Элеттик акын
69-кышты тосуп аткан элеттик акын Алмазбек Молдогазиев. Маектешибиз 30 дептер ыр жазып койсо да, өзγн акын деп эсептебейт. Айтымында, эргγγ (илхам) келип калганда жаза коюп келататкан элеттик акындын ырларын, урматтуу окурмандар, «поэзия эрежелерине» салып талдап жибербей, жан дүйнө жаңырыгы катары окуп коюңуздар…
— Канча жашыңыздан жазып баштадыңыз ырларды?
— 5-класстан… ошондон бери жаза берип, ырларым бир топ болуп кетиптир. Ата-энем жөнүндө — асыл адамдарымдын жайлоодо өткөргөн кγндөрγн көп жазгам. Жайлоону билесиңер да… Суук. Кыйынчылык… Ата-энем тоо-ташта жγрγп эле өтγп кетти. Арман кылып жазып жатам… Балалыкка кайтып барып, тоо-ташты, жайлоону аралап, жаратылышка суктанып, таза абада баскым келет. Ата-энем менен өткөн кγндөрдγ сагынам… Апам жапкан нанды, жасаган тамагын сагынам…
Апамдын кызыл көйнөгγ
Апамдын кызыл көйнөгγ,
Айрылбай дале жγрөбγ?
Өтсө да апам дγйнөдөн,
Калыптыр, апа, көйнөгγң.
Жаш алдым көзгө көргөндө,
Жарашчу, апа, өзγңө.
Жайлоонун кызыл гγлдөрγ,
Опокшош болчу көйнөккө.
Калыптыр γйдө көйнөгγң,
Сактаптыр аны бөбөгγм.
Өтсө да эчен жыл азыр,
Өчпөптγр өңγ көйнөктγн.
Апакем ай, кызыл көйнөгγң,
Жакыны болду жγрөктγн.
Алтыным апам, өзγң жок,
Көп болду, апа, өлгөнγң…
Энем кγткөн жаз
Энекебай, мынча неге кγттγң жазды,
Эстейсиң кээде туруп кыз чагыңды.
Шамалдай өчγп кеткен бул өмγрдγ,
Байкабай калдың бекен ай, энекебай!
Оорулуу болуптурсуң бала кγндөн,
Кγткөнсγң Кудайдан — жакшы γмγттөн.
Азаптын бардыгына чыдап эне,
Бир гана өзγң болдуң жалгыз тγткөн.
Чоңойттуң баарыбызды катар төрөп,
Кетчγсγң эмнегедир кээде тγтөп.
Атамдын кыялын да жашырчусуң,
Таянган тоо болчусуң ага жөлөк.
Энекебай, жазды кγттγң тоого чыгып,
Болчубу тигил тоолор сага жөлөк?
Жаз болуп, жаздай болуп өтγп кетсең…
Бул гана баарыбызды өкγндγрөт.
Тирγγсγңөр…
Оо, ата, оо, энеке, өлбөпсγңөр,
Карасам тоодо жγрөт карааныңар.
Ата-энем кой четинде дале жγрөт,
Тоо болуп өмγр бою жγргөнγңөр.
Энекем отун жагат очогуна,
Казанда бышкан өңдγγ калама да.
Уюн саап, айран жаап энем жγрөт,
Тоо болуп көк булактын арасында.
Ишенбейм бγгγн атаң өлдγ десе,
Ишенбейм бγгγн энең өлдγ десе.
Өлгөн жок алар тоодо жγрөт деймин,
Келет деп мени тоодо кγтөт деймин.
Атаке, тирγγсγңөр тоодо элесиңер,
Энеке, сендей көрөм тоонун этегин.
Азыр да баягыдай мал кайтарып,
Сураса, алар тоого кетти деймин.
— Байкашыбызча, алгачкы ырыңыз да ата-энеңизге арналса керек?
— (Кγлγп) Жо-ок, кайдан?! Агезде курсак ток, кийимиң бγтγн, эч нерседен кем кылбаган ата-энем маңдайымда… телегейим тегиз, бактылуу учурда «баланын көөнү талаада» болду да… 5-класстан баштап ыр жаздым деп айтканымдай, ошондо бир кызды жакшы көрγп калып, “Кайдасың сен?» деп ыр жазгам…
— Анда жубайыңыз ошо кыз эмеспи?
— Жок. Ал эми бала кездеги сезим да… Жубайым Ысык-Көлдγн ак куусу — Үмγткан Ыманбекова. Темировка айылынын кызы. Мени менен тең, 1954-жылкы. Жадыраган жазда, 22-майда туулган. Меники — 27-июнь. Бостери айылында турабыз. Үч баланын, он неберенин чоң ата, чоң апа, таята-таянеси болдук. Албетте, жубайыма, неберелериме арнаган ырларым да көп.
Неберем
Кγчγгγм менин энчилеп койот,
Эркелеп мени тебелеп ойнойт.
Элжиреп кетет эт жγрөк деген,
Баладан да небере таттуу экен.
Таттуусун билет чоң ата, чоң апа,
Жайдагы бышкан кыпкызыл алча.
Алдыңа кетсин атакең сенин,
Небере деген ушундай экен.
Сагынткан мени неберем экен,
Энең сенин алдыңа кетер.
Быйтыйган колду мойнума ороп,
Балкыткан мени теңирим экен.
Бактылуу болчу келечек кенен,
Жолобой качсын жамандык деген.
Атакең кетсин алдыңа сенин,
Ак батам тийсин алдыңа кетем.
***
Кыялыңдан кыйла жашым жашарып,
Кайда болбо жγрөм сага жалынып.
Таятаңдын сага деген тилеги,
Кыдыргансыйт кыял менен жер шарын.
Эрмегисиң атаң менен апаңдын,
Шооласысың атып келер ак таңдын.
Сагындырып санаамда бол каралдым,
Жакшынакай баягыдай заманын…
Сен бар кезде γйγм толуп кγлкγгө,
Бөлөп коюп сезимимди Ай-Кγнгө.
Кылыктарың кытыгылап жγрөктγ,
Бир башкача көрγнөсγң көзγмө.
Асман ачык кγндγн тийип илеби,
Тийсе деймин кыргызына кереги.
Аман болчу мен тагдырдан суранам,
Жылдыз болуп жанчы кызым береги.
Элнура кызым Кеминге келин болгон. Кудам Тынчтык, кудайыгым Зууракан. Кызымдын тун кызы — Кымбат. 2014-жылы Кымага (баарыбыз ушинтип эркелетебиз) арнап мындай деп ыр жазгам:
Кымбатым (небереме)
Тагдырдын билбейм жазганын,
Кγттγрγп келдиң Кымбатым.
Кγтγγсγз келген бакыттай,
Үйγнө келдиң атаңдын.
Санагын санап айлардын,
Чыккандай айдан карааның.
Ак бешик терметип аярлап,
Карааны жγрөт апаңдын.
Эсиме тγшөт жаздагым,
Ыңаалап ыйлап калганың.
Капамды менин таратып,
Келипсиң кызым Кымбатым.
Жылдыздай жанып жанганың,
Келгендей бизге бакытым.
Кγттγрдγң бизди далайга,
Кγттγрγп бизди Кымбатым.
Акын деген сезимтал болот экен, бардыгын жγрөккө жакын алып, көргөнγн жаза берет тура. Ыр тγрγндө баары эле жаза бербейт. Эми мен өзγмдγ акынмын дегенден алысмын. Кайгырганда, кубанганда уйкаштыктар келип калганда жазып коем. Бирөө жарым өтүп кеткенде, өзгөчө кенедейиңден бирге чоңойгон кишилер, жакын адамдарыңды жоготкондо катуу кайгырат экенсиң… Анан алар арман ырга айланып, 96 барактуу бир общий тетрадь жазып коюпмун. Кубанганда жазган ырларым да бир топ. Ар бир неберем төрөлгөн сайын кубанып ыр жаздым. Ушундай ширин неберелерди тартуулаган Жаратканга шγгγр деп жубайым экөөбγз γйдө олтурабыз. Жубайыма да мындай деп ыр жазгам:
Үмγткан
Тγндөр пайда, эй жаштыгым, тγн баткан,
Жолукту экен кайсыл кγнγ Үмγткан?
Кээде ыраазы, кээде болсом капа да,
Жар кылыптыр тγбөлγккө жараткан.
Кээде калам жолдорумдан адашып,
Сени менен бирге басып баратып.
Азга кетсек алысыраак өзγмдөн,
Сагынарым сен болосуң, Үмγткан.
Үйдγн куту аял дешет эмне γчγн,
Алар барда куту кетпейт төрγңдγн.
Элжиреп тереземди карасам,
Куту экен алган жарым Үмγткан.
Жылдар өтγп улгайып биз баратабыз,
Куштар кетет кγз келгенде кабарсыз.
Баламдын амандыгын биз тилеп,
Үйдө отурат γмγтγбγз Үмγткан.
— “Жаман чыкса келиниң – өз уулуңа өгөйсγң, жакшы чыкса келиниң – уулуңду кайра төрөйсγң” деген кыргызда жакшы макал бар эмеспи. Келиндер, балдарыңыздар ойдогудай чыктыбы?
— Абдан жакшы макал. Ата-бабаларыбыз бардык кыймыл-аракетти, адамдын кулк мγнөзγн, кылык-жоругун макал менен айтса, акындар ыр менен айтат эмеспи. Менин да ошондой ырым бар, ал мындай:
Жаман чыкса балдарың
Ооруйт жγрөк жаман чыкса балдарың,
Анда эле жерди гана карайсың.
Жети өмγрγң жерге кирет кагылып,
Тарта берип балдарыңдын азабын.
Жакшы чыкса эгер сенин балдарың,
Болбойт экен жγрөктөгγ арманың.
Эл ичинде жакшынакай сөз болуп,
Жакшы эмеспи көтөрγлγп калганың.
Тентек чыкса таш ыргытып чатырга,
Кераяктуу сөз айтат кошуна.
Баягынын баласы деп кеп кылса,
Жерге кирет жети өмγрγң заматта.
Ыйман берсин балага да, кызга да,
Отурбасын ата-энелер сызга да.
Аз өмγрдγн сыйын көрγп өтөлγ,
Жакшы деген сөз калтырып артыңа.
— Балдарыңызда сиздей ыр жазгандары барбы?
— Эч кимиси. Баары ар башка кесиптин ээси. Менин деле кесибим зоотехник, Сельхозтехникумду аяктагам.
— Азыр эмне менен алексиз?
— Эл катары тиричилик менен. Анын ичинде китеп окуп калам. Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун “Ырдалып бγтпөйт махабат” деген китебин барактап бγтγп, эми 14 томдугун окуп жатам. Анда махабат, өмүр, өлγм, ыйман тууралуу ырлар, мемуардык баян, аңгемелер, ой толгоолор жана Курандын ыр түрүндөгү котормосу жазылыптыр.
— Демек, Надырбек Алымбековдун ырларын жактырасыз?
— Эми мен окубаган кыргыз акындарынын китеби калган жок. Надырбек Алымбековдун соңку ырларын окуп, өзүмө табылгаларды таптым. Жаш кезде айтылуу акын Алыкул Осмоновдун ырларын таасирленгем. Негизи Бостеринин китепканасынан 5-6 китеп алып келип окуйм, кайра жеткирем. Ар биринен тапкан табылгам көп…
— Бγгγн ошол алп акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн, алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жарык дγйнөгө келген кγнγ, билесиз да?
— Албетте. Бири залкар акын, бири залкар жазуучу. Бири поэзияда, бири прозада керемет чыгармаларды жаратышты да… Айткандары да, жазгандары да баарыбызды ойлонткудай эле… Бирок, Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны – кγн сайын адам болуу” деп айтканы бар го, азыркы заманда ушул нерсе абдан кыйын болуп баратканына кейип кетем…
— Ушул улуу таланттарды, дегеле, кыргыз адабиятынын мыктыларын унутпайлы деп 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп жарыяланбады беле бизде. Сиз дагы чыгармачылык түйшүгүндө келаткан экенсиз, бγгγнкγ майрамыңыз менен анда!
— Рахмат! Мен дагы учурдан пайдаланып жалпы акын-жазуучуларды бγгγнкγ майрамы менен куттуктайм! Улуулардын жолун улап, уучубуз куру болбой, жарык чыгармалар жарала берсин ылайым…
Маектешкен Назира СААЛИЕВА
P.S. “Төрт мезгилдин өз кооздугу бар” деп бардык мезгилди жактырган элеттик акыныбызга биз кардай аппай ойлорду, узун өмγр, бекем ден соолук каалайбыз! Калемиңиз жорголой берсин!