ВИДЕО: Тырнактай кыз тырнактай коррупциянын бетин ачып, медайым сөгүш алып, арызын жазып кетип калыптыр…

ВИДЕО: Тырнактай кыз тырнактай коррупциянын бетин ачып, медайым сөгүш алып, арызын жазып кетип калыптыр…

Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңеш менен БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) демилгеси боюнча Дүйнөлүк балдар күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына, Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына арналган парламенттик сессия өттү. Ага бардык аймактан келген 25 окуучу катышкан. Алар менен депутаттар жолукканда, №87 мектептин окуучусу мектепте 2700 окуучу бар экенин, аларды жалгыз медайым карарын, ийне саярын айтып: “Ийне сайганда да бекер сайбайт, акчага саят”, – дегенде, депутаттар күлүп, кол чаап жиберишкенде, ансыз да толкунданып сүйлөп жаткан кыз көзүнө жаш тегеренип, жер карап, андан ары сүйлөбөй койду.

Толкунданган окуучу кыздын айтканын төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Бүгүн, 21-ноябрда кечээги кичинекей кыздын айткан медайымы иштен кеткени маалым болду. №87 орто мектептин директору Жаңыл Муталипова Жогорку Кеңеште окуучу кыздын айтканын четке какканы менен медайым өзү окуучулардан акча алганын мойнуна алган. Медайымдын айтымында, 18 окуучуга ийне жетпей калып, окуучулардан 5 сомдон акча алганга аргасыз болгон. Ага сөгүш жарыялангандан кийин, ал жумуштан кеткенге арыз жазган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.