Көчөдө үшүп калган балдар… Акаевдин сунушу… Абыкеевдин «жомогу»… Министрдин жыйыны жана жообу… 

Көчөдө үшүп калган балдар… Акаевдин сунушу… Абыкеевдин «жомогу»… Министрдин жыйыны жана жообу… 

Министрлик ата-энелерден урушту жакшы эле угушту…

Биринчи смендеги сабагыбыз 7.30да башталгандыктан, жол алыс деп балдарыбызды кээде таңкы 04.30да, кээде аяп 5те тургузуп, кийиндирип, ичиндирип, китеп кабын бир сыйра текшерттирип 6.30да γйдɵн узатабыз. Камылгабыз жылуу кγндɵрγ бат эле, кышкы кγндɵрγ, оу-у, кыйла узарып кетет.
Бγгγн да кɵнгɵн тартипте жɵнɵтγп жиберсек, балдар мектепке жетип калганда, Ватсап группаларга класс жетекчилер: “Урматтуу эже-агайлар! 13-14-декабрь онлайн окуйбуз. Эми жазып жатам, жогору жактан уруксат келээри менен дароо жазып жатам, түшүнүү менен кабыл алганыңыздарга рахмат” деген мектеп администрациясынын билдирγγсγн сала башташты. Кадимки окуу кγндɵрγ менен алганда, сабактар башталганына жарым мγнɵт болуп калганда кабардар болдук. Анан балдарыбыз чала баштады, “он-лайн окуйт экенбиз, кайра баратабыз; маршрутка кγтγп жатабыз; маршрутка толуп батпай калдык; γшγп атабыз” деп…

Ошентип, 6.30да кеткен балдарыбыз араң 10дордо келишти. Же он-лайн, же офлайн окубай калып кеттик. “Катуу сууктан улам Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрда онлайн окуйт” дегенди өтө эле кеч билдирип шалаакылык кылган Билим берүү жана илим министрлигине ата-энелер агынан жарылды…
“Билим берүү министрлиги, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, түшүңөрдөн чочудуңарбы?”
Айтарым, мугалимдерде, класс жетекчилерде кγнɵɵ жок. Алар администрацияны, администрация министрликти карап иш кылат. Анткен менен Ватсап группаларда кыйла нааразылыктарды класс жетекчилер угушту, кечирим сурашты. Ата-энелердин айткан-дегени администрацияга же министрликке жетпестиги анык…
Бирок министрлик бγгγн интернет колдонуучу ата-энелерден урушту жакшы эле угушту. Коюлган суроолор, айыптар жакшы эле жаады, баары жγйɵлγγ, орундуу…
Баарын болбосо да, айрымдарын чыркыраган чындык γчγн берип коелу дедик.

Замира КОЖОБАЕВА:
— Билим берүү министрлиги, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, түшүңөрдөн чочудуңарбы? Сабакка 15 мүнөт калганда, балдардын баары суукта мектепке жөө-жалаңдап барган кезде «онлайн сабак» деп жарыялап атасыңар? Балдар үшүп-тоңуп мектепке жеткенде, мугалим кайра кайтарып атышат сабак онлайн деп. Муну кандай түшүнүүгө болот?
Министрликке «Азаттыктын» атынан 2 күн мурда кайрылып, сураганбыз. «ӨКМдин чукул билдирүүсү чыкты, балдардын сабагы онлайн болушу мүмкүнбү?» деген суроо менен. Тилекке каршы жоопсуз калган.
Мира АЛЫМОВА:
— Чечим кабыл алынары менен саат түнкү 1 болсо да группаларга таркатышса болмок. Көпчүлүк таңкы 6дан өтүп эле чыгат үйдөн. Аябай убара болушту…
Назгүл МАМЫТОВА:
— Балдар ары эмес же бери эмес. Бүгүн бир далай бала көчөдө тоңуп калышты! Байкуштар аялдамада турушат үшүп, тоңуп кайра кете алышпай!
Элмира КАДЫРКУЛОВА:
— Кечээ эмес, бир жума мурун айтыш керек эле, суук болору айтылып жатты да.
Министрликтин шалаакылыгы болду бул жерде…
Нурила БАТЫРАЛИЕВА:
— Бир күн эрте приказын айталбагандан эмнени күтсө болот?! Көчөдө тоңгон балдар остановкаларда жүрүшөт. Мен 1 км жерге кыздарымды 350 сом менен таксиге акча кетирип жеткирдим.
Динара МЫРЗАДАИРОВА:
— Биз да чыгып алганда көрдүк, ушу кантип болсун! Сууктун катуу болоорун канча күн мурун билишкен! Эмнени ойлонуп жатышты?
Нурзат АСКАРОВА:
— Биз да эртең менен уктук, онлайн-буйругун.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА:
— Министрликтин кайдыгерлиги! Бир жумадан бери эле ушул күндөрү катуу суук болоору айтылып жатты. Эми ойгонду окшойт министр айым…
Айнагүл МУКАМБЕТОВА:
— Балдарды таңкы суукта ара жолго атайылап калтырышты… Жоопкерчилик кимде экени белгисиз. Кыянаттык кылганга барабар.
Уля НУРМАТОВА:
— Маршрутка жок тонуп калдым деп ыйлап келди. Маршруткада да басылып калдым дейт.
Жылдыз УСУПБАЕВА:
— Мен өзүм билип эле балдарды сабакка жибербей койгом. Саат 9:30 интернетти күйгүзсөм, “Бүгүн эртең онлайн” деп 7:30 эжейибиз жазыптыр.
Аскер САКЫБАЕВА:
— Менин балам эртең менен окуйт. Класс жетекчи саат 7.37де жазып жатат. Биринчи сабак 8де башталат. Балам үшүп жолдо экен. Ушу кантип жакшы болсун?..

Айланайын эски кезди эстегендер…

«Биз бала кезде үшүп, тоңуп, көк муштум болуп эле мектепке барчубуз. Анча-мынча суукту көтөрө албай чын тийбес болуп кетишти азыркылар» дегендерди да окуп жатабыз…
Кагылайын бул кепти кээде биз деле айтабыз, “силердей кезде… сыртта мал жайгарып… отун-суу ташып… кар кγрɵп… кар кечип… суукка катырып кир жууп, кир жайып… муз жалап, кар жалап… чана тээп, кɵлɵчγбγз менен муз тээп, этек-башыбызды суу кылып, тоңуп…” ж.б. дегенди депчи… Ооба, биз бала кезде ошондой эле болчубуз… Бирок ал кезде баарыбыз кыймылдуу болчубуз, мектепте буфеттер, ашканалар жакшы иштечγ, азыраак тыйынга деле аябай тойчубуз, ден соолук жакшы, аба таза, суу таза, кар таза, муз таза, оорулар аз, тез жардам чакырган жерге келчγ, ооруканага ɵзγң барсаң, каралбай калчу эмессиң, адамдар жогуң-барыңды бɵлγшɵ койгон токпейил болчу…
Азыр тамагын алса, кийимине жетпей, киймин алса, кышкысына жетпей, ɵп-чап тамактанган, азгырган куру калорий азык жеген, телефон, интернет деп кыймылы аз жаш балдардын иммунитети начар, оорулар да көп, оорусаң, дарыгерлер жакшы карабайт, жакшы дарыгер табуу ɵзγнчɵ раритет заман…

Анан быйылкы кыш кылычын катуу сууруп келди… Буга чейин жолдор тазаланбай, туз же кум чачылбай тайгалак, кээ бир коомдук транспорттор маалкатып узакка кγттγрγп, тапырап чоңдор тγшγп кеткенде, балдар же кыпчылып кыйналып, же батпай калып аялдамаларда кɵк муштум болуп тоңуп турса… бγгγнкγдɵй эптеп мектепке жетсе — “баргыла, бγгγн γйдɵн окуйсуңар” дешсе, кγйбɵгɵн жериң кγл болуп, балдарына жаны кейип турган ата-энелерди туура түшүнгүлө…

«Президенттин кеңешчиси деле жомок айтып отурат»

Жолдош ТУРДУБАЕВ:
— Мурда коомдук транспорт да убагында каттап турган. Азыр балдар суукта жарым сааттай күтүп, маршруткага батпай кыйналышат.
Канышай МАМЫРКУЛОВА:
— Айрым региондордо коңуру кургак суук болот, 37 градус болсо деле бетти-колду чымыратып үшүтөт. Чүйдө нымдуу суук, сөөктөн өтөт, айрым “чоң эне” менен “чоң аталар”, бала кезиңердин “жомогун” жобурабай тынч отура турсаңар, жекшемби күндөрү угабыз, макулбу?

Айтмакчы, Канышай эжебиз «Президенттин кеңешчиси деле жомок айтып отурат» деп жазганын скриншоттоп ырас кылыптыр. Президенттин кеңешчиси болсо, баракчасынан өчүрүп коюптур. Эмне жазганын скрин-сγрɵттɵн окусаңыздар болот, аябай жакшы окуптур, сабактан калбаптыр, чиркиндики… “Тууну тууралагандын ордуна балдардын келечегине кам кɵрɵлγчγ” десеңиз жакшы болмок да, аттиң…

АКАЕВ: “Алдын ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүлсүн!”

Албетте, бүгүнкү окуучулардын онлайн маселеси Жогорку Кеңештин да кɵңγлγн бурду. Тагырагы, депутат Жанар Акаев парламентте: «Бишкек шаарында 215 миң мектеп окуучусу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык. Эртең менен мектепке барышса онлайн окуу деп кайра үйүнө жиберип атышат. Эшикте болсо кандай суук болуп атат көрүп жатасыңар. Онлайн окуу болорун бир-эки күн мурун айтып, министрдин буйругу жиберилген жок” деп, Кыргызстанда мектеп окуучулары аралыктан окуй турганы боюнча алдын ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүүнү айтты.

Туура, маселе ушунда болду — алдын ала, эрте айтылышы абзел болчу. Кечигип реакция кылгыдай, суук капыстан тγнγ тγшγп карбаластаткан жок, синоптиктер алдын ала айтып, “баланча кγнγ баланча градус суук болот… абайлаңыздар, жылуу кийиниңиздер… айдоочулар 500 м аралыкты сактагыла” деген ƟКМ билдирγγсγ телефондорго деле келип жатты.

Анан мугалимдер “балдар он-лайн окуй турган болду, окуганга шарт тγзγп берип коюңуздар” деп жатышса, окуй турган балдарыбыз маршрутка жок γшγп-тоңуп ара жолдо, аялдамаларда калып жатса, айрым ата-энелери жумуштан суранып, такси менен, ɵз унаасы менен мектептен балдарын алып убара болгонун айтып жатса, суук болоору, башкача сасык тумоо байкалып жатканы кɵптɵн бери айтылып жатса да, министрлик “ɵрттɵн кийинки” аракеттерди барып жатса, албетте, ачууң келбей койбойт да…
Анан айрым коомдук транспорттор каттамдарын аман эле болсун дейсиң. Бир мисал, “Арча-Бешик” тарапка каттаган 202-маршутка. Келиш-кетиши ɵзγнчɵ кɵйгɵй. Токтосо, оңой менен жүрбөйт, жарым саат, бир саат күттүрγп, араң келет да, “ар 15 мγнɵттɵ эле каттап жатабыз” деп кγйдγрγшɵт.

Тγшγнɵбγз, дизелдин кышкысын куйбагандар, кγйγγчγ майыңар тоңуп калат, же бир жериңер бузулат, дɵңгɵлɵк жаңыртасыңар ж.б. кɵйгɵйγңɵр кɵп. Бирок, мамлекеттик желекти ɵзгɵрткɵндγ коюп ушул коомдук транспорт, тыгын, кышкы жолдун тазаланышы, Бишкектеги ыш ж.б. маселелерди жакшылап чечпесе болбойт. Ансыз да, Кыргызгидромет борбору 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөрүн, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатарын билдирип жатат. Жолдорго туз, кум себилип, машруткалар убагы менен жүрүшүн да талап кылабыз! Аба тазалыгы да эстен чыкпасын!
Министрлик унчукту… Айып ошондо кимде?!

Министрдин жыйыны жана жообу…

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-декабрда маалымат жыйынын берип, мектептерди суукка байланыштуу онлайн режимине өткөрүү чечими Бишкек шаарындагы окуучулардын ата-энелеринин кайрылуусунан улам кабыл алынды жана кечигип кабарлашканы да ушуга байланыштуу деп тγшγндγрγγгɵ аракет кылды.
Айтымында, балдардын коомдук транспорт менен каттоосунда кыйынчылык жаралганы да эске алынган. Анткен менен мектептерге талаптагыдай жылуулук берилип жатат деген министр:
— Биз ар бир мектептеги даярдык тууралуу маалымат алып турдук. Кайсы бир мектепте жылуулук берилбей, өзгөчө абал пайда болсо, ошол замат реакция кылабыз. Биз буйрукту Бишкек шаарындагы ата-энелердин сунушу менен кеч кабыл алдык, — деди…

Эске салсак, министрдин өлкө боюнча 13-14-декабрда мектептерди онлайн окууга өткөрүү боюнча буйругу балдар мектепке барып калганда маалым болуп ата-энелерди бушайманга салган болчу. Кɵрсɵ, Бишкек шаарындагы ата-энелер сунуштарды кечигип берген экенбиз…, же кечигип жеткенби… айтор, “болор иш болду, боёсу канды”. Буйрукта айтылгандай, эгер температуралык көрсөткүч талапка жооп бербесе, сабактарды онлайн режимде улантууга уруксат берилди. Бул жумада, 15-декабрь да кошулуп, баарыбыз γч кγндγк он-лайн окуудабыз. Ал эми жогорку окуу жайларда окуу кадимкидей эле уланат.
Айтмакчы, биздин мектеп администрациябыз жетекчиликке алган министрликтин “Онлайн окутууга которуу жɵнγндɵгγ” №5574/1 буйругу 2023-жылдын 12-декабрындагы деген дата менен жγрɵт. Ички мектеп буйругунда “…ошондой эле, эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына, ата-энелердин ɵтγнγчγн эске алуу менен балдардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында … бардык класстар (1-11) 2023-жылдын 13-декабрынан 15-декабрына чейин онлайн окутууга которулсун” айтылыптыр. Бирок, 20 мγнɵт чегерилген он-лайн сабактарда да маселе кɵп. Экинчи сменде окуган окуучулардын айрым мугалимдери ɵз сабактарын ɵткɵн жок. Балдар “саламатсызбы“, “саламатта калыңыз” деп жазып тим болушту…
Балдар – биздин келечегибиз…?!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.