Ушул жуманын так ортосунда (3-июлда) Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада алты акындын Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) колдоосу менен Анкарада түрк тилинде басылып чыккан китептеринин бет ачары болуп өттү.
Атай келсек, алар маркум үч акын — Эрнис АСЕК уулуна, Элмирбек ИМАНАЛИЕВге Зайырбек АЖЫМАТОВго таандык «Үшкүрүк» (İç çekiş), «Аманат» (Emanet), “Жүрөктөгү бороон” (Yürek ve yerküre) жана Өмүрбек Тиллебаевдин «Нур тамыр» (Nur pınarı), Тазагүл Закированын “Муз үстүндө бийлеген кыз” (Buzda dans eden kız), Сагын Беркиналиеванын “Асманда бийлеген сулуу” (Gökyüzünde dans eden güzel) деген ыр жыйнактары. Чыккан китептер авторлордун, көзү өткөндөрдүн жакындарына салтанаттуу тапшырылды.
Уюштурулган иш-чарага Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун азыркы, мурунку төрагалары Каныбек Иманалиев, Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл акындары Меңди Мамазаирова, Маркабай Ааматов, акындар Керимбек Кадыракунов, Бурулкан Сарыгулова, Алтынай Темирова, Эркеайым Боталиева, Нуриза Өмүрбаева, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Элмирбек Иманалиев, ырлары түрк тилине которулган китептердин авторлору Тазагүл Закирова, Өмүрбек Тиллебаев, Сагын Беркиналиева жана маркум Эрнис Асек уулу, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун жакындары, котормочу Мээрим Сайдилканова катышты.
Султан Раев куттук сөзүн жана ТҮРКСОЙ милдетин айтты…
Жогорку жакшы иш-чарага жаш акын кыз Ырысгүл Изатова модераторлук кылып, алгачкы сөздү Султан Акимовичке берди. Агабыз кыргыз адабиятын, маданиятын, акын-жазуучулардын эмгегин түрк дүйнөсүнө кеңири таанытуу, жайылтуу эң башкы максат экендигин баса белгилеп, буга чейин бир топ акын-жазуучулардын эмгеги түрк тилинде китеп болуп жарык көргөнүн, алдыда дагы бир топ чыгармачыл адамдардын китептери басууга даярдалып, башка да маданий бир топ иш-чара пландалып жатканын айтып өттү.
Сөзүнүн соңунда авторлорду куттуктап, Каныбек Капашович менен биргеликте китептерди ар бирибизге тапшырды.
Мага жолдошумдун китебин тапшырып жатып, Эрнис Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын жакшы которгонун, ал китептин да жакында эле бет ачары болгонун, Эрнистин котормосу тууралуу котормонун баш сөзүндө кенен жазганын айтып келип, «экинчи өмүрү узарат деген ушу… Эрнистин экинчи өмүрү узун болсун» деди…
Султан Акимовичтин демилгеси менен биринчи жолу кыргыз, түрк тилине оодарылган 58 акындын ырлары кирген «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» 2022-жылы жарык көргөн. Ага Эрнис, Элмирбек, Зайырбектин ырлары киргизилген. Жыйнак китеби менен кошо бизге “Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү”, “Сырдуу акын Жолон Мамытов” жана “ааламды кылыч менен багындырган” Чыңгыз ханга байланыштуу иликтөөлөр кирген китептери тапшырылган. Китеп тапшырган Султан Акимович Эрнис, Элмирбек, Зайырбектин ырлары түрк тилине которулуп, өз-өзүнчө китеп болуп чыгарын айткан эле. Мына, чыкты!
Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Эрнис, Элмирбек, Зайырбек мен үчүн тирүү…»
Андан кийинки сөздү Каныбек Капашович улантып, алгач Султан Акимовичти чыгармачылыктагы ийгилиги менен куттуктап, ага улай төрт долбоордун үстүндө иштеп жатышканын, ал күзүндө ишке ашарын, ага да учурунда күбө болорубузду айтып, авторлорду куттуктады. 2020-жылы арты-артынан кеткен акындар: Эрнис Асек уулу, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов тууралуу өткөн чакта айткысы келбестигин, алар арабызда тирүү экендигин айтып, жолдошумдун «Башат» ырындагы “Келди” дебе/, “Кетти” дебе эч качан/, мен боломун жана бармын, болгонмун» деген саптарын эске салып, көзгө жаш айлантты…
Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Зайырбек менен Эрнистин ырлары казак тилинде которулуп жатат»
Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы, Эрнисти оозунан түшүрбөй, чыгармачылыгын жайылтып келаткан жолдошумдун Нукеси — Нурлан Калыбеков өз сөзүндө Султан Акимович ТҮРКСОЙго жетекчи болуп келгени кыргыз адабият, маданиятын түрк дүйнөсүнө кеңири жайылтканын, жакшы иштеп жатканына токтолуп, ийгилик каалады. Анан котормого өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Аны менен катар авторлорду куттуктап, Эрнис менен Зайырбектин ырлары казак тилине которулуп жатканын айтып бизди кубантты.
Авторлордун ыраазычылыгы…
ТҮРКСОЙдун максаты, багыты…
Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын, рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө, жайылтуу максатта Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. Түрк кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте ишмердүүлүгүн жүргүзөт жана ЮНЕСКО, ИСЕСКО менен кызматташат.
Назира СААЛИЕВА