Журналист Назгүл Мамытова шайлоодон эмнеге баш тартып койду?..

Журналист Назгүл Мамытова шайлоодон эмнеге баш тартып койду?..

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка таянсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 255 талапкер катталган. Талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 30-октябрда саат 18:00дө аяктаган.

 Назгүл МАМЫТОВА: «Келечек биздики!»

Назгүл Мамытова

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына боюнча, 589 адам шайлоого катышуу арыз таштаган. Алардын 365и эркек, 224ү аял. 168и талапкер болуп катталса, 19 киши арызын кайра кайтарып алган, БШК 7 адамды каттоодон баш тарткан.

Арызын кайтарып алган талапкерлердин бири журналист Назгүл Мамытова. Ал анын себебин «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды: «Мен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары жазган арызымды кайтарып алдым. Мындай чечимге келүү мен үчүн оор болду!

Бирок анын себеби бар. Бир атадан тараган айылдардан төрт талапкер коюп алдык. Мен үчүн эң маанилүүсү элдин ынтымагы! Шайлоо деп ынтымакты ыдыраткым келген жок! Ансыз деле 27-округдан 30 талапкер чыгып рекорд коюп жатабыз…
Буга чейин мандатсыз эле жердештериме колдон келишинче кызмат кылып келгем, мындан ары да кыла берем.
Мага карата каалоо-тилек айткан бардык санаалаштарыма, тарапташтарыма, кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем!»

Жыйынтык… үгүт иштери…

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.

Эске сала кетсек, ушу жылдын 25-сентябрында парламент өзүн-өзү таркаткан. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Жазында (28-апрелде) мамлекет башчы “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Республика боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу керек (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.