ВИДЕО — Жарым финалга чыккан Айпери америкалык Грей менен беттешет. Ийгилик каалайбыз!

ВИДЕО — Жарым финалга чыккан Айпери америкалык Грей менен беттешет. Ийгилик каалайбыз!

Токиодогу Олимпиадага катышып жаткан балбан кызыбыз Айпери Медет кызы бүгүн, 1-августта эркин күрөш боюнча, 76 килограмм салмак категориясында ат салышып, жарым финалга чыкты.

Алгач казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттешип, 6:1 эсеби менен жеңди.

Чейрек финалда Орусиянын атынан катышып жаткан атаандашы Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен утту.

Жарым финалда америкалык Аделина Мария Грей менен беттешет.

Айпери Медет кызы тууралуу учкай айта кетсек, 22 жашта, 1999-жылы 30-мартта Талас обусундагы Кара-Буурада төрөлгөн. Жаштар арасындагы дүйнө чемпиону, эки коло байгенин ээси. Былтыр, 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Эске сала кетсек, былтыр өтмөкчү болгон, тилекке каршы, коронавирус айынан быйылкыга жылган XXXII Жайкы олимпиада оюндары Япония мамлекетинин Токио шаарында 23-июлда ачылышы болуп башталган. Коронавирус кооптуулугу күч албаса, буйруса, 8-августта жыйынтыкталат.

Бул жолку Олимпиада спорттун 41 түрү боюнча өтүп жатат. Кошумча дисциплина катары бир катар спорт түрү быйыл жаӊы кошулду. Жалпысынан жеӊүүчүлөргө 339 олимпиада медалы (мурунку олимпиададан 33кө көп) каралган.  Алар үчүн 206 өлкөдөн 11 миӊден ашуун спортчу катуу кармашка чыгышууда…

Биздин өлкөдөн олимпиадага 16 спортчу жолдомо алган болчу. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы менен 13-июлда жолугуп, команданын капитаны грек-рим күрөшү балбаны Атабек Азисбековго Кыргызстан желегин тапшырган эле. Бирок Токиого жетип, алдыӊкы мелдеш күндөрү таймашкан спортчуларыбыздын жолу болбой, мелдештен четтеп калышкан…

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы, биздин балбан кыздар Токиого 28-июлда жөнөп кетишкен. Бүгүн. 1-августта Айпери Медет кызы беттешүүгө чыгып, жеӊишке жетти. Бул жакшы жышаан. Эртеӊ, 2-августта Мээрим Жуманазарова, 3-августта Айсулуу Тыныбекова килем бетине таймашка чыгышат. Балбан кыздарыбызга ийгилик каалайбыз!

Баса, биздин мамлекет алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылды…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.