Бүгүн Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылат

Бүгүн Болот Шамшиев акыркы сапарга узатылат

Бүгүн, 24-декабрда Опера жана балет театрынан Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев акыркы сапарга (саат 9:30да башталат) узатылып, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Болот Шамшиев 21-декабрда, 78 жашында көз жумду. Маркум президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканасына ноябрдын аягында түшүп, дарыланып жатып, 16-ноябрда абалы оорлоп кеткенин дарыгер Александра Олексюк билдирген.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.