Китеп окуудагы жети кадам…

А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында акын, жазуучу Нуржигит Кадырбековдун «Мен атамды таптым» повести боюнча 7-мартта талдоо болуп өттү.

Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар союзу, «Улуу Тоолор» басмаканасы жана «Бир адамдан бир китеп» долбоору биргелешип уюштурган иш-чарага китептин автору жана чыгарманын башкы каарманы Суусаркан айым жана 70ге чукул окурман катышты.
«Китепти туура окуу техникасынын жети кадамы» аталган эреже боюнча кадамдар ирети менен аткарылып, автор жана башкы каарман чыгармада кездешкен 27 сөздүн түпкү маанилери тууралуу айтып беришти.
Убада

Нуржигит Кадырбеков повесттин жазылыш учурундагы айрым жагдайларга кеңири токтолду…
Окурмандардын суроолоруна кыска-нуска жооп берди. Кийинки маанилүү китеп талдоолорго дайыма катышып турууну убада кылды.
Катышуучулардын дээрлик баары китепти окуп, жакшы даярданып келишкендиктен, чыгарма тегерегиндеги баарлашуу өтө кызыктуу, жандуу жана шаңдуу өттγ.
Окурмандардын пикири, сыны, сунушу…



Китепте кездешкен күчтүү сүйлөмдөр, өтө ийгиликтүү сүрөттөлгөн эпизоддор жана канаттуу ойлор тууралуу пикир алмашуудан кийин окурмандар чыгармада камтылган ондон ашык идеяны ортого салып, чыгарма жанры жана автордун жазуу чеберчилигине да токтолушту. Повесттеги кеп-кеңештер, акылмандыктар жана башка баалуу маалыматтардын күнүмдүк турмушта канчалык кереги тийиши мүмкүндүгүн да баса белгилешти. Китептин өтө көркөм, кызыктуу, керектүү жана көлөмү чакан, ыңгайлуу экендиги айтылып, көп нускада жана орус, өзбек тилдеринде да чыгаруу сунушталды. Кыскасы, ар бир катышуучу өз оюн, сунушун, айрым учурларда сын пикирин да айтууга үлгүрдү.
“Эне жөнүндө баллада”…

8-март айымдардын эл аралык майрамы экени эске алынып, китептин башкы каарманы Суусаркан айымга арналган «Эне» темасындагы «Эне жөнүндө баллада» (сөзү Сагындык Өмүрбаевдики, обону Аксуубай Атабаевдики) жана «Энекебай» (сөзү Өмүркүл Кулумбаевдики, обону Кубанычбек Осмоновдуку) аттуу обондуу ырлар жаңырды.
Кино…
Башкы каарман Акылайдын атасы Шеркул күркүлдөп аккан Кара-Кулжа дарыясына аты менен аккан эпизод окурмандарга тереңирээк түшүнүктүү болуш үчүн «Караш-Караш окуясы» тасмасындагы атактуу актер Сγймөнкул Чокморов аткарган башкы каармандын аты менен сууга аккан учур көрсөтүлдү.
Ак бата…
Иш-чара соңунда Суусаркан айым уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, алып баруучу Жумадин Кадыровго алкышын айтып, катышуучуларга ак батасын берди.
Алтынчы күнү “Ажыдаар”…
Мындай маанилүү, мазмундуу китеп талдоолор ар жуманын алтынчы күнүндө, саат 10дон 12ге чейин өткөрүлүп турары, 14-мартта жазуучу, публицист Аким Кожоевдин калемине таандык «Ажыдаар» повести боюнча талдоо автордун катышуусунда өткөрүлөрү айтылды.

