Бүгүн (21-ноябрда) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракеси Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленди.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, ТҮРКСОЙ Жазуучулар союзунун төрагасы Улугбек Есдаулет, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты.
Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, Акылбек Жапаров өзгөчө балдар адабиятын өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын дүйнөлүк тилдерге жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуу керектигин билдирген.
Ошондой эле жазуучу-акындарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары тапшырылды.
“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү:
Тарыхка кылчайсак…
Жазуучулар союзу качан түптөлгөн?
КРнын Улуттук жазуучулар союзу — Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму. 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган. Буга ВКП(б) БКнын 1932-жылы «Адабий көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү» токтому себеп болгон.
Көркөмдүк деңгээли жогору, элдик философияга ишенимдүү негизделген, нускалык идеяларды камтыган, чыныгы тарыхый жана нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүү, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу, башка адабияттын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүү ж. б. Жогорку башкаруу органы — съезд. Анда башкарма шайланат. Ал төраганы, секретариатты шайлайт, пленумду, съездди чакыра алат. Союздун 1-съезди 1934-жылы, 13-съезди 2004-жылы өткөн. Ошол эле жылы Улуттук макам алган.
Союзда поэзия, проза, драматургия, сын жана адабият таануу, балдар адабияты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын ж. б. секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарында бөлүмдөр иштейт. СССР адабий фондусунун кыргыз бөлүмү, көркөм адабиятты жайылтуу бюросу, «Арашан» чыгармачыл үйү союзга караштуу болгон. Убагында “Ала-Тоо”, “Литературный Киргизстан” адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдары, “Кыргызстан маданияты” гезити чыгып турган. Учурда «Жаңы Ала-Тоо» журналы чыгат.
Мамлекет карызын быйыл кечти!
Калыстык үчүн айтып коюу керек, Жазуучулар союзунун 17-жетекчиси Нурлан Калыбеков жакшы иштеди. Ал бул кызматка келгенден бери союздун бардык карызын кечтиргенге, акын-жазуучулардын китебин чыгарууга чуркап, максатына жетти.
Себеби, быйыл мамлекет союздун бардык карызын кечип, адабиятка көңүл буруп, каражат бөлдү, тагырагы, 15 миллион сом бөлүп берген. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 50 китеп жарык көргөн.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Көзү өтүп кеткен 100 акындын чыгармаларын аудиого түшүрөлү деп турабыз»
Быйыл имараты да оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул боюнча азыркы жетекчи Каныбек Иманалиевдин «Кыргыз Туусу» гезитине берген маегинде мындай деген: «Жазуучулар союзунда Нурлан Калыбеков төрага болуп турганда Президенттин колдоосу менен имараты оңдолгон экен. Быйыл союз имаратынын кире беришине акын, жазуучулардан чыккан Кыргыз эл баатырларынын, Жазуучулар союзунун мурдагы төрагаларынын сүрөттөрүн илдик. Бир кабинетибизге союз сайтын, студиясын ачтык. Санариптин доору болуп жаткандыктан буюрса жаңы жылга чейин көзү өтүп кеткен 100 акындын чыгармаларын санариптештирип, аудиого түшүрөлү деп турабыз».
Карагылачы: кандай гана акын-жазуучулар жетектеген!
Жазуучулар союзун атактуу адамдар жетектеген. Кимиси кандай иштеп, кандай жетекчи болгону боюнча айтылып, жазылып эле келе жатат…
- А.Токомбаев (1934—37-ж.ж.);
- Т.Үмөталиев (1937—40-ж.ж);
- А.Токомбаев менен К.Баялинов (1944—54-жылга чейин алмак-салмак жетектеп турган);
- А.Салиев (1954—1960-ж.ж.);
- Т.Абдумомунов (1969—1971-ж.ж.);
- Т.Аскаров (1971—1986-ж.ж.),
- Ч.Айтматов (1986—1991);
- А.Жакшылыков (1991—1995-ж.ж.);
- Ж.Мавлянов (1995—1996-ж.ж.);
- Н.Алымбеков (1996—2004-ж.ж.);
- Ж.Садыков (2004—2006-ж.ж.);
- А.Өмүрканов (2006—2007-ж.ж.);
- О.Султанов (2007—2009);
- А.Алымбаев (Баяс Турал) (2009—2011-ж.ж.);
- Ч.Абыкеев (2011-2014-ж.ж.).
- А.Рыскулов (2014-2019-ж.ж)
- Н.Калыбеков (2019-2024)
- К.Иманалиев (2024-жылдын апрель айынан бери)