндөрдөн окуп жатабыз. Бул иште да Нукемин эмгеги зор деп билем.

Жазуучулар союзуна каражат бөлүнө баштады. Нурлан бу маселени чечем деп канча бут кийимин жыртты. Бюрократиядан бир майнап чыгаруу да азап иш. Эмне дейбиз? Жайдары сөз менен айтканда, Нурлан жакшы иштеди, жакшы из калтырды. Нукеме ак жол, жаңы келгендерге оомат!

Кырктан ашык китептин чыгып жатканы — Нурландын эмгеги…

Жогоруда Султан агабыз айткандай, Нурлан акын-жазуучу, котормочулардын китебин чыгаруу үчүн ар кимдин эшигин канча жыл каккылап, канча деген бут кийим жыртып, акыры Маданият министрлигинен былтыр каражат бөлдүргөнү факт. Аны Нурлан Калыбековдун мааракелик кечесинде жазуучулар союзу менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу айтып, мамлекет тарабынан маданият тармагына бөлүнгөн каражаттан Кыргыз Улуттук жазуучулар союзуна 15 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген. Дал ушул каражатка акын-жазуучу, котормочулардын китептери жарык көрүп жатат жана жарык көрүү алдында турат. Алардын арасында журналист, акын, котормочу жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) которуп кеткен Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы да бар. Акын, журналист Бурулкан Сарыгуловага берген маегинде: «Мисалы, Эрнис АСЕК уулу маркум болуп кетти, Булгаковдун “Мастер и Маргаритасын” мыкты которгон. Эмне үчүн аны мамлекет долбоордун негизинде чыгарса болбойт?» деген. Буга чейин деле ал: «Мамлекет жазуучулар союзуна каражат бөлсө эле Эрнистин мыкты котормосун чыгарабыз» деп айтып келген. Жигиттик сөзүнө туруп, чыгартып берүүдө… Жакында… Жолдошумдун которгон бул татаал романы кандай гана азап менен чыгып жатканын ошондо кенен жазам. Азырынча айтаарым, Нурландын күчү менен кырктан ашуун китеп чыгып жана чыгуу алдында турат. Нурлан, ушундай бир мыкты иштериң менен акын-жазуучу, котормочулардын эсинде мыкты жетекчи катары калдың! Эми ден соолугуңду чыңдап, өзүңдүн чыгармачылыгың менен алектен жана алдыдагы пландарыңды ишке ашыр!

Жазуучулар союзу качан түптөлгөн?

КРнын Улуттук жазуучулар союзу — Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму. 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган. Буга ВКП(б) БКнын 1932-жылы «Адабий көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү» токтому себеп болгон.

Көркөмдүк деңгээли жогору, элдик философияга ишенимдүү негизделген, нускалык идеяларды камтыган, чыныгы тарыхый жана нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүү, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу, башка адабияттын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүү ж. б. Жогорку башкаруу органы — съезд. Анда башкарма шайланат. Ал төраганы, секретариатты шайлайт, пленумду, съездди чакыра алат. Союздун 1-съезди 1934-жылы, 13-съезди 2004-жылы өткөн.

Союзда поэзия, проза, драматургия, сын жана адабият таануу, балдар адабияты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын ж. б. секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарында бөлүмдөр иштейт. СССР адабий фондусунун кыргыз бөлүмү, көркөм адабиятты жайылтуу бюросу, «Арашан» чыгармачыл үйү союзга караштуу болгон. Убагында “Ала-Тоо”, “Литературный Киргизстан” адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдары, “Кыргызстан маданияты” гезити чыгып турган. Учурда «Жаңы Ала-Тоо» журналы чыгат.

Карагылачы: кандай гана акын-жазуучулар жетектеген!

  1. А.Токомбаев (1934—37-ж.ж.);
  2. Т.Үмөталиев (1937—40-ж.ж);
  3. А.Токомбаев менен К.Баялинов (1944—54-жылга чейин алмак-салмак жетектеп турган);
  4. А.Салиев (1954—1960-ж.ж.);
  5. Т.Абдумомунов (1969—1971-ж.ж.);
  6. Т.Аскаров (1971—1986-ж.ж.),
  7. Ч.Айтматов (1986—1991);
  8. А.Жакшылыков (1991—1995-ж.ж.);
  9. Ж.Мавлянов (1995—1996-ж.ж.);
  10. Н.Алымбеков (1996—2004-ж.ж.);
  11. Ж.Садыков (2004—2006-ж.ж.);
  12. А.Өмүрканов (2006—2007-ж.ж.);
  13. О.Султанов (2007—2009);
  14. А.Алымбаев (Баяс Турал) (2009—2011-ж.ж.);
  15. Ч.Абыкеев (2011-2014-ж.ж.).
  16. А.Рыскулов (2014-2019-ж.ж)
  17. Н.Калыбеков (2019-2024-ж.ж)
  18. К.Иманалиев (2024-жылдын 22-мартынан тарта)

Жогорудагы тарыхый инсандардын кимиси кандай иштеп, кандай жетекчи болгону боюнча айтылып, жазылып эле келе жатат. Артында сөз калбаш үчүн таза, ак, так, кошоматчылыктан алыс, ар бир ишке калыс иштеши керек!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.