Эрнис АСЕК уулу: «Жокем сыр билгизбеген, кыр көрсөткөн акын эле»

Эрнис АСЕК уулу: «Жокем сыр билгизбеген, кыр көрсөткөн акын эле»

Акындын апасы келатат…

«Ленинчил жаш», «Асаба», “Кыргызстан маданияты”, «Бишкек таймс», “Агым”, «Де-факто», «Баягы Асаба», «Аалам» гезиттеринде үзүрлүү эмгектенген белгилүү журналист, акын, публицист, Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Алыкулдун Акбоз Ат» фестивалынын лауреаты Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ (1959-2016) агабыз бүгүн (15-майда, саат 13:00дө, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада) эскерилет. Маркумду эскерели деп демилге көтөрүп, баннер, буклет-чакыруу жасатып, чуркап, эскерүүнү уюштуруп жаткан Жолдошбек байкенин группалашы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер — Кабыл Макешов. Агабыздын айтымында, эскерүүгө апасы, карындашы, жубайы, группалаш, курсташтары катышат. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго, Жазуучулар союзунун жетекчиси Каныбек Иманалиевге жана чогуу иштеген кесиптештерине чейин чакыруу берилген. Алардын кимиси келер-келбеси азырынча белгисиз.

Акыркы элес

Агабыз узакка созулган ооруудан улам 2016-жылы 10-майда көз жумган. Бир кезде «Асаба», «Агым» гезиттеринде чогуу иштеген, котормочу, акын, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) каза болгонун укканда аябай жаман абалда болуп, жоктоо ырын жазган. Агабыздын ырларын өзү негиздеген «Баягы Асаба» гезитине жарыялаган. Агабыз акыркы өмүрүндө дал ушул биздин гезитте иштеген. Редакцияга таяк таянып, бүкүрөйүп, араң басып келип жүргөн элеси эсте калды…

Белгилүү сатирик, карикатурист, «Асабада» таанышып, өмүрүнүн акырына чейин дос болгон Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке) менен Эрнисти көргөндө кубанып кетчү. Себеби үчөө шахмат ойношчу, дүйнөлүк адабиятты моокумдары канганча сүйлөшүшчү, «Асабадагы» бактылуу күндөрүн, айтылуу Мелис Эшимканов (1962-2011) агабызды эскеришчү…

«ЖК депутаты, Мелистин шакирти Каныбек Иманалиев Төлөгөн Карыкеев экөөбүзгө айтат. «Мен Мелис байкенин атын Октябрь районунун чоң көчөсүнө койдуруу маселесин көтөрөйүн, сиздер колдоп жазып бериңиздер» дейт. Колдойбуз. Эл да колдойт»,- деп айткан сөзүн Мекемди эстеп жазганда коштум эле. Бул маселе эмне болуп жатат, Эрнис? Каныбекке жолуктуңбу?»-деди эле. Жолдошум жылмайып гана койду эле.

Акыркы күндөрү Жолдошбек байке катуу ооруп жүргөнүн айтканда: «Оорубачы, Жоке! Жазчы, Жоке! Казчы, Жоке, ушуга да жигиттер кейийби? Баягыдай болчу, Жоке!» деп жолдошум күч-дух берип, курч, мурч макала жаздырып жүрдү… Анан агабыздын ырларын сурап, «Эмне үчүн табит сөздөр өлүп тынат? Эмне үчүн карегинде мелт-калт кайгы?» деген аталыш менен баш сөз жазып гезитибизге жарыялаган. Аны окуган агабыз аябай кубанды эле…

Аттиң, арман, анда экөө тең бар эле…

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Эрнис АСЕК уулу: «Жокемдей эч ким жалгыз болгон эмес»

Жолдошбек Зарлыкбеков – акындар дүйнөсүндө күйгөн от, жакындар  дүйнөсүндө жалын от, түшүнбөгөндөр арасында «жалп» эткен чок, түпөйүлдөр арасында «калп» эткен пок… Күйүп кетем, түтөп кетем…

Куркулдайдын уясындай болгон бөлмөсүндө дүйнөлүк акындар кыпкыргызча ыр окуп жатканын көрүп, ичимен «Жаша! Жаша!» деп жибергеним күнү бүгүнкүдөй.

Байкем Мелис Эшимканов Жокемди башкача жакшы көрчү. «Зарлыкбековго зарлагандар бар, анан Зарлыкбеков өзү зарлаткандар бар» деп койчу. «Койчу, Жоке!» деген сөзүндө эле улуу сый жатчу.

Жокемди баары тамашалашат. Күлүшөт. Бирок кылы кыйшайбайт. Жаш кезиндегидей сымбатынан жазбайт. Акыркы күндөрү ооруп жүрсө да, «акыркы ырым» деген акындардан эмес. Улуу Ырыскыга жакындардан. Алик Акималиев тамашалагандай ай жаак акын Жолдошбек эл күтпөгөндөй акын. Жатык тили, катык тили, актык тили, жароокер дили, жалгыздык дили, жашынмак дили бар акын. Кочкор районунан көп эле акындар чыкты эле. Бирок, «Жокемдей жок!» деп так кесе айталам. Бир жолу үйүнө барып калып, кетеримде Рилькенин китебин берди. Ага чейин эле жалгыздыктын паашасы болгон австриялык акынды өзүм баалап жүргөм, анан кайран Жокем, «айран» Жокем, мен акындыгын туудай көтөргөн Жокем берип жатса, кантип ал китепти албайын… Рильке… Укмуш акын да. Жалгыздыктын жаңырыгы да. Немисче нес кылган акын.

А Жокемдей эч ким жалгыз болгон эмес. Сыр билгизбейт, кайра кыр көрсөтөт. Оорубачы, Жоке! Жазчы, Жоке! Казчы, Жоке, ушуга да жигиттер кейийби?

Кочкордон чыккан байлар көп. Оголе көп. Кочкорлуктардын намысы күчтүү деп укчу элем. Ушунча болуп Сиздин бир китебиңиз чыкпаптыр. Умсунган менен умтулбаган акындар ушундай болот турбайбы! Жакын арада китебиңизди окуп каларыбыз бардыр.

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба» (2014-жыл, 18-сентябрь)

P.S. Алдыда «Кут билим» гезитинин баяндамачысы Кабыл Макешов менен ушул гезиттин башкы редактору, акын Майрамбек Токторовдун эскерүүсү бар.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.