Гүлжамал ШАМЫРАЛИЕВА: «Жашоодо эсте калган жаркын, жарык учурлар көп болсун»

Гүлжамал ШАМЫРАЛИЕВА: «Жашоодо эсте калган жаркын, жарык учурлар көп болсун»

Ошентип, 2021-жыл —  Уй жылы да кирип келди. «Дилгир» үлгүлүү элдик балдар бий ансамблинин жетекчиси Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевна куттуктайт.

Урматтуу биздин эӊ сонун тарбиялануучуларыбыз — керемет балдарыбыздын ата-энелери, кирип келген жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайм!

Биздин сүйүктүү балдарыбыздын дүйнөсүн сүйүүгө, мээримге толтуруп тарбиялап, өстүрүп бир үй-бүлөдөй мамилебиздин улана беришин каалайм!

Жашоодо эсте калган жаркын, жарык учурлар көп болсун. Бул жылда кездешкен кыйынчылык, түйшүк, жамандыктар эч кимибизге жолобой алыс болсун. Бардыгыбызга ой-кыялдарыбыздын аткарылышын, чыӊ ден соолук, балдарыбыздын күлкүлөрү жаӊыра беришин каалайм.

P.S.  «Дилгир» үлгүлүү элдик балдар бий ансамблин Шамыралиева Гүлжамал Шаршеевна негиздеген. Аларга ушул жылдын май айында 20 жыл болот. Мааракени утурлай жакында жетекчиден кичинекей бийчилерге чейин маектерин бере баштайбыз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.