Асан ЖАКШЫЛЫКОВ: «Башкаларды да баалаганды үйрөнсөк жакшы болот эле»
Кийинки кездерде өзүн Асан Шаттык, Асан Жакшылык Нур деп таанытып келаткан Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков агабыз ушул жылы 6-октябрда 75 жашка толот. 1949-жылы Нарын районундагы Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген агабыздын мааракелүү жашын утурлай учурда ар кыл иш-чаралар өтүүдө… Жакында эле (13-июнда) А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын Малахит залында өткөн «Кыргыз поэзиясы жана ыр романстар антологиясы» аттуу музыкалуу-поэтикалык кечесине биз дагы күбө болгонбуз… Ошол жерден «Улуу Тоолор» басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров акын, жазуучу, драматург, котормочу, коомдук ишмер Асан аганын ар жанрдагы чыгармачылыгы 20 томдук болуп басмаканада басылып жатканын билдирген болчу…
«Тарыхта аты калып, өз убагында бааланган залкарлар: Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкыев, Сүймөнкул Чокморов. Башкаларды да баалаганды үйрөнсөк жакшы болот эле» деп Асан агабыз кайсы бир маегинде жакшы айткандай, агабыздын көп жанрлуу чыгармачылыгы менен жогорудагы 20 томдуктан дагы терең, кенен таанышканга чейин эле улуттук адабиятыбыздын «дагы бир баба дыйканы» Асан Жакшылыков кандай эмгек, кандай мээнет кылганын боолгоп түшүнсөк болот… Ар өңүттөн өзүнчө алып сөз кылсак да аздык кылат… Ага тишибиз да өтпөйт. Андыктан бул жагын адискөй талдоочуларга эле берели дедик.
Сөзүбүз куру болбосун үчүн, стили, жазуу манерасы өзгөчө дагы бир жазуучубуз, филология илимдеринин доктору, профессор, Бейшебай Усубалиевдин бүгүн (30-июнда) редакциябызга келип түшкөн публицистикалык ой толгоосун сунуштап отурабыз. «Талдоого ɵтɵрдɵн мурда атайы эскерте кетчү бир жагдай: мен аңгемелерге адабий жана лингвопоэтикалык илик жүргүзɵ албаймын, бул — атайын даярдыкты талап кылчу ɵзүнчɵ бир иш; аңгемелерди окуп чыккандан кийин кандай ойлорго кабылдым, мени эмнелер ой-санаага чɵгɵрдү жана чɵгɵртүп жатат — мына ушулар тууралуу гана ой бɵлүшкүм келди» деп жазыптыр Бейшебай агабыз…
Айтмакчы, бул талдоону акын кызыбыз Нуриза Өмүрбаева жөнөткөн экен, урматтуу окурмандар, биргеликте чабыт жасап окуп чыгалы…
Назира СААЛИЕВА
“ЭЛЕТТИК АҢГЕМЕЛЕРДЕН” ЭЛЕНГЕН ОЙЛОР, ЖЕ ЖАЛГЫЗДЫККА КЕТЧҮ ЖОЛ
(публицистикалык ой толгоо)
— Что поделываете, полковник?
— Да вот сижу,-отвечал он, — жду когда понесут мимо гроб с моим телом.
(Г.Г.Маркес)
— 1 —
Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун аңгемелери салттуу аңгемелерге окшошпогондуктан, мен психологдорго кайрылууга мажбур болдум. Атактуу психолог З.Фрейд өз мезгилинде Достоевскийдин чыгармачылык ишмердүүлүгүн атайын иликке алып, жазуучуга мүнөздүү төрт сапатты, б.а, художниктик-сүрөткерлик кудуретти, моралист, талмалык, кылмышкерлик белгилерди көрсɵтүп келип, сүрөткерлик дарамети боюнча Шекспирдин катарында турарын, анын “Бир тууган Карамазовдор” романы дүйнөдɵгү теңдешсиз чыгарма экендигин суктануу менен белгилеп өткөн. Андан ары бул алп жазуучунун эстетикалык дөɵлөтүн ачып берүүгө, чама-чаркы жете бербестигин мойнуна алып, калган сапаттарын айкындап берүүгө өтөт. Булардын ичинен мени кызыктырганы — Достоевскийдин кылмышкерлик табият-маңызы. Анткени жетесинен ары боорукер, жанда жок күйүмдүү (муну Фрейддин өзү да белгилеп көрсөтөт) сүрөткерде кылмышкерлик да бугуп жатат дешке кантип ооз барат? Ошентсе да Фрейд сүрөткердин кылмышкерлик табияты анын жазуу үчүн тандап алган фактылык материалдарынан айкын көрүнүп турат дейт. Чындыгында эле, башкаларын тим эле коёлу, жазуучуну кɵкɵлɵтүп жүргөн “Кылмыш жана жаза”, “Бир тууган Карамазовдор” романындагы материалдарга назар салып көрөлүчү: өзгөчө өлүм, өзгɵчɵ, тири шумдук өлтүрүүлөр. Андыктан психологдун пикирине кошулбай коюуга эч кандай айлам калган жок.
Эмне экенин билбеймин, А. Жакшылыковдун аңгемелери менин назарымды негедир ушул жаатта эле буруп туруп алды. Анда жазуучунун фактылык материалдарына кɵз жүгүртүп кɵрɵлүчү. Аталышы эле айкындап тургандыктан (“Элет аңгемелери”), элет материалдарын чагылдырганы ɵзүнɵн ɵзү эле белгилүү болуп турбайбы дегендер четтен чыгары белгилүү. Бирок ушул элет материалдарынын ɵзɵгүн эмне түзɵт деген олуттуу суроо да туулуп отурбайбы! Менимче, өзөктү кандайдыр бир кусалык, бушаймандык, анан да аруулук менен күйүт түзүп тургансыйт. Бул белгилер кыргыздын кыргыздык касиет-сапаты, нурку менен нарк-насили, кулк-мүнөзү, каада-салты менен чырмалыша байланышына келет да, биз бул дүйнɵгɵ, жарыкчылыкка кыргыздыгыбыз үчүн гана кызыкпыз, кыргыздыгыбыз менен гана керекпиз, андыктан кыргыздык насилибизди дүйнɵ жүзүнɵ ачып берүүгɵ милдеткербиз деген улуу да, кымбат да милдетти коёт. Албетте, муну жүзɵгɵ ашыруу — мойнубуздагы ыйык парзыбыз. Бирок Жакшылыковдун кɵксɵсү буга суубай жатат, ал ɵзүн кусалыкка чɵгɵргɵн санаркоону тексттеги экинчи катмар(кɵзгɵ илинбеген) аркылуу каңкуулап жатат. Ал момундай: дүйнɵ элин мындай эле коёлу, биз кыргыздыгыбызды, кыргыздык касиет-нуркубузду эмне үчүн ɵзүбүзгɵ — кыргыздарга эле — ачып берүүгɵ, жеткирүүгɵ жана сиңдирүүгɵ кудурет-күчүбүз жетпей жатат, биз кайда баратабыз? Албетте, бул суроонун ɵзү эле — биздин шорубуз.
Талдоого ɵтɵрдɵн мурда атайы эскерте кетчү бир жагдай: мен аңгемелерге адабий жана лингвопоэтикалык илик жүргүзɵ албаймын, бул — атайын даярдыкты талап кылчу ɵзүнчɵ бир иш; аңгемелерди окуп чыккандан кийин кандай ойлорго кабылдым, мени эмнелер ой-санаага чɵгɵрдү жана чɵгɵртүп жатат- мына ушулар тууралуу гана ой бɵлүшкүм келди.
— 2 —
Жыйнак “Жеңемдин кадыры” деген, негизинен, күлкү чачыраткан аңгеме менен башталат. Ашымбек — башкы каарман, жетекчилик кызматтарда иштеп өмүр кечирет; дайыма жакасы аппак, кийими таптаза, курсагы ток, жумушуна барат-келет, баш оруутар эч бир кем-карчы жок, Кабаватанын сөзү менен айтканда “уйкудагы сулуу”. Ушинтип жүргөндө Ашымбектин башына каран түн түшөт — жубайы Калича оор дартка чалдыгып, кɵз жуумп калат. Майдалап отурбайлы: Ашымбек Каличадан ажыраганда жалгыз калдыбы, же ага чейин эле жалгыз беле?! Көрсө, Ашыкем Калича менен чогуу жатып, чогуу жүргөндө эле жапжалгыз жашачу экен, муну ал Каличадан ажырагандан кийин гана акылы менен болбосо да, жүрөгү менен туюп, ичинен кан ɵтүп отурбайбы. Эми ушул бирге туруп, бөлөк жашашкандыгы үчүн кимисин күнөөлөй алабыз, буга биздин акыбыз барбы? Бул, эмне, Ашымбектин акылынын кемдигиби, элеттик энөөлүгү менен баёлугубу, адамдык өзүмчүлдүгүбү, кыргыздык адебиби? Балким, жарынын жалгыздык сазына батып бараткандыгын эскертүүгө жана сестентүүгө кудурет-күчү жетпеген Калича жеңебизде да бир кеп бардыр?
Албетте, тирүү жан эмеспи, Ашымбек Каличадан кийин деле үйлɵнбɵй койгон жок, бир эмес, бир нече жолу тɵшɵк жаңыртты окшойт. Бирок анын бирɵɵ да Ашымбекке түтпɵй койду(туурасы Ашымбек аларга түтпɵй койду ɵңдɵнɵт), келишим менен келет да кетет. Бул жерде, бирок, кеп жаңы жеңелерибиздин Ашымбектин жүрɵгүн жылыта албай койгондугунда эмес, а анын жүрɵгү жылуу мүмкүнчүлүгүнɵн ажырап калгандыгында, жалгыздык тузуна биротоло сиңип кеткендигинде жатат. Мындай жүрɵк менен ал Калича менен гана жашай алмак, жашап жаткандыгын сезбей жүрүп, жарыкчылык менен кош айтышып, ɵтүп да кетмек, экɵɵ тең: “жашоо деген ушундай экенда!”-деп бир күрсүнүп алып, ɵтүп кетишмек. Бул жагынан алганда, Ашымбек бактылуу экен да, анкени ал кандай жашап келгендигин акылы менен болбосо да, жүрɵгү менен туюуга үлгүрүп калды го! А Калича жеңебизчи? Бирок Ашымбегибиз жүрɵгү жылуу мүмкүнчүлүгүнɵн ажырап калганын да туюп кетти го, бул болсо арылбас шор эле. Мындай ɵңүттɵ алганда, ɵлүп калса да Калича жеңебиз бактылуу экен да. Айтор жазуучу ушинтип улам бир жыландын башын кылтыйтып отурат, аны ээрчип отуруп, акыры: “Деги мен ɵзүм жалгыз жашап жаткан жокмунбу?”- деген суроого ɵзүңдɵн ɵзүң кабылып, бир селт этип алат экенсиң…
— 3 —
Эгемендикке, арабдар, алар менен бирге миңдеген мечиттер, үгүт-насааттар келгенге чейинки молдолор, жалпы эле кыргыз эли диндин (ислам) сырткы турпат формасынан (намаз окуу, орозо ж.б.) мурда анын ички дүйнөсүнө, рухий кенч-байлыгына өзгөчө көңүл буруп, тулку боюна сиңирип, аларды кыргыздын үрп-адаты, каада-салты менен айкалыштыра билип, натыйжада, динди да, каада-салтты да ыйык тутуп келишкендиги бүгүнкү күндɵ айдан ачык айкын болуп калды.
Буга байланыштуу Маштай молдо (“Маштай молдо”) менен обкомдун секретары Накен Сыдыковдун ɵз ара кагылышуусун айтпай кетпесек болбойт. Сыртынан караганда, Маштай молдо обкомду кепке жыгып, отургузуп койгондой кɵрүнөт. Бирок бул — экөөнүн сырткы (угулган) айтышуусунун гана натыйжасы, эгер жазуучу ушуну менен гана чектелсе, бул кагылыш ɵзүнүн эстетикалык да, нравалык да кудуретинен ажырап калмак. Кеп бул жерде сырткы айтышуу менен жарыш жүрүп жаткан ички баарлашууда (психолингвистикада алигиче табият — маңызы тактала элек ички кеп деген түшүнүк бар) жатат; Молдоке менен обком беттешишкенде эле бирин-бири жутуп алышкан; Накен Сыдыковдун жаны мээнеткеч экендигин, мындай адамдардын жаны дайыма кыйноодо жүрөрүн, алар үчүн ар бир нерсе, иш (чөп, кызылча ж.б.) анын жанына, тагдырына айланып кетерин, бул жагдай алардын өздɵрүнө да ээлик бербей, калчай берерин кыраакы молдокебиз туя билди, ошон үчүн “кудай кайсыл жерде, көрсɵтчү?” деген обкомдун суроосуна “кудай ушул кызылчанын түбүндө, болгондо чоң кызылчанын түбүндө, ошон үчүн кызылчабыз ушундай түшүм берип жатпайбы!”- дегендей мүнөздө буйдалбай жооп берип жатат. Бул, чындыгында, “чоң кызылчанын түбүндө сенин мээнеткеч жаның, түйшүкчүл уйгу-туйгуң, ар бир нерсени ɵз тагдырындай кабылдай алган касиетиң жатат, ошон үчүн кызылчабыз ушундай мол түшүм берип отурат,”- деген жооп болчу. Дал ушул касиеттери үчүн “кудай жок!” деп кан какшап жүргөн секретарды Кудайдын өзү кадырлайт, ошентип, жандын мээнеткечтик касиети менен кудай бул жерде барабар болуп калат. Молдокебиздин эч кимге угулбаган ички кебин туя билген обком да: “сиз молдо эмес эле, чоң саясатчы турбайсызбы?”-деп бир эсе таңданып, бир эсе суктанып отурат. Анан “биз кудай жок дейбиз!” –деп кесе айтып туйлаган ушул эле обком кызылча тааласынан түз эле молдонун үйүнө атайын кайрылып, короо-жайы менен таанышып, даам сызып кетип отурбайбы. Жаны мээнеткеч мындай адам заманына жараша Кудайды танса да, элдик наркты тана албайт болчу. Бул жерде адамдык нурк-насил жөнүндө дагы көп нерселерди айтар элек, бирок азырынча ушуну менен чектелели. Ошентсе да Какен Сыдыковдой инсандардан бир гана текеберликти, манчыркоону, өзүмчулдүктү көрө алган жазуучуларга дарактын артында турган токойго да назар бурсаңар экен деп эскерте кетким келет.
“Адал ойлоп, адал иштеп, адал жашаш үчүн Кудай деп жүрүш керек” – деген дагы бир молдонун (“Молдонун уулу”) насаатына шоопур улуу: “…Туура, мен бир аз арак ичем, … элди тез жеткирейин деп чымын — куюн кылып айдайм, эл ошондо Кудайды эстешет,… ошондо Кудайлашат, жандары оозуна тыгылганда гана жан эмне экенин билишип, анан коркуп, Кудайлап атышпайбы, коркпосо эч кимиси Кудайлабайт; Кудайды жай отуруп эске алган, Жаратканды эч унутпаган жалгыз – Сиз, бул айылда өзүңүз эле” – деп сөзгө жыгып отурбайбы! Молдонун уулунун оюн — чыны аралаш сөзүнөн улам бүгүнкү абалыбыз аргасыз эске түшүп жатат. Мына, бүгүн президент баш болуп, бала бакчанын тарбиячысы төш болуп улуттук баалуулук, каада-салт деп сайрап жатышат; “Мен кыргызмын, мен улуу калктын урпагымын!” – деп ырчыларыбыз жаңыртып жатышат, аалымдарыбыз болсо теле менен радиодон элибиздин улуулугу, каада-салтыбыздын ыйыктыгы тууралуу илимий далилдер менен какшап жатышат. Бирок жугуму кандай, сиңимдүүлүгү кандай? -мына ушул собол жүрɵктү ɵйүтүп селт эттирбей койбойт. Же, эмне, молдокенин уулунун ыкмаларын колдонушубуз керекпи, айтор үгүт-насаат менен бирге башка ыкмаларды да колдонуу керекпи дейбиз, үгүт – насааттын ары жагында бугуп жаткан ɵзɵктɵ бир мандем барбы дейбиз.
Анда “Сейдекерим” аңгемесине өтөлү; бел-күчтөн тайып бараткан Сейдикерим санаага батат: кыздары — туягы болгону менен, эркек уулу -тукуму жок,ушинтип тукуму үзүлүп калабы? Байбичеси эстүү жан экен, Сейдикемди кайрадан үйлөнтүп, ал жубайы эркек төрөп берип, атын Байыр коюшуп, эки үй-бүлө жомоктогудай эле жыргалдуу жашоо кечирип жатышат. Бирок башынан эрке өскөн Байырыбыз жанда жок жалкоо чыгып, төрт жылдык мектепти жылда көчпөй калып отуруп эптеп 10 жылда бүтүрөр-бүтүрбөс абалга келет. Баласынын өксүгүн какшаган мугалимдерге Сейдикемдин мындай бир гана жообу бар: көчпөсө -көчпөсүн, сабакты билбесе — билбесин, аман жүрсө эле болду. Төрттү бүткөндөн кийин, башка айылга барып (мектеп төрт жылдык эле) окушу керек экен, ошондо мугалимдер: “Уулуңду жалаң “беш” менен көчүрөлү да, башка мектепке бешинчи класска башка айылга жөнөтөлү” – дешет, бул үчүн бир нерсе үмүттөшкөнсүп. Сейдикем ошондо бир чок басып алгандай секирет; башка айылга барса эле, баласынан айрылып калчудай сезет, бөлөк айылда баласынын жаны кыйналып жатканын элестетип, заманасы куурулат. Ошондо баласынын амандыгы гана жүрөгүндө биротоло уюп калган Сейдикерим мугалимдерди төрт дүйнөсүн чачып коноктоп туруп, акырында минтип жалынып жатпайбы: “Молдокелер, суранарым: баламды жылуу ордунан козгой көрбөгүлө, ал ушул жерде окуп, ушунча жыл көнүп алды, бирок көчүрүп убалына калбагыла баламдын, көчүрбөй калтыра көргүлө, молдокелер!” Мугалимдер, аны менен кошо биз да дел болуп эле отуруп калдык. Отуруп калдык да, бүгүнкү күнгө жетип, төбө чачыбыз тик тура түштү.
Байкуш Сейдикем Кудайдан бир гана нерсени тилейт, ал – жаманынын (баласынын) амандыгы. Бул жагынан Сейдикем бүтүндɵй ата-бабаларыбыздын жалпылаштырылган символикалык элес-образы, ал эми анын тилеги — башка тилдерде кездеше бербеген “алдыңа кетейин!”, “айланайын!”, “балакетиңди алайын!” деген ɵңдүү ак дилден чыккан жалынып-жалбаруулардын тирүүлɵй элеси. Мойнубузга алгыбыз келбесе да, бул жерде бир акыйкатты айта кетели: биз бүгүнкү күндɵ жогорудагы ыйыктыктын ыйыктыгын (амандыгын тилɵɵ) сезип — туюп да, сезип-туйбай туруп да, акырын, купуя артка жылдырып койгондойбуз. Энелердин курсагы билине баштаганда эле кɵпчүлүгүбүздɵ кандайдыр бир бир кооптонуу, чочулоо сезими пайда болгонсуйт, анан акыры курсакта жаткандардын кулактарына: “аман төрөлсө экен, аман жүрсө экен, узун өмүр сүрсө экен!”-деген тилектен мурда: “төрөлүп калса, кантип жашайт, бай жашаса экен, атагы чыкса экен…”-деген тилек (тилек дешке ооз барбайт) жаңыра баштап жатпайбы. Анан өзөгүн ушундай көр дүйнө түзүп калган балдарыбызга үрп-адат, салт-санаа кантип жугат да, кантип сиңет. Телмире тиктеп, бизди угуп жаткансыганы менен баш мээсин да, жүрɵк мээсин да Токтосун байкенин (Самудинов — Эл акыны) Түнкү Парижи уялап, Париж багындагы от жуткан, айнек жуткан “керемет” оюн-зооктор ээликтирип жатпайбы. Анан кантип!..
Сейдикеримдин жан алакетке түшүп жатканын кɵрүп туруп, дагы бир нерсе аргасыздан эске түшɵт. “Не деген киши эле, атаңдын кɵрү, тукум калбай калбадыбы, кыздары жүрөт дечи…” – деген өзөктөн чыккан наалууларды угуп чоңойбогон кыргыз балдары жок болсо керек. Бул кыз балдарды кандайдыр бир кемсинтүү (чындыгында, кыз баланы сыйлоо жагынан кыргыздарга тең келчү бир да улут жок!) эмес болчу. Тукумду улоо, тукумду үзбөө — бул кыргыздардын ɵзгөчө бир нарк-насили окшойт, ушундан улам мен да өзүмчө элестетип көрдүм: бир айылдан он эле үйдө жалаң кыздар төрөлүп, эркек бала болбой калса, он- он беш жылдан кийин ошол он үй бозоргон мазарга окшошуп калып жатпайбы! Элестетип алып, ойлонгондон коркуп кетесиң. Мындан соң бүгүнкү күндɵгү кыйыр аралап кылымдарга тɵнүп кетип жаткан кыздарыбыз (“кыздары жүрɵт дечи…” деп — каниет кылчу элек го) эске түшүп, ичибизден кан ɵтүп кетет.
Каада–салт демекчи, өзүнүн кыраакылыгы, нарктуулугу менен бир айылды былк эттирбей башкарган, баккан байбичелердин бири Мыскал энеден (Тɵɵ кɵз) буйтап кетүүгө акыбыз жок. (“Ысмадиярдын жеңелери”) Тɵɵ көз энебиз Ырыстын (уруунун аты)мал — жандуу бир баласын тээк кылып жайлоого чыгат; жайлоодо да боз үйдө отуруп эле, таягы менен баарын башкарат; тээк кылган баласы кычкылга жакын эле, анын жинин каккандай болот. Анан ушул жини кагылган баласы бир күнү жакага кетип, үч күн бою дайынсыз жоголот. Үч күндɵн кийин кайтып, Кытайды чаап келгенсип, кудага барып, намыска жарап келгенин жарыялап элдин эсин эки кылат. Демейде эсепке кошулбаган бул кычкылдын чемпиону менен Борбодой атабыз кандайча кудага баруу бактысына туш болуп калды эле. Көрсө, кычкыл чемпиону үч күн тынбай арак ичип, кудалардын оозун Ошту каратып, мөрөй алып берген тура. Эми Борбодой байкесинин “эрдигине” назар буралы: “Кудалардын оозу ачылды, бир койдун толук этин… Борбодой байкем өзү эле жеке жеп… табакты таптаза жалап-жуктап бүтүп… кудаларды сынай карап турбадыбы!.. “Бу сөздү укканда Төө кɵз эне безге сайгандай секирет:
-Ок, табакты жалаганы эмнеси, сыйдын наркын бузуп!.. … биздин Ырыстарды кутулбас сөзгө калтырган тура, эт жебей эмирең кал!
Жок, бул жерде Борбодой Ырыс уруусун эле эмес, бүтүндөй кыргыз элин жер каратып отурат. Эркектин табак жалаганы — бул кыргыз наркында жок, бул өлүмгө тете! Көрсө, наркты биз ушинтип майдалап, кичинеден көзгө илештирбей кемирип жеп отуруп, түбүнɵ жете берет экенбиз да. Бул – бир. Экинчиден, арак ичишмей, эт жешмей “мелдештери”качан салтта бар эле, муну ким ойлоп тапкан, буга удаалаш эле кол жуудурмай, түштɵндүрүү ɵңдүүлɵр кайдан пайда боло калды жана дагы тиги тири шумдук “каадалар” жаралбайт деп ким кепилдик бере алат? Кудага баруу , куда тосуу деген ыйык каада-салтыбыздын аты эле калып , заты былгып булганып жүрүп отуруп, акыры той ɵзүнүн тойлук, тазартуучулук касиетинен ажырап , соройгон сокубузга минип, сок билегибизди камчыланып алып , ажыдаарларга сорулуп кете беребизби? Дагы бир үрɵй учурган нерсе — бүгүнкү күндɵ ɵлүк шааниси да жоголуп бараткансыйт. Биз бул шаанини жоготуп алсак, кыргыздыгыбыздан эмне каларын элестеткенден да коркосуң!
-4 —
Кер какшык менен сарказмдан куралган, бир окуп кеткенде жеңил-желпидей туюлуп,мыйыгыбыздан жылмайткан , үңүлɵ карасак, адамдык нарк-насил (суть, сущность) жɵнүндɵ ой жүгүртүүгɵ түрткɵн “Момун” аңгемеси япондордун улуу жазуучусу Р.Акутагаванын дүйнɵлүк шедеври “Тозок оту” (“Муки ада”) повестине кайрылууга мажбур кылат. Повестте падыша атагы таш жарган сүрɵтчүгɵ(художникке) тозоктун сүрɵтүн тартууга буйрук берет. Шыдыр эле суроо туулат:эмне үчүн бейиштин эмес, тозоктун сүрɵтүн тартышы керек, бул ой падышага кайдан жана эмне үчүн келди, эмне, адамдын адамдык ɵзɵгүн аруулук эмес, ыпыластык түзɵбү?
Художниктин (сүрɵтчүнүн) жандай жакшы кɵргɵн (сүрɵтчү ушул кызы менен гана сүйлɵшчү, башка эч кимди бучкагына теңечү эмес),ай десе аркы жок, күн десе кɵркү жок сулуу, жалгыз кызы бар эле,ал падышанын колунда жашачу. Художник ушул кызын куткарып алгысы келдиби, же художниктик ышкысынын кесепетиненби(өнөр кандай оор, кандай сыйкырлуу жана коркунучтуу, өнөрлүү болуу дегениң — кандай азап!), сүрөтчү макул болот. Шакирттерин адам чыдагыс кыйноолорго салып, тозоктун элесин берүүгө тырышат, бирок ал кыйноолордун бирөө да тозоктун чыныгы элесин бере албайт, аргасы түгөнгөн художник “чүмбөттөлгөн бир араба болсо, ичинде жанда жок сулуу кыз отурса, аны алоолонгон отко чулгатып, тоо ылдый зуулдатып, коё берсек ”- деген сураныч менен падышага кайрылат. Падыша макул болуп, айтканын аткарат.
Эл жарданып карап турат. Арабаны тоодон ылдый коё беришет, өрткɵ чулганган араба, ичинде жанталаша чаңырган сулуу. Сүрөтчү дүйнөдө кездешпеген ушул апаатты илип алышы керек эле. Үңүлө карайт, караса…. Өрттө куйкаланып, чаңырып жаткан өзүнүн жалгыз кызы. Бир силкинип алат да, тартып калууга үлгүрөт. Дагы суроо туулат: ким жырткыч? Тозоктун сүрөтүн тартууга буйруган, өрткө чулгасын деп художниктин жалгыз кызын алоолонгон отко салып берген падышабы? Падышага жогоркудай өтүнүч менен кайрылууга, өрткө чулганып чаңырган өзүнүн жалгыз кызын тартып калууга дити барган художникпи? Же бейишиң менен тозогуңдун экөөнө тең кайыл болгон, өзүнүн гана көксөсүн кандырууга баш-отун койгон өнөрдүн өзүбү; эгер мындай болсо, өнөрдүн да, өнөрлүү болуштун да жарыкчылык үчүн эмне кереги бар?! Художник сүрөттү тартып бүтөт да, падышага тапшырып, өзү асынып өлөт.
Айылда бир кишини (маркумду) акыркы сапарга узатып жатышат: эл кɵп, күн ачуу тийип, куйкалап жатат. Дал ушул маалда үнү кудайга жетип, “Момунум!”деп озоңдоп өкүрүп бир киши келет. Ал көпкө озоңдойт, элди зарыктырып отуруп, араң басылат. Элдин баарында бир гана ой: мынчалык күйгөнүнө караганда, маркумдун эң жакыны болсо керек… Көрсө … эң жакыны эмес эле, тескерисинче, эң касташкан, эзели элдешпес душманы экен. Ич күйдүлүктөн улам бир мезгилде ушул маркум аны он жылга түрмөгө кестирип жибериптир. Ал анда эмне мынча озоңдоду: табалаганыбы, же чын эле күйдүбү? Дагы бир нерсе — акыркы сапарга узап жаткан киши андан башка да далайларды ак жеринен сыздаткан, колунан жакшылык келбеген журт куруткур экен. (Бул маркум эл ичинде кантип батып жашап жүрдү экен?) Анда эл неге мынча кɵп чогулуп, сый-урмат менен узатып жатышат, андан кɵргɵн кордуктарын унутуп калыштыбы? Дал ушул жерден кечирүү жɵнүндɵгү ой башын кылтыйтат. Адамдагы эң оор да , кыйын да жана улуу да касиет – бул кечире билүү, буга дарамет – күчү жетүү. Биз кечире бил, кек сактаба («Атаңды ɵлтүргɵнгɵ энеңди алып бер»),ɵзүңɵ эле жаман деп айта беребиз, кек сактап жүрүүнүн ɵтɵ оор экендигин сезип-туюп тургансыйбыз, бирок ушунтип айтып да, сезип-туюп да жатып , ɵзүбүздүн жүрɵгүбүздɵ далай тактар бугуп жаткандыгын мойнубузга алгыбыз келбейт. Адамдык ɵзүмчүлдүк жашап турганда, кекти тыптыйпыл жоюп салуу мүмкүн эместир, ошон үчүн кыргыздар «жер жамандап барбасын» деп коюп , ɵлгɵндɵрдү деле каргап-шилегенге чейин барышат го. Кеп, демек, кечирүүгɵ себеп болчу жорук-жосунду, ишти жасабай кетүүдɵ жатат, буга адамдык кудуретибиз жетер бекен?! «Момунум» деп зар какшап жаткан адам, аны жымыя карашкан айылдаштары маркумду кечире алыштыбы?
Балким, “момунум!” деген зар какшоодо кечирим да, табалоо да жаткандыр, дал ушул табалоо маркумдун күнөөсүн кечирүүгө өбөлгө түзүп жаткандыр? Эгерде чын эле ушундай болсо, анда кечирүү менен табалоону кантип бири-бирине келиштире алабыз, табалап кечирүүгө болобу? Деги эле адам баласы бул жарыкчылыкка кечире билүү үчүн гана келгенби, кечире албагандыгы үчүн аны күнөөлөөгө болобу? Адам баласы сүйүүгө канчалык акысы бар болсо, жек көрүүгө да дал ошондой эле акысы бар да, анда эмне үчүн жек көргөндүгү үчүн аларды кечирбешибиз керек? Айтор жазуучунун “Момунун” үңүлө окуп чыккан соң ар кандай ой чаргыта берсең болот; бир чытырмандан эптеп бошонуп чыксаң, кайра эле экинчи бир чытырманга барып кептелесиң. Ошентсе да кандай гана ой чаргытпайлы, кандай гана чытырманга кептелбейли, бул аңгеме өзүңдөгү өзүңдү сууруп чыгып, жүрөгүбүздө бугуп жаткан, нурк-насилибизди айкындап турган, бирок мойнубузга таптакыр алгыбыз келбеген кандайдыр бир айыбыбыздын башын кылтыйтып көрсөтүп тургандай таасир калтырат. Бул — бир. Экинчиден, ким билет, бул аңгеме жоолашып, бет карашпай жүрүшкөндөрдүн биринин башына күн түшүп калса, экинчиси баарын унутуп таштап, ал (өзүнүн бир кездеги элдешкис душманы) үчүн ак дилинен тикесинен тик туруп берчү кыргыздык айкөлдүктү даңазалагысы келгендир. Дагы тереңирээк ойлонуп көрөлү…
— 5 —
“Алтын кошуналарым” аңгемесиндеги бир эпизодду окуган соң, мындай бир ойго чөмүлөсүң: каада-салты, улуттук наркы бар биз кандай бактылуу элбиз, ал эми жалаң гана закон менен жашаган эл — не деген шордуу калк. Бул оюбузду чечмелөөдөн мурун айыл жергесиндеги жедеп канга сиңип калган күлкү келерлик бир көрүнүштү көз алдыбызга тарталы: көпчүлүк кошуналардын огороддорунун ортосунда ашып кетсе бир аттам бош жер болот, буга назар бурбай, көз жуумп койсо деле болот. Бирок адамдык өзүмчүлдүк, кур намыс жана ич күйдүлүк деген да бар эмеспи. Анан казык оюну (майданы дейличи) башталат: бир күнү Ташмат атайы бир казыкты мыкчый кармай чыгат да, аркы өйүзгө кагып таштайт (бул бош жер мага таандык дегени); көп өтпөй коңшусу Эшмат казыкты көрөт да, бир силкинип алат, анан тишин кычырата баягы казыкты сууруп чыгат да, аркы өйүзгө саят; ушинтип казык майданы үн-сөзсүз жүрө баштайт да, акыры мындай сылык-сыпаа башталган казык кармашы ачыкка чыгып, чоң жаңжалга айланып кетери бышык. Эмне кылуу керек? Албетте, муну закон жолу менен жеңил-желпи чечип койсо деле болот дечи, анда же аттам жер бирөөнө толук өтүп, экинчиси томсоруп кала бериши, же бош жер бейтарап деп табылып, экөөнө тең таш балакет да тийбей калышы ыктымал. Мындай жагдай экөөнүн тең көңүлүн жай кыла алмак эмес; биринчи учурда бош жерди жөндөн жөн эле тартып берип койду, карап тур!.. деп же Эшматы, же Ташматы тишин кычыратып туруп, бул жашоодон наалып өтмөк; экинчи учурда баягы эле казык майданы улана бермек (“закон дегениң буйланылган төө экен да, болбосо, тытыштырбай бирөөбүзгө биротоло эле берип койбойт беле” — экөө тең ушинтип жер сабап чыгышмак).
Түптүү эл эмеспизби, дал ушундай кыйчалыш маалда каныбызда бугуп жаткан ата-бабалар наркынын учкуну жанып чыгышы керек эле (кеп ошол учкунду көрө билиште жатат, бул жагынан жазуучу А.Жакшылыковго ким болбосун ыраазычылыгын билдирбей койбойт). Эшмат менен Ташматтын тирешине күбө болуп жүргөн дагы бир коңшусу бир күнү атайын чыгынып базарга барып, тор зым алып келди да, экөөнүн огородун өз-өзүнчө тор зым менен зымпыйта тосуп салды, анан… баягы кармаш майданына айлана баштаган бош жерге жайнатып гүл өстүрүп таштады. Муну менен наркты туя билген коңшу жоолашып жүргөн коңшуларынын жүрөктөрүнө гүл өндүрүп койду. Көркү көз күйгүзгөн, жыты магдырата көшүлткөн гүлдү тепсеп салууга кимдин дити бармак, ошентип, маселе чечилди да калды.
Жазуучу айылдаштарынын айрым жоруктарын ичи эзилип элжиреп жазабы, же айрымдарын кер какшык менен куйкалап жазабы, айтор баарында тең эле улуттук наркка өзгөчө басым жасагандай таасир калтырат, закон канчалык адилеттүү болбосун, ал улуттук нарк, каада-салт менен эсептешүүгө тийиш экендигин кыйытат. Мына, жогорудагы казык майданына окшогон, түбү барып өрткө айланып кетчү майда кагылышуулар күндөлүк турмушубузда көп эле учурайт. Албетте, биз бүгүнкү цивилдүү өлкөнүн өкүлү катары законду бетке кармап, кармашка аттанабыз, улуттук нарк көбүнчө унутта калат. Анткени закон дегениң бизди желкебизден ныгырып басып турган болот, демек, биз адам катары эркин дем алалбайбыз, табигый адамдык насилибизди ачык көрсөтө албайбыз, закон бизди белгилүү бир деңгээлде роботко айландырып таштаган, же айландырып баратат. “Закондо ушундай экен!” — деп жалдырап туруп беребиз жана адамдык насилибизге, ар-намысыбызга залал тийгизгенин сезе бербейбиз, же сезгибиз келбейт, же сезүүгө кудуретибиз жетпейт.
Ал эми улуттук нарктын, каада-салттын жөнү башка: ал – укумдан тукумга өтүп, нечендеген кылымдарды карытуу менен, тууралыгы айныксыз тастыкталган, өзүбүздүн кан-жаныбызга айланып кеткен, тактап айтканда, каныбыз менен кошо жүрүп турган, биз өзүбүз жаратпай эле, Кудай жараткандай, Кудай тарабынан энчиленип берилгендей кабылданган ыйыктык. Нарк ичинде биз өзүбүздү эркин сезебиз, адамдык насилибизди эркин айкындай алабыз, канчалык күнөө кылбайлы, ыйманыбызга камчы чаппай, нарк алдында башыбызды эркин ийип беребиз. Закон алдында эч ким башын эркин ийип бербейт, көкүрөгүндө бейкүнөө күйүп кеттим деген кек кала берет.
Закон деле адамдар ортосундагы мамилени жөнгө салуу зарылдыгынан жаралган эмеспи, анда эмне үчүн аны ыйык катары кабылдай албай жатабыз, деги эле биз кабылдаган күндө эле, телегейибиз тегиз болуп жатып калабызбы? Карама-каршылыкка жык толгон бул өңдүү суроолор адам баласынын табиятынын татаалдыгын, табышмактуулугун, ачыла элек сандыкта бычыла элек дагы канча кундуз жаткандыгын эскертип, ойду онго, санааны санга бөлө, сени сынай карап тургансыйт…
-6 —
Айыл жымжырттыкка чөмүлгөн көрүстөн эмес, ал — өзүнчө бир чоң мектеп. Мектепте окуучулардын ызы-чуусу, күлкүсү, керек болсо таарыныч ыйлары жаңырып тургандай эле, айылда да ызы-чуу, күлкү ж.б. ысылы-сууктар кайнап, толуп-ташып турушу керек. Деги эле айылды Теңирим “түйшүгүңөр ансыз деле жетишет, силер күлкүгө күүлдөп жашашыңар керек!” — деп жаратып койгондой. Айылдагы ойго келбес жорук-жосундар, кулк-мүнөздөр — булар өзүнчө бир казына. Бул жагынан алганда, кылык-жоруктар, тамашалар жалпы эле кыргыз элинин рухий казынасынын, чыгармачылык чайналууларынын бир өңүртүн түзөбү деп ойлойсуң; тамашалашуу, жоктон күлкү жаратуу — бул табигый муктаждык, бизди дал ушул табигый муктаждык кыймылга келтирип, жашоо кумарлыгын арттырып турса керек деген бүтүмгө келбей койбойсуң. А.Жакшылыковдун “Алтын кошуналарым”, “Карагайчылар”, “Пионер чалдар”, “Султанбай дүкөнчү” өңдүү аңгемелерин окуп көргүлөчү, андагы окуялар өз мезгилинде осол, орой көрүнсө да, бара-бара бул сапатынан ажырап, бүтүндөй айылга дем берген, ажарын ачкан күлкү-тамашага айланып калып отурбайбы, бул болсо кандай жорук-жосун болбосун, анын өзөгүндө кара өзгөйлүк эмес, аруулук, күлкү жаткандыгында, кара өзгөйлүк сырткы формасында эле экендигинде болуп жүрбөсүн. Мектеп бере албаган таалим-тарбияны айылдан алып, айылдан алалбаганды мектептен алып, бул экөө эриш-аркак бөпөлөп келип, уядан учурбадыбы. Бирок, ошентсе да, бир мезгилде айылдын будуң-чаңын чыгарып, ар бир пенденин жалгыз эмес экендигин эскертип даң салып жүргөн айылдык тамаша-күлкүлөр, көкүрөктө уюп калган таалим-тарбиялар азыр кайсы жерде жаңырып жатат болду экен!..
Жазуучу Асан Жакшылыков өзүнүн кусалыгын өзөктү өрттөп чыккан ушул өңдүү суроолор менен бир бүркүп алып, көксөсү сууп отуруп калабы десек, ал: “азыр жеке-жеке кишилер бар, бирок эл деген жок!” (“Шайды оодарган шайлоо, ай”) — деп оор үшкүрүк менен аяктайт баянын. Бул — өз учурумдагы айылымды жазып бердим, бүгүнкүсүн өзүңөр багып алгыла дегени. Бул жерде мен эгемендик “тартуулаган” бөлүнүүлөр (жердештик, уруулук ж.б.), анын дурус жана буруш жактары жөнүндө кеп кылгым келбейт, бул — өзүнчө оор жана карама-каршылыктуу көйгөй. Мага жазуучунун “азыр эл деген жок!” — деген оор күрсүнүүсү “бүгүн айыл деген жок!” — дегендей угулуп, төбө чачымды тик тургузду. Анда кеп оролу ошол жөнүндө.
— 7 —
Чын эле, бүгүн айыл барбы? Айыл дегенде көзгө илинбес жиптер менен чырмалышып турган, бириникинен дүбүрт чыгып калса, бүтүндөй баары дүрбөлөңгө түшкөн үйлөрдүн тобу көз алдыга тартылчу да, буга кошул-ташыл күйүмдүүлүк, боорукерлик, тилектештик өңдүү улуу сезимдердин илеби уруп, жүрөктү кандайдыр бир жылуулук өрдөп өтөр эле. Азырчы? Айылдаштарыбыздын өздөрүнүн сөздөрүнө кулак төшөйлү: “Азыр баягы айыл деген жок, бири-бирибизге кирип-чыгышпайбыз деле. Зарыл эле бирдеме болуп калбаса, көрүшпөйбүз деле… Ар ким өзү менен өзү, тытынып эле жаткандар…”. Бул “жалындуу” сөздөрдү кимдер айтып жатат, ошол кирип-чыгышпагандардын өздөрү айтып жатышпайбы, кимдир бирөөлөргө наалышкансып. Кызык, бир кезде бир күндө жок дегенде эки жолу кирип: “Жөн эле учурашып коёюн деп кире калдым эле…”. “Кечээ уулуңдун тумоолоп калганын капысынан кулагым чалып калып, бүгүн ал-абалын сурап коёюн деп кирип калдым эле. Угуп туруп, анан…”. Жаның күйүп, ушуларды эстерине саласың. “Эмне болуп кетти, өзүбүз да билбейбиз. Сыягы, замандын өзү ушундай болуп калды?” — дейт кайдигер. Заман ар кандай боло берет эмеспи да, ошондой заманды өзүбүз жаратып алат эмеспизби, анан өзүбүз жаратып алган заманга шылтоолоп, суудан кургак чыга беребизби?!
Ошентип, ар бир үй — өзүнчө жалгыз, өзүнчө жетим. Өз мезгилинде залкар талант Кубатбек Жусубалиев “Муздак дубалдар” деген айтылуу романын жазган; айрым адабиятчылар аны социализм курчоого алган идеологиялык муздак дубалдар деп саясий боёк сүртүп жүрүшөт. Эгерде чын эле ушундай болсо, социалисттик муздак дубалдар бүгүнкү күндө капиталисттик муздак дубалдардын алдында шоона эшпей калды. Менимче, Жусубалиевдин муздак дубалдары социализмдин дубалдары эмес болчу (эгер мындай болсо, ал эстетикалык-нравалык кудурет-күчкө ээ боло алмак эмес), ал болгону биздин күндөлүк турмушубуздун, көр тирилигибиздин эле муздак дубалдары эле. Чын-чынында, Жусубалиевдин муздак дубалдары эми жетиптир бизге, көз жүгүртүп көрөлүчү: ар бир үйдү муздак дубал курчап турат. Бул — маселенин бир эле жагы. Ушу мамиле, ыргак менен ырдап жүрүп отурсак, ар бир үйдү гана эмес, андагылардын баарын курчабай койбойт деп ким кепилдик бере алат: атасы — өзүнчө муздак дубал, өзүнчө жалгыз; апасы — өзүнчө муздак дубал, өзүнчө жалгыз; балдарынын ар бири — өзүнчө муздак дубал, өзүнчө жалгыз. Эми эмне калат: күйүмдүүлүк, боорукерлик өңдүү асыл сезимдер жоголот, Биз деген жоголот да, Мен деген гана калат, акыры ар бири Мен деген муздак дубалга айланат да, түбөлүк муз доору башталат. Бул эмне дегендик? Бул — айылдын, кеңири алганда, адамзаттын жоголушу, кыйрашы деген сөз.
Мындай алааматка кабылтпай коё турган күч барбы? Албетте, бар! — деп жооп кайтарат А.Жакшылыковдун аңгемелеринин жалпы духу. – Биз тарыхый эс тутуму да, ички дүйнɵсү да бай, ушул байлыгы менен жер менен жексен болуп кетпей, кылымдар бою ɵзүбүздү ɵзүбүз сактап келген элбиз, алаамдашуунун арааны ачылып турган бүгүнкү күндɵ да бизди сырттан бирɵɵ келип сактап кала албайт (алар колдон келсе жутуп алсам деп келет), андыктан табытыбызды качан алып ɵтɵт деп жол боюнда отура бербей, ата – бабалар мурас кылып кеткен ɵзүбүздɵгү ɵзүбүздү кыймылга келтиришибиз керек. Анда келечекке аттан, Кыргыз!
Мен болсо бала чагымдан бир үзүмдү алдыңарга тарткым келет.
Мен кичинекей чагымда атам: “Уранкайдан баланча ɵтүп кетиптир, Миң-Булактан, Токтогулдан түкүнчɵ ɵтүп кетипти, топо салып келишим керек” – деп эле жɵнɵп калар эле. Кээде кышында күүгүмдɵ мурутуна муз тоңуп келип калчу. Анан мен бул айылдар тээ алыс, жердин түбүндɵ болсо керек деп ойлочумун. Кɵрсɵ, бизден 15 – 30 чакырымдагы эле айылдар экен. 1986-жылы атам 82 жашында кɵзү ɵттү. Ошондо бир кичи автобус толо киши келип, ɵкүрүп түшкɵнү алигиче кулагымда жаңырып турат. Бүт сакалын ак баскан карыялар, ɵзɵктɵн ɵрттɵнүп чыккан ɵзгɵчɵ ɵкүрүк. Алдыда бир буту жок, кош балдак менен таянып, ɵзɵлɵнɵ ɵкүрүп ыйлап бир карыя келатат, калгандары аны ээрчип алышкан. Мен булардын бирин да таанымак эмес, мурда – кийин кɵрбɵптүрмүн. Ошондо дел болуп турган мага бирɵɵ: “Бул аксакалдар Миң-Булактан келишти, атаңдын курбалдаштары, жакшы санаалаштары,” – деди.
Анда ошондогу аталарыбыз кайда, аларды кɵрүп ɵскɵн биз кайдабыз?..
Жалгыздыкка кетчү жол ушул суроодо жатабы?..
Бейшебай УСУБАЛИЕВ
(28.03.24, саат 19:07 – 05.06.24, саат 10:50)