УКМК: «Арстан Алай диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган”

УКМК: «Арстан Алай диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган”

Кечээ…

13-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан Арстанбек Абдылдаевди (Арстан Алай) Свердлов райондук милициясы издөө жарыяланганын кечээ (14-декабрда) журналисттерге билдирген.

Бүгүн…

Ал эми УКМК Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын бүгүн (15-декабрда) билдирди. Алардын маалыматына таянсак, Абдылдаев социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган деп шек саналып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Архив…

Эске сала кетсек, Арстанбек Абдылдаев президенттикке талапкерлигин үч жолу (2011, 2017 , 2021-ж.ж) койгон. Өзүн Кудай атап чыгып, ал сөзү үчүн ага кылмыш иши да козголуп, кайра токтотулган. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Милиция ага карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок, алар кийин «бул иште кылмыштын курамы жок» экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.