
Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси, “кыргыз деп келип, кыргыз деп” дүйнөдөн өткөн Байдылда Сарногоевдин жубайы Зина Сарногоева апабыз 91 жаш курагында көз жумду.
Маркум 12-мартта, саат 11де Бишкек шаарындагы Абдрахманов (мурунку Совет) көчөсγ, 129 дарегиндеги γйγнөн акыркы сапарга узатылат.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Зина апабыздын кыздары Гγлсана, Карлыгач эжеге, балдары Бахтияр, Бакай агабызга, небереси Дилбарага, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.
Кайрат кылыңыздар!

