Бүгүн (29-майда) Бишкектеги “РАМАДА” отелинин конференция залында «Дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна коркунуч туудурган жагдайда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагында өз ара аракеттенүүсү» аттуу тегерек стол (Офлайн, онлайн форматта) болуп өттγ.»Жибек жолунда маданий өнүгүү» медиа компаниясы уюштурган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Тажикистан өлкөлөрүнүн саясат таануучулары, экономистери катышышты. Алар дүйнөлүк кризисти, эл аралык карым-катнаш системасын, Американын жаңы тариф саясатынын контекстинде Борбордук Азия өлкөлөрү менен ШКУ (ордун, ролун) мамлекеттик экономикалык кызматташуу маселелерди, заманбап геосаясий чакырыктардын контекстинде соода-экономикалык потенциалды ишке ашырууда Борбор Азия мамлекети менен Кытайдын тышкы саясий кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.
Жыйынды «Ой Ордо» талдоочулардын демилгелери борборунун директору, саясат таануучу Игорь Шестаков алып барды. Ал дүйнөлүк глобалдык деңгээлде жаңы геосаясий векторду түптөөгө ШКУ жоопкерчиликти ала алган уюм катары иш алып бара аларын баса белгилеп, эл аралык соода-экономикалык потенциалды ишке ашырууда Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын тышкы саясий кызматташтыгынын келечегин талкуулап, эксперттердин оюн угуу максатта иш-чара уюштурулганын айтты.
Экономика илимдеринин доктору Кубат Умурзаковдун айтымында, учурда геосаясий кагылыштар уланып, тариф согуштары жγрγп жатат. Ошондон улам, эл аралык санкциялар, дүйнөдө орногон тартиптин форматы өзгөрγп, эл аралык карым-катнаш системасы, эрежелери, алдыңкы мамлекеттердин позициялары, мамилелери улам-улам өзгөрүүдө. Ошондой эле ал 3-5 жылдар аралыгында Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасында кескин өзгөрүүлөр болуп, дүйнөлүк экономика фрагментацияланып, геосаясий блокторго бөлүнүүсү болуп жатканын баса белгиледи.
Ал эми Казакстандын дипломатия кызматынын ардактуу ишмери Рустем Курмангужиндин пикиринде, жаңы дүйнө калыптанып келе жатат. Дүйнөлүк соодада жаңы эрежелер пайда болуп, эл аралык тарифтердин жаңы саясаты жүрүп жаткандыгын бардыгы түшүнүүсү зарыл. Азыркы тапта дүйнөлүк соода уюму тарабынан иштелип чыккан эрежелер иштебей жаткандыгы айдан ачып көрүнүп турганын айтты Рустем мырза.
***
ШКУга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай кирет. Мындан тышкары, Ооганстан, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан уюмга байкоочу мүчө макамын алган.
Назира СААЛИЕВА
P.S. Кенен маалыматты жакында окуй аласыздар!