Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Сагынба мени». «Тиги дүйнөнүн Асабасы»…

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Сагынба мени». «Тиги дүйнөнүн Асабасы»…

Сегиз жылдан кийин эскерилген акын

Белгилүү журналист, акын, публицист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВдун (1959-2016) көзү өткөнүнө билинбей 8 жылга аяк басыптыр. Ортодогу ар кыл жагдайлардан улам кечеңдеп отуруп, акыры сааты чыгып, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада (15-майда) эскерүү кечеси өттү. Ыраматылык байкебиздин 65 жылдык юбилейине карата эскерүүнү уюштурган  группалашы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кут билим» гезитинин баяндамачысы Кабыл Макешов  болду. Кесиптеш агабыз акын агабыздын апасын, бир туугандарын, жубайын, акын-жазуучуларды, группалаш-курсташтарын, классташтарын, журналисттерди чакырып чакан эскерүү өткөрдү. Келген коноктор акындын баскан жолун, чыгармачылыгын, кылык-жоруктарынан айтып күлүшсө, эки нерсеге кейишти: артында туяк калбаганына жана ырлары, макалалары, маектери китеп болуп чыкпай турганына…

Кечеде акындын ырлары окулуп, кыскача баяндама жасалып, «Сагынба мени» деген ыры ага обон чыгарган Кыргыз эл артисти, композитор Исрадин Аманбаев чет өлкөдө болгондугуна байланыштуу экрандан жаңыртылып көрсөтүлдү.

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Сагынба мени»

Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,

Сары жондон соккон сыдырым желге тосуп жүр.

Санаамда жоксуң чекеңден сүйгөн чагымда,

Саргыч гүл алып, таажысын төккөн отуз күн.

 

Сагынба мени, саргайган анда бак дагы,

Чымчыктын үнү чыйрыгар уксаң кайрылып.

Көзүңдөн күйүтүң төгүлө жаздап аз багып,

Кыруулай чапкан атчандан калган чаңды угуп.

 

Менин да кээде ичимди кетет ийдилеп,

Кырмызы жыты, кырк салаа өргөн чачыңды.

Түшүмдө бирөө түпөйүл сестүү кол кезеп,

Кайталап сенин куш сымал көрктүү атыңды.

 

Аптабы, айбы, аралаш карга, жамгырга,

Таарынган куштай каттарың учат айылда.

Каттарың учат карабай күнгө, ай-жылга,

Сөздөрүн окуйм сөгүлө жаздап кабыргам.

 

Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,

Сагыныч бирге, сары жарык отун өчүрө.

Аманы башка, отуздун аркы жагында,

Жылдызы жапыз, асманы чоочун көпүрө.

КЛАССТАШТАРЫ: «Жолдошбектин ыр китебин окуп каларбыз…»

Эскерүү аягында Жолдошбек байкебиздин апасы бата берип, кафеде куран окутулду. Ал жерге барган классташ кыздары Алимакан Карыпбекова, Жумабүбү Сейдекматова, Курманбүбү Сакаева эжелерибизди кепке тартсак, өткөн күндөргө кайрылып эскерип айтып беришти…

Эсил кайран Эшимканов… «Тиги дүйнөнүн Асабасы»…

Жолдошбек Зарлыкбеков узакка созулган оорудан улам 2016-жылдын 10-майында көз жумган. Армандуусу, көзүнүн тирүүсүндө китептери басылып чыккан жок. Анткен менен, гезиттерге айрым ырлары жарыяланып, акын катары өз окурмандарын тапты. “Ленинчил жаш”, “Асаба”, “Агым”, «Аалам», «Де-факто», «Кыргызстан маданияты», «Бишкек таймс» гезиттеринде иштеп,  макалаларды, ал эле эмес чакан кабар, жаңылыктарды да эсте каларлык өзгөчөлүү өз стилинде жазып, маектерди да алып кесипкөй, чыгаан журналист экендигин далилдей алды. Эскерүү кечесинде жогорудагы гезиттердин редакторлорунун ичинен айтылуу Мелис Эшимкановдун (1962-2011) аты аябай аталды. Жолдошбек байке өзү да: «Меке чал болгондо кана, эсил кайран Эшимканов ай!…» деп көп эстечү эле…

Жолдошбек байке өмүрүнүн акырында Мелис байкенин бир тууган иниси, жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) негиздеген «Баягы Асаба» гезитинде иштеди. Оорусу күчөп таяк таянтып койсо да, жазганды таштабай, макаласын жазып алып келип калчу. ϴмүрүнүн ошол акыркы күндөрү көз алдымда жатталып калды… Ана-мына интервью алабыз деп жатканда көзү өтүп кетти. Эрнис: «Алик Акималиев менен Жокемдин эскерүү кечесин өткөрүп, ыр китебин чыгаруу керек» деп жүрдү эле, аңгыча өзү да алардын артынан капысынан кетип калды, кайгыга салып… «Мелис байкем тиги дүйнөгө барган акын-жазуучу, журналисттерди тосуп алып, «Тиги дүйнөнүн Асабасы» деп атап гезит чыгарып, жаздырып жаткандыр…» деп калар эле. «Байым, сен эмне жазып жаттың экен?» деп калам…

Башат

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.

Күтпө. Күткүн. Толгонгун.

“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,

мен боломун жана бармын, болгонмун» деп жолдошум «Башат» ырында жазгандай, силер болгонсуңар, болосуңар. Дегеним, эми силер силерди таанып-билгендердин эскерүүлөрүндө, жакындарынын китептеринде жашайсыздар. Экинчи өмүрүңүздөр узун болсун! Эң башкысы, артыңда эскерген адамдардын бар болгону кандай жакшы!

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Кут Билим» гезитинин редактору, акын Майрамбек Токторовдун, Жолдошбек Зарлыкбековдун апасынын, бир туугандарынын эскерүүлөрүн жакында окуй аласыздар! 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.