ТОЛУК БЕК БАЙЗАК: «Эрнис ойчул, интеллектуал акын болчу»

ТОЛУК БЕК БАЙЗАК: «Эрнис ойчул, интеллектуал акын болчу»

Эрниссиз 5 жыл…

Котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) 5 жыл мурун, 29-январда тγбөлγк уйкуга кетип, сыздатты эле…. Көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилип, экинчи өмγрγндө жашап келатат.

Беш жылдан бери эскерγγгө чакырып, жолдошумдун чыгармачылыгын чыгарып, жайылтып келаткан кесиптештерге, эскерγγ жазып, эстеп келаткан жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем!

Мына, бу жолу дагы бир топ эскерγγ, бир топ ыр жакшы адамдардан редакциябызга келип тγштγ. 3 кγн (29-январда каза болуп, 31-январда жерге берилген) сайтыбызга жарыялайбыз!

Төмөндө белгилүү акын, котормочу Толук Бей Байзактын эскерγγсγ…

«Эрнистин өтүп кеткенине ишене албай жүрдүм»

Эрнис жөнүндө эскерүүнү эң кеч кечигип жазгандардын бири мен болдум окшойт. Бул өзү жалкоолук же кайдыгерликтен эмес, тескерисинче, мен алиге чейин Эрнистин өтүп кеткенине ишене албай жүрдүм. Кечээ эле жаныңда жүргөн адамдардын заматта жок болуп кеткени көп учурда зээниңди кейитип, акылыңды алып койот экен. Дагы эле Бишкектин көчөлөрүндө кетип баратканда «Кандай, Токе?» деп алдыман чыга калчудай сезиле берет.

Эрнис менен алгач 1989-жылы, күзүндө Кыргыз филологиясы менен журналистика факультетинин студенттери жаткан онунчу жатаканада жолугуштум. Ошол жылы жатаканадан орун тийбей Кызыл-Аскерде квартирада жашап жүргөн кезим эле.

Бир күнү жатакана жакка барып калсам, ыраматылык таланттуу акын агабыз Барчынбек Бугубаев жолугуп калып, жанындагы эки жаш жигит менен тааныштырып калды. Көрсө, ошол жаш жигиттердин бири — Эрнис Асек уулу болсо, экинчиси — Жыргалбек Касаболотов экен. Бакем (Барчынбек) аларды мактап, экөө тең таланттуу жаш акындар экендигин, келечекте мыкты акындардан боло тургандыктарын айтып, ошол жерден экөөнө ыр окутуп кирди. Экөө тең тартынбай эле ыр окуп киришти. Ошентип баарыбыз бир-экиден ыр окуп, таанышып калдык. Ал кезде бизде ошондой салт болор эле. Кээде абдан толкунданып кетип пиво ичкени да жөнөп кетчүбүз. Андан кийин эмне болгону эсимде жок, бирок ошол күндөн баштап жакшы тааныштардан болуп көрүшкөн жерден ыр окушуп, адабияттан, болгондо да дүйнөлүк адабияттан кеп салышып жүрдүк. Эрнистин ошол кезде эле жаш болгонуна карабай дүйнөлүк адабияттан кабары бар, көп окуган, көп изденген талант экенин байкап калгам. Өзгөчө чыгыш адабиятынан көп кеп салып калчу. Ошондо эле Басе, Ясунари Кавабата, Исикава Токубоку жана Рабиндрат Тагорлордун чыгармачылыгынан кеп салып таң калтырчу. Ал эми университеттин дубал гезити Эрнистин эмгегинин аркасында гана абдан кызыктуу болуп чыкчу эле.

Ошол кезде Эрнис менен Жыргалбек экөө эгиз козудай болуп ээрчишип эле жүрүшчү. Экөө тең университетке бардык жагынан даяр келишкендей, кадыресе чыгармачылык жактан жетилген инсандардай эле туюлчу. Эрнис өзгөчө сезимтал, жапакеч, кыялкеч адамдай таасир калтырган. Жыргалбек Эрнисти «Даос» деп атап койор эле. Анткени Эрнистин Дао философиясына көп кызыкканынан болсо керек деп ойлочумун. Андан сырткары, Конфуций философиясын да мыкты билчү. Кийин Конфуцийди да которуп чыкпадыбы. Ошентип Эрнис менен жакшы санаалаш, тилектеш достордон болуп калдык. Студенттик кездердин жакшы  мезгилдерин баштан өткөрдүк. Мен университетти алардан эрте бүтүп, иштеп жүрдүм. Бирок ар дайым чыгармачылык жактан байланышыбыз үзүлгөн жок. Менин да алгачкы чыгармаларым ошол кезде Мелис байке (Эшимканов) редакторлук кылган «Жаштык жарчысы» деген гезитте жарыяланып турду. Кийин гана мен чет өлкөгө миграцияга кетип, арабыз алыстап кеткендей болду. Аралык алыс болсо дагы Эрнис ошол кездеги «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп турганда байланышыбыз үзүлгөн жок. Арийне, кээде мен Мекенге келип калганда жолугушуп калчубуз. Бирок ошол кезде кээде Эрнис турмуштан чарчап жүргөндөй сезим калтырчу. Ошентсе да мурункудай эле тамашалап, каткырып күлүп сыр алдырчу эмес. Эрнис адам катары сөзүнө турган, ишенимди актаган жигит болчу. Ал адамгерчиликтүү мүнөзү менен досторунун көйгөйлөрүн өзүнө кабыл алып, алардын муңун жеңилдетүүгө аракет жасачу. Достору менен көңүл ачууда, баарлашууда да ал кызыктуу, тамашакөй жана жан дүйнөңдү эс алдырган адам катары өзгөчөлөнүп турчу. Анын сөздөрү дайыма шыктандырып, оор учурларда мага дем бергендигин унута албайм. Эрнис менен дос болуу – бул адамдык баалуулуктарды терең түшүнгөн жана баалаган адам менен жанаша жүрүү дегенди билдирчү.

Эрнистин чыгармачылыгы жөнүндө кеп салсам, ал эң ириде адабиятка болгон сүйүүсү жана берилгендиги менен айырмаланып турчу. Анын калеминен жаралган ар бир чыгарма терең мааниси жана философиялык көз карашы менен окурманды ойлондурган жагы менен кызыктуу болчу. Эрнистин чыгармаларын, өзгөчө ырларын баары эле түшүнө бербесе керек эле. Себеби аныкы интеллектуалдык деңгээлдеги чыгармачылык чөйрөгө гана багытталгандай эле сезиле берет. Эрнистин көркөм жан дүйнөсү жалаң адабияттын дөө-шааларынын чыгармачылыгы менен азыктанганын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан ачык эле айтар элем, Эрнис бул кыргыз адабиятынын асыл таштарынын бири. Буюрса, анын чыгармачылыгына кызыгып, казып чыкчулар келечекте дагы көп болот деп ойлойм. Кийинки мезгилде котормо жаатында да жакшы эмгектенди. Өзгөчө Конфуций жана «Мастер менен Маргарита» аттуу котормолору мыкты чыккандыгы адабий чөйрөдө кеңири маалым.

Эрнис менен акыркы жолугушуум 2018-жылы жай мезгилинде Бишкекте Улуттук филармонияда болду. Ошол күнү алыскы Тоолуу Алтайдан өнөрпоздор келип, концерт коюп жатышкан. Жанында келинчеги Назира да бар эле. Ошондо мага эмнегедир Эрнис мурдагыдай өзүнө келип, чыгармачылыгы толуп ташып тургандай сезилди. Мурункудай жайдары, жаркын мүнөздүү болуп, турмуштан абдан ырахат алып жашап жаткандай таасир калтырды. Мени чын дилден конокко чакырса да, зарыл иштерим чыккандыктан Ысык Көлгө кетип калган элем. Ошондо Эрниске убакыт бөлө албай кетип калганыма азыркыга чейин абдан өкүнүп келем. Кайсы бир ойчул айткандай, адам деген өлөрүн билип туруп, бирок өлбөчүдөй жашаган жандык турбайбы. Жакын адамдарың жаныңда жүрүп эле капысынан кетип калышат тура. Демейде сүрөткө жакын жаным дал ошондо Эрнис менен сүрөткө да түшүп койбоптурмун, аттиң.  Мен жаман акылымда Эрнистин жердеги миссиясы дагы узак болчудай, дагы көп жолугушуп, чер жазышып сүйлөшөбүз деп ойлоп жүрчү экемин. Бирок анын ай аалам баткан жүрөгү эрте чарчап калгандай, өзүнүн «Сагындым» деген ырында «Өмүр сени, Өлүм сени сагындым» деп табышмактуу жазганындай өлүмдү эрте сагынып койгондой сезилди…

Акырында эмне демекчимин, Эрнис достун өмүрү кыска болуп калды.  Эми баралына келип чыгармачылыгы толуп ташып турганда шум ажал алып кетти. Дагы көптөгөн жазылбаган чыгармалары, айтылбаган асыл ойлору ичинде кетти. Жан досу көккө жагып, дене досу жерге жаксын демекчимин. Бирок өзү кетсе дагы артында элесин унуттурбаган асыл жары Назира калган экен. Назиранын эмгеги опол тоодой. Ар бир азаматка ушундай асыл жарлардын туш болуусун каалар элем. Эрнис жок болсо да элесин өчүрбөй, аны ар дайым жоктотпой эскерип келет. Муну өзү чоң эрдик эмеспи. Эми калган өмүрүн асыл жарына, балдарына берип, жаткан жери жайлуу, жаны жаннаттык болсун.

ТОЛУК БЕК БАЙЗАК

2021-жылдагы эскерүү

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.