Акыркы котормо…
Журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020)жарык дγйнөгө келген кγнγ (13-июнда) акыркы котормосу — айтылуу М.Булгаковдун кыргызчаланган “Мастер менен Маргарита” романынын бет ачары өтγп, өзγ жазып кеткен тизмедеги адамдар, санаалаш жакшылар, замандаштар келип, котормого жогору баа беришкенин жазган элем…
Алгач сынактык китептер боюнча тузүлгөн редакциялык жамааттын мүчөсү — Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли ҮКҮБАЕВА менен маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын, Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек КАДЫРАКУНОВдун пикирлерин бергенбиз.
Керимбек агабыз сынактык негизде тандалган 50 китептин арасындагы бул роман акын-жазуучулардын арасында жакшы которулганы тууралуу сөз болуп жатканын айтса, Лайли эжебиз өтө татаал, оор чыгарманы Эрнис терең тγшγнγп, өзγнγн “Мастер менен Маргаритасын” жазып салгандай туюм калтырганын, мыкты которулганын айтып, сыйлыкка да сунуштаган эле…
Бу жолу Эрнис менен бир кезде “Асабада” чогуу иштеген улуу муун мыкты журналисттер, публицисттер, кыргыз адабиятынын да, дүйнө адабиятынын да күнгөй-тескейин мыкты билген адабиятчылар Бекташ ШАМШИЕВ менен Эсенбай НУРУШЕВдин пикирлерин жайгаштырдык.
Бекташ ШАМШИЕВ: “Татаал чыгарманы Эрнис жеткиликтγγ которуптур»
Бекташ ага кыргыз жана дγйнөлγк адабиятты тынымсыз окуп, талдоо, анализдерин айтып, жазып келаткан таанымал мыкты журналист, публицист болсо да, бой көтөрбөгөнγ, жөнөкөйлγгγ, бийик адамгерчилиги жагат. Экөөбγз көчөдөн көп кездешип калчубуз. Бир сапар “Азаттыктан” иштен чыгып, γйγнө жөө кетип баратканында жолугуп, баарлашып калдык. Биринчи эле сураганым Эрнистин “Мастер менен Маргаритасы” болду. Тамашакөй агабыз: “Мастер Эрнис экен, Маргарита сен экенсиң” деп атпайбы… Каармандардын сγйγγсγ тууралуу айтып жатканын тγшγнγп, мен да жөн турбай, “Коюңузчу, байке, Маргарита сγйгөнγнγн артынан кетип калат да, шайтанга азгырылып… Эрнис калтырып кеткен котормолорун чыгарыш γчγн мен узак жашай турайын…” десем, “өмγрγң узун болсун, карындашым!” деп кγлγп, котормо боюнча бет ачарында айтарын айткан эле. Ошол учур келип, кесиптешим Айбек Абдылдаев жазгандай, Эрнистин котормосуна жогору баасын берди. Агабыз алгач Булгаковдун аябай татаал чыгармасы эмнеге негизделгенин, автор бул романында эмнени айткысы келгенин чечмелеп келип, анан Эрнистин өзγ, котормосу тууралуу буларды айтты:
— Эрнис экөөбγз “Асабада” чогуу иштешип калдык. Ал журналистика эрежесине кирчγ эмес, көлөмдγγ материал берчγ эмес. Өзγнγн дγйнөсγнөн чыкпай, кыска кылып жазып жγрдγ… “Каалга” китебинде кыска жазып жатпайбы, дал ошондой кыска жазчу. Болбосо “Асабада” Эрнистин мγмкγнчγлγгγ чоң болчу. Башредактор болчу… агасынын (айтылуу Мелис Эшимканов тууралуу сөз болууда – авт.) жеке менчик гезити болчу. Ошону пайдаланып калайын деген ниети болгон жок. Эми котормосуна келсек, мыкты которулган. Дγйнөлγк адабияттагы татаал романды Эрнис инибиз кыргыз тилине тγшγнγктγγ, жеткиликтγγ кылып которуп коюптур.
Эсенбай НУРУШЕВ: “…окуп көрсөңөр, чоң котормочулардан кем калбайт”
Кайын агам Мелис Эшимкановго арналган иш-чараларга калбай катышып, колдоп келаткан Айтматов таануучу, мыкты публицист, учурдун орошон ойчулу, мейли адабият, мейли журналистика, мейли саясат, ошол эле философия болобу, айтор, акыл, билим, даярдыкты талап кылган бардык тармакта баарын жеткилең түшүнгөн жана түшүндүргөн, дүйнө таанымы, ой чабыты өзгөчө Эсенбай Нурушев агабыз котормо тууралуу буларды айтты:
— “Булгаков андай-мындай, шумдук” деп эле баары тамшанат. Анын чыгармасын тγшγнгөн бар, тγшγнбөгөн бар. Менимче, адабиятты, искусствону, эмгекти жакшы тγшγнгөн, акылы зирек адам тγшγнөт. Эрнис дγйнөлγк адабиятты жакшы түшүнчү. Булгаковго окшогон жазуучуларды жакшы көрчγ. Көптөр: “Эрнис ушул чыгарманы кантип которгон? Ушуга кантип батынды?” — деп калышат. Эрнистин лексикалык куржуну чоң, толук болчу. Себеби гезитте иштеген, жазуу иштери менен көбүрөөк алек болгон. Эрнис көп сүйлөчү эмес, бирок көп жумуш бүтүрчү. Котормосу тууралуу айтсам, китепти окуп көрсөңөр, кадимки чоң котормочулардан кем калбайт, мыкты которгон. Ушундай чоң чыгарманы которуп, калтырып кеткени γчγн Эрниске рахмат айтыш керек!
Кесиптештерге терең ыраазычылык!
«Жакшы адамдар жанга тирек» дегендей, чакан иш-чарабызга келип, чагылдырып берген «Ала Тоо 24», ЭлТР телеканалдарына, гезитке да, сайтка да кенен маалымат чыгарып берген «Кут Билим» гезитинин баяндамачысы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кабыл Макешовго, иш-чаранын алдында «Кыргыз радиосуна» чакырып, маек курган Умсунай Өсөровага, «Кыргыз радиосуна» иш-чараны тγз чагылдырып берген Жаныбек Эсеналиевге терең ыраазычылык билдиребиз! Ишиңерге ийгилик! Ар дайым бар бололу, бир бололу, алтын кесиптештер!
Алкыш!
Эрнистин чыгармаларындагы экинчи өмүрүн узартып, айттырбай эле өзγ билип эмгегин жайылтып келаткан жакшы адам бар. Ал — чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан кесиптешибиз Төрөкул Дооров.
Бул иним жолдошумдун “Мастер менен Маргарита” котормосун Бишкектен алдырып, окуп, котормонун артында Эрнистин майда котормолорун Ютубдагы адабий каналына көркөм окуп, аудио китеп кылып жайгаштырып келатат.
Алгач орус жазуучусу Антон Чеховдун “Караңгылык” аттуу аңгемесин аудиолоштуруп, жайгаштырды. Эрнистин Чеховдун чыгармаларын жакшы көргөнγн, өз атасына болгон жылуу сезими Чеховго багыттала берерин Төрөкул иним, балким, билбестир!.. Анткен менен, ойдо жүргөндү окугандай өзү билип аткарып келаткан иниме айтарым бир гана алкыш!
«Чехов чекеге черткендей айтат»
Ушинтип Лев Толстой айтса керек эле… Мен бала кезимен Чеховду «Антон Павлович» деп коем. Ал аңгеменин атасы. Мындай кыска, мындай таамай жазган жазуучу табыш кыйын. Пьесалары да мыкты дечи, бирок аңгемелерине жетпейт. Айткандарычы? Антон Павлович врач болгондуктанбы же менин врач атам Асек каза болгондон кийин Чеховду окуй баштаганданбы, атама болгон жылуу сезим дал ушул Чеховго багыттала берет. «Атамдын» айткандарына көңүл бурсаңар…
Эрнис АСЕК уулу
Иш-чаранын алдында да жапон жазуучусу Рюноскэ Акутагаванын «Ата» аттуу новелласын минтип окуп жайгаштырып, кубаныч тартуулады…
Алдыда…
Дγйнөлγк адабиятты казып окуган мыкты котормочулар, акындар Жыргалбек Касаболот, Марат Токоев, Толук Бек Байзак, Атахан Кожокулов, Бурулкан Сарыгулова эжебиздин, мыкты журналисттер Санжи Туйтунова менен Шайыр Эркин уулунун жана Бишкек мамлекеттик университетиндеги Журналистика жана маалыматтык системалары факультетинин кафедра башчысы, жеңем Асел Эшимканованын пикирлери алдыда. Андыктан бизден алыстабаңыздар!
Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошум Эрнистин кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!
Назира СААЛИЕВА