Султан РАЕВ: «Жаш акындар фестивалы Азербайжанда өтөт…»

Султан РАЕВ: «Жаш акындар фестивалы Азербайжанда өтөт…»

Залкар акын Жолон МАМЫТОВдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы (С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында) жыйынтыкталды. Фестиваль тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан РАЕВ «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгγдөй пост калтырды.

Фестиваль аягына чыкты. Ыр өмүрү улана берет…

Алп Жолондун ой-кыры дагы бир жолу жүрөктөрдө сыбызгыды, тек гана саптар эмес, улуу адамзат сапарындай, түбөлүктүн ырындай, улуу сүйүүнүн жанураанындай!
Чыныгы поэзия дүйнөнү чарк айланып, чындыктын огундай көкүрөктөргө уюду… Улуу акындын эстутуму ырларында, чулу ойлорунда, махабаттын канатында миңдеген сезим туйгуларын ала учуп, мезгил менен мейкиндикти, алыс менен жакынды, ойдүйнө менен адам өзөгүн улуу рухка ширелтти…
Акын — Кудайдын сүйүүсүндө, Жараткандын илебинде жашайт… Ыйык Сөз да эң оболу ыр менен жазылган…
Поэзия — улуу көчүн атамзамандан улап келет. Бу көчтүн учугун улаган жаштар, адабий дүйнөсү ыр болуп, жарык болуп, нур болуп төгүлгөн түбү бир, тамыры бир, өзөгү бир, көкүрөк деми бир жаштар дагы бир жолу Поэзиянын байрагын көтөрүп, Жолон акындын учу көрүнбөгөн поэзиясына сапарлаш аттанды…
Фестиваль аягына чыкты, ырдүйнө уланып келет… Адабияттын, рухтун, ырдын салтанаты доордон доорго, замандан заманга, жүрөктөн жүрөккө өтүп, Жашоонун улуу символундай, махабат Гимниндей түбөлүккө жашай берет, бу жашоодо -Адамдын Өзү бар!..
Жаннуру дамамат жарык болсун!..
***
Экинчи түрк дүйнөсүнүн жаш акындар фестивалы 2026-жылы Азербайжанда өтөт…
Султан РАЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.