“Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик”
аталышта бγгγн, 27-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген “Акылман” президенттик лицейинде акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттγ. 2023-жылы ачылып, экинчи окуу жылын аяктап жаткан лицейдин жыл ичиндеги окуу-тарбия ийгиликтери менен биз да таанышып келдик.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардан коноктор, жети дубандан келген ата-энелер, лицейдин эмгек жамааты жана, албетте, окуучулар катышты.
Догдургүл КЕНДИРБАЕВА: «Акылманда» эң мыкты кадрлар даярдалып жатат»
Алгач салттуу тартипте Мамлекеттик ГИМНибиз жаңырды. Андан соң “Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов сөз сγйлөп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, кеп кезегин Агартуу министри Догдургүл Кендирбаевага берди. Догдургγл Шаршеевнанын айтымында, уникалдуу президенттик лицейде акыркы коңгуроо салтанаты биринчи жолу болуп жатат.
— Урматтуу коноктор, ата-энелер, президентибиз Садыр Нуркожоевичтин демилгеси, жарлыгы менен ачылган өтө уникалдуу «Акылман» президенттик лицейинде акыркы коңгуроо аземи биринчи жолу болуп жатат. Бул жерде окуган да, окубаган да арманда. Себеби, лицейде дγйнөлγк окуу жайдан кем эмес бардык шарт тγзγлгөн, бардыгы (окуусу, жатакана, тамак-аш) бекер, ата-энелерден бир тыйын албай, президенттин камкордугу менен окуп жаткан окуучуларга эң мыкты мугалимдер билим берип, мамлекеттин, өзγнγн келечегин, тγбөлγгγн тγптөй турган инсандарды тарбиялап, окутуп, келечектеги мыкты кадрларды даярдап жатат. Сиздер да, урматтуу ата-энелер, бγгγнтөн баштап балдарыңыздарды мамлекетке, өзγнө, γйγнө таза, ак кызмат кылууга даярдашыңыздар керек! Бизде мындай жакшы макал бар: «Беш манжа бөлөк, билек бир, беш адам бөлөк, тилек бир». Беш башка болгонубуз менен тилегибиз бир. Бир тилек менен Кыргызстандын өнγгγшγнө чоң салым кошо турган мыкты кадрлар лицейде даярдалып жатат. Бул жерде атаандаштык өтө кγчтγγ. Мына, былтыр «Миң доллар берейин, «Акылман» президенттик лицейине баламды өткөрγп берчи» деген сөз кылгандар болду. Андай адамдарга билим акча менен бааланбастыгын айттым. Эң башкы байлык – билим жана тарбия. Билим акча менен өлчөнбөйт! Бир гана байлык бар, ал — адам капиталы. Балдарды жакшы тарбиялап, терең билим берип, мамлекетти өнγктγрγγгө салым кошуусу γчγн болгон аракетибизди жумшашыбыз керек! Фантастикалык шарт тγзγлгөн лицейде окуп жаткан балдарыңыздарды колдойлу, урматтуу ата-энелер! Анткени бул жерден балдарыңыздардын сиздер билбеген таланттары ачылат. Мына, дагы лаборатория ачылганы турат, алдыда дагы көп жакшы жакшылыктар турат. Андыктан сиздер, урматтуу ата-энелер, «сени колуңдан келет» деп балдарга жылуу мамиле кылыңыздар, туура тарбия бериңиздер! Жогорку окуу жайдан кийин балдарыңыздар мамлекеттик кызматка келип иштей берет. Сиздер ага жандооч болуңуздар! Балдардын келечеги кең, сапары байсалдуу болсун!
Гуманитардык жана так илимдер… 18 ийрим…
Президенттик лицей, Догдургγл Шаршеевна жогоруда баса белгилегендей, мыкты билим-тарбия мекемеси экенин биз да өз тажрыйбабызда тааныша алдык. Биздин кызыбыз Акак былтыр 3 тур менен жγргγзγлгөн сынактан өтγп, учурда өз алдынчалыкка абдан көнүп, жатаканада жашап, окуп жатат. Бир жыл ичинде англис тилин алгылыктуу өздөштүрүп, ой чабыты, билим чектери кеңейип, эл аралык билим сынактарына, лицейдин коомдук, маданий иш-чараларына катышып, өзү да, биз да элес албаган шыктары ойгонуп бизди жагымдуу таңгалдырды. Башка ата-энелер да ушундай эле жагымдуу өзгөрүштөрдү балдарынан байкашканын сүйүнүч менен бөлүшүп айтып жатышты. Кыскасы, мыктынын мыктысы болуп тандалып өттүк дешип баары чоң атаандаштык менен тең тайлашып окуп жатышыптыр. Окуучулардын бардык ийгиликтерин, жетишкендиктерин класс жетекчилери да ата-энелер чогулушунда сыймыктануу менен айтышты.
Айтмакчы, лицейде так илимдер англис тилинде, гуманитардык илимдер кыргыз тилинде окутулат. Гуманитардык илимдерден, лицей директору Эмил Рыскулов белгилегендей, география, тарых, укук негиздери жана музыка кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Окуучуларга улуттук баалуулуктарды ойлоруна, дилдерине сиңирүү максатта быйыл МУРАС (маданият, тарых, каада-салт ж.б. багыттар камтылган) сабагы киргизилиптир.
27-майда Так илимдер (химия, физика, биология, математика, геометрия, дүйнөлүк багыттар жана долбоорлук иштер — авт.) боюнча лабораториялык класстардын ачылышына күбө болдук. Лицей жетекчилигинин белгилөөсү боюнча, бул жерден окуучулар практикалык иштерге көнүгүп, эл аралык олимпиадаларга да даярдана алышат.
Учур талабына ылайык, бардык окуучулар заманбап планшеттер менен камсыздалган. Планшет ичинде окуу процессине керектүү программалар, окуу китептери гана жүктөлгөн. Балдардын билимден тышкаркы жөндөм-шыктарына жараша комуз, кол өнөрчүлүк, корей, жапон тилдери, робототехника, компьютердик сабаттуулук, спорттук ж.б. 18 ийрим да бар. Алар да бардык шарттар менен камсыз кылынган.
Жаратмандар көргөзмөсγ…
«Арыбаңыздар» деп амандашып, көздөрү жайнап тосуп алган ынтызар окуучулар ички жана тышкы билим сынактарына катышып, байгелүү орундарды камсыздап эле тим болушпай, жогоруда айткан ийримдердеги ийгиликтери, жаратмандыктары да мыкты экен. Ага жаратман окуучулардын кол өнөрчγлγк көргөзмөсγн көрүп ынандык. Балдар-кыздар ойлоп тапкан буюмдарды, чоподон (лицей ичинде атайын класс бар экен, ошол жерден окуучулар ар нерсе жасай алышат — авт.) кумура жасап отургандарын, көк бөрγ ойноп жаткан роботторду, кыздардын боорсок бышырып, таруу кууруп, курут жайып, жаргылчакка талкан тартып, тогуз коргоол ойноп, сайма сайып, шырдак шырып, ийик ийрип, кийиз басып, балдар кийиз тээп жатканын көрγп, улуттук баалуулуктар ааламына саякат жасагандай эле болдук. Окуучулардын улуттук кийим, мектеп формасын кийип алып, ар бирин кыргыз тилинде тыпылдап тγшγндγрγп жаткандары айрыкча кубандырды. Чынын айтканда, биз жетине албай кубанган бул учурларды эми сөз менен жеткире албайсың, аны катышып гана көрγγ керек!
Лицей директору Эмил Рыскулов өз сөзүндө «лицей академиялык эркиндиктеги мектеп болгондуктан, максатыбыз өзүбүздүн улуттук нарк-насилди, каада-салттарды, үрп-адаттарды дүйнөдөгү билим берүү системасы менен интеграциялап, лицейдин билим берүү программасын түзүү жана мамлекетибиз үчүн пайдалуу билим берүү системасын ойлоп табуу» деген чоң максатты айткан эле. Буюрса, “Акылман” президенттик лицей көздөлгөн ал максаттын иш-аракеттерин жакшы баштаптыр… Ушул жакшы иштин шарапаты менен жалпы өлкөнүн учурдагы чабал билим берүүсү жакынкы жылдарда оңолуу жолуна түшсө, айтарыбыз бир гана алкыш…
Садыр ЖАПАРОВ: “Кайталангыс калк каймактарынын көчү улансын деген максатта “Акылманды” ачтык”
“Көзү менен эмес, көөдөнү менен кыргыз элинин эртеңки келечегин көрө билип, акылын азык, каруусун казык кылып акыл калчап, жети өлчөп, бир кесип иш кылган Кыдыр аке, Тилекмат аке, Кадыр аке, Садык аке, Сарт аке, Мойт аке, Карач аке жана башка кайталангыс калк каймактарынын көчү улансын деген асыл максат, изги тилебизди ишке ашырууга кадам жасаганы турабыз. Тагыраак айтканда, Ысык-Көлдүн жүрөгү болгон касиеттүү Чолпон-Ата шаарында таланты ташкындаган, шык-жөндөмү менен айырмаланган республиканын булуң-бурчунан атайын сынак менен тандалып алынган зээндүү балдарыбыздын башын бириктире турган “Акылман” лицейи келечек ээлерине эшигин кеңири ачып турган маалы” деп президент Жапаров Садыр Нургожоевич 2023-жылы Кыргызcтанда “Акылман” президенттик лицейиндин ачылыш аземинде айтты эле. (Кут Билим.15.08.2023. https://kutbilim.kg/news/inner/akylman-prezidenttik-litseyi-achyldy/ ).
7 облустагы мектептин лидерлерин сынак менен сынап, сынактан өткөн окуучуларды бир жерге топтоп, келечекте мыкты кадрларды даярдап жаткан «Акылман» президенттик лицейдин директоруна жана жалпы эмгек жамаатына ийгиликтерди каалайбыз!
Алгачкы «Акыркы коңгуроо» качан, кайда кагылган?
Айтмакчы, окуучулар үчүн маалымат берип коелу. “Акыркы коңгуроо” салтанаты да билим берүүдөгү мыкты адис кесипкөйлөрдун табылгасы. Тарых булактары күбөлөндүргөндөй, “Акыркы коңгуроо” тарыхы СССР аймагында тээ 40-жылдардын биринчи жарымында жаралган.
Анын башаты Кубань жергесинен башталат. Тагырагы, бул күндүн автору — Федор Федорович Брюховецкий деген краснодардык жаңычыл педагог болгон. Ал айтылуу педагог А.С. Макаренконун жамааттык иштерди уюштуруу идеяларын жетекке алып, алгач өзү директорлук кылган мектепте “Билим күнү”, мектеп босогосун жаңы аттаган бөбөктөр үчүн “Биринчи коңгуроо”, мектепти аяктап жаткандар үчүн “Акыркы коңгуроо” сындуу мектептик салт-жөрөлгөлөрдү уюштурган. Бул майрамдык маанайлар кийин көптөргө жагып, алгач жакынкы мектептерге, бара-бара бүткүл союз мейкиндигине тараган…
Негизи Фёдор Брюховецкий ким болгон? Ал Россиянын мурда Екатеринодар, азыр Краснодар аталган жерде туулган. Краснодар педагогикалык институтун бүтүрүп, 1943-жылы 28 жашында (!) ушул жактагы №12 мектептин директору болуп калган. Өтө оор согуш маалында жакканга отуну жок мектепти СССР педагогика илимдери академиясынын Педагогика тарыхы жана теориясы илимий-изилдөө институтунун тажрыйба аянтчасына айлантканга жетишкен. Бул мектепке киргизген тажрыйбалары советтик билим берүүнүн классикасына айланган, алар учурда да пайдаланууда. Фёдор Брюховецкий бардык жаш курактагы окуучуларды, мугалимдерди, ата-энелерди бириктирген, жакындаткан нерселерге өзгөчө көңүл бурган… Ошондой ой-максатта жаралган ушул АКЫРКЫ КОҢГУРОО бир кезде биз тийиштүү болгон совет аймагында АЛГАЧКЫ ЖОЛУ Краснодарда 1948-жылы 25-майда жаңырган. Бул күндүн башкы маңызы — окуу жылын бул күн бүтүрүүчүлөрдүн, башка окуучулардын эсинде калгыдай салтанаттуу жыйынтыктоо болгон. Ошондон улам окуучуларды жалпы линейкага тургузуу менен өткөрүлгөн жана биринчи класстын окуучулары мектепти аяктап жаткан окуучуларга эмгек сабагында жасаган өз белектерин, эмгектерин тартуулашкан. Ал эми бүтүрүүчүлөр мектептин тегерегине бак-дарак отургузушкан.
Башта айткандай, “Акыркы коңгуроо” Фёдор Брюховецкийдин мектебинде жаралган жалгыз майрам эмес. Бул мектепте “Букварь менен коштошуу” (бизде “Алиппе менен коштошуу”), окуу жылын башталышындагы “Билим күнү” сындуу салттуу майрамдар да жаралган…
Назира СААЛИЕВА