Мелис ЭШИМКАНОВ: “Футбол — спорт падышасы”
2005-жылдагы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Мелис Эшимкановдун бул тарыхый сγрөтγ кечээ, 6-декабрда, сγрөт көргөзмөсүндө илинип, көпчγлγктγн көңγлγн бурду. Мезгил менен кошо катып калган бул сγрөткө 19 жыл болсо, Мелис байкеден ажыраганыбызга 13 жыл болуптур…
Депутаттар футбол ойноп болуп, дем алып отурганда, Мелис байкеден бир журналист футбол боюнча оюн сураса, “Футбол — спорт падышасы” дептир… Садыр Жапаров агездеги “спорттун падышасы” болсо, азыр Кыргызстандын падышасы болуп отурат. Кечээ (6-декабрда) туулган кγнγ болуп, куттуктоолорго курчалса, биз Мелис Эшимкановду эскердик… Сүрөт көргөзмөсү ошол иш-чарада көрсөтүлдү…
Иш-чара дегенибиз, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалымат системалары факультети Кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгы, Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө арнап «Мелис Эшимкановдун журналистиканын өнүгүшүндөгү орду жана ролу» аттуу илимий-практикалык конференцияны уюштуруп өткөрүштγ. Ошол жерден Мелис Эшимканов атындагы фонд студенттер арасында жарыялаган сынактын жеңγγчγлөрγнө сыйлыктар тапшырылды.
“Байкем бир жаралган, эч кайталангыс киши болуптур. Жүрөгү тоодой эле, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле…” деп карачечекей иниси Эрнис (Асек уулу) жазып кеткендей, кыска жашоосундагы өрт өмγрγн 19 мγнөттγк тасмага сыйдырган, «Мелис менен Эрнис» китебин тγзгөн, дегеле бир туугандарга арналган иш-чараларга кол кабыш кылып келаткан белгилγγ мыкты журналист, котормочу Данияр Исановдун мыкты тартылган бул даректγγ баянын көрγп алалы…
Тилектеш ИШЕМКУЛОВ: «Слова – Бог, Бог — слова…»
“Мелис журналист болгону менен атасы врач, апасы медайым болуптур” деп К.Карасаев атындагы БМУнун профессору, кадырман курактагы Тилектеш Ишемкулов агайыбыз сөзγн Мелис Эшимкановду жарык дγйнөгө алып келген ата-энесинен баштады.
Атабыз тууралуу Мелис байкенин айтканын кыстара кетели:
“Атам Асектин (кичинесинде эркелеткен ысымы менен калыптыр) кесиби терапевт. Казарман, Нарын, Ат-Башы, Сокулук ооруканаларын башкарган. «Кыргыз энциклопедиясында» медицина жана биология редакциясын жетектеген атактуу профессор А.Алтымышевдин «алтын бальзамын» жаратууга үлүшүн кошкон. Советтик медицинанын чордонунда жүрсө да, тамыр кармаган табыпчылыгы менен далай оорукчандын сообуна калган шайыр, карапайым, бунтарь мүнөз, атүгүл Брежнев бийлигин сындаган диссиденттик көз карашы үчүн ЦКнын каарына калган жайы бар адам эле”. (“Бишкек таймс” гезити, 2004-жыл)
Тилектеш агай Мелис Эшимканов, саясатта болобу, журналистикада болобу, мыкты болгонун, сөз эркиндигине эбегейсиз эмгек, журналистиканын өсγп-өнγгγшγнө ат көтөргγс салым кошуп кеткенин баса белгиледи. “Слова – Бог, Бог — слова” деген орустардын жакшы сөзγ бар. Сөз Кудайдан берилген касиет, аны пайдалана билип, элге жеткире билγγ да чоң талант. Ошондой талант Мелисте бар болчу.
Ал адамдын жан дγйнөсγнө эволюция эмес, революция жасай алды. Калктын аң-сезимин өзгөрттγ. Эл кууп окуй тургандай гезит чыгарды. “Асабага” Кеңеш Жусупов, Салижан Жигитов, Чоюн Өмγралиев, Кубат аке (Кубатбек Жусубалиев), Кимбайке (Төлөгөн Карыкеев), Кубан Мамбеталиев, Эсенбай Нурушев, Тγгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Мамат Сабыров, Султан Раев, Бакыт Орунбеков, Кубат Чериков, Калык Ибраимов, Талант Конокбаев, Азимжан Ибраимов, Жыргалбек Касаболотов аттуу кγчтγγ адамдарды айланасына чогултту. Мына, ушундай мыкты адамдарды бир жерге чогултуп иштетγγ оңой эмес! Бул эмне деген шумдук?.. Анткени ал талант, мыкты уюштургуч. Ушундай адамдардын ысымын, эмгегин биле жγрγγ γчγн ушундай иш-чара болуп турганы жакшы. Анткени болочоктогу журналисттерге мастер-класс болду деп койсок болот. Бγгγнкγ илимий конференцияны уюштурган Мелистин келинчеги Аселге рахмат! ” — деп сөзγн аяктады.
Эсенбай НУРУШЕВ: «Алгач “Асабада” γч гана киши болгон…»
Андан соң “Асабада” иштеген журналист, публицист Эсенбай Нурушев агабыз Мелис байке чогулткан биринчи командасында өзγнөн башка “Асабада” γч гана киши: Салижан Жигитов, Чоюн Өмγралиев, Калык Ибраимов болгонун, алар кысымы жок, эркин жазганын айтып берди.
“Советтер Союзу кулап, эгемендγγлγк келгени менен элден эски ойлор, эски адат кала элек кез эле…
Анан Мелис “Асабаны” чыгарып, сөз эркиндигин 100 пайыз эмес, 101ге бурду. Эч нерседен коркпой биздин курч, мурч макалаларыбызды гезитине басып чыгарып турду. Агезде мындай макалаларды эч ким гезитине чыгарчу эмес.
Аскар Акаевди сындаган да биз болдук. Биздин сын макалалар элге аябай жакты… гезитибиз эл оозуна бат алынып, окурмандардын ордосуна айланды. Редакцияга каттар да, эл да агылып келе баштады. Мына, Мелис ушундай мыктылыгы, жаратмандыгы менен элдин аң-сезимин ойготуп, артынан элди да, саясатчыларды да ээрчите алды. Жаткар жери жайлуу болсун!” — деди агабыз.
Кубат ЧЕКИРОВ: «Мени «Кут Билимге» Эшимканов алып келген»
Бир кезде “Асабада” иштеген, учурда «Кут Билим» медиа борборунун директору болуп эмгектенип жаткан Кубат Чекиров “Тγндγктөн тγшкөн редактор” атыккан Мелис Эшимкановдун, «Жаштык жарчысы» гезитине редакторлук талаш болгондо, кандай акыл менен гезитти жетектеп калганын айтты.
«Мелис Эшимканов «Жаштык жарчысынын» редакторлугуна талапкерлигин койгондо, атаандаштары эшик, терезесин бекитип редакцияга киргизбей койгон учурлары да болгон. Акылы менен утуп чыгып редактор болгон. Жеңилип калгандар “Түндүктөн түшкөн редактор” деп макала жазып чыгышкан. Ал гезит кийин «Ленинчил жаш» болду, аны «Асабага» айланткан да Мелис Эшимканов болгон. Ал курч, мурч жазган журналист, жаңыча ой жγгγрткөн менеджер, маркетолог, новатор болгон. Адамды кантип иштетишти да жакшы билчγ.
Бир жолу Мелис Эшимканов чет жакка командировкага кете турган болуп, Каныбек Иманалиев, Азимжан Ибраимов, Бакыт Орунбековдун атын атап, γчөөнγн кимиси гезитти жакшы чыгарса редактор болорун айтып койду эле, тимеле γчөө биринен бири ашып гезитти жакшы чыгарган.
«Асаба» жакшы окулгандыктан ошондой гезит чыгарууга далалат жасагандар да, Мелис Эшимкановду туурап жазам дегендер көп болду, бирок, окшошподу… Эч качан окшошпойт деп эле кесе айтат элем. Анткени журналисттин өзγнγн стили, гезиттин жγзγ болот.
Мелис Эшимканов редакцияда иштеген журналисттердин социалдык абалын көрө билген, ага көңγл бура турган адам болгон. Мамат Сабыров, Жолдошбек Зарлыкбеков жана башка дагы бир топ кол алдында иштеген журналисттерге γй алып берген. Бир тобун мамлекеттик кызматка да орноштурду. Мисалы, мени “Кут Билим” гезитине алып барган, ошондон бери ошо жерде иштеп келатам.
Мелис Эшимканов “Бей-бечаралар” партиясын тγзγп саясатчыларды да артынан ээрчите алды. Бийлик да, эл да эсептеше турган “Асаба” гезитинде иштеп калганыма сыймыктанам. Басма сөздγн баркын да, наркын да көтөрγп, сөз эркиндигине чыйыр жол салып кеткен Мелис Эшимкановдун эмгегин унуткарбай ушундай иш-чара өткөрγп жаткан Аселге узун өмγр каалайбыз”…
Гγлзада СТАНАЛИЕВА: «Мелис Эшимканов жаратман болгон»
Андан кийин окутуучу-мугалимдерге сөз берилди. Кыргыз-тγрк «Манас» университетинин доценти, акын Гγлзада Станалиева Кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараны укканда алгачкы илимпоз-агартуучуларын, кыргыз журналистикасынын көч баштоочуларын эстегенин айтып, аттарын атап, эне тилибиздин жоголуп баратканына кейиди.
«Силердин Бишкек мамлекеттик университети ысымын алып жүргөн Кусеин Карасаев, Мустафа Акматов, Ишеналы Арабаев, Сыдык Карачев, Чыңгыз Айтматовду жана «Эркин-Тоо» гезитинин тун редактору Осмонкул Алиевдин эрдигин эстедим. Ушундай мыкты адамдардын макалаларын окуп алигүнчө тамшанып келебиз. Себеп дегенде алар нукура кыргыз тилинде жазышкан. Ушундай нукуралык кийинки муун Мелис Эшимкановдо бар болчу. Анткени ал мыкты команда топтой алды. Тилектеш агай аларды атап өттү го…
«Журналистика башка кесиптерден айырмаланып сөз кадыры, сөз касиетин талап кылат эмеспи!» деп Мелис байке айткандай, журналист кесиби башка кесиптен бийик тургандыктан сөз менен иштөөнү билиш керек! Азыр чындыгында адабий агартуучулук, Мелис байкедей жоктон бар кылган медиа-жаратман жок. Ал киши жаратман эле…
Байыркы тилди кантип сактап калыш керек деген суроо ачык бойдон калууда… Азыр жаштардын көбү орус, англис тилдеринде сүйлөшөт, социалдык тармактарга бир нерсе жүктөсө да ошондой… Албетте, көп тил билгени жакшы, бирок, эне тилин билбегени жаман да?! Эне тилдин жоголгону, улуттун жок болгону да» деп кейий кеп салып келип, анан иш-чара 8-декабрь — радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө да арналган экен деп телерадиодо иштеген журналисттерди куттуктап, бир кезде Мелис Эшимканов да КТРди жетектеп кеткенин эске салды.
Сыйлыктар… «Мелис менен Эрнис» китеби…
Иш-чара этегинде Мелис Эшимканов атындагы фонд тарабынан студенттер арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Сынактын быйылкы жеңүүчүсү – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык журналистика жана медиакоммуникация бөлүмүнүн студенти Гүлнура Салиева болду.
Ыр сынагы боюнча 1-орунду Кыргыз-түрк “Манас” университетинин 1-курсунун студенти Марлен Корошев, 2-орунду Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Кеңешбек кызы Үммүгүлсүн ээледи.
Эссе боюнча 3-орунга эки студент жеңүүчү деп табылды. Алар: Кыргызстан эл аралык университетиндеги Журналистика факультетинин 2-курсунун студенти Луиза Алмазбек кызы менен И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникация бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Камчыбек Атамбеков. 2-орунга да эки жеңүүчү чыкты, алар: Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика факультетинин студенти Ажар Кеңешбекова, Ош мамлекеттик университетинин студенти Жунус Асеков.
Видеоматериалдар боюнча сынакка да эки орун берилди. И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникация бөлүмүнүн студенттери: Гүлнура Салиева, Жасмина Турганбекова 1-орунду, 2-орунду Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика факультетинин студенти Азиза Үсөнова ээледи. Бардыгына Грамота (айрымдарына акчалай сыйлык) жана «Мелис менен Эрнис» аттуу китептер тапшырылды.
Мелис Эшимканов атындагы фонддун жетекчиси, Бишкек мамлекеттик университеттин (БМУ) Журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын башчысы Асел Эшимканова жеңүүчүлөрдү куттуктап, илимий-практикалык конференцияга сүйлөп катышып берген жана келген жалпы конокторго рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле 8-декабрь — радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен телерадиодогу журналисттерди куттуктады.
Кыргыздын залкар акыны Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп айткандай, жакшыны жакшы деп, мыктыны мыкты деп, эмгегин эскиртпей, эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!
Назира СААЛИЕВА