ВИДЕО — Мелис ЭШИМКАНОВ: «Чоӊ аталарымдын кыска өмүрүн эстегенде, селт этип алам…»

ВИДЕО — Мелис ЭШИМКАНОВ: «Чоӊ аталарымдын кыска өмүрүн эстегенде, селт этип алам…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ, гений Эрнис АСЕК уулу былтыр 29-январда дүйнөдөн өткөн. Сөөгү ушул күнү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы  Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына туптуура бир жыл болду…

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Эки гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эстеп, эскерип, куран окутуп келаткан жакшы адамдарга өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем.

Назира СААЛИЕВА

Архивден…

Атабыздын «Алтын бальзамы»… 

Атам Асектин (кичинесинде эркелеткен ысымы менен калыптыр) кесиби терапевт. Казарман, Нарын, Ат-Башы, Сокулук ооруканаларын башкарган. «Кыргыз Энциклопедиясында» медицина жана биология редакциясын жетектеген атактуу профессор А.Алтымышевдин «алтын бальзамын» жаратууга үлүшүн кошкон. Советтик медицинанын чордонунда жүрсө да, тамыр кармаган табыпчылыгы менен далай оорукчандын сообуна калган шайыр, карапайым, бунтарь мүнөз, атүгүл Брежнев бийлигин сындаган диссиденттик көз карашы үчүн ЦКнын каарына калган жайы бар адам эле.

Кээде селт этип алам, атам Асектин, чоӊ атам атактуу мергенчи Эшимкандын, анын атасы табып Ашымдын, анын атасы молдо Райдын кыска өмүр жашагандарын эстегенде…

«Бишкек таймс» 2004-жыл 

Эрнис АСЕК уулу: «Карыпкулов атамдын өлүмүнө түздөн-түз себепчи болгон…»

«Жеңишбек Эдигеев деген досум бар. Экөөбүз бири-бирибизди далыбыз менен түшүнүп көнүп калганбыз. Канча жылдан бери Швейцарияда жүрсө да, экооз сөз алышып, ошого корстон болуп калабыз» деп бир кезде жазды эле Эрнис. Айтып да калчу… Атабыз тууралуу айтып бергенин Жеңишбек Эдигеев «Дайралар артка агышпайт» аттуу китебине киргизиптир. «Аталар» бөлүмүн Асанаалы Эшимканов (Асек) атабыздан баштаптыр…

«Аталар»

2006-жыл бекен… «Агымдын» кийинки санына мурдагы КТРдин башчысы, маркум Аманбек Карыпкуловду чыгармак болдум. «Үйүмө келесиӊби?» деген эле. Конок тосчу чоӊ бөлмөдө, чоӊ столдун четинде макала оӊдоп отурдук. Чоӊ кызы улам үстүбүзгө кирип, «Чай алып келейинби? Ата, сизге бирдеме керекпи? Иним, келегой чайдан ич», — деп өзгөчө атасына көӊүл буруп жатты. Бир кезде атасы сыртка чыгып кеткенде: «Атам жүрөгүм деп жүрбөйбү…»,- деди кабатырланып. Аны угуп мен дагы болушунча айтканындай жасап бергенге аракет кылып аттым. Ал учурда Аманбек агай Аксы окуясы ж. б. ири окуялар боюнча күнөөлөнүп жаткан мезгил эле. Эки саат отурдук. Өзүм да кеч барып, түн кирип кетти. «Иним, калпыс кылып албайын, эми бир карап чыгалы…», — дейт. «Макул, макул» дейм. Үч саат болду. Колуктум чалат, сарсанаа болуп, «эмне болдуӊ?» деп. Акыры көлөмдүү маекти бүткөрдүк.

Эки күндөн кийин гезит жарык көрдү. Эртеӊ мененки летучканын алдында жаӊы санды жана башка гезиттерди бир сыйра карап отурмайыбыз бар эле. Бир маалда өгүнкү маекти көрүп эле көзүм алайды: мен койгон рубрика алынып, ордуна «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп жүрөт!.. Көргөн көзүмө ишенбейм. Ошол замат пальтосун жамынып алып кайра-кайра окуп, оӊдоп отурган Аманбек аганы, чыйпылыктап кирип-чыгып аткан кызын эстедим. «Бул эмне кылганыӊ, Эрнис!» — дедим ичимен. Летучка бүткөнчө этптеп чыдап олтурдум. Анткени жумуш маалында Эрнис — редактор, башка маалда бизге дос да. Летучка бүттү. «Эрнис, сөз бар» — десем, «Билем, билем, жүрү, шашпай түшүндүрүп берем»,- деди. Аӊгыча телефонум чырылдады. Билгенимдей эле Аманбек аганын кызы экен. Мына сага! Бир ыйлап, бир басылып, бир урушуп, бир таарынып айтып кирди. «Эже, кое турсаӊыз түшүндүрөйүн, мен  эмес, бу редактор…» дегенимче, «Мага эми шылтооӊуздун бир тыйын кереги жок. Мени угуп турунуз! Атам ооруп атам десем болбой ушуну кылдыӊар. Силер, журналисттер, алсыӊар, булсуӊар…» деп көп нерсе айтты да трубканы шарт коюп салды. Үндөй алганым жок. Чыны менен катуу уят болдум.

Көӊүлсүз басып Эрниске бардым. Анан ал мага эмне үчүн мындай кылганын айтып берди. Көрсө, Эрнистин атасы Асек 1972-жылы академик Арстанбек Алтымышевдин чакыруусу менен Фрунзеге «Пограничтен» көчүп келген экен. Келип, «Кыргыз экциклопедиясында» биология жана медицина бөлүмүндө иштейт. Иштеп жүрүп Салижан Жигитов менен жакын дос болот. Экөөнүн мүнөзүндө окшоштуктар болгон экен. Эрнистин атасы бар чындыкты жаап- жашыра албаган, таамай айтып, так сүйлөгөн, чылгый коммунист болуп, партчогулуштардан калбаган адам болуптур. Кийин, Сокулукта, Фрунзенин 7-поликлиникасында иштейт. Эрнистин атасы дары чөптөр боюнча китеп жазып, космосто пайдаланчу паста түрүндөгү тамакты ойлоп тапканга үлүшүн кошуп, анан да бальзам ойлоп тапкан экен. Эрнистин айтуусу боюнча, анын авторлугун академик Алтымышев тартып алган. Ошол мезгилдердин «Кыргыз энциклопедиясынын» редактору, ЦКнын идеология боюнча катчысы болуп келген Аманбек Карыпкулов менен да Асаналы Эшимканов бир маселелер боюнча тил табыша албай калып, ошондон баштап ага куугунтук башталат. Бир күнү ЦКнын идеология боюнча катчысы башкарган партчогулушта Асаналы Эшимкановго карата жаман сөздөр айтылып, жарга такашып, партиядан чыгарабыз дегенге чейин жетет. Ошончо басымга чыдабай, чогулуштун аягында Асаналы Эшимкановдун маээсине кан куюлуп жыгылат дагы, 43 жаш курагында каза болот. «Бул киши ошентип атамдын өлүмүнө түздөн-түз себепчи болгон. Мен аны унутканым жок. Анын маегин атайын оӊдоп чыгардым»,- деди Эрнис.  Мен угуп, нес болдум. «Ошондой болгон бекен аа!» деп советтик тымызын былыктардын боло келгенин элестеттим. Биз бир топ үндөбөй отурдук. Ал окуяга үн ката алган жокмун. Кантип, эмне деп үн ката алмакмын. Азыр да АТА жөнүндө жазып жатып, АТАЛАР деп жазып жатып ак-кара деп сүрөттөй албайм. Аны айтчу мен эмес. Болгону маӊдайымдагы досумдун болгону 43 жаш жашаган атасынын бул окуясын биринчи ирет угуп отурганыма, ал аны көз айнегинин артындагы туталанган көздөрү менен мени теше тиктеп алып: «Ошентишкен! Ошентип өлтүрүшкөн» дегенине өзүмдөн улам түтпөй, ынактык сезим менен ийнинен кармагым келген…

Жеӊишбек ЭДИГЕЕВ,

«Дайралар артка агышпайт» китеби, 2017-жыл

Атабыздын баскан жолу…

Асанаалы (Асек) Эшимканов 1936-жылы, 20-январда Кара-Коюн айылында туулган. 1944-1954-жылга чейин Кара-Коюн орто мектебинде окуган. 1954-1960-жылга чейин Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетинин врач-терапевт кесибин окуп бүтүргөн.

1960-жылы Кара-Булуң айылынын кызы Тентиева Саадат менен баш кошкон. Ошол эле жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жаш адис катары эмгектенген. 1963-жылы Ат-Башы районунун ооруканасында, кийин Ак-Муз айылында да иштеген.

Өзүнүн демилгеси менен 1965-жылы облустук, республикалык жетекчиликке кайрылып, Ат-Башы районунун Пограничный (азыркы Казыбек) айылына оорукана курдурууга жетишип, өзү ошол ооруканага башкы врач болуп дайындалган.

1973-жылы Фрунзе шаарына профессор Арстанбек Алтымышев аркылуу чакырылып, «Кыргыз Энциклопедиясынын» медицина жана билология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Профессор  Алтымышев менен иштешип, чөп дарыларынан жасалган “Арашан” бальзамы, ашказан оорусуна “Чычырканак майы” жана космонавттар үчүн жасалган дарыларга өз салымын кошкон.

1975-жылы Сокулук районунун ооруканага башкы дарыгер болуп дайындалган. 1976-1981-жылга чейин № 7 Фрунзе шаардык бейтапканасында дарылоо бөлүм башчысы болуп иштеген. Көптөгөн Ардак грамота, орден менен медалдын ээси.

1981-жылы, 23-октябрда 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Көптөгөн элдин алкышына ээ болгон атабыз азыркыга чейин мыкты дарыгер катары эскерилип келет.

Алты баланын (эки уул, төрт кыз) атасы. Балдары Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу Кыргызстанга белгилүү инсандар.

Мезгил менен катып калган мүнөттөр… Эски кадрдагы сүрөттөр… (Эрнис АСЕК уулу)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.