ВИДЕО — ЖАПАРОВ: «Эшелон» деген сөздү эл түшүнбөй калганбы же мен түшүндүрө албай калгамбы?..»

ВИДЕО — ЖАПАРОВ: «Эшелон» деген сөздү эл түшүнбөй калганбы же мен түшүндүрө албай калгамбы?..»

ЖК депутаты Акылбек Жапаров кайрадан сынга кабылды. Эки күндөн бери анын «Эшелон» деп айткан сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Эл акындары, профессорлор да пикирлерин жазууда.

Алсак, акын Бурул Калчабаева: «Эшелондоп жөнөткүдөй эл силерге малбы? Кимдин эсебинен жашап, кимдин өкүлү экениӊди билесиӊби?«, — деп жазса, профессор Сулайман Кайыпов: «Кантели… Биздин жигиттердин капчыгы толгон сайын көөдөнү бошой берет окшойт го… Атын Акылбек койгон менен акыл-эстүү болуп калбайт көрүнөт… Ой тообо! Ошондой да кеп болобу? Андан көрө, депутат Акылбек Жапаров: «Мына мен ортого 1 000 000 (бир миллион) доллар чыгардым, колумдан келгени ошол! Силер да чыгаргыла! Ушул жаздан кечикпей, өндүрүш тармактарын жандандыралы, уул-кыздарыбызга иш берели! Тирүүлөй жетимдердин ата-энелери балдарына кайтып келсин! Улутубуз чачылбасын! Туубузду желбирете тутуп алып, өлкөбүздүн экономикалык, гуманитардык, адеп-ахлактык пайдубалын бекемдөө үчүн кара жаныбызды карч уралы!” деген чакырык таштаса, урматтуу депутатты түшүнөр элем, атаганат. Ага сый-урматым да артмак…«, — деп жазды…

Акылбек ЖАПАРОВ: «Эшелон-эшелон кылып поезд менен балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек!»

Дептир деп талкууга түшкөн бул сөздү депутат 20-январда Жогорку Кеңеш жыйынында: “Болгону 1-2 учакты Москвага учуруу менен 180 миңди кантип ташыйбыз? Согуш убагында эшелон-эшелон менен орус элин, заводун Кыргызстанга ташып келип жардам бербедик беле. Азыр ошону кайра кайтара турган убактысы келип калды. Өкмөт ошол иш-аракетти жасашы керек!”, – деп айткан экен. Толугун төмөндөгү видеодон уксаңыз болот:

Акылбек Жапаров эртеси (21-январда) «Эшелон» тууралуу…

Эске сала кетсек, 20-январда парламентте “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодекске, “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралган эле. Жыйынга Президенттин, Өкмөттүн өкүлү жана министрлер катышкан болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.