Бар бол, адабият

Бүгүн — 21-ноябрда, Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, спикери, коомдук ишмер, бир топ илимий-адабий эмгектердин автору, академик, адабиятчы Абдыганы Эркебаевдин «Бар бол адабият» аттуу китебинин бет ачары болуп өтүп, ага акын-жазуучу, коомдук ишмерлер, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү катышып, өз ойлорун ортого салышканын социалдык тармактарга чыгармачыл адамдар жазып жатышат.
Чакыруу кагазы келгени менен, зарыл иштериме байланыштуу бул жакшы иш-чарага бара албай калдым эле, бирок, жакшы кабар угуп кубандым.

Акын Айгүл Тоголокова бул китепке ыраматылык жолдошум Эрнис (Асек уулу), кайын агам Мелис (Эшимканов) тууралуу жазылганын айтып, дал ошо жерин сүрөткө тартып салып жиберди.

Китептин 21-бетинде мындай деп жазылыптыр: «Батышчыл деп эсептелген К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романы кайра куруу учурунда, калган чыгармалары (ырлары, макалалары, маектери, аңгемелери, баяндары, «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» романы) топтолуп «Жети сөз жана Конфуций» аттуу наамда 2003-жылы чыккан. Акыркы чоң китепти ошо кездеги «Асаба» газетасынын уюштуруучулары, арабыздан эрте кеткен бейиши болгур Мелис жана Эрнис Эшимкановдор даярдап чыгарышкан«.
Ал эми 77-бетинде 2020-жылы ээрчишип кеткен Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Эрнис Асек уулунун чыгармаларын жазыптыр. Ал толугу менен төмөндө.
Эл ортону элүүдөгүлөр

Алар азгантай болсо да, алды о дүйнөгө шашып, бирөөсү камакта жатып чыкты. Жалгыз кетпей ээрчишип кеткен достор (Э.Иманалиев, З.Ажыматов) болду. Айжаркын таланттарды эл боздоп, муңдап узатканы эсибизден чыга элек. Экөөнү жоктогон ырлар, эскерүүлөр көп, дале жазылууда. Бул туура, Кудайга да жага турган иш. Алардын жүздөрү, үндөрү үналгы менен сыналгыда түбөлүк сакталганына шүгүр. Китеп түрүндө чыккандары да бар. Алар Элмирбек Иманалиевдин ырлары, поэмалары, термеси камтылган «Аманаты» (2023. 220 бет), Зайырбек Ажыматовдун тандалмаларынан түзүлгөн «Доско каты» (2022. 284 бет), кыска өмүрүндө көргөн окуяларын, сыйлаган адамдарын кара сөзгө түшүргөн “Датасы жок күндөрү» (2022) калганына ыраазы бололу.

Бул муундун «аксакалы”, даңазалуу Мелис Эшимкановдун көздөй көргөн карачечекей иниси, «Асаба» газетасынын салтын улантуучусу Эрнис Асек уулу (1970) кыргызчасы менен орусчасы, ыры менен кара сөзү аралаш «Каалга» (2021) аттуу китеп калтырыптыр. Өзү жазгандай: «Кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттуунун, өмүр менен өлүмдүн «жарк» дей түшкөн учкундары» экен. Окуп жатып агасы экөө да ээрчишип кеткенине катуу кайгырдым: кандай таланттар эле! Эрнис Эшимканов М.Булгаковдун атактуу «Мастер менен Маргаритасын» кыргызчага которуп үлгүрүптүр. Азамат!
***
Терең ыраазычылык!

«Абдыганы Эркебаевдин Советтер Союзунун убагындагы өмүр баяны эле өзүнчө эрдиктин тарыхы.
Бул адамдын баскан жолу жаштарга үлгү болуп, аларды алдыга көздөй ийгиликтерге шыктандыра турган тарых. Бул инсан соңку тарыхта 1990-1995-жылдары Кыргыз мамлекетинин калыптанышында эбегейсиз роль ойногон. 1995-2005-жылдары туруктуу парламент институтунун калыптанышына чоң салым кошкон инсан«, — деп учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, бир кезде парламентте чогуу иштеген Өмүрбек Текебаев жазгандай, Абдыганы агабыз жаштарга үлгү, эл сыймыктана турган биздин замандын каарманы.
Ыраматылык кайын агам Мелис байкенин, жолдошум Эрнистин аттарын атап, эмгектерин жаза кеткениңизге терең ыраазычылык билдирем! Бар болуңуз, агай!
Назира СААЛИЕВА

