Мелис ЭШИМКАНОВ: “Эрнистин чечимине кабыргам кайышып турду…” (Архив. Видео)

Мелис ЭШИМКАНОВ: “Эрнистин чечимине кабыргам кайышып турду…” (Архив. Видео)

Эсен болуп, эстей жγр!

29-январь, Жазуучулар союзунун мγчөсγ, акын, котормочу, журналист жолдошум Эрнис АСЕК уулунан (1970-2020) ажыраган кγн. 49 жыл гана жашады. Аз жашаса да, артына бир топ мыкты чыгармаларды  калтырып кетти. Эми ошол экинчи өмγрγндө жашап жаткан алты жылда бир топ эскерγγлөр да жазылды жана жазылып жатат. Ал эскерүүлөрдү көзү өткөн кγнγндө жана туулган кγнγндө өзγ негиздеп кеткен “Алакан” сайтыбызга жайгаштырып келатабыз. Алдыда дагы бир топ эскерγγлөр бар: Эрнистин агайы, профессор Мырзабек Жумаевдин, белгилγγ комузчу Кенжебек Алдаярдын, “Баягы Асаба” гезитинде чогуу иштеген журналист Кайрат Кенжебай уулунун жана дизайнерТимур Шарапиевдин, “Асаба”, “Агым”, “Баягы Асаба” гезиттерине аймактан өз кабарчы болуп тынбай жаңылык жазып турган кесиптеш агаларыбыз Алишер Токсонбаев менен Кγмөндөр Усупбаевдин, “Де-факто” гезитинде чогуу иштеген, учурда “Азаттык” радиосунда эмгектенип жаткан Санжи Туйтунованын, “Асаба”, “Агым” гезиттеринде иштеген Шайырбек Эркин уулунун, ырчы Нуржигит Молдоярдын эскерγγлөрγ, белгилγγ акын, тележурналист Атахан Кожогуловдун, Кыргыз эл артисти Амантай Кутманалиевдин Эрниске арнаган ырлары жана

Асел (Эшимканова) жеңемдин, өзүмдүн эскерγγлөрγм бар. Аны бγгγн кечке сайтыбызга жайгаштырабыз. Алгач Эрнис абдан жоктоп, сыздап, сагынып жγрγп артынан кеткен кайын агам Мелис (Эшимканов) байкенин карачечекей иниси тууралуу жазган архивден баштайлы деп турам. “Бир тууган иним 7 жылдан бери жанымда караан болуп, миллион азап менен “Асабаны” – “Асаба” катары элге таанылтууга γлкөн салым кошконуна чын жүрөгүмөн ыраазычылык билдирип, бир чети бул чечимине кабыргам кайышып турду” деп 1999-жылы “Асабага”, Эрнис башредакторлукту өткөрγп берип жатканда  жазыптыр. Ал «Асабада» башкы редактор алмашты» темада жарыяланыптыр. Анда Эрнис 29 жашта экен. Архивди аңтарып окуп отурсам, Эрнис ошол учурдагы эң жаш (25 жашында) редактору болуптур. Эми ошону өзγ мактанып деле айткан эмес!

Анда эмесе, Мелис байкенин жазганына кулак төшөйлγ!

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден

“Асабаны” – “Асаба” катары элге таанылтууга γлкөн салым кошкон иниме ыраазычылык билдирем!”

Бу жалганда алмашылбаган, өзгөрбөгөн не бар? Мезгил агымы куш сымал. Жөн акпай, адам пендесин кошо аласалдырат. Акын жγрөктγγлөрдγн: “Токтой турчу, көз ирмем!» деп ботодой боздогонун угуп да койбойт, уруп да ойнобойт. Айла жок, моюн сунасың. Пешенеге жазганын көрөсүң. Анүстүнө, экинчи чети – кыймылдабасаң, кан жγгγртпөсөң, уйкудан ойгонбосоң – тирγγ өлγккө айланганың. Аристотель абышка айтса керек эле: «Ничто не убивает человека, как продолжительное бездействие» деп.

Анынсыңарындай, кыймылдоо, жаңылануу – бардыгына тиешелγγ. Анын ичинде маалымат каражаттарына да, мисалы, «Асабага». Гезит деле тирүү жандай. Ойлонот, сүйлөйт, капаланат, кубанат, уктайт, жаңылат, ишенет, мγңгγрөйт. Кагаз, тамгалар аркылуу ошентет. Миң кыйынсынбайлы, төш какпайлы, “Асабада” да соңку учурда бир жерде токтоп калуу, сенектик, уйкусуроо процесси үстөмдүк кыла баштаганын моюнга алабыз. Бийлик менен калемдеш оппоненет сөрөйлөрүбүздүн ажаан иттердей талаганы, бут тоскону, мамлекеттик машиненин күчү менен кыйнаганы — жаныбыз темирден бүтпөгөн соң кыйын экен, редакциянын ички кризисине кошул-ташыл терс таасирин тийгизбей койгон жок. Таза багынып калбасак да, гезит бетинде жаңы чыйыр, мурдагыдай окурмандарды магниттей тарткан өлө кызык материалдар, резонанс туудурган кабарлар азайып кетти. Өсүш токтоду. Коомчулук менен окурмандын алдында, өз абийирибиздин алдында уят сезими тынч калтырбады. Жоопкерчилик, намыс огу мээлеп туруп алды.

Коңгуроону биринчи болуп башкы редакторубуз Эрнис Асек уулу какты: «Кой, өзгөрөлү!» деди. Ордунда башка бирөө болгондо жылуу жерден козголот беле, тырышып башкаруу папкесин берет беле, ким билет. Бир мүнөз, акылы терең, баскан-турганы, ойлонгону жөпжөнөкөй Эрнис γкам антпеди. Өзγ жакшы көргөн италиялык залкар кинорежиссер Федерико Феллинин түшүнө кирген секелек кызчасынан: «Эй, өзгөрбөйсγңөрбγ?!” деген ырайымсыз суроо менен катуу силкинип алды. Көктүгүнөн, айтканынан кайтпаган бир тууган инимдин сунушун аткарбай кое албадым. Өз ыктыяры менен башкы редакторлуктан бошоттум. 7 жылдан бери жанымда караан болуп, миллион азап менен “Асабаны” – “Асаба” катары элге таанылтууга γлкөн салым кошконуна чын жүрөгүмөн ыраазычылык билдирип, бир чети бул чечимине кабыргам кайышып турду.

Ордуна 1999-жылдын сентябрынан баштап, “Асаба» гезитинин башкы редакторлугуна Мамат Сабыров дайындалды. Ал 1961-жылы туулган. Тγбγ Ноокаттын Кашкалдак айылынан. Атасы Рахматилла менен апасы элеттик пенсионер. Мамат 1985-жылы КМУнун журналистика бөлүмүн бγтγргөндөн кийин Кадамжай райондук гезитинде, КырТАГда, «Ленинчил жаш», «Кыргыз руху» гезиттеринде эмгектенген. Соңку учурда “Асабанын” башкы редактору, биринчи орун басары болуп иштеп келди. Келинчеги Динара Бейшеналиева гезитибиздин такшалган кабарчыларынан. Ортолорунда Нурмамат, Мадина, Чынара чγрпөлөрγ чоңойууда. Мамат өзү көп сүйлөбөгөн, илбериңки, жупуну, узун бойлуу, мурутчан, шарап менен тамекиден таптакыр алыс, куулук-шумдукту билбеген, көрбайлык менен саясий интриганы жактырбаган, 37 жаштагы жигиттин гγлγ. Эң башкысы адамгерчилиги суктандырган, ыйманы таза, Кудайга ишенген, Акыйкат жолуна түшкөн, Кубат акесин пир туткан, журналистикада дасыккан чеберге айланган, саясий көз карашы боюнча оңго да, солго да чарпылбаган центристтик позициядагы «Асабанын» ысык-суугуна бышкан азамат деп билебиз. Мамат башкарган гезитибиз жаңылануу жолуна түшүп, окурман журтчулугун дагы кубантат деп ишенели! ОсОО «Асабанын» уставына ылайык, Эрнис Асек уулу редакциялык кеңештин төрагалыгына дайындалып, басылманын жалпы багытына, өндүрүштүк-финансылык тармагына көзөмөлдүк кылат. Кубат Оторбаев башкы редактордун 1-орунбасары, Алым Токтомушев башкы редактордун орунбасары болуп дайындалышты. Баяндамачылардын катарын белгилγγ калемгер Бекташ Шамшиев толуктады. Буюрса, башка да дасыккан журналисттерди издеп жатабыз.

Сез соңунда (жайында бийлик менен соттошуп-оттошуп жγрγп кол бошобонунан) жакында журт которушуп, башка кызматтарга өтүшкөн (ал жөнүндө Өкмөттүк басылмаларда тантырак ушактар жазылууда) кадырман «стариктерибиз»: “Бүгүнкүнүн гений акыны Шайлообек Дүйшеев менен мыкты аналитик-политолог Үсөн Касыбековго кеч болсо да «Асабага» өтөгөн ак эмгеги үчүн таазим этип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк кут, чыгармачыл жаңы ачылыштарды каалайм!

… Чын эле кез ирмемди кармап, токтотуп калууга ким кудуреттүу? Мезгилби же Акынбы?

Мелис ЭШИМКАНОВ (“Асаба” 1999-жыл)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.