ЭСИМДЕ: «Асабадагы» «Пейджердин» жеңүүчүсү… Акындын ыры ыйлатты…

ЭСИМДЕ: «Асабадагы» «Пейджердин» жеңүүчүсү… Акындын ыры ыйлатты…

ЭСИМДЕ…

Кечээ интернет айдыңынан 1956-жылдагы эски гезиттин бир кесим сүрөтү жолугуп калды. Handie Talkie аталыштагы, ааламды дүңгүрөтүп тааныштырган алгачкы пейджер тууралуу: «40 чакырым аралыкка чейин билдирүү жөнөтө алган шумдук түзүлүш!» деп жазылган жаңылык экен.

Бир кезде жапырт баарыбыз колдонгон, тез эле мобилдик телефондор колдонуудан чыгарып койгон бул пейджерди карап, көп нерсе эске түштү. Ошондо бизде да кытайлыктар иштеткен пейджер компаниялары ачылып, биринде мен да иштеп калып, кадимкидей кыска тексттерди терип, абоненттерге жөнөтчү элек.

Анан кокустан таап алган жогорку жаңылыгыма үндөшүп «Асабада» гезитинде карапайым элдин ырлары, жаңылыктары, куттуктоолору жана укмуш, учкул, кыска-нуска кептери чыгып калчу  «Пейджер — сиздин үнүңүз!» деген рубрикасы жолугуп калды. Ал жерде кээде сынак жарыяланып, мыкты билдирүү жөнөткөн окурманды жеңүүчү таап, кийинки санга кыска-нуска маеги менен гезитке чыгарып сүйүнтчү эмес беле. Эл катары мен да Сауле курбумдун темир тулпарлуу болушу менен куттуктап жаздым. «Кел, экөөбүз салтта жок нерсени баштайлы, жаңы машинаң менен жигит ала качалы» деп тамаша менен аяктагам. Анан эле «Пейджердин жеңүүчүсү» деп жүрөм. «Агымдын» астанасын аттадым, журналист Асел Сталбек кызы тосуп алып, кыска интервью алды. Кийин «Бишкек таймс» гезитинде Асел менен чогуу иштеп калганда, ошону эстеп күлгөнбүз… Сүйүнгөн учурларым болгон. Ошондон улам, андай окурмандар аз эмес болуш керек деп, «Эсимде» деп эски учурларга саякат жасай кеттик…

«Пейджер» — сиздин үнүңүз!

Эми бул учурларды «Жаштык жарчысы», «Ленинчил жаш» гезиттеринде иштеп, кийин «Асаба», «Агым» гезиттерин негиздеп, эркин журналистикага чыйыр жол салып, жашоого из калтырып кеткен  Мелис Эшимкановсуз элестетүү кыйын.

Журналистикада жүргөндөр билгендей, гезит чыгаруу да, окурман табуу да кыйын. Мелис байкебиз учурунда ушул эки нерсени тең кыла алды: эл издеп, кууп окуй тургандай, мыкты жазуучу, мыкты журналист, мыкты дос Мамат Сабыров агабыз айткандай, Кыргызстанда президент баш, министрлер төш болуп окуй турган  №1 гезитти чыгарды. Бул гезиттерди, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эскергендей, жаш баладан аксакалдарга чейин, Алайдан далайга чейин заказ менен алдырып, жата калып окуп, саясатчылардын баарын Эшимкановдун гезити аркылуу тааныдык. Гезиттин 1-бетинен акыркы бетине чейин, атүгүл «ушундай мыкты гезитте кимдер иштейт болду экен» деп редакциялык жамаатына чейин окуп, ал жакта иштегендер менен сыртынан тааныш да болуп калганбыз.

«Асабанын» «Пейджери» азыркы Фейсбуктай популярдуу болчу»

Ал кездин журналисттери да, окурмандары да башкача белек, айтор, ар бир рубрикасы кызыктуу болчу. Мындай караганда жөнөкөй көрүнгөн менен, «Пейджер» — сиздин үнүңүз» рубрикасы да өзүнчө бир кызык аалам эле. «Асабанын» «Пейджери» азыркы Фейсбуктай популярдуу болчу» деп ардагер журналист агабыз Жаналы Нурманбетов ошол «Фейсбуктагы» баракчасына 2019-жылдын 18-ноябрында жазгандай, ал жерге окурмандар бугун да, сырын да төгүп, жашоо-турмушка ыраазычылыгын, нааразычылыгын, бийликке болгон сынын да, ырын да, чырын да, ар кимге каалоо-тилегин да жазчу.

Баса, Жанаы агабыздын ошол биз таап алган:

«Асаба» гезити, 1999.18.06.
Ал кезде «Асабанын» «Пейджери» азыркы Фейсбуктай популярдуу болчу. Мен жеңүүчүсү болгон экем.
… «Ома» чыкты—биттин шору куруду
«Бета» чыкты—иттин шору куруду»
деп жазсам керек эле. Түрк товарларын шумдук реклама кылып коюптурмун да ошондо?!

деген «Фейсбук» табылгабыздын уландысы болчу эскерүүлөр болсо, топтоп жарыялаганга даярбыз, урматтуу окурмандар…

«Агасындай өмүрдөн эрте өтүп, «Кайыштырып кетти го кабырганы!»

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, 8-декабрь — КРнын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнүнө, 9-декабрь Эшимканов Мелис (1962-2011) агабыздын туулган күнүнө карата, Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалыматтык системалар факультети Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Мелис Эшимкановдун эркин кыргыз журналистикасынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштуруп берди. Ошондон (6-декабрдан) бери ушул конференцияда сүйлөгөн коноктордун эскерүүлөрүн, жасаган баяндамаларын берип келатабыз.

Кечээ, 10-декабрда, Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Толук айылынын тургуну, «Данакер лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, биздин сайттын туруктуу окурманы, буга чейин Мелис агабыз менен Эрниске арнап ыр жазган акын Нуржамал Султанбекова эжебиз «Асаба» деген ырын Вотсабыма салып, бир топ нерсени эске салды, ойго салды… ыйлатты…

АСАБА

Алдастаткан сүрүнөн ‘Асабанын»,

Ачык сезип, аңгекке такалаарын.

Чоочуп калган, бийликтин төбөлдөрү,

Чогуу кармап, тымызын жакаларын.

Кечирилгис бийликтин жоруктарын,

Кедергисин кемитпей толуктадың.

Барк-баасына бөлбөстөн, тике карап,

Бетин сыйрый бергенсиң жолукканын.

Унутпастыр кайран эл көргөндөрүн,

Уу чеңгелдүү, бийликти жеңгендерин.

Батпай качып элинен кеткендердин,

Сөөгүн кошуп, чет элге бергендерин.

Элден безип, жан үрөп качкандарын,

Элин мээлеп, душманча аткандарын.

Унутууга акың жок, ойлоп көрсөң,

Ар-намысын тебелеп саткандарын.

Кастарлган калың эл «Асабаны»,

Кайран эрлер, анча узак жашабады?

Калкылдаган калың журт «Өссүн»деген,

Кайда калды, карангүн баталары?

«Асабадан» калышпай, «Агым» дагы,

Андан өтүп, жайылды тамырлары.

Агасындай өмүрдөн эрте өтүп,

«Кайыштырып кетти го кабырганы!»

Эрнис АСЕК уулу: «Асабаны» сатканым — Мелис агамды сатканым…»

«Асабадан» калышпай, «Агым» дагы,

Андан өтүп, жайылды тамырлары.

Агасындай өмүрдөн эрте өтүп,

«Кайыштырып кетти го кабырганы деген сабына келгенде көзүмдөн жаш кетти… «Асаба» — Мелис Эшимканов, «Агым» — Эрнис Асек уулу деп түшүндүм… Эки гезит менен кошо бир туугандар да жок…

Бул ыр көп нерсени эске салды…

Жолдошум Эрнис агасынын аманатын аткарып «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жатканда, «сат» деп телефон чалып, куда түшүп, ири сумма сунуштагандар, редакцияга чейин келип, пачка доллар көрсөткөндөр да болду… Андайлардын аты-жөнүн азырынча айтпай эле коеюн, кийин китепке жазам.

Бир күнү эшикти шарт ачып, редакциябызга бир бизнесмен кирип келип, учурашып, «Сен чыга турчу, Эрнис менен секрет сүйлөшүп алайын» деди. «Жок, Назира эч жакка чыкпайт. Ал жумуштагы орун басарым, үйдө аялым. Андыктан андан жашыра турган эч нерсе жок», — деди. Тиги бизнесмен колундагы пакетти жолдошумдун алдына таштап:  «Эрнис, кыскасы, бул жерде миллиондон ашык доллар бар. «Асабаны» мага сат! Жакында парламенттик шайлоо болот,  мага ошого керек! Санап көр! Эгер аз десең, үстүнө дагы кошом«, — дебеспи чалкалап отуруп алып…

Ошондо кайран Эрнисим: «Мени эч качан акча кызыктырган эмес жана кызыктырбайт! «Асабаны» сатканым — Мелис агамды сатканым. Мага акчадан да агам кымбат. Байкем кимдир бирөө үчүн жок болсо, мен үчүн бар» деди. Ошондо тиги кишинин да, менин да оозум ачылып эле калган. «Эр экенсиң, Эрнис!» деп тиги киши ордунан шарт тура калып, колун бекем кысып, кызарып-татарып, шашып редакциядан чыгып кеткен эле.

А менин Эрниске сүйүүм, урмат-сыйым ого бетер өстү. Болбосо, ошол учурда экөөбүзгө акча аябай керек болчу: гезит чыгарганга, үй сатып алганга… квартиралап жүргөнбүз… жөө басчубуз. Албетте, жөө басканды экөөбүз тең жакшы көрчүбүз. Бишкектин бул башынан тиги башына чейин далай жерди жөө бастык го, чиркин… Азыр деле апам менен, же жалгыз жөө басам. Жалгыз басканда Эрнисимдин ырларын эстейм… 22 жашында жазган «Мен» деген ырын көп эстейм.

МЕН

Чаржайыт калаа. Чак түш чак.

Көөдөндү тебет алсыз жел.

Келатам. Асфальт. Бак-дарак.

Көчөдө агат сансыз эл.

Аркы да, терки өтүшөт,

Экиден, үчтөн, жалгыздан.

Миңдеген жандын жүздөрү,

Кадалган карек талгызган.

Келатам. Бирок өзүмдү

Алардын бири дебесмин.

Сансыз элдин ар биримин,

Бирөөсү дагы эмесмин.

                                                    Эрнис АСЕК уулу (1992-жыл)    

«Көзү өткөн адамды эстесең, же багыштап куран окусаң, же атын эле атап койсоң, ошол адамдын руху, жаны сенин жаныңда болот» деп экс-депутат Ибрагим Жунусов айткандай, 6-декабрдан бери ага-ининин аттары аталып жатат, демек, руху биздин жаныбызда. Экинчи өмүрлөрү узун болсун! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Эл эсинде калган гений ага-инини, алар чыгарган дөө-шаа гезиттерди эстеткен элимден айланам. Сиздер бар, биз барбыз! Бар болуңуздар, биздин сайт менен бир болуңуздар!  

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Асабанын» «Пейджерине» чыгып жеңгендер болсо, биздин редакцияга «Эсимде» деп, saalnaz@list.ru эл.почтасына салыңыздар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.