ВИДЕО — «Тынчтык» партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова алайлыктарды жолугушууга чакырды! Эмнеге?..

ВИДЕО — «Тынчтык» партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова алайлыктарды жолугушууга чакырды! Эмнеге?..

24-майда, Алай районунун Гүлчѳ айылындагы Ырайымберди Жаманкулов атындагы Маданият үйүндѳ  концерттик иш-чара ѳтѳт. Мындай иш-чарага демѳѳрчү болуп, уюштуруп жаткан Алайдын сыймыктуу, нукура кызы, коомдук ишмер, «Алай Ынтымак»коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири, «Тынчтык» саясий партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова. Алайлык туугандарга Чынара айым мындай деп кайрылды:

— Урматтуу Алай районунун тургундары! Ардактуу мугалимдер жана 1986-жылкы 2004-жылы мектепти аяктаган бүтүрүүчүлѳр!

Сиздерди 2024-жылдын 24-май күнү, 17:00дѳ Алай районунун Гүлчѳ айылындагы Ырайымберди Жаманкулов атындагы Маданият үйүндѳ ѳтүүчү концерттик иш-чарага чакырабыз!

Концертке Алай администрациясынын жетекчилиги, уюштуруу тобу жана кыргыз элине белгилүү эстрада ырчылары Самара Каримова, Бактияр Токторов, Байыш Момунов, Канат Үсѳнбаев, Роза Арзиева, Гүлдана, Гүлира Нарбаевалар катышат. Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында Алай районунун мугалимдер жааматына арналган 10 кишилик Умрага сапар жолдомосу ыйгарылат.
«Алай ынтымагы» коомдук бирикмеси тарабынан жана ак эмгеги менен элдин эсинде калган Ырайымберди Жаманкулов агабыздын уулу Сыргак Ырайымбердиевичтин жеке демилгеси менен жарык кѳргѳн «Дүбүрт» аттуу 33 автордон турган «Аль манах» китебинин бет ачары болот.

Иш-чарага келип, жан-дүйнѳ азыгын алып, эс алып кетиңиздер!

Чынара МАМАЖАКЫПОВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.