МАСТЕР менен МАРГАРИТА: “… котормону Булгаков кыргызча жазып койгондой вариантында көрдγм”

МАСТЕР менен МАРГАРИТА: “… котормону Булгаков кыргызча жазып койгондой вариантында көрдγм”

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: “Даос дос ушул талкууну өзү көрсө болмок…”

Журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) эң акыркы котормосу — орус жазуучусу М.Булгаковдун 13 жылда жазылып бүткөн классикалык уникалдуу, чуулгандуу “Мастер менен Маргарита” романынын багы былтыр ачылганын айтып да, жазып да келатам. Ошол 2024-жылдын июнь айы — бир жылдан бери окурмандардын котормо тууралуу  пикирлерин берип келатабыз. Алардын ар бири биз үчүн ары маанилγγ, ары баалуу …

Мына быйыл Эрнистин котормосунун бет ачарын туулган кγнγ — 13-июнда өткөрγп, аманатын аткардык! Котормосунун чама-чаркын уксам деген тилек менен өзγ тизмектеген адамдардын пикирлерин четинен сайтыбызга берип келатабыз. Буга чейин Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын, Улуттук жазуучулар союзунан төрага орун басары, акын, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракуновдун, публицист, адабиятчылар Бекташ Шамшиев, Эсенбай Нурушевдин пикирлерин бергенбиз.

Эми окурмандар “тытып” сурап (Эрнистин эскерγγсγндө да сурашты эле – авт.) жаткан адамга кезек келип жетти. Ал — Эрнистин студент кезден тапкан жакын досу, белгилүү журналист, акын, котормочу, талдоочу жана публицист Жыргалбек Касаболот.

Алгач Жыргалбекке ыраазычылык билдиргим келди… Себеби, дал ошо кγнγ мамлекеттик башка дагы толтура иш-чаралар өтүп, анын бири мамлекеттик тилибиз боюнча талкууга да чакырылган экен, адеп Эрнистин котормосунун бет ачарына келип, калыс сөзүн айтып, башкалардын да пикирин угуп аягына чейин отуруп берди… Бул да болсо досуна, мага болгон сый-урматы деп ичимден ыраазы болдум. Анан дагы: “Даос дос (дайыма ушинтип айтат) ушул талкууну өзү көрсө болмок…” дегени жγрөктγ зырп эттирди… Бет ачардан бир күн мурун Кыргыз радиосунун алып баруучусу Умсунай Өсөрова таңкы маекке чакырган эле, жок дебей ал жакка да барып, кызыктуу маектешип келгенбиз… Сөзүм кургак болбош үчүн, ошондогу маектен баштайлы…

«Орусчасы кандай болсо, кыргызчасы да ошондой которулган…»

Умсунай Өсөрова:Терең, татаал жана философиялык чыгармалардын бири Михаил Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романы кыргыз тилинде жарык көргөн. Мындай мыкты чыгарманы которгон белгилγγ журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулу. Тилекке каршы, бул котормосун агабыз өзγ көрбөй кетти. Кыргызча китептин бет ачары 13-июнда, А.Осмонов атындагы улуттук китепканада өткөнγ турат. Бул иш-чаранын алдында биз атайын меймандарды чакырып алдык. Маркумдун жубайы, журналист Назира Саалиеваны жана белгилγγ журналист, акын, публицист, талдоочу, котормочу Жыргалбек Касаболотту чакырганбыз.
Бул романдын кыргызча которулуп, даяр болгонун, ана-мына чыгат деп канча жыл мурун эле укканбыз. Өзгөчө бул чыгарманын кγйөрмандары, дγйнөлγк классиканын сγйөрмандары көп кγтγп калды окшойт, Назира эже?..
Назира Саалиева: — Ооба. Жолдошум бул чыгарманы 2019-жылы жайында эки айда эле которгон. Бул китепке “Турар” басмаканасынын андагы жетекчиси Тилек Мураталиев демөөрчγ болуп берем деп котормону Эрнистен сурап алган. Басмаканага жеткирип берип, чыгышын жети ай кγттγ. Бир кγнγ Тилек байке чалып, Булгаковдун мураскерлеринен уруксат алуу γчγн аларды таппай жатканын айтты. Анан эле экөө тең өтγп кетти… Эрнис… анан Тилек байке каза болуп калды. Тилек байкенин балдарына барып, “чыгарып берем деди эле” десем, “бизге айткан эмес” дешти… Анан котормону алып кеттим. Демөөрчγ издеген деле жокмун, учуру келээр деп жγргөндө Жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы Нурлан Калыбеков чалып, “Назира, Өкмөттөн акча бөлγнсө эле эң биринчи “Мастер менен Маргаританы” чыгарабыз» деген… Анан убакыт-сааты былтыр келди окшойт, 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 50 китеп чыккан. Маданият министрлиги менен Жазуучулар союзу биргеликте чыгарып, 50 китептин авторлорун чакырып, бет ачарын өткөрγшкөн.

“Китеп чыкканча 10 кишиге котормоңду салып кой, алар окуй берсин. Китеп чыкканда келип, сγйлөп беришет. Анткени бул классикага айланган чыгарма да, баасын алыш керек!” деген идеяны Тилек байке айтты эле. Анан Эрнис экөөбγз γйгө келгенде, “Кимдерге бересиң?” деп сурасам, аты-жөндөрγн айтты, мен жазып калгам. Былтыр баарына таратып, Эрнистин аманаты экенин айтып, бир жылдан кийин бет ачары болорун эскерткем. Бир жылда бул татаал чыгарманы окуп, сиңиришсе, туулган кγнγндө өткөрөм деп тилек кылгам. 13-июнда, көзγ тирγγ болгондо, 55 жашка чыкмак. Айтылган адамдардын баары эле иш-чарага келип беребиз дешкен жана ушул иш-чаранын алдында да эскертсем, келип беребиз дешти. Ошол тизмедегилердин бири – Жыргалбек.

Умсунай Өсөрова:Жыргалбек ага, котормочунун айтымы менен алгачкы окурмандын бири болупсуз. Сиз дγйнөлγк адабиятты окуп келесиз, дγйнөлγк чыгармаларды которуп келесиз. “Мастер жана Маргаританынын” тγп нускасын буга чейин окугансыз. Орус тилинен кыргыз тилине которулган китепти колго алганда эле сизге кандай таасир калтырды?
Жыргалбек Касаболот: — Котормону Булгаков кыргызча жазып койгондой вариантында көрдγм. Мен орусчасын окугандыктан сюжеттерин жакшы билем. Айрым бир жерлеринде гана орусча сөздөр сакталып калганы болбосо, мисалы сценалар, атмосфера… калганы кыргызча, диалогдорунан бери жакшы берилген. Орусчасы кандай болсо, чыгарма кыргызча да ошондой которулган… китепти колго алып окуган кишини котормо аягына чейин жетелеп кете бере тургандай кыргызчаланган.

Бул чыгарманы Эрнис экөөбγз студент кезде чогуу окуганбыз. Колдон-колго өтγп турган китептердин бири болчу. Эгерде ошол кезде которулса, мындан да чоңураак резонанс жаратмак деп ойлойм. Себеби, анда ачылган толкундун деми аябай кγчтγγ болчу… Союз жаңы тарап, мурда чыкпай турган чыгармалардын баары чыгып аткан кез эле… биз ага кызыгып турган учур эле. Ошо кезде дγң болгон китептер: Солженицындин “Архипелаг ГУЛАГы” менен Булгаковдун “Мастер жана Маргаритасы”. Албетте,  бул эки китеп азыр деле актуалдуулугун жоготкон жок. Азыр дагы кыргыз окурманы γчγн жаңыдан ачылыш болуп жатат. Себеби, алар кыргызча котормосун окуп көрө элек да. “Мастер менен Маргарита” өтө терең, татаал роман: бир чети философия, бир чети мистика, бир чети какшык менен иронияны аралаштырып, өзγнγн доорунун өзгөчөлγгγн жуурулуштуруп, бир нече катмарды камтып берген чыгарма. Ошону туура тγшγнγп, окурманга жеткидей кылып бериш γчγн чоң чеберчилик талап кылынат.

Менимче, Эрнис буга чоң ынтаасын коюп, дилин төшөп туруп жасаган эмгектеринин бири. Негизи Эрнис буга чейин көп чыгармаларды которгон. “Наука радости” дегенди кыргызчалаган, дагы ушул сыяктуу, биз γчγн экзотикалык болгон чоң чыгармаларды которду. Ошолордун ичинен эң ийгиликтγγсγ ушул “Мастер менен Маргарита” болду десем болот.
Котормо боюнча жалпы жолунан айта турган болсом, дγйнөлγк адабияттарды тγп нускасынан которушубуз керек! Орус тилин ортомчу кылбай, англис, кытай, тγрк жана башка тилдерден тγз которгонго өтγшγбγз керек! Ошондо гана тил жагынан да эгемендикке ээ болобуз!
Умсунай Өсөрова: Туура. Жакшы. Назира эже, сиз жогоруда “жолдошум эки айда эле которгон” деп айттыңыз. Бирок мындай татаал, философиялык чыгарманы которуу γчγн Эрнис байке өзγн бир топ жыл даярдап келсе керек? Эгерде даярдабаса, мындай терең чыгарманы эки айда которуу оңой болбосо керек деп ойлойм.
Назира Саалиева: — Ооба, туура. Мына, Жыргалбек айтып жатпайбы, “Бул китепти Эрнис экөөбγз жаш кезекте чогуу окуганбыз” деп. Ошондон бери өзγн даярдап келсе керек. Мага шашылыш, эки айда которгону табышмак… Акыркы котормосу ушул болуп калды. Өзγ көрбөй кетти, баасын укпай кетти! Эрнис буга чейин Конфуцийдин насааттарын которгон. Экс-депутат Нуржигит Кадырбеков анда «Ыйман” фондусунун жетекчиси эле, ал китепти чыгарып, бет ачарын өткөрγп берген. Анда көзγ тирγγ эле, ал котормонун баасын өзγ уккан…

Ошондо: “Эрнис, менин байкоомдо сен котормочулукту каалайт экенсиң. Мындан кийин котормого отура бер!” деп шарт тγзγп бергем. Кубануу менен кабыл алып, ушундай чоң китептен 9 китеп которуп кетти. Анын бири – “Мастер менен Маргарита”. Кришнамуртинин “Адам баласы өзүңдө революция жасай аласыңбы?” аталышта адамтаануу боюнча окуу китебин да которгон. Учурда ошону даярдап жатам. Себеби, жолдошум берчγсγн берип кетти, аны ишке ашыруу аманат да. Мындай чыгармалар чыгыш керек, болгону колдоп, китептерди чыгара турган демөөрчγ керек! Бирок, мен демөөрчγ издеген деле жокмун, себеби эч кимге жалдырагым келбейт! Өзγ билип эле колдогондор болсо дейм… Себеби, Эрнис адабият, маданиятка чоң салым кошуп кетти. Бирок, “муну кылдым… ушуну которуп атам” деп алдын ала айтчу эмес, унчукпай эле жасай берчγ. Чоң чыгарма которуп атканда, анын ичине сγңгγп кирип кетчγ. Андай учурда тынчтыкты, жалгыздыкты каалачу. Эч кимди жактырбай калчу… Кγндγр-тγндγр отуруп бир чыгарма которуп жатканын билгем. Себеби, жакшылык-жамандыкка барбай, “өзγң эле бара берчи” деп калчу… Көрсө, ушуну которуптур да…
Умсунай Өсөрова: Булгаковдун бул чыгармасы Эрнис Асек уулун эмнеси менен тартты болду экен? Тагдырдагы окшоштуктарбы: автор менен котормочунун дγйнө салгандагы жаш курактары, өтγп кеткенден кийин чыгарманын дγңгγрөшγ…

Назира Саалиева: — Тагдырларында кандайдыр бир окшоштук жактары бар: экөө тең 49 жашында дγйнө салгандагысы… көзγ өткөндөн кийин китептин чыгышы… “Эмне себептен муну котордуң?” деп сурашат, жазып койсоңчу» десем, “макул, жазам” деген эле, тилекке каршы, ал тилегине жетпей калды… Эрнисти философ дешчγ. Бул чыгармада философиялык, диний элементтер көп камтылган, биздин турмуштагы көрпенделик, кулк-мγнөз ачылган, ак-кара, жаман-жакшы, калп-чындык жуурулушуп берилген. Ушундай нерселерди Булгаков башкача өңγттө берген, ошону Эрнис терең тγшγнγп которуп жатат. Роман башталганда эле акындын чындыгы бийликке жетпей атпайбы. Ал чындыкты айтса, айнып калган деп аны жиндиканага жаткырып салышты… Азыр деле ошондой… Чындык бозоруп босогодо калып, калп төргө өтγп алганы чыгармада камтылган. Эрнис ошондон улам  кызыгып, “кой, муну которуп коеюн” десе керек деп ойлойм. Окурман даярдык менен окуса, көп кызыктуу нерселер бар.

Умсунай Өсөрова: Жыргалбай агай, сиз котормочу, талдоочу катары айтсаңыз, кыргызча котормо коомчулукка эмне берет жана автор эмнени айткысы келген?

Жыргалбек Касаболот: — Булгаковду айтып жатасыңар да?.. “Бул жагы берилген” деп бир жактуу айтууга болбойт. Себеби, мен жогоруда айткандай эле бул чыгармада мистикасы, философиясы, ошол кездин өзгөчөлγктөрγ аралашкан көп катмарлуу чыгарма. Чыгармачыл адам менен коомдун ортосундагы, чыгармачыл адам менен бийликтин ортосунда мамилелери ар кандай оош-кыйыш өңγттө берилген. Ошондуктан бул китепте автор ушул жагын гана бергиси келген деп айтыш мγмкγн эмес! Мисалы Иса пайгамбардын башынан өткөн нерселер китептин өзөгγн тепчип өтγп атпайбы. Себеби авраамдык диндердин бири болгон христианчылыктын идеясы аркылуу автор адамдыкты көп өңγттөн берип атат. Бир чети — кыргыз окурманы γчγн авраамдык-христианчылык, мындайча айтканда, батыштын же ошол дγйнөнγн көз караштарын, баалуулуктарын берγγ. Экинчи чети жазуучулардын, чыгармачыл чөйрөнγн ортосундагы мамилелердин ыйкы-тыйкылары канчалык деңгээлде коомчулукка зыяны тийип жатканы… ошолордун ичинде идеологияга берилип, бийликке кызмат кылып кеткендер менен чындыкты айткысы келгендердин ортосундагы карама-каршылыктар берилген. Негизи бул китептин ичинде тγбөлγктγγ нерселер айтылган. Биз убагында жаштык кылып мистикасына кызыгып окуганбыз. Биз γчγн компартиянын чеңгээлинен жаңы чыгып аткан бир топ экзотика болчу… Анан карап отуруп адамдык жагына кирип кеттик, анан акын же жазуучу менен коомдун ортосундагы, тегерек-четиндеги мамилелерге кирип кеттик. Кыскасы, чоң чыгарманын белгиси ошондой, көп катмарлуу болот. Улам окуган сайын окуялар жаңы өңγттөн ачылып жγрγп отурат. Ошондуктан буга даярдык керек.

Булгаков өзγ көп жагынан даярдыгы мыкты киши болчу. Анткени ал жазуучулар союзунун ыйкы-тыйкысын берип атпайбы… Бул жактан биз шайтанды “жамандыктын символу” деп жаман көрγп калганбыз. Бирок, бул чыгармада шайтандын ролу алда канча бараандуу. Себеби, ал тазалоочу катары иштеп жатат. Адамдардын айыбын ачып, эки жγздγγлγгγн көрсөтγп атат… Ал жакта, диалектикалык жактан алганда, майда адамдардын жанында шайтандын ролу колориттγγ көрγнөт.

Сүрөттө: Паймон Бахти, Эрнис Эшимканов, Юрий Садловский (Рига)

Дагы бир нерсени айта кетγγ керек. Бул чыгарманы которуу γчγн ага жалаң эле кызыгуу керек эмес. Эрнис Ригада окуп келген. Ал жактан дγйнөлγк адабияттын негизги γлгγлөрγн ала келген. Агезде Эрнис биз γчγн көп нерсе окуп келген чоң жигит көрγнчγ. Көз айнегин тагынып алып, китеп эле окуп отурса, биз эмнелерди окуп атат болду экен деп кызыкчубуз. Себеби биз башка нерселер менен алек болуп жγрчγбγз да. Кызыгып сурасак, Кафка жана башка жазуучуларды айтып берчγ… Кийин биз чогуу окуган “Мастер менен Маргаританы” кыргызча которуп чоң эмгек кылып кетти. Эрнис негизи философиялык нерселерге көп кызыкчу… отуруштарда да жалаң ошол жөнγндө кеп кылчу. Кыскасы, турган турпаты менен жашоосу ошонун тегерегинде болду. Чыгарманы терең тγшγнгөнγ γчγн ушундай ийгиликтγγ котормо болду деп ойлойм.
Колдон келсе, ушундай котормолордун көп болуп турганы жакшы. Мисалы, Маркестин котормолорун илгери которушкан. Бирок ал жалаң Маркестики эмес, анын тегерегинде латын америкалык мистикалык реализм деген өзγнчө агым бар. Ошол сыяктуу нерселерди кыргыздарга алып келип, “чындыкты берγγнγн ушундай дагы ыкмалары бар” деп жγрγп отурса, анда кыргыз окурманынын ой өрγшγ кеңийт, кыргыз адабиятына дагы жаңы ыкмалар кире берет деп ойлойм. Кыргыз жазуучулардын арасында мындай ыкмаларды колдонгондор бар. Мисалы “Бакшы менен Чыңгыс ханды” Арслан Капай жазбадыбы, ал дагы ушундай ыкманы колдонгон, катмарлаштырып туруп, бир идеянын тегерегине бириктирген. Же жанагы «Добулташтык Заратустра» тууралуу жазбадыбы, ал дагы ушундай. Мындай ыкмалар бара-бара адабиятка кире берет деп ойлойм. Бир чети окурманды тартуунун, бир чети бир нече маанини берγγнγн жакшы ыкмасы.
Умсунай Өсөрова:Ошол эле учурда параллель дγйнөсγ бардык адамзатты кызыктырган дγйнөбγ, же?.. Анын γстγнө кыргыздар да кайып дγйнөгө жакын калк да?

Жыргалбек Касаболот: – Ооба, биринчи ирет «Манастан» башталат да… керек болсо «Манастын» өзγ кайып дγйнө. Андай нерсеге кыргыздын кызыгуусу башынан эле бар. Биз баягы, айталык, азыркы Батыш Европанын элдериндей жалаң материалист болуп кеткен эл эмеспиз. Биздин аң-сезимибизде дагы эле ошол эле мистикалык реализм болуп атпайбы… Дөөлөт Сыдыковдун айтып берген окуясы бар. Саякбай Каралаев манас айтып жатканда кытайлар көбөйө бергенде, “Манас атабыз аягында аларды пулемет менен чайкап салыптыр” дептир… Жанында манас угуп отурган Тγгөлбай Сыдыкбеков: “Ай, Саке, Манастын убагында кайдагы пулемет? Мунуң окшошпой калды, ушунуң эми жакшыбы?» — десе, “Анан кытайлардыкы жакшыбы?» — деген экен. Башкача айтканда, ошол окуяга баш-оту менен кирип, аны чындыкка айлантып, жуурулуштуруп кеткенинде… Мындай өзгөчөлγк бизде да бар. Ошон γчγн Маркестики сыяктуу чыгармалардын бизге жугумдуу болуп жатканынын себеби да ошондон… Бул жерде чыгарманын ичиндеги кайсы бир идеяны берγγдөн тышкары окурманды аягына чейин кармоонун ыкмасы болуп жатпайбы.

Ал жердеги атмосфераны дагы жакшы бериш керек, мисалы Булгаков реалдуулуктан тышкары нерселерди сγрөттөгөн, мисалы, “мышык келип сγйлөдγ… тиги чалкасынан кетти” деген нерселери менен окурманды башынан аягына чейин кармай турган ыкманы колдонгон. Бирок, ал анын негизги максаты эмес, анын башкы максаты — ошол аркылуу чыгарманын ичиндеги идеяларды берγγ… Мисалы Иса пайгамбардын чындыгын, анын Понтий Пилат менен болгон талаш-тартыштарын берγγ… Себеби Пилаттын өзγнγн чындыгы бар, ал көп нерселерге жообун алгысы келет. Ошон γчγн линия баштан-аяк ошол жакты көздөй кетип баратпайбы, башка окуялар менен, устаттын өзγнγн башынан өтγп аткан нерселер менен жуурулушуп… анан аягында гана жооп келип атат. Демек, бул жазуучунун чеберчилиги. Ошол окуянын баарын эптγγ, жеткиликтγγ кылып берγγ оңой нерсе эмес.
Умсунай Өсөрова:Бул китепти окууда дагы окурмандын даярдыгы керекпи?.. Ага чейин ал кайсы чыгарманы окуп даярданыш керек же киносун көрγп алдын ала тγшγнγк алыш керекпи же?..

Оригинальная обложка работы Юрия АнненковаЖыргалбек Касаболот: — Албетте, керек! Бизде, мисалы, кайсы ыкманы колдонуп, ал ыкманы тγшγнγш γчγн Булгаков “Иттин жγрөгγн” жазып жатпайбы. Чындап келгенде, анда да азыркы заманды жазып койгон. Андан азыркы замандагы көп нерсени көрсө болот, бу киши ошону ачып берген. Бир чети какшык, юмор, экинчи жагы чындык. Булгаковдун өзγнγн көз караштары ар кандай болгон. “Белая гвардия” деген романы бар, анда ал тиги жакка да, бул жакка да барып кошулат. Ошо кездеги ичиндеги уйгу-туйгулар… кимисиники туура деп өзгөрγγлөрдγн ичинде жγргөн. Ошонун баары чыгармаларында чагылдырылган. Биринчиден, ошону окуш керек! Анан христианчылыктын тарыхын, Инжил, Библияны, дγйнөлγк диндерди окуп чыгыш керек. Андан тышкары, советтер союзу жаңы тγзγлγп жаткан кезде идеологиянын тегерегинде болгон ыйкы-тыйкы кутумдарды, кандай агымдар болгонун билиш керек. Ошондон кийин Булгаков эмне γчγн ушинтип жазганын, эмнеге кысымдар, тγшγнбөстγктөр болгонун тγшγнөт… Бул дагы жумшартып жазганы… андан кийин катуулап кеткен жактары бар.

Маркумдар үнү - BookHouse китеп дүкөнүМисалы, Самсак Станалиевдин “Чагылгандын көз жашын”, Көчкөн Сактановдун “Маркумдар γнγн”, Казак Акматовдун “Кγнгө айланган жылдарын” окуй турган болсок, анда таптакыр жаңы өңγттөр ачылып жатат. Биз баягы көнγмγш советтик алкактан чыгып, башка дагы көз караштар бар экенин билишибиз керек! Ошолордун баарын окугандан кийин бизде чындык комплекстγγ тγрдө ачылат. Орустардын ичинен башкача өңγттө ачылган китеп, болгондо да абдан жакшы ачылган. Ошол мезгилдеги айтылып жаткан нерселерди, тγбөлγк коюп жаткан маселени тγшγнγш γчγн мен жогоруда айткан китептерди окуш керек. Бул кыргыздар γчγн абдан жакшы инструмент жана чоң пайдасы бар. Эгерде окурман даярдык менен окуса…
Назира Саалиева: — Жыргалбек айткандай, даярдык менен окуса көп нерсени тγшγнсө болот. Жыргалбек жогоруда айтып кеткендей, биз бул жактан шайтанды жаман көрγп жатабыз. Бирок, ал адамдарды сынап, абийирин ачып жатат. Мисалы, эл шайтанды сыйкырчы катары кабылдап атат… Шайтан сахнадан магазинди пайда кылып, кийим-кечени бекер эле алгыла деп чакырып жатат. Ошол жерден баягы эле олигархтардын аялдары бекер десе жулкунуп чыгып, өздөрγнγн кийимдерин ыргытып, тиги кийимдерди кийип жатышат. Карапайым эл андайга барбайт. Бул жерде байлардын ач көздγгγ да берилген. Бекер кийимди кийип алып, сыртка чыкканда жылаңач калып калышты… Мына, философия кайда жатат, “адам баласы жарык дγйнөгө жылаңач келген, тиги дγйнөгө жылаңач кетет» дегенди да тγшγнсө болот. Анан дагы 18-главадагы “Жолу болбогон коноктордо” каза болуп калган редактордун тайжездеси келет, жээнин акыркы сапарга узатуу γчγн. Бирок ал топурак салуу γчγн эмес, мураскер катары γйдγ алып калууну көздөп келет…

Шайтандын ролунда Эрнис жакшы көргөн актер Олег Басилашвили…

Жыргалбек Касаболот: – Аны шайтан өзγ да айтып жатпайбы, “Бул жакшы эле шаар болчу, буларды квартира маселеси эле бузуп койду” депчи… Ошол айткан сөзγ легенда болуп кеткен. Анткени кийин кинематографияга көп жолу ар кандай сценарийлер менен чыкты го… Мисалы, москвалыктар ал эмнеге ошентип айтканын жакшы тγшγнөт.

Бул жерде дагы бир нерсе, Жазуучулар союзунун төрагасынын бөлмөсγн эмнеге Маргарита келип талкалап атат? Анткени шайтан ага бийлик берип койду. Ага чейин жазуучулардын арасындагы тγшγнбөстγгγн көргөн. (Кγлγп) Шайтан жөнγндө анекдот бар го: “Адамдан өткөн ит жок экен, баарын өзγ кылып алып, мага шылтай берет” депчи. Ошолор нерселер китепте жакшы ачылган. Шайтан болгону адамдардын жγзγн ачып берип жатат… анан аны өрттөй болуп тазалап кетип атат. Ал жакта революцияны да, адамдар арасындагы карама-каршылык аягына чейин чечилбегенин, Понтий Пилат менен Иса пайгамбардын ортосундагы диалог — ал тγбөлγккө улана тургандыгын көрсөтγп жатат. Ал кандай чечилиш керек эле? Өткөнгө кайрылып барыш керекпи же барбаш керекпи?.. Мына ушул нерселердин баары, адамдын психологиясы берилип жатат. Себеби, ал ошол кезде «эмне кылышым керек эле? Ошондо сөзγбγз бγтпөй калды эле… Кандай кылсам туура болмок?» деп убагында билбей калганы жазылып жатат. “Сөзγбγз бγтпөй калды эле…” деген сөзγ бардык адам баласына тиешелγγ. Себеби, баарыбыздын сөзγбγз бγтпөй калган убак көп болот…
Умсунай Өсөрова: Туура. Эми ушундай жакшы чыгарманын кыргыз тилинде которулганын кантип элге жеткиребиз? Китеп мамлекет тарабынан чыкты, бирок ал республикалык китепканаларга таратылат. Назира эже, сизге мураскер катары аз нускада берилсе керек? Же кайрадан басып чыгаруу аракетин кылып жатасыздарбы?

Булгаковдун мураскери Шиловский

Назира Саалиева: — Бул китеп былтыр президенттин колдоосу менен жарык көргөнγн жогоруда айтып өттγм…  Бир жылдан бери сурагандар көп, тизмелесем 100 киши болду. Автордук укук деген маселе бар. Кайра чыгаруу γчγн кайра эле Булгаковдун мураскери Шиловскийге кат жазышым керек. Андан уруксат албасам, ал өздөрγн, Москвадагыларды 5 миллион доого жыккан, чатак киши экен. “Мастер менен Маргарита” китебин чыгаруу γчγн Булгаковдун мураскерин кантип табам» деп Жыргалбекке кайрылсам, “Москвадагы жазуучулар союзуна кат жаз” деген. Аларга кат жазсам, алар Булгаков атындагы фонддун жетекчисине жиберишсе керек, ал жактан кат келген, “Уруксат берем, бирок, он пайызын төлөйсγңөр” деген. Мен аны Нурлан Калыбеков менен “Улуу Тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыровго айткам, “байланышып койгула” деп. Кийин Жумадин байке: “Булгаковдун мураскерине төлөө жагы каралбай калыптыр. Ошондуктан сенин гонорарыңды которуп коелубу?»– дегенде, китеп чыкпай калбасын деп мен макул болгом. Бул котормого гонорар дагы чыккан эле. Ошо учурда толкунданып кетиштиби, билбейм, айтор, Булгаковдун мураскерине төлөө жагы каралбай калыптыр… Эми кайра басып чыгаруу γчγн кайра эле Шиловскийге кат жазам го дейм, аны юристтерден сураш керек!

Жыргалбек Касаболот: — Мен бул жагын билбейт экем. Бир нерсени айта кетейинчи, республикалык китепканаларга таратылып жатпайбы, менимче, бул мамлекеттин жакшы саамалыгы. Себеби китепканаларды дагы колдошубуз керек! Китепке кызыккан адамдарды китепканаларга барып окуганга көндγрγш керек! Бул ошого окурманды тартуунун бир жолу да. Жаңы чыгып жаткан китептер менен китепканалардын байып турганы жакшы. Себеби сатыкта өткөнγ бир жөн… экинчи жагынан караганда, кээде китепканалардан жакшы нерселерди таппай калган учур болуп калууда. Китепканаларды байытып жγрγп отурсак, анда элди китепканага тартканга жакшы шарт тγзγлөт.

Алып барган Умсунай Өсөрова (Кыргыз Радиосу, 13.06.2025)

“Эрнистин көзγ тирγγ болгондо “Иттин жγрөгγн” котормок деп ойлойм…”

Жыргалбек эртеси — 13-июндагы иш-чарага да келип, Эрнисти өзγнөн жогору коюп сγйлөп бергени жγрөктγ жылытты. Ал жерде да Эрнистин Ригадан окуп келип, дγйнөлγк адабиятты жакшы билгенин, Кафка жана башка чыгармачыл адамдардын чыгармасынан айтып бергенин айтып берди:
Эрнис Ригадан окуп, Кыргызстанга кайтып келгенде, биз кыргыз адабиятын гана билчγбγз. Биз башка нерсе менен алектенген учурда, ал Кафка, Акутагава жана башкаларды оозанчу…. Ошо кезде эле Эрнистин котормочулук дарамети кγчтγγ болчу.

Кубантай Эрназаров

Булгаковдун “Мастер менен Маргаритасын” тγшγнγγ γчγн орус тилин жакшы билγγ багаж, эргγγ керек эле. Чыгарманын өзү өтө көп кырдуу, ошол эле учурда кыргыз коому үчүн жаңы (айрыкча христианчылык дүйнөсү) ачылыш. Китепте котормонун сапаты байкалат. Орусчасын окуганда окуяга сγңгγп киргендей, кыргызчасын окуганда да окуяга ошондой эле кирип кеттим. Эгерде Эрнистин көзγ тирγγ болгондо, ал Булгаковдун “Иттин жγрөгγ” чыгармасын да котормок деп ойлойм.

Жалпы жолунан котормо боюнча маселени козгогум келип атат. Дайыма эле бул маселени көтөрγп, айтып келатам. Башка улут, эл эмнени ойлонуп жатканын билγγ γчγн дγйнөлγк адабияттын жакшы γлгγлөрγн тγп нускасынан тγз которууга өтγшγбγз керек. Андай жигиттерибиз жок эмес, бар. Котормочу Кубантай Эрназаров англис, тγрк жана башка тилдерден тγз которуп жγрөт, колдошубуз керек!

26 тилге которулган китептин катарында — «Мастер менен Маргарита»

Жыргалбек айткан котормочу Кубантай Эрназаров иним экөөбγздγ тааныштырган да Эрнистин котормосу болду. Учурда ал γй-бγлөсγ менен Москва шаарында  жашап, иштеп жатат. Орусиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда мугалим болуп эмгектенет. Ушул алтын иним  «Мастер менен Маргарита» романын былтыр алган. Быйыл, жыл башында «Мастер и Маргарита» тасмасы тартылган Москванын Патриарши көлмөсγнө баласы менен барып, ал жерди видеого түшүрүп, китептеги маалыматтардан учкай баяндап минтип салып жиберген эле…

Андан кийин «Мастер менен Маргарита» котормосун «Булгаков үйү» музей-театрынын аткаруучу директору Склярова Наталья Петровнага тапшырганын айтып, видео, сγрөттөрдγ салып, менин колум жетпеген жерге жолдошумдун баалуу котормосун жеткирип, кыялымды ишке ашырып кубанткан.

«Назира эже, Наталья Петровнага котормо боюнча маалымат берип коюңуз, сайтына жайгаштырат экен» деп Склярованын телефонун жөнөттγ эле… Аны менен баарлашкан соң, ал видео менен кошо сайтына “С радостью сообщаем, что наш музей-театр получил в подарок книгу — роман Михаила Булгакова «Мастер и Маргарита» на киргизском языке!” деген тема менен жарыялаган. Толугу бул ШИЛТЕМЕде…

Ошентип, 26 тилге которулган романдын катарына Эрнистин «Мастер менен Маргарита» котормосу барып кошулуп калды. Кыргызстан γчγн, кыргыз γчγн сыймык деп айтсам деле жаңылышпайм!

Маалымат үчүн, Булгаковдун бул чыгармасы бүгүнкү күндө көп тилге которулган жана көп окулган чыгармалардын катарына кирет. Булгаковчулар жана булгаков таануучулардын эсептөөлөрү боюнча, журнал бетине чыккандан алгач китеп болуп басылган убакыт (1966-1973) аралыгында эле англис (эки жолу), болгар, венгр, голланд, грузин, иврит, испан, италия (эки жолу), македония, немис (эки жолу), норвег, поляк, португал, серб, словен, түрк, фин, француз, хорват, чех, швед, эстон жана япон сындуу 26 тилге которулган.

Артына чоң эмгек таштап кеткен Эрнистин жаткан жери жайлуу болсун!

Алдыда…

Дγйнөлγк адабиятты казып окуган мыкты котормочулар, акындар Марат Токоев, Толук Бек Байзак, Атахан Кожокулов, Бурулкан Сарыгулова эжебиздин, мыкты журналисттер Санжи Туйтунова менен Шайыр Эркин уулунун жана Бишкек мамлекеттик университетиндеги Журналистика жана маалыматтык системалары факультетинин кафедра башчысы, жеңем Асел Эшимканованын пикирлери алдыда. Андыктан бизден алыстабаңыздар!

 Таланттарды баалаган сиздердей жакшы адамдар турганда, жолдошум Эрнистин кызылдай эмгеги текке кетпейт, аты өчпөйт, унутулбайт! Бар болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.