ВИДЕО — Илязбек БАЛТАШЕВ: “Журналист — коомдун көзү, кулагы жана үнү»

ВИДЕО — Илязбек БАЛТАШЕВ: “Журналист — коомдун көзү, кулагы жана үнү»

Журналисттер союзу журналисттерге сыйлык тапшырды

7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү, ошондой эле Тарых күнү.
Сүрөттө: Илязбек Балташев менен Эсенбай Нурушев
Журналисттердин жогорку кесиптик майрамын утурлай, бүгүн — 6-ноябрда — Журналисттер союзу иш-чара өткөрүп, өлкөнүн ар бурчунан келген бир катар редакторлорго, журналисттерге сыйлыктарды тапшырды.
Тагырагы, журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесипке берилгендиги үчүн «Ардактуу журналист», «Мыкты журналист» төш белгилери жана Ардак грамоталар ыйгарылды.
Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев кесиптештерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ар күнү эл кызыкчылыгы үчүн чындыкты айтууга аракет кылган, коомдун көзү, кулагы жана үнү журналисттер текши сый-урматка татыктуу экендигин белгилеп, коомго чындыкты жеткирүү жана медиа биримдикти чыңдоо  бүгүнкү күндүн эң маанилүү миссиясы экендигин айтты.

Тарыхка кылчайсак…

7-ноябрь басма сөз күнү — журналисттердин кесиптик майрамы. 1912-ж. 5-майда «Правда» гезитинин биринчи саны чыгып, ошонун урматына СССРде дайыма ушул күндө белгиленип келген. Кийин эгемендикке жетишкен ар бир өлкө (КМШда) өз басма сөзүнүн пайда болуш тарыхына, мезгилине ылайык, тийиштүү  күндөрдү тандап белгилөөгө өтүшкөн. Бизде 1924-жылы дал ушул күнү эне тилибиздеги тунгуч “Эркин Тоо” гезити жарык көргөнүнө байланыштуу «менчиктелип» белгиленип келет.
***

7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жакынкы жылдардан бери расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган. Союз кезиндеги Октябрь революциясы күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча 2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, андагы парламент колдоп берген. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү,  8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

Назира СААЛИЕВА
P.S. Видео жана сүрөттөр Жазуучулар союзунун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Илязбек Балташев менен болгон кенен маекти 7-ноябрда окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.