Бүгүнкү акцияны шылдыңдап жазган Бек Борбиевдин жазганында катасы толтура. Өзүн билбей «былжыраптыр»…

Бүгүнкү акцияны шылдыңдап жазган Бек Борбиевдин жазганында катасы толтура. Өзүн билбей «былжыраптыр»…

Бүгүн Ак үйдүн алдында “Реакция” аттуу акция менен активист жарандар туура талап менен чыгып, уюшулган иш-чараны маданияттуу өткөрүшкөн. Бирок, «маданияты» жок ырчы Бек Борбиев аны шылдыңдап жазыптыр. Ал бул жазганына караганда, ал “Райым-миллионду” колдойт окшойт…

Анын жазгандарын оңдоосуз, кандай жазса, ошондой беребиз. Эми катасы толтура…

700 миллионго мынча завод, баланча ишкана курмакпыз дейт бугунку акцияда.. Куйгонундон кулосун..( Ал акча биздин, мамлекеттин акчасы эмес! Орто Азиядагы базарчы жеке ишкерлердин каражаты. Тушунуп анан кыйкыралы достор.. Же атайын элди адаштыруу максатпы? Кимдин максаты?
Жеке ишкер уйгур байларынын теневой банк менен иштеген системасын «иликтеп» алып , биздин олконун акчасы деп бурмалап, коогалан жараткысы келип жаткан кучторду коруп, жаканды кармайсын.. Кыргыз элин карангы деп эсептеп, чабыштырып коюп карап олтуралы дегендерге жол бербешибиз керек. Маалымат согушунда Азаттык калпы менен женип, киши олтургон Ашаны аппак кылып жатат. Ошондой эле фбдагы трайбалистер дагы акцияга аралашып жургонун кордум.. бул окунучтуу
Мамлекет барбы озу бизде? Бар болсо тушундуруу иштерин тез арада откоруу керек! Ал миллиондор озбек, тажик, кыргыз, уйгур, кытай базарчыларынын каражаты экенин, Ашанын адам олтургон айыбын элге айтуусу зарыл. Соцтармактагы ачыктан ачык трайбалисттик чакырууларды жазган фейктерге чара колдонгула! Болбосо олкобузду дагы орттоп алып, кийин бекер кылыптырбыз деп окунуп олтуруп калбайлы.. Мындай апендичиликти кылганбыз, билебиз..
”,-
деп жазган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.