Бүгүн «Дүйнөнү калем менен багындырган» залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө (1928-жылы 12-декабрда) келген күн жана алп акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн.
Улуу жазуучу Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь — Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. Бүгүн бир топ иш-чаралар болуп өттү. Алсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият ишмерлери, Чыңгыз Айтматовдун жакындары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жазуучунун бейитине гүл коюп, эскеришти.
Калыстар тобунун чечими менен проза жанрында Абдиламит Матисаков, поэзия багытында Молдоакмат Бапаков, драма боюнча Кыял Тажиева, балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиев, котормо жаатында Таштанбек Чакиев, адабий сын боюнча Үмүт Култаева, орусча жазылган чыгармалар боюнча Тыныбек Мейманалиев жеңүүчү болгон. Алардын ар бирине диплом, статуэтка жана 100 000 сом ыйгарылды.
Ал эми У.Абдукаимов атындагы адабий сыйлыкты мыкты котормочу, акын, журналист Жыргалбек Касаболотов жеңип алды. Агабызга төш белги, диплом, 100 000 сом ыйгарылды.
Сыйлык ээлерин сыйлыгы менен куттуктайбыз!
Эске сала кетсек, бүгүнкү күнү Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы, алп жазуучунун 95 жылдыгына карата бир топ иш-чаралар өтүүдө.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы