“Сулуулуктан улуулукка”… “Мурза акенин музасы”… “Аппагым”… (ВИДЕО)

“Сулуулуктан улуулукка”… “Мурза акенин музасы”… “Аппагым”… (ВИДЕО)

90-жаз

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров (1936–2002) чакан чөйрөдө эскерилди. Кыргыз адабиятынын тарыхына стилист жазуучу катары кирген прозаик, драматург көзү тирүү болгондо 90-жазды тосмок экен…

Маркумдун туулган кγнγндө γй-бγлөсγ уюштурган эскерγγгө атактуу инсандар: Карбалас Бакиров, Абдиламит Матисаков, Топчугγл Шайдуллаева, Мамат Сабыров,  Абдыганы Эркебаев, Жолборс Жоробеков,  Аскар Ражабалиев, Турарбай Жороев, Мелис Шаршенбаев, Акен Конушбаев, Кыялбек Урманбетов, Мурза Гапаровдун байбичеси Алмажан Осмонкулова, анын бир тууган иниси, ырчы Ырыскелди Осмонкулов, балдары, туугандары, замандаштары катышты. Коноктор маркумдун үй-бүлөлүк сүрөт жана китеп көргөзмөсү менен таанышышты.

“Байчечек” англисче которулганда Нобель сыйлыгын алмак…”

Катышуучулар Нооруз дегенде Мурза Гапаровду, Айгүл тоону, Баткен өрүкзарын, бир шиңгил жγзγм, жаңгактуу токой, ээн бактагы эки караанды эстей тургандарын айтышты.

Устатынын эскерүү иш-чарасын сыймыктануу менен алып барган Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков Мурза Гапаровдун өмγр баянын кыскача баяндап,  дγйнөлγк чыгармаларды казып окуп, жазып, кыргыз адабиятын бийик чокуга чыгарып салганын, кайталангыс калемгер болгонун, адабиятка болгон шыгы 1960-жылдын башында башталганын, ыр, аңгемелери гезит-журналдарга жарыяланып, бат эле окурман тапканын, алардын эң жогорку баасына татыган “Кызыл беде”, “Кыштакча”, “Жаңгак токойлору”, “Шабдалы бак”, “Айгүл тоо”, “Аялдардын деңизи”, “Бир шиңгил жүзүм”, “Экөө ээн бакта” чыгармалары жана бир топ аңгемелери орус, француз, немис, чех, румын, болгар, мажар жана башка тилдерге которулганын айтып келип, ал жазгандардын баары чыныгы турмуштан алынганын, энесинен эрте ажырап, таенесинин колунда тарбияланганын, баккан апасы «Байчечек» аңгемесинде чагылдырылганын, эгерде ушул чыгармасы англис тилине которулганда Нобель сыйлыгын жеңип алмактыгын айтып кетти.

“Таланттуу сүрөткер болгон”

Анан сөз кезеги алгач Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер, бир топ илимий-адабий эмгектердин автору, академик, адабиятчы Абдыганы Эркебаевге берилди. Ал эскерγγ тууралуу капысынан эле угуп калып, бардык ишин таштап келгенин, ага-ини болуп чогуу жγргөнγн айтып келип: “Мурза Гапаров чиновник, партократтарды жаман көрчγ. Ал жапон дүйнөтаанымын, улуттук маданиятын окуган классиктердин сап башында турган жазуучу эле. Жасалма эмес, турмуштан алынган бир топ аңгемелерди жазды. “Айгүл тоо”, “Эки ирет гүлдөөчү алмалар”, “Газала”, “Түш”… санай берсек көп. Жазгандары окуган кишини кайдыгер калтырбайт. Ар бир чыгарманы ар кайсы жаштагы каарман менен сγрөттөп койгон. Таланттуу сүрөткер болгон. Мисалы, “Газала” аӊгемесинде баланын көзү менен сүрөттөлгөн окуяны баяндайт. Оригиналдуу ойлору, колориттүү түзгөн образдары аркылуу элге драматург катары да таанылды. Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкону үчүн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган» деп жакшы баян куруп берди.

“Адамгерчилиги бийик инсан эле”

Андан соң сөз алган профессор, саясат таануучу Жолборс Жоробеков Мурза Гапаров адамгерчилиги бийик, кайталангыс инсан, мыкты сценарист болгонун айтып, “Көчө”, “Өрүкзардагы баян” деген тасмаларды мисалга алып, бул тасмалар алигγнчө актуалдуулугун жоготпогонуна токтолду.

“Аппагым”…

Музыкалык тыныгуу катары, “Көчө” тасмасындагы сөзγн Ашым Жакыпбеков жазган, Мукан Рыскулбеков обон салган “Аппагым” ырын 75 жаштагы Эсен Сейитов бул ырды 1971-жылдан бери ырдап келатканын айтып ырдап берди.

Кол тамгасы коюлган паспортту музейге коюш керек!”

Бирок, Эсен мырза бул ырды Мурза Гапаровдун калемине таандык деп жаңылыш айтып алды. Эскерγγгө келген атактуу акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Б.Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси Кыялбек Урманбетов “бул ыр Ашым Жакыпбековго таандык” деп оңдоо киргизип, анан жазуучу Ишен Айтмамбетовдон уккан Мурза Гапаровдун кγлкγлγγ бир жоругун : “Чет жакта жγргөндө кыргыздарды издейсиң го. Ошондой болуп Ишен да Москвада жγргөндө Мурза Гапаровду бир адам менен отурганда кезиктириптир. “Жөн киши эмес” деп барып учурашып, таанышып, чогуу отуруп калыптыр. Мурза Гапаров экенин билгенден кийин кол тамга (автограф) сурап, жанында кагаз же башка бир нерсе жок, сыйпалап эч нерсе таппайт. “Эмнең бар?” деп сураса, паспорт десе, “Келе, бере бер” деп паспортуна кол коюп салыптыр. “Ошентип кетчγ жагыма уча албай калгам” деп кγлдγрдγ. Ошол паспорт дагы деле бар экен, ошону музейге коюш керек деп атам», — деп айтып берип баарыбызды күлдүрдү.

«Айгүл тоо» аңгемесиндеги Аскар менмин, кыз – Топчугγл Шайдуллаева”

Жазуучу Аскар Ражабалиев Мурза Гапаров Баткенге жылда барып, жумалап жγргөнγн, 1985-жылы 15-апрелде Айгүл тоого алып барганын, жазуучунун көздөрү жайнап толкунданып, кубануу менен ар бир гγлдγ өөп чыкканын, түнү менен ошол жерде уктабай отурган учурларын эскерди. «4-5-жыл мурда Айгүл гγлγ жөнүндө бир чыгарма баштагам, ошого дүрмөт жетпей жатты эле… Болду эми, кетейин, барып жазайын» деп кеткен. Анан эле «Айгүл тоо» аңгемеси жазылды. Андагы Аскар менмин, кыз — Топчугүл Шайдуллаева. Мурза акага Айгүл гγлγ жөнүндөгү маалыматты эң биринчи ушул кызыбыз берген ”, — деди.

“Мурза акенин музасы”…

Айгγл гγлγ боюнча Мурза Гапаровго биринчи маалыматты берген Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева эжебизге сөз берилгенде, ал алгач жазуучунун жубайы тууралуу буларды айтты:

Мыкты адамдын артында мыкты асылзат турат. Жазуучу жакшы чыгарма жазыш γчγн анын жары тγшγнγктγγ болуш керек! Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, чыгармачылыгын кош колдоп колдоп, жазууга жакшы шарт тγзγп берген жары болбосо, жазуучу бийиктикке чыкпайт. Мурза акенин музасы Алмажан жеңебиз деп айтат элем. Акебиз жар тандоодон жаңылбаптыр. Мына, бγгγн да иш-чараны балдары менен уюштуруп отурат. Бул биринчиден. Экинчиден, Мурза акенин чыгармачылыгы боюнча айтсам, баарында терс каарман жок, баары жакшы, бардык каарманды аяп турчу. Мурза акем менен мен 1982-жылы жай мезгилинде жолуккам. Агайым жазуучу Мурзапар Үсөндүн суранычы менен Мурза акеге сценарий жеткиргени киностудияга баргам. Ошондо улуу жазуучуну биринчи жолу көрдγм. Жөнөкөй адам экен. Бир топко чейин сүйлөштүк. Биздин айылдагы Айгүл гүлү тууралуу айтып берсем, мурда укпаптыр, кызыгуу менен угуп, аны көрγγгө да шашты. (Кγлγп) Жашмын да, “Азыр эмес, жазында, марттын аягы, апрелдин башында тγнкγсγн барсаңыз болот” деп элден укканымды айткам.  Тγнкγсγн барып жγрγптγр… Кийинки жылы марттын аягында биздин айылга барганда, Мурза акени Баткендин чыгармачыл достору тосуп алып, тоого алып барышыптыр. Гүлдү алгач көргөндө маңдайы жарыла сүйүнгөнүн, таңгалганын, кечке карап турганын кийин достору айтып жүрүштү. Түнкүсүн да барып гүлдү көргөн дешет. Суктанып отуруп, көп өтпөй «Айгүл тоо» деген көлөмдүү аңгеме жаратты да… Эми жазып кеткен эмгектери боюнча айта берсек, сааттап сγйлөй беребиз…

Мамат САБЫРОВ: «Мурза аке маданияттуу киши эле»

«Мыкты журналист, жазуучу, жердеши Мамат Сабыров бизден да жакшы эскерип берсе керек» деп Абдиламит агабыз Мамат байкеге сөз бергенде, жердеш агасы болорун, бир топ жыл жакшы мамилелеш болуп, ширин сөздөрүн, кеп-кеңешин угуп, таалимин алып калганын, ар бир жолугушуу ал үчүн майрам болгонун айтты. «Мурза аке табиятынан назик, маданияттуу киши эле. Өзүнөн бир топ кичүү адамга да сиз деп кайрылчу. Саякаттаганды жакшы көрөр эле. «Көп кишилер эл көрөбүз, жер көрөбүз деп чет өлкөлөргө барышат… өзүбүздө канчалаган ачыла элек кооз жерлер бар» дечү. А чынында түштүктүн, анын ичинде Ноокат менен Баткендин сулуулугун дал ушул Мурза аке сөз менен жөпжөнөкөй сүрөт кылып тартып берди да. Алдыда дагы бир топ иш-чара болот, далай эскеребиз деп ойлойм»…

Сунуш

Эскерγγгө келген шакирттери, кγйөрмандары кайталангыс сөз чебери залкар жазуучу Мурза Гапаров ат көтөргүс эмгек кылып адабият, маданиятка зор салым кошуп, артына мурас калтырып кеткенин баса белгилешти. Ушундай улуу жазуучунун 90 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде кγзγндө өткөрγлγшγ керектигин айтып, тиешелγγ жерге кат жазышарын билдиришти. Ага чейин республикалык илимий-практикалык конференцияны уюштуруу сунуштарын да айтышты. Улустун улуу күнүндө жарык дүйнөгө келген Мурза Гапаровдун Улуттук китепканада эскерүүнү башталышы деп эсептейли дешти…

Ырыскелди ОСМОНКУЛОВ: “Жазуучулук жездемдин миссиясы”

Ушундай жакшы сунуштан кийин Ырыскелди Осмонкуловго сөз берилди. Ырчы Мурза Гапаровдун жубайы Алмажан эженин бир тууган иниси. Аны көптөр билбейт. Алып баруучу Абдиламит агабыз да буга чейин билбегенин айтты. Ырыскелди мырза жазуучулук өнөр жездесине Кудайдан берилген талант, миссиясы болгонун баса белгилеп, жазып кеткен чыгармалары тγбөлγк сакталарын айтты.

“Атамдай жазуучу болгон жокмун, сγрөтчγ болдум”

Жазуучунун Ырыскелди мырза менен теңтуш тун уулу Исраил Гапаровго берилди эле, ал атасы аны 9 жашынан эле ээрчитип алып чыгармачыл адамдарга аралаштырганын, жакшы тарбия бергенин, ошол атасынан алган тарбияны балдарына колдонуп жатканын жана атасындай жазуучу эмес, сγрөтчγ болгонун айтты.

Алмажан ОСМОНКУЛОВА: «Мурза ата-энеме жаккан»

Андан соң кичγγ уулу Азиз менен жубайы Алмажан эже сγйлөп, ыраазычылыктарын билдиришти. Алмажан эже ата-энесине ноокаттык жигит менен сγйлөшγп жγргөнγн, ага турмушка чыгарын айта албай араң айтканын кγлγп эскерди: “Ал учурдагы кишилер тγштγк тарапты чет өлкөгө кетип жаткандай кабылдашчу… Менин да ата-энем чочуп кетип, алып келчи, таанышалы деп калышты. Агезде элден уялчубуз, Мурзаны огороддун аягы менен жашырып γйгө алып кирдим. Ата-энеме аябай жакты. Атам: “Азыр эле алып кете бер” деп, апам болсо: “Жибектей созулган жигит тарбайбы. Кете бер!” деп ак батасын беришти. Ошентип Ноокатка келин болдум. Орус мектепте окугандыктан кыргыз тилин билчγ эмесмин, эне тилимди ошол жактан  γйрөндγм. Бир аз “тентектиги” эле болбосо, абдан жакшы киши эле. 22-мартта, туулган кγнγндө эскерип, куран окуп турабыз. Быйыл “Ала-Арча” көрγстөтγнө барып, куран окуп келдик. Жакын досу Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов эле, эскерγγсγнө келем деген, анан эле өтγп кетти деп угуп алып жаман болдум. Ден соолукка байланыштуу акыркы сапарга узатууга баралбай калдым. Дагы бир жакын досу Кубатбек Жусубалиев, ал киши дагы ден соолугуна байланыштуу келе албай калганын кызы Жамбы айтты. Бири өтγп кетти, бири ооруп калды, кандай өтөт деп сары санаа болгом, жакшы өттγ. Эң сонун эскерип бердиңиздер. Баарыңыздарга чоң рахмат!

**

Эскерγγ башталганда лед-экранга коюлган “Көчө”, “Өрүкзардагы баян”  тасмасы да аяктап, Мурза Гапаровдун “Жаңгак токойдун жомогу” китеби менен билдарга арналган “Бир шиңгил жγзγм” китепчеси таратылды.

**

“Коштошор убак келди”

1936-жылдын 22-мартында Ноокат районунун Чечме-Сай айылында төрөлгөн агабыз  2002-жылдын 11-июнунда, 66 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Бул жалган дγйнөдөн кетээрин алдын ала билгендей, бир жыл мурун (2001-жылдын май айында) «Коштошуу» ырын жазыптыр:

Коштошор убак келди,
Кош болуңар…
Кош болгула, ай, жылдыздар,
Кош болгула, мен сүйгөн айсулуулар,
Кош болгула, өбүлбөгөн кызайымдар,
Өбүшкөнгө менде эми убакыт тар…
Кош болгула, шаптоолу бак, өрүкзарлар,
Арасында мен өскөн бейитзарлар…
Эңилип эшик ачып, төрүңө
төрөлөрдү отургузуп
Качангыча кул сымак тим турасың?
Байоо болуп, аңкоолонуп
Байыркы эл, не байлардан кымтыңасың?
Кабыргамды кайыштырып кабак-кашың,
Коштошордо кайгырып, муңкурадам.
Кош бол эми, Ала-Тоо, Кыргыз-Атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам…
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми, Ата Журт…
Кучагыңды кучактап… эркин жатам… 

“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан”

Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.

Күтпө. Күткүн. Толгонгун.

“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,

мен боломун жана бармын, болгонмундеп жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) “Башат” ырында жазгандай, Эрнис менен Мурза агабыз бар. Дегеним, таланттарды барктап-баалап, сыйлагандардын эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайт. Эң башкысы, артыңда издеп алаарың, эскерип калаарың бар болгону кандай жакшы!

**

Эрнис дагы Мурза аганы жакшы көрчγ. Эми экөө тиги дγйнөдө. Балким, бейиш багынан жолугуп, чыгармаларын жазып жатышкандыр.. Ким билет, “тиги дγйнө бар” дешет го… Жаткан жерлери жайлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Жакшы сапаттары менен γлгγ болуп келаткан мыкты жар Алмажан эже менен мен 2004-жылы таанышкам. Бишкек четиндеги Мыкан айылына издеп барып, Мурза ага тууралуу маектешкен элек. Тγнγ менен альбомдогу тарыхый сγрөттөрдγ барактап, жүрөгүндөгү жолдошуна болгон ак сүйүүсүн ар бир сөзүндө далилдеп, бир күлүп, бир ыйлап, кайра сооронуп эскерип берди эле… “Жолдошунун каза болгонуна бир канча жыл болсо да унутпай, ушунчалык катуу сγйгөн аялзаты болот экен ээ..” деп аябай таңгалдым эле. Ошондой абал башыма келет деп эч ойлобопмун… “Эрнистен ажыраганыма 6 жыл болду. Кантип унутам?” деп жоктоо дартынан айыга албай келатсам, Алмажан эжемдин жолдошунан ажыраганына 24 жыл болуптур. Алгачкы жана акыркы сγйгөнγ менен кантип таанышып, баш кошуп калган эжемдин маеги бул ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.