Догдурбек КЫДЫРАЛИЕВ: “Дачада жашап жатам. Кышында суук…” (МАЕК)

Догдурбек КЫДЫРАЛИЕВ: “Дачада жашап жатам. Кышында суук…” (МАЕК)

Алгач Айгγл тууралуу…

Залкар кинорежиссер Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» киносундагы Кожожаштын ролун аткарып “Кожожаш” атыккан айтылуу актер, Кыргыз эл артисти Догдурбек Кыдыралиевдин 70 жылдык юбилейине арналган чыгармачылык бейнеси тууралуу “Тоолор мени кучактагыла” даректүү тасманын бет ачары жыл жаңырарга жакын — 26-декабрда болуп өттγ. Тасманын автору, продюсери — сүрөтчү, документалист Гүлжан Иреш. Иш-чара иш күнүнө туш келип, көп журналисттердин катарында биз да бара албай калдык. Учурда Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун үлгүсүндө Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун базасында ачылган эки жылдык жогорку адабий курсунда окуп жаткан акын кызыбыз Айгγл Тоголоковага кайрылдым.

Мектепте окуп жγргөндө журналист болгум келген. Айтылуу Мелис Эшимкановду кумир тутчумун. Анын “Асаба” гезитине макала жазып, Мелис байкенин сынын уккум келчγ. Тилекке каршы, каалаган кесибиме ээ боло албай калгам” дедиң эле… Көңүлүңдөгү кесип үчүн мүмкүнчүлүк болуп турат, Догдурбек агабыздан жакшы бир интервью ал! Коркпо, биз деле асмандан тγшө калган эмеспиз, устат-шакирт болгонбуз. Устатыбыз акын, журналист Нуралы Капаров да бизге багыт берген” деп интервью алуу боюнча бир аз багыт, дем бердик. Бир маегинде “Шаардын Токтогул-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тогуз кабат үйдүн чатырында өнөрканага ылайык бир бөлмөдө үй-бүлөм менен жашап жатам… Өлкө башчыларына кайрылгам” тариздеги маегин окудук эле, үй-жай маселеси чечилиптирби, сурасаң” дегенбиз. Тилекке каршы, алигγнчө чечилбей, учурда дачада жашап жатышыптыр… Бул жагы кейитсе да, Айгγл Догдурбек агабызга бир катар кызыктуу суроолорду берип, жакшы маек алыптыр. Айгγлдγн ошол тырмак алды маегине көңγлγбγздγ буралы.

Назира СААЛИЕВА

Догдурбек КЫДЫРАЛИЕВ: “Сүрөт тартканды таштаган жокмун…”

— Догдурбек ага, негизи сиздин кесип сүрөтчүлүк да. Бирок эл сизди сүрөтчү эмес, актёр катары тааныйт…  Өз кесибиңиз менен кетпей калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Жок, эмнеге өкγнөт элем… Анткени сγрөтчγлγктү таштаган жокмун, азыркыга чейин сγрөт тартып келатам. Албетте, сиз айткандай баары эле сγрөт тартарымды билбейт. Ошондуктан ушул 70 жылдыкка арналып сγрөт көргөзмөсү уюштурулган, ошондо сγрөтчγ катары өзγмдγ көрсөтγп, арасында пейзаж, портреттер бар 35 ишимди илип, эмгегимди элге көрсөттγм. Жакшы пикирлер айтылды. Гапар Айтиев атындагы улуттук музейге эки ишим сатылып алынды. 4-5 ишимди менчик мекемелер сатып алып кетишти.

— “Тоолордун кожоюну», «Мазар тал», «Жылкычы», «Эски короо» сындуу башка да сүрөттөрүңүз бар. “Темага жараша сүрөт тартылат”, “Жо-ок, сүрөткө жараша тема коюлат” деген талаштар болуп калат. Сизде кандай, алгач тема коюлабы же тартып, анан тема табылабы?  

— Биринчи мээге кайсы бир нерсени тартуу боюнча ой келет, анан ошону ойдогудай кылып сγрөткө тγшγрөм. Анан ошого жараша аталышы өзγ эле чыгып калат. Учурда көбүрөөк сγрөттөр менен иштеп атам.

— Балдарыңыздан эки кесибиңиздин бирин улагандары барбы?

— Балам да, кызым да сγрөт жакшы тартчу. Кийин башка кесипти тандап кетишти.

— А бир туугандарыңызчы, алар да сγрөт тартабы?

— Ооба, инилерим тартат, алардын балдары да сγрөтчγ. Карындаштарымдын балдары дагы сγрөт тартат. (Кγлγп) Бизди “сγрөтчγ Кыдыралиевдер” дешет. Тогуз бир тууган элек, жазмыш экен, экөө каза болуп калды… Бир бир тууганым “Кумтөр” кенинде иштеп жγргөндө, бирөөсү γйдөн жγрөгγ кармап кете берди… Эми сγрөт тартуу ыраматылык Искак атабыздын да кыялы болгон экен. Дегеним, атам мени 12 жашыман ууга кошо ала чыгып, аңчылыктын сырларын айтып берип, жаратылыш кооздугу менен тааныштырды… Бир жолу: «Эгерде сүрөтчү болсом го, ушу кооздуктун баарын тартат элем» деп арман кылганы эсимде… Балким атамдын ушул арманы бизди сүрөтчү болууга түрткү болгондур деп калам…

Атабыз көзгө атар мерген болчу. Көп жыл бою жылкы бакты. Атамды ээрчип жүрүү мен үчүн бакыттын бири болчу… Экөөбүз тоого көп чыкчубуз, кыштыр-жайдыр конуп калган кγндөрγбγз да болду… Тоого чыгарда атам: “Балам, жылуу кийимдериңди алып ал!” десе да мен албай койчумун. Анан тоого барганда калчылдап γшγп баштаганда атам мага көрсөтпөй салып алган кийимдеримди кийгизип жатып, “Гора любит плакать” деп айтчу. Ушу сөздγ көп айтаар эле.

— Бала кезиңизден тоо-ташка чыгып бышып калгандыктан, тасмада көчкү жүргөндө коркпопсуз да?

—  Ооба… “Ак илбирстин тукуму” тасмасында көчкγнγн жγргөнγ реалдуу тартылганын буга чейин деле айтып келгем. Көчкүнγ жардырып жүргүзүү γчγн тоо башына альпинисттер түнкү саат үчтө кетишкен, биз болсо, таңкы саат ондордо бардык. Көчкγнγ саат төрттөрдө жардырышты… Башында көчкү кичине эле келаткандай болгон. Биз алты-жети метр эле чуркадык. Бир заматта күрүлдөп катуу γн менен келген көчкγ бизди басып калды. “Амансыңбы?” деп Касенге (Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаевдин каарманы – ред.) кайрылсам, “Аманмын, жат, турба! Эгер кадрга жарабай калса, дагы жардырышат. Ошондо экөөбγз накта өлөбүз” деди. Турбай жатканыбызда мен чыдабай кетип кардан башымды чыгардым. Биздин тирүү экенибизди көрүп кыйкырып кубанышты. Көрсө, бизди тирүү калышкан жок деп ойлошкон экен. Мени кучактап Төкөм (Төлөмγш Океев – ред.) ыйлады, “Аман калдык” деп мен ыйладым…

— Бул тасма баарыбызга жагат деп тартынбай айтсам болот. Көргөндөн тажабайбыз. Өзүңγзгө жагабы? Кайра-кайра көргөн тасмаңыз кайсы?

— Албетте, бар. “Бакайдын жайыты”, “Караш-караш окуясы”…

— Сиз, биз билгенден, «Ак илбирстин тукумунан» башка кыргыз фильмине тартылган жоксуз. Казактардын он бештей киносуна тартылганыңызды билебиз. Казак туугандардын киносуна эмнеге көп тартылдыңыз, же аларда акча жакшы төлөнөбү?

— Ооба, танбайм, казактардын киносуна көп тартылдым. Биздикилерге караганда алар көбγрөөк акча төлөйт. Ошол акча менен γй-бγлөмдγ бактым да… Өзүбүздүн тасмалардан… Мелис Убукеевдин “Манас-1000” жылдыгына карата 1995-жылы тарткан “Манас ааламы” (Вселенная Манаса) даректүү тасмасына тартылганым бар.

— Үй-бγлөңγз менен азыр кайда жашап жатасыз? Бир кезде кабаттуу γйдγн чатырында жашап жатам деген маегиңизди окудук эле… Мамлекеттен үй алдыңызбы ?

— Жок, ала элекмин. Бул маселе боюнча тийиштүү жактарга көп эле кайрылдым. Эч жыйынтык чыкпай келатат. Шаар четинен дача сатып алгам, азыр ошол жакта жашап жатабыз. Ал жакта кышкы суукта жашоо кыйын эле…

— Илгери γмγттγ γзбөй туралы… Турак жай боюнча мамлекеттик колдоо болуп жатат го, балким быйыл алып каларсыз… “Тоолор, мени кучактагыла” даректүү тасма жакшы тартылыптыр… Гүлжан Ирештин чыгармачылыгына кандай баа бересиз?

— Ирештин иштегени жакты, анын киного болгон өз көз карашы, стили бар . Таанышканыбызга төрт жылдай болуп калды. Кыска-нуска, шашпай, баптап-таптап ийине жеткире иштейт экен. Чыгармачылык дем жана ийгилик каалайм! Кыргыз элимди жаңы жылы менен куттуктайм! Жылкы жылы ак жолтой жыл болсун!

Маектешкен Айгγл ТОГОЛОКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.