ВИДЕО — ТҮЛӨБАЕВ: «Асман» долбооруна кылмышка шектелген адамдын жетекчи болушу болбогон нерсе»

ВИДЕО — ТҮЛӨБАЕВ: «Асман» долбооруна кылмышка шектелген адамдын жетекчи болушу болбогон нерсе»
Жогорку кенештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусуна «Асман» шаарын куруу боюнча пикирин билдирди. Ал бүгүн, 13-январда «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
—  Көлдөгү «Асман» шаары боюнча, экологиялык экспертиза шарт. Жергиликтүү элдин пикири өтө маанилүү, алардын уруксаты керек. Көлдүн элинин саны 540 миңге жакын. Асман 500 миң адам болот дешет. Долбоорду көрө элекпиз. Биринчи эмне курулат, качан башталат, инфраструктура кандай болот, акча кайдан келет? Баштап коюп токтоп калбайбы? Суроолор көп. Жооп алмайынча иш башталышына каршымын!
Кылмышка шектелген жарандын да жетекчи болушу такыр эле болбогон нерсе. Улуттук деңгээлдеги долбоорлор жалпы элдик талкууга коюлуп, анан гана башталышы керек! Туура, так, ишке ашса эң сонун иш-чара.

Тимур ФАЙЗИЕВ: «Кытайдын «Чайна Сити» шаарчасын курса болот»

Ысык-Көл облусуна салынат деген «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп жеке ишкер Тимур Файзиев дайындалганы ушул жылдын 4-январында маалым болгон. Мындай маалыматты ал өзү @asman_ecocity аталыштагы «Инстаграм» баракчасына билдирген. Ошондой эле анын Кытай инвесторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, анда ал аларга «Асман» шаарын куруу боюнча айтып берип жатканын көрүүгө болот. Анын айтымында, 100 гектар жерге Кытай ишканаларын, ресторан, мейманканаларды, б.а. «Чайна Сити» шаарчасын салууга болот. Андан тышкары, ал 100 гектардан Француз, Жапон жана араптарга берип, алардын шаарчаларын курууга боло турган оюн билдирген. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрүнүздөр!

Тимур Файзиевге былтыр издөө жарыялаган болчу…

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 28-майында Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган.  Ага «Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар» деген айып коюлган. Анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда  (27-майда)каралып, камакка алууга сыртынан чечим чыккан. Бирок, 7-июлда камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалбай калган.

«Асман» шаарын куруу куру кыял эмеспи?

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун агездеги кеңешчиси, азыркы ЖК депутаты Равшанбек Сабиров 2021-жылы 6-июнда туристтик жана инвестициялык аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу жыйын өткөргөн. Андагы жыйында жарым миллион жашоочуга ылайыкташтырылган Ысык-Көл облусуна «Асман» аталышта шаарды куруу долбоорун жарыялап, 7-10 жыл ичинде шаар курулуп бүтүп калары айтылган. Аталган долбоордун максаты Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүү. Расмий маалыматка караганда, аны курууга болжол менен 20 миллиард доллар кетет. Бийликтин мындай жыйыны сынга кабылып, «куру кыял эмеспи?» делген. Учурда да социалдык тармактарда да катуу талкууланып, «Асман» шаарынын курулушуна каршы болуп, депутат Балбак Түлөбаевдин пикирин колдошорун билдиришүүдө.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ВИДЕО — ТҮЛӨБАЕВ: «Асман» долбооруна кылмышка шектелген адамдын жетекчи болушу болбогон нерсе»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.