Эскерүүгө келиңиздер!
Белгилүү журналист, акын, публицист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ (1959-2016) бүгүн, 15-майда, саат 13:00дө, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада эскерилет.
Маркумду эскерели деп демилге көтөрүп, баннер, буклет-чакыруу жасатып, чуркап, эскерүүнү уюштуруп, тынбай эскерүү жазып, ыр жыйнагын чыгаралы деп чырылдап келаткан Жолдошбек байкенин группалашы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кут билим» гезитинин баяндамачысы — Кабыл Макешов.
Агабыз алтындай болгон убактысын бөлүп, ат жалында маек куруп берди.
Кабыл МАКЕШОВ: «Ырларын окугандан кийин, мен ыр жазбай калгам…»
— Кабыл байке, эскерүүнү өткөрүү каражатка барып такалат эмеспи. Бул жагынан кандай кыйынчылыктар жаралды? Ыр китеби чыктыбы?
— «Алыкулдун Акбоз Ат» фестивалынын лауреаты, кыргыз элинин таланттуу акыны, белгилүү журналист, чыгаан публицист, мыкты жазуучу, СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Жолдошбек Зарлыкбековдун көзү тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак. «Жылдыгы да, ашы да өткөн жок. Китеби да чыккан жок. Мааракесине карата чакан чөйрөдө эскерип коёлу» деп группалаштарга айтсам, колдошту. Группалаштардын колдоосу менен өткөнү турат. Доцент, адабият сынчысы Аскар Медетов Жолдошбек Зарлыкбековдун чыгармачылыгы боюнча баяндама жасаса, дагы бир адабият сынчысы, журналист Болот Таштаналиев доклад жасайт. Кыргыз эл артисти Амантай Кутманалиев төгүп берет. Ырлары көркөм окулат.
Апасы, жубайы Асия Калыкеева, чет мамлекеттеги бир тууган карындашы Алтынай Асанова келет. Эскерүү боюнча карындашына кайрылганымда, «байкемдин ашын өткөрөйүнбү же китебин чыгарайынбы?» дегенде, «Эми ашын туугандар арасында өткөрүп коёрсуңар. Китебин чыгарсаңар жакшы болмок» десем, макул болгон. Тилекке каршы, чыкпай калды. Жубайы «өзүм чыгарам» деп коюптур. Жеңебиздин айтымында, колунда терилген том-том ырлары, чыгармалары бар. Чыгарып калаар…
— Канча бир тууганы бар?
— Мен билгенден көп бир тууган болчу. Бычакка сап болчу Канат деген иниси, эжелери каза болуп калыптыр.
— Акыркы жолу кайсы жерден көрдүңүз эле? Эмнелерди айтты эле?
— Акыркы жолу гезит базарынан көрдүм эле, гезит алганы ошол жакка көп келчү. Мен буга чейин эскерүүлөрүмдө деле жазгам, балалуу болгонун… «Токол алдым, уулдуу болдум» деген. Ошо бойдон көрүшкөн жокпуз. Эми бул чынбы же калппы, биле албай калдым. Себеби, Жолдошбек өтө тамашөкөй адам болчу. А чынын айтканда, бала жытына зар болуп өттү да. Аны баарыбыз жакшы билебиз. Ал арманын ичине алып кетти.
— Адам кайгырганда же кубанганда ыр жазат эмеспи. Чогуу окуп жүргөндө группалаштарга ырларынан окуп берчү беле?
— Жолдошбек экөөбүз жаш кезде, Кыргыз улуттук университеттин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө, бир группада беш жыл окудук. (Күлүп) Атүгүл «Алтын бешик» аталган жатаканада, бир бөлмөдө чогуу жашап калганбыз. Анын түркүн кылык-жоруктарын, дүйнөлүк классик акын-жазуучуларды казып окуганын, сулуу кыздарды сүйүп калып, күйүп жазган ырларын, жакшы китеп көрсө кыя өтпөй «кымырып» алганын жакшы билип калдым. Дүйнөлүк адабиятты окугандан кийин өзүндөй деңгээлдеги кыздарды издеп, бирөөсүнө кезикти, эми атын атабай эле коёюн. Шаардык кызга сүйүүсүн арнаганда, ал: «кана, сүйүүңдү далилдеп берчи» деген экен экөө 5-кабатта турганда. Колундагы саатын чечип, жерге ыргытып жиберсе, «жинди турбайсыңбы» деп тиги кыз кетип калыптыр. Эртеси чуркап түшүп, баягы саатын караса, айнеги гана сынып калганын, чөптүн арасында чыкылдап иштеп жатканын, кубанып алып алганын айтып берди эле. Ар кандай темадагы бир топ ырларын окуп берчү. Анын ырларын окугандан кийин, «кой, мен жамакчы акын болбой эле коёюн» деп уялып, мен ыр жазганды токтотуп койгом. Болбосо мен да ыр жазчумун.
— Кемчилиги бар беле?
— Кемчилиги десем деле туура болот го дейм, кийим алган жок, бардык акчасына китеп эле ала берчү. Ушунчалык китепке жакын болчу, китепканадан башы чыкчу эмес. Ошондон улам сабакка да көп келчү эмес. Сабакка катышса деле кыялга батып, ыр жазып, өз дүйнөсү менен алектенип отура берчү. Ленин атындагы китепканага көп барды, ошол жерден китеп уурдап, аз жерден окуудан да чыгып кала жаздаган. Дене тарбия, немис тили сабагын жаман көрчү. Мен англис тили, ал немис тили тобунда окуду. «Айн, свайн, немис тилинин энесин урайын» деп койгон экен, анысы Абилова Калыйкан эжеге жакпай калып, зачет койбой, кууп чыккан экен. Андагы деканыбыз Сансызбай Иманалиев агай: «Айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп эле немис тилинен сабак берип, студенттерди окутуп жатпайсыңбы, а Жолдошбек Зарлыкбеков болсо Германияга барып, аскердик кызматын өтөп келген. Билгенинен «айн, свайн..» деп жатат да, зачет коюп берип кой эми, стипендиядан да куру калбасын» деп зачёт койдуруп, стипендияга илдирип бергенин бизге айтып берген эле, факультетке да жайып жиберген жайы бар. Ушундай ачык-айрым жигит болчу.
Негизи Жолдошбек менен мен Таласка тамекиге, айыл чарба жумушуна барганда таанышкам. Армияга барып келип, заводдо иштеп келип, анан студент болуптур. Ага чейин колхоздо чабан, райондук ооруканада «Тез жардамда» айдоочу, борбордогу Фрунзе заводунда жумушчу болуп эмгектениптир. Тамеки үзүп жүргөндө, завхоз болуп да калды. (Күлүп) Көп тепкичтен өткөндүктөнбү, айтор, бизге бир аз бой көтөрчү.
Көп гезиттерде иштеди. «Асаба» гезитинин негиздөөчүсү Мелис Эшимканов Жолдошбектин чыгармачылыгын жогору баалачу. Эми убагында Мелис деле «китебиңди чыгарып берейин» десе керек, ушу өзү болбой койгонбу деп ойлойм да. Себеби, мен деле чыгаралы деп канча айттым, «ырларым чийки, быша элек» деп койчу. Ырларына, өзүнө талапты жогору койчу.
Комуз кыңылдатып, ырдап калчу. Жакшы ырдачу. Бильярд ойночу. Автобустарда наристенин бут кийими же байпагы түшүп калса, «мен дагы балалуу болоюн» деп тилек менен чогулта берип, анысы 4-5 баштык болуп кетиптир.
Байлык күткөн жок. Бирок, убагында бизнес кылам деп «карышкыр бизнесмендердей» аракет кылды, бирок, ага жан-дүйнөсү төп келген жок. Кенебеген, шайыр жигит эле. «Турар» басмасынын директору, ыраматылык Тилек досубуз чыгармачылыгын баалап, демөөрчү болом десе, кенебей же оорунун айынан чыгынып барбай койбодубу. Кантели, термелеп жазгандары, эки килейген китеби жарык көрбөй жетимсиреп артында калды. Далай ырлары жоголуп, ар кайсы редакцияда калып кеткендир… «Жоголгон бычактын сабы алтын» дегендей, кээ бир табылбай калган чыгармаларына ичим ачышып, кейип кетем. Жолдошбек журналистиканын дыйканы, акындардын төрөсү эле. Көзү тирүүсүндө барктап-баалай албадык, чынында. Мыкты эскерүүлөр али алдыда. Бул эскерүү башаты деп туралы!
Маектешкен Назира СААЛИЕВА