Садыр Жапаров: «Шайлоо мыйзамы өзгөртүлсө, президенттик шайлоого барам»

 Садыр Жапаров: «Шайлоо мыйзамы өзгөртүлсө, президенттик шайлоого барам»

Учурда Садыр Жапаров тууралуу көпчүлүк: «Ал президенттикке ат салышабы же жокпу?» деген суроого жооп издешүүдө. Буга жоопту президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун 19-октябрда Орусиянын «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунан тапсак болот.

Анда ал «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатканын, эгер мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга даяр экенин билдирген. «Учурда парламентте тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып жатат. Эгерде анын жыйынтыгында мыйзамдар өзгөртүлсө, президенттик шайлоого катышам. Бирок азыр бул тууралуу айтуу эрте. Бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек», — дейт Жапаров.

Мыйзам жол береби?

Президенттин милдетин аткаруу мыйзам боюнча Конституциянын 68-беренесинде так жана даана көрсөтүлгөн. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогондо, жаңы президент шайланганга чейин анын милдетин спикер аткарат. Эгерде спикер президенттин милдетин аткара албай турган болсо, анда ал милдет премьер-министрге өтөт. Бирок анын Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө жана президенттик шайлоодо талапкер болууга укугу жок болот. Ага мыйзам жол бербейт!

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамдарга президенттин отставкасынан кийинки жагдайына байланышкан талдоосунда Конституциянын 68-беренесине таянып, президенттин милдетин аткаруучу Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоону жарыялоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө, кезексиз президенттик шайлоого талапкер катары катышууга укугу жок экенин белгилеген.

Президенттик (мөөнөтүнөн мурда) шайлоо президенттин ыйгарым укуктары токтогондон кийин, 3 айлык мөөнөттө уюштурулат. Шайлоо күнү 2021-жылдын 15-январына чейин болушу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары себепчи болгон нааразылык акциялары жапырт башаламандыктар менен коштолуп, аягы бийлик алмашуу менен аяктаган эле.

Анан, 13-октябрда спикер болуп Канат Исаев, 14-октябрда премьер-министр болуп Садыр Жапаров шайланган.

Ал эми ал учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет стабилдүүлүгүн, эл ынтымагын жогору коюп, кагылыштан кан төгүлүп кетүүсүн каалабай 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазган болчу. 16-октябрда, президенттин милдетин убактылуу аткарып калган премьер-министр Садыр Жапаровдун алгачкы Жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» макамына ээ болгон.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланып, 24-ноябрдан баштап расмий түрдө кызматына киришкен эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ Садыр Жапаров: «Шайлоо мыйзамы өзгөртүлсө, президенттик шайлоого барам»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.