Байымсыз 5 жыл…
Котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) 5 жыл мурун, 29-январда тγбөлγк уйкуга кетип сыздатты эле… Кычыраган кышта кайрылбас жакка кетти эле… “Кайрадан кыш. Ушинтип өтөт кγндөр. Ушинтип өтөт жылдар” деп жолдошум жазгандай, γшкγрγк менен ушинтип кγндөр, жылдар өтγγдө…
Байымдын көзү өткөндөн бери өзү да, сөзү да, эмгеги да эскерилип, экинчи өмγрγндө жашап келатат. Беш жылдан бери эскерγγгө чакырып, жолдошумдун чыгармачылыгын чыгарып, жайылтып келаткан кесиптештерге (массалык маалымат каражаттарына), эскерγγ жазып, эстеп келаткан жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем! Ар бириңиздердин эскерγγңγздөр баалуу… ар бириңиздердин жазганыңыздарды жашык жаным ыйлап окуйм… Баарыңыздардын эскерγγңγздөр “Эрнис Асек уулу” аттуу китепке кирди. Бул китеп да буйруган кγнγ чыгып калаар…
Мына, бу жолу дагы бир топ эскерγγ, бир топ ыр жакшы адамдардан редакциябызга келип тγштγ. 3 кγн (29-январда каза болуп, 31-январда жерге берилген) сайтыбызга жарыялайбыз!
Алгач эле, кечээ, Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенип келаткан котормочу Кубантай Эрназаровдун тарыхый иши тууралуу жарыяланган эле…
Кубантай иним былтыр жайында Бишкекке отпускага келгенде мага жолугуп, Эрнис которгон Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романы менен Эрнистин «Каалга» ыр китебин алып кеткен эле. Быйыл (26-январда) «Булгаков үйү» музей-театрынын аткаруучу директору Склярова Наталья Петровнага «Мастер менен Маргарита» котормосун тапшырганын айтып, видео, сγрөттөрдγ салып кубантты. Менин колум жетпеген жерге байымдын баалуу котормосун жеткирип, кыялымды ишке ашырган иниме терең ыраазычылык билдирем! Кечээтен бери биз менен кошо кыргыз эли алкап, ак батасын берип жатат. Элдин батасы кабыл болсун, алтын иним!
Кубантай иниме дагы бир өзгөчө ыраазычылыгым, «Мастер менен Маргарита» романындагы, ал боюнча тартылган тасмадагы Москванын Патриарши көлмөсγнө уулу менен барып, ал жерди тасмага тартып, китептеги маалыматтардан учкай баяндап, минтип салып жиберди…
Адамгерчилиги артыкча акылдуу, билимдγγ иним жогорку котормо жана Эрнис тууралуу эскерγγ да жазып салды… Ал жолдошумдун «Каалга» китебиндеги ыры менен башталыптыр…
Назира СААЛИЕВА
Кубантай ЭРНАЗАРОВ: «Улуу сүйүүдөн шедевр жаралат”
Бата жана бакыт кушу
Жамандарды жолуктурсам күйүнөм,
Жакшылардын сөзүн уксам сүйүнөм…
Бакыт кушу консун бизге, Назира,
Бата алдык Байдылданын үйүнөн!
Эрнис АСЕК уулу (2013-жыл. “Каалга” китебинен)
Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы ХХ кылымдагы мистикалык жанрда жазылган шедевр чыгармалардын бири болуп саналат. Бул роман негизи мурда эле кыргызчага которулуп, өзүнчө китеп болуп чыга турган эмгектердин бир эле. Эмнегедир ушул убакка дейре которулбай келгени табышмак. Романдын өзөгү мистикалык сюжеттер жана религиялык философиянын элементтери аркылуу ачылат эмеспи, ошондуктан муну которуу котормочудан көп кырдуу дараметтерди талап кылары турган иш. Мындай жанрда жазылган чыгармаларда козголгон өзөктүк маселелерди толук аңдап түшүнүү бир окуш менен мүмкүн эмес, улам кайталап окуган сайын мурда байкалбаган жаңы жагдайлар кайрадан ачылып чыга калат. Мисалы, философиялык көз карашта жазылган жапон жазуучусу Кобо Абэнин чыгармаларын караңыз, бир окуганда супсак жазылгандай таасир калтырат, а бирок чыгарманын ичине канчалык үңүлгөн сайын анда адам жашоосуна байланышкан жаңы сырлар кайрадан ачыла берет. Демек, бул жазуучулардын чыгармаларын которуу котормочудан кошумча жөндөм-шыкты талап кыларын баса белгилеп кеткенибиз оң.
Жакында журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун котормосунда жарык көргөн «Мастер менен Маргарита» романын кыргыз тилинде окуп чыктым. Бул мен үчүн кубанычтуу көз ирмемдердин бири болду. Котормону кыргыз адабиятынын алтын сандыгын толтурган улуу эмгектердин бир десек жарашат.
Роман тууралуу кыскача кеп кылсак, андагы сюжеттер жарыш түрдө эки башка убакыт-мейкиндикте өнүгөт – байыркы Иерусалимде жана ХХ кылымдын биринчи жарымындагы Москвада.
Окуянын жүрүшү Москвадагы Патриарши көлмөлөрү тарапта башкы редактор Михаил Берлиоз менен акын Иван Бездомный Иисус тууралуу поэманы талкуулап жаткан жеринен башталат
(Патриарши көлмөлөрү – Москвадагы эс алуучу сейил бак катары бүгүнкү күнгө дейре бар, «Маяковская», «Тверская» жана «Пушкинская» метро станцияларына жакын жайгашкан). Эки адамдын талкуусунда диний ишеним менен атеизмдин ортосундагы карама-каршылыктар тууралуу сөз болот. Капыстан булардын талкуусуна өзүн чет элдикмин деп тааныштырган бейтааныш адам кошулуп, аларга Кудайдын бар экенин айтып, Берлиоздун башын аял кесип саларын айтат, бул жерде «Аннушка жерге май чачты» деген ылакап сөз тууралуу да баяндалат. («Аннушка жерге май чачты» дал ушул «Мастер менен Маргарита» романынан алынган орустардагы учкул сөздөрдүн бири. Кыргыздын «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» деген ылакап сөзүнө шайкеш келет. Басса-турса сүйлөнүп басып жүргөн Анна аттуу көр жеме катын чыныгы жашоодо Булгаковдун кошунасы болгон деп да айтып жүрүшөт. Жазуучу аны романда «Аннушка жерге май чачты» деген ылакап сөз аркылуу кошуп кеткен).
Романда үч сюжеттик линия жарыш баяндалган: шайтандын тобун жетектеген Воланддын шумдуктуу кылык-жоруктары, Мастер менен Маргаританын сүйүүсү жана алмустактан бери өзгөрүүсүз келаткан адамдын реалдуу турмуштагы көр-пенделик жашоосу.
Албетте, кээ бир окуялар автордун өздүк жашоосунан алынганы окурман назарына дароо урунат. Мисалы, СССР заманындагы адамдын чыгармачылык, илимий багыттарда өз алдынча эркин ой жүгүртүүсүнө болгон мамлекет тарабынан коюлган өкүмзордук тыюуулардын азабын автор жон териси менен түзүк эле тарткан. Романдын биринчи версиясын жок жерден өз колу менен өрттөп салбаган чыгар. Маргаританын прототиби катары Булгаковдун жубайы Елена Сергеевна Булгакованы айтып жүрүшөт.
Романда автор бу Жалгандагы чындык менен жалгандын жүзүн ачып беришке түзүк эле далалат кылыптыр. Мисалы, шайтан кейиптенген Воландды алалы. Чыгарманын баш жагында окурманга бузуку иштер менен шугулданган терс каарман катары таасир калтырат да, окуялардын андан ары өнүгүшүндө адилеттүүлүктү орнотуп, күнөө иштерди жасаган пенделерди жазалап, Мастер менен Маргаритага жардам колун сунуп жатат. Ошол эле учурда кадимки турмушта сыртынан карапайым кейиптеген пенделердин кыңыр иштери тууралуу сөз болот. Ал эми шайтандын чыныгы жүзүн көрүп, аны тезинен кармоого чакырган акын Иван Бездомныйга элдердин, атүгүл милициянын ишенбегендиги, акыр аягында байкуш психикалык ооруканага күчтөп жаткырылганы – бул Жалганда чындык чыркырайт дегенди айтып жатпайбы.
Адабий сынчы «Каждому по его вере» аттуу орус тилинде жарык көргөн макаласында «Мастер менен Маргарита» романы тууралуу төмөнкүдөй пикирин айткан: «Булгаков адамдын чыныгы жашоосу анын жердеги көзгө байкалган болмушуна толук шайкеш келбешине ишенген. Анын бул Жалгандагы жашоосунун маңызы жана максаты үчүнчү өлчөм аркылуу бааланууга тийиш.
Адам турмушунун өзөгүндө жайгашкан ар бир пенде жашоосунун маңызы жана максаты, жасаган иш-аракети гана анын баскан жолун көркүнө чыгарып турат. Жашоонун эч кандай максаты жок, бул Жалгандагы утурумдук жашоо эч кандай маңызга ээ эмес деген келегей ишенимдер пенденин ар кандай күнөө иштерге түртүп, адам жашоосунун ашмалтайын чыгарат. Бирок мунун баары – тек гана өзүн-өзү алдоо болуп саналат. Булгаков дал ушул жашоонун максаты менен маңызын аныктаган үчүнчү өлчөмдү адам аттуунун баары эле көз менен көрүп, көкүрөк менен сезе албайт тура деген жыйынтыкка келген…»
Роман өзүнө камтылган философиялык мазмунга, сүйүү менен ишенимди даңазалоо, атеисттик идеологияга болгон сын көз карашы менен белгилүү.
***
Адам жашоосу алмустактан бери бир багытта баскычтуу эмес, концентрациялык сызыкта өнүгөт. Бул эмнени билдирет? Адамдын цивилизациялык жашоосунда бир нече доорлор өткөн, доорлор доорго алмашкан. Алгачкы общиналык түзүлүш, кул элөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик, андан ары социалисттик (бул доордо мурунку СССР мамлекети жетимиш беш жылга жакын өмүр сүрдү), кайрадан толугу менен капиталисттик доорго алмашты. Ар бир доор өзүнүн коомдук-экономикалык формациясы, илимий-техникалык жетишкендиктери, кайсы бир жаңыча көз караштардын ошол доордун гүлдөгөн мезгилинде үстөмдүк кылышы, искусство жана маданияты менен гана айырмаланып турбаса, ички маңызы ошол эле – адамзаты эзелтен бери бири-бирин эзип келген. Кайсы бир уруу же болбосо улут бутуна туруп кетсе, башка элди баш ийдирип, эзип иштеткиси келген. Биздин замандын башталышында Александр Македонскийдин жүрүштөрүн алалы, андан ары бир нече доорлордон кийин ХII кылымдагы Чынгызхан түптөгөн монгол империясы, Амир Темирдин Индиянын түндүк тарабын басып алып, жергиликтүү элди аёсуз кырып, кесилген адам башын тоодой үйүп салганы, Наполеондун баскынчылык доору, Гитлердин улутчул саясаты, XXI кылымда дүйнөдө бир күн да токтобогон ар кандай согуштар – ушунун баары адамдын ички табиятында жатат, б.а., адамдын жаратылышы жогорку аң-сезим менен жырткычтык сезимдердин туундусунан куралган. Жогоруда мен айтып кеткен көр пенделер (инсан деп айтыш анча жарашпай калат) баскынчылык иш-аракетин элди, жерди өзүнө каратып алуунун кеңдиги боюнча кийин Гиннестин рекорд китебине кирели деп жасашкан жок да. Александр Македонский жер бетинде кыбыраган элди македондук гректерге кул кылып берем деп жүрүш жасаган, Чынгызхан бүткүл жер шары монголдорго малай катары кызмат кылууга тийиш деп эсептеген ж.б.у.с.
Социология илиминде адам – бул социалдык жаныбар деп каралат. Өкүнүчтүүсү адам жаратылышы жашоонун табигый маңызы менен табиятка анча шайкеш келбей калгандыгы. Адамда да жаныбарларга таандык жырткычтык, уурулук, куулук сыяктуу мүнөздөр байкалат. Кайсыл доордо жашабасын пенде ушул табиятынан танып кете албаган, ошондуктан коомдук жашоонун өнүгүшү чарпалак (суу чыгарган түзүлүш) сыяктуу бир октун айланасында тегеренип, концентрациялык сызык менен жүрөт дегеним ошол.
Романда да адамдын көр пенделик кулк-мүнөзүн ачып берген сюжеттер арбын кездешет. «Жолу болбогон коноктор» аталыштагы 18-главаны карайлы. Трамвай алдында калып, башы жулунуп өлгөн Михаил Берлиоздун Киевде жашаган тайжездеси Максмилиан Андреевич Поплавскийдин ашынган куулугун автор укмуш чеберчилик менен ачып берген. Михаил Берлиоз тирүү кезинде бир басып келбеген тайжездеси анын трагедиялуу өлүмүн укканда, Москвага шашылыш жетип келет. Албетте, анын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, топурак салганга үлгүрүп калайын деген максатта учуп жетип келген жок. Ал жашаган батирди өзүн мураскер катары тааныштырып, мыйзамдуу түрдө өзүнө ыйгарып алышка жандалбас кылып жатканы. Батирди издеп келип, ал батирди байырлап жашап алышкан Воланддын шакирттеринен өлгүдөй таяк жеп, ал жайдан араң качып чыкканы шылдың иретинде жетиштүү сүрөттөлгөн. Аттын өлүмү – иттин майрамы деген сыңар мындай көрүнүштөр адам жашоосунда азырга дейре болуп келаткан иш.
Андан ары окуя өмүрү бирөөгө кайрым кылбаган, ач көз сараң буфетчинин Воланд жашаган батирге келиши менен уланат. Эч кимге бир тыйын ашыкча бербеген, өзү да ичип-жебеген, мамлекеттин акчасын уурдап, келемиш сымал топтой берген, жатка бир рубль акчасын жедирбеген буфетчи Андрей Фокич аттуу адам Воландды атайын батирине издеп келип, өзүн ушунчалык байкуш адам катары тааныштырып Варетьенин буфетине келип түшкөн таң калыштуу акчалар тууралуу божурап, акчаларды чыныгы акчага айлантып берүүсүн суранат (Воланд баштаган көз боёмочулар тобу көрсөтүү учурунда залдагы көрүүчүлөрдүн көзүн боёп, кадимки кагазды акча түрүндө аларга тамаша иретинде бекер таркатышкан. Муну менен Булгаков акча дегенде бардыкка даяр көр пенделер тууралуу кыйытып кеткен (мындайды кыргыздар: «Акча үчүн энесин сатканга даяр» деп коюшат эмеспи).
Романда мындан башка да адамдын көр пенделигин, куулугун шылдың таризде ачып берген окуялар толтура. Кылгылыкты кылып, анын баарын шайтанга шылтай салып басып жүрүү пендеге гана таандык көнүмүш адат эмеспи.
***
Кайсы бир инсан, мейли акын-жазуучу болсун, окумуштуу, тарыхта артынан из калтырган коомдук-саясий ишмер, же башкасы болсун, улуу эмгекти жаратууда ага шык берип артында аялзаты турарын эстен чыгарбашыбыз керек. Муну көпчүлүк аңдабайт да, көмүскөдө байкалбай калып кетет. Кыргызда: «Эрди сүйөп эр кылган да, тебелеп жер кылган да аял» деген накыл кеп бар эмеспи. Мен бул жерде Эрнис Асек уулунун көзү өтүп кеткен соң, анын эмгегин жерге таштабай, «Мастер менен Маргарита» романын кыргыз тилинде жарыкка чыгышына зор мээнет жумшаган үчүн маркумдун жубайына ыраазычылык билдирип кетким келет.
Өзүнүн кыска өмүрүндө Эрнис Асек уулу жубайы менен улуу сүйүүнү баштан кечирип өткөнү байкалат. Жубайына болгон арзуусун, ыраазычылыгын «Каалга» ыр китебинде да (АКРОЫР: Назира, сγйөм сени, кечиргин, бар бол, тирегим) жазылган.
Улуу сүйүүдөн шедевр эмгектер жаралат. Достоевский менен Есениндин артында да мыкты жубайлары турган. Алардын көзү өтүп кеткен соң, артында калган жубайлары чыгармаларын топтоп, белди бекем бууп, өзүнчө китеп болуп жарык көрүшүнө бар күчүн жумшап өтүшкөн.
Казактын айтылуу акыны Мукагали Макатаев көзү тирүүсүндө анчалык деле бааланбаган. Акын болгону кырк беш жашында бул ааламдан мезгилсиз өтүп, акындын жубайы Лачын анын ырларын түгөл топтоп, гезит-журналдарга тынымсыз жөнөтүп турган. Мына, ошондон тарта акындын жандуу ырлары окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акыр аягында Казак мамлекети акынга «кылымдын акыны» деген абройлуу наам ыйгарган. Мукагали Макатаев теңи жок акын катары ар бир казактын жүрөгүндө сакталып калышына акын менен анын жубайы Лачындын ортосундагы ысык сүйүү себеп.
Ал эми, кыргыздын белгилүү акыны Тургунбай Эргешовдун өмүрлүк жубайдан анча жолу болбогон шекил, ал киши да болгону отуз беш жашында мезгилсиз дүйнө салып, бир топ жылдар өткөн соң, жакын санаалаштары калтырып кеткен ырларын ар жерден топтоп, мен билгенден эки китебин жарыкка чыгарышты. Дагы бир топ оригиналдуу жазылган ырлар топтомун аманатка калтырып кеткен жакын досу кайра кайтарып бербей, акындын ырлары ар кимге уурдалып, сатылып кеткен деген имиштер да айтыла калып жүрөт. Тунук сүйүүнү баштан кечирген адам эгер дээринде болсо, артынан өчпөс из калтырып кетиши талашсыз. Бекеринен Тургунбай Эргешов: «Мен өзүмдү бактылуу сезер элем, Эгер билсем мени бирөө сагынарын…» деген ыр саптарын жаратпаган чыгар.
Демек «Мастер менен Маргарита» романы жаралышына, анын кыргыз тилиндеги котормосу болгону эки ай аралыгында даяр болушуна тээ жүрөк түпкүрүндө жаткан мөңгүдөй таза, аппак сүйүүнүн себепкер экенин белгилеп кетсек, бул өтө аша чаап мактап жибергенге жатпайт. Бир келген утурумдук өмүрдө жек көрүп эмес, арзып-сүйүп өткөнгө не жетсин!
***
Социалдык тармактар элдин кеңири катмарына тегиз жайыла элек кезде «Асаба», андан кийин «Агым» гезиттерин окурмандар кууп окуйт эле. Гезитти түптөгөн Мелис Эшимканов эгемендик доордо коомдун пикирин бийликтен жалтанбай, ачык билдире алган чыныгы эркин журналист катары элдин эсинде калды. Бул гезитке адабий чыгармалар да тынымсыз жарыяланып турган. Эрнис Асек уулун ошол гезитте жарык көргөн адабий чыгармары аркылуу жакшы таанып калган жайым бар. Мен илимий чөйрөнүн өкүлү болгондуктан адабиятка котормолор жана автордук чакан аңгемелер аркылуу кеч аралаштым. 2019-жылдан баштап гана мен жараткан котормолор адабий сайттарда жарык көрө баштаган. 2020-жылы Эрнис Асек уулу бул жарыктан мезгилсиз дүйнө салганын сайттардан окуп калдым. Өзүм 2014-жылдан бери Москва шаарында турам. Тагдыр экен, бул кишиге көзмө-көз жолугуу мага буюрбаптыр, ага жолугуп, баарлашуу ниетим бар эле. Кыргыз журтчулугунда Мелис Эшимканов дегенде, Эрнис Асек уулу, ал эми Эрнис Асек уулунун ысымы аталганда, сөзсүз Мелис Эшимкановдун жаркын элеси тартылат.
Дагы кошумчалай кетчү нерсе, Булгаков менен Эрнис Асек уулунун тагдырында да таң калыштуу окшош жагдайлар байкалгандыгы. Экөө тең 49 жашында дүйнөдөн мезгилсиз өтүптүр.
«Мастер менен Маргарита» романын 1930-жылы автор өз колу менен өрттөп салып, кийин аны кайрадан калыбына келтирип төрт жыл аралыгында (1932-1936) кайрадан толуктап жазат. Автордун көзү барда роман жырыкка чыкпай калган. Чыгарманын жарыкка чыгышын жазуучунун жесири колго алып, 1966-1967-жылдары жазуучу Константин Симонов кириш сөзүн жазып, «Москва» адабий журналына сандан-санга жарыкка чыккан, б.а., роман жазылып бүткөн соң, 30 жылдан кийин гана алгач жарыкка чыгып баштаган. Китеп түрүндө алгач 1989-жылы Киевде басылып чыккан.
Котормонун тагдыры деле романдын өзүнөн анча айырмаланбайт. Котормо толук даяр болгондон кийин, кандайдыр бир себептерден менен анын китеп түрүндө жарыкка чыгышы улам кийинкиге жылдырыла берген. Котормочунун көзү барда китеп жарыкка чыккан эмес. Котормочунун көзү өткөн соң, анын артында калган жубайы мунун түйшүгүн моюнга алып, акыр аягында 2024-жылы кыргыз тилинде алгач ирет жарыкка чыккан.
Романдын кыргыз тилине которулуп, кыргыз адабиятынын алтын казынасына кирип калышы жүрөк жылытар саамалык. Адабиятта өчпөс чыгармалар кездешет, б.а., ал чыгармар бардык мезгилде, ар бир доордо өз актуалдуулугун эч качан жоготпойт. Аларды дүйнө жүзү тээ кыямат кайымга дейре окушу талашсыз. Мындай чыгармалар: Гоголь жараткан «Өлүү жандар» романы, жапон жазуучусу Кобо Абэнин «Кумдагы аял» романы, Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдары, Рюноскэ Акутагаванын аңгемелери жана Булгаков жазган «Мастер менен Маргарита» романы ж.б.у.с.
Кубантай ЭРНАЗАРОВ (26.01.2025)