Данияр Исановдун «Күндүзү күйгөн чырагына» кимдер кирди?.. (ТИЗМЕ. ВИДЕО)

Данияр Исановдун «Күндүзү күйгөн чырагына» кимдер кирди?.. (ТИЗМЕ. ВИДЕО)

Даректүү тасманын «атасы»

Бир топ атактуу адамдар тууралуу даректүү тасмаларды баптап, таптап мыкты даярдаган белгилγγ журналист, жазуучу Данияр Исановдун толукталып 2-жолу басылып чыккан «Кγндγзγ кγйгөн чырак» аттуу  китеби бγгγн колго тийди.

Бул тарыхый китепке жолдошум Эрнистин (Асек уулу) кошулуп калганына кубандым.

Айтмакчы, китеп 4 баптан турат, ар бири өз-өзүнчө символикалык аталыштарга ээ. Баарын бириктирген жалпылык эмне экенин, барактап окуп чыксаңыз эле түшүнөсүз… Жаңыланган жагын кеп кылып, «Эрнистен башка кимдер кирди? Жаңылап эмнелерди коштуң?» деп Даниярдан сурасам, төмөнкүлөрдү айтты:

1-бапка (АРИЕТ) 18 инсан тууралуу кошулду: Улуу журттун урааны — «Манас» эпосу, Иманалы Айдарбеков, Чыңгыз Айтматов, Иса Ахунбаев, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Таттыбγбγ Турсунбаева, Омор Султанов, Табылды Муканов, Рыспай Абдыкадыров, Муратбек Рыскулов, Төлөмүш Океев, Советбек Жумадылов, Кадыржан Кыдыралиев, Сагынбек Ишенов, Орозбек Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Эрнис Асек уулу.

2-бапка (ДАРАМЕТ) 11 инсан кирди, алар: Николай Кузнецов, генерал Дмитрий Карбышев, Алексей Маресьев, маршал Георгий Жуков, даңазалуу диктор Юрий Левитан, Марк Бернес, Вячеслав Тихонов, Лариса Шепитько, Нурмухан Жантурин, Кененбай Кожабеков, Анна Герман.

3-бапка (БОРОШО) 6 жаңы нерсе кошулду: “Аяздагы айкаш”, “Апаат”, «Курскидеги курмандык”, “Крымдагы кыргын”, «Жеңиш парады”, “Нюрнберг процесси”.

4-бапка (АЙДЫҢ) 7 нерсе кошулду: Анарбек Ибраев, Кожакмат Абдралиев, Болот Токтобаев, “Жан” (эссе), “Санаа мени саргайтса – сагыныч мен жашартат” (эссе), “Тамыры терең дарак – бороонго туруштук берет” (маек), “Бороондогу шоола же уңгудан улануу” (ички кайрык).

**

731 беттен турган көлөмдγγ китеп автордун мындай сөздөрγ менен башталат:

Мага турмушунда оор сокку жеген адамдар менен сүйлөшүү кыйла жеңил. Турмуштан жабыркаган, жаралуу жандар гана жаман адаттардан оолак качат эмеспи…

**

Кыязы, биз, бир нерсени жакшы түшүнө албай убара болуп аткандайбыз. Жаш төкмөйүн жашоо уланбайт…

**

Ким көп ырдап шатыра-шатман жүрсө, демек, ал адам дайым ыйлап жүрөт деп кабыл алам. Ал эми көп ыйлагандар — кубаныч деген Улуу майрамга жетүүгө аз калгандар деп түшүнөм…

**

Бар бол, Данияр!

«Мелис менен Эрнис» китеби кайын агам Мелис Эшимкановдун 60 жылдык мааракесине карата 2022-жылы жарык көргөн. Аны түзгөн — ушул кесиптешим Данияр. Мелис байке тууралуу да даректүү тасма даярдаган.

Сыйлык, наамга чуркабаган, бийлик, байлыкка кызыкпаган, МЕН деп төш какпаган, жаман жакка баспаган, кылганын милдет кылбаган, таланттарды баалаган Даниярга кааларым бекем ден соолук, узун өмүр! Бар бол, Данияр! Сен жазган маркумдардын арбагы ыраазы болсун, руху колдосун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Китепке кирген Эрнис Асек уулу тууралуу эссе бул ШИЛТЕМЕде.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан басылып чыккан китеп республикадагы китепканаларга таратылды. Ошол жактан окусаңыздар болот!

 

 

 

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.