Семетей ТАЛАС уулу: «Эрнис байкем орус адабиятын мыкты билгени менен орустардын оозун ачырган» (ВИДЕО)

Семетей ТАЛАС уулу: «Эрнис байкем орус адабиятын мыкты билгени менен орустардын оозун ачырган» (ВИДЕО)

55 жашка чыкмак

«Эскерем. Бүгүн? Бүгүн… Өтөт мүнөт.

Каректе калкып турат ошол сүрөт:

Көк асман. Эки жүрөк. «Эсиңдеби?»

«Эсимде» — эскирбеген сөзү жүрөт» деп акын, котормочу журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) «А бүгүн экөөбүз табышкан күн…» деген ырында жазгандай, мезгил менен катып калган элеси сγрөттө, сөздөрγ жγрөктө! Көзү тирүү болгондо бүгүн — 13-июнда 55 жашка чыкмак…  

***

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, жолдошумдун артында калтырып кеткен опол тоодой эмгеги менен эскерген, талантты баалаган жакшы адамдар оголе көп. Өзүн да, сөзүн да, эмгегин да, бир тууган агасы Мелис ЭШИМКАНОВду (1962-2011) да эскерип келишет. 

***

Элдин эсинде калган «Асаба», «Агым» гезиттеринде Эшимкановдор менен чогуу иштеп, ага-инини жакындан жакшы билген, Эрнистин жакшы көргөн иниси, эркин журналист Семетей ТАЛАС уулу эскерγγ жазып, «Фейсбуктагы» баракчасына кечээ жайгаштырган экен. Анда ал Эрнистин дγйнөлγк адабиятты мыкты билгени менен орустардын оозун ачырганын баса белгилептир. Ак сөз! Анда эмесе, чогуу окуйлу, окурман!

Назира СААЛИЕВА

«Эрнис байкем Тютчев, Ахматова, Александр Блок, Николай Некрасов болду»

2017-жыл. Жеңиш Эдигеевдин “Дайралар артка агышпайт” аттуу китебинин бет ачарында
Так ушундай аптаптуу жайдын күнү. Эрнис байкем экөөбүз, биз иштеген «Агым» гезитинен сыртка чыктык. Жумуш убактысы аяктайын деп деле калган. Анда «Агым» гезити Киев-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта болчу. Азыр ойлосом, кыргыз журналистикасынын корифейлери жана лөктөрү менен иштепмин. Агезде болгону 26-27 жаштагы жаш жигитмин.
Жолчыракка жете бербей, ысык асфальттын деми урду. Серүүндөп муздак бирдеме ичели дедик. Анын үстүнө мени инисиндей жакын көрүп, көп ээрчитип алчу. Токтогул көчөсүндө бир кафе бар эле. Куюп сатма пивосу менен кардарларына белгилүү жай. Ошол жерге жөнөдүк. Орусиядан келген коноктор окшойт, элден окчунураак отуруп алышыптыр. Балким элчиликте иштегендердир. Жанаша отурдук. Эрнис байкем бир маалда алар менен орустун бир акынынан шиңгил таштап, амандашты. Окемдер саамга таң кала карап калышып, анан бирөөсү кайра ыр менен жооп берди. Ана, кетти анан орусча айтыш. Биз орус акындарынан көп болсо, Пушкин, Лермонтов, Маяковский дегендерди билербиз.
А Эрнис байкем бул үч акындан башка толтура орус акындарынын ырларын жатка билет экен да! Төгүлдү кайран киши. Сабалады. Есенин болуп жандүйнө кыйкырыгын, Пушкин болуп табият кооздугун, Пастернак болуп жашоонун оомал-төкмөл, карама-каршылыгын. А күнү Эрнис байкем бирде Тютчев, Ахматова, Александр Блок, бирде Николай Некрасов болду. Орус адабиятынын дөө-шааларынын чыгармаларын жатка эмес, анын маани-маңызынан бери тереңден билерине күбө болдум. Таңдандым. Суктандым. Кейидим. Ушундай кругозору, интеллекти бийик адамдын өзүн таппай жүргөнүнө ыйлагым келди.
Үстөлдө отурган орустардын сөзү түгөндү. Ыры түгөндү. Кыргыз баласынын орус адабиятын алардан мыкты билгенине таң калып, баш чайкап, улам бири тура калып, «берчи колуңду» деп Эрнис байкенин колун кысып, кубаттап атышты. Ага чейин мени тамашалап «жансакчым» деп койгон. Улам бир орус мага кайрылып «ушундай интеллектуалды, башы алтын адамды жакшылап сакта, баала!» деп чын дилинен айтып жатышты.
Чынында, Эрнис байке орус адабиятын гана эмес, дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын мыкты билер эле. Аларды жөн окубай, талдап, анализдеп, салыштырып окучу.
Журналистика көп чыгаан акын, жазуучулардын дареметин өзүнүн тузу оор тегирменине ооп тартып кетти. Күнүгө жаңылануу, изденүү адамды чарчатат. Энергиясын вампирдей бүкүлү жутат. Чыгармачыл адам деген камсыздай турган каражаты турса, ырын жазат, чыгармасын чүргөйт, кемелине чыгарат.
Алым Токмомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Эрнис Асек уулу журналистика барасында калып кетишти. Алар менен кошо жазылбай калган ырлары, чыгармалары.
Негизи, ар бир акын, жазуучу бүркүт тапка келгендей, өзүн-өзү таптайт. Көөдөндөгү чыгармачыл көрөңгөсү толот. Анан ташый баштайт. Буркандап. Ошо буркан-шаркан түшкөн энергиянын инерциясы менен шедеврлар жаралат. Көбүнесе 40 жаштан кийин.
Мелис байке бир сапар, интернет жаңы чыкканда; «мен интернетти тонналап жейм» деп айтканы бар. Эрнис байке китептерди тонналап «жеди». Сиңирди.
Эрнис байкем ушундай көрөңгөсү толуп турганда шедеврин жаза албай жаш кетти.
Канча мыкты китептерди мыкты деңгээлде которду. Ошол мыкты деңгээлдеги котормо, Эрнис Асек уулунун адабияттагы бийик деңгээлин тастыктап турар эле.
13-июнь Эрнис байкебиздин туулган күнү болчу….
Семетей ТАЛАС уулу (12.06.25)
РЕДАКЦИЯДАН: Эрнис АСЕК уулу тууралуу эскерүүлөр өзү “Алакан” деп атап, негиздеп кеткен сайтыбызга жарыяланып келатат жана жарыялана бермекчи. Кийин китептен орун алмакчы…

Акыркы котормосу

Ригадан билим алып келген Эрнис бир топ дγйнөлγк акын-жазуучулардын чыгармаларын которуп, маданият, адабиятка чоң салым кошуп кеткени ырас. Ал көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап, которуп кеткен акыркы котормосу — атактуу Булгаковдун уникалдуу да, чуулгандуу да романы  “Мастер менен Маргарита”. Аны эки айда эле которгон, мукабасын да өзү жасаган. Тилекке каршы, көрбөй кетти.

Көзγ өткөндөн кийин, былтыр 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарык көрдγ. 2025-жылдын башында Москвадагы «Булгаков үйү» музей-театрына коюлду. Бул мыкты котормону Москва шаарындагы Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенип келаткан котормочу Кубантай ЭРНАЗАРОВ алып барып, тарыхый иш жасады… менин кыялымды орундатты.

Эрнистин ушу мыкты котормосунун бет ачары бγгγн Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы улуттук китепканын Ч.Айтматов атындагы кыргыз-тγрк маданият борборунда бет ачары болот. Эрнистин кγйөрмандарын, адабият сγйөрмандарын саат 11де китепканадан кγтөбγз!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.